Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-январы № 36
Автоунааларды мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин арызынын негизинде 2012-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № G4KECH119571, кузовунун № K№AG№412BC5292286 "КИА Оптима" жана 2012-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № G4KECH119515, кузовунун № K№AG№412BC5291666 "КИА Оптима" маркасындагы автоунааларды мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы режиминде тариздөөнү жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаалардын наркын баалоону жүргүзсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн наркын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |