Редакцияот 11.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 11-январы № 18

Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө

2013-жылдын 23-августунда БУУнун Башкы Ассамблеясынын пленардык жыйынынын жүрүшүндө добуш берүүсүз кабыл алынган бакубат тынчтык жана өнүгүү урматына 6-апрелди Эл аралык спорт күнү деп жарыялоо жөнүндө БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясын көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 6-апрель Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин жыл сайын белгиленүүчү күнү деп жарыялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 17-сентябрындагы № 430 "Кыргыз Республикасынын дене тарбия кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ж.Сатыбалдиев