Редакцияот 22.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 22-ноябры № 634

Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Евразия экономикалык коомчулугунда билими, илимий даражалары жана илимий наамдары жөнүндө документтерди өз ара таануу жана алардын эквиваленттүүлүгү тууралуу макулдашууну бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Евразия экономикалык коомчулугунда билими, илимий даражалары жана илимий наамдары жөнүндө документтерди өз ара таануу жана алардын эквиваленттүүлүгү тууралуу Макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык коомчулугунун Интеграциялык комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ж.Сатыбалдиев