Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-январы № 39
Автоунааларды мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын эксперттик-криминалисттик бөлүнүштөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын жараны Ким Виктор Васильевичтин арызынын негизинде төмөнкү автоунааларды бажылык тартипте мамлекеттин пайдасына тариздесин:
- "Mazda-MPV" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № LWEW-150322, V = 1990 см3, күмүш түстө;
- "Nissan Liberty" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № PM12-176791, V = 1990 см3, күмүш түстө;
- "Honda Odyssey" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RA8-1056813, V = 2990 см3, ак түстө;
- "Honda Odyssey" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RA6-1079865, V = 2250 см3, алтын түстө;
- "Honda Odyssey" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RA6-1020762, V = 2250 см3, кара түстө;
- "Honda Odyssey" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RA6-1087628, V = 2250 см3 кочкул-көк түстө;
- "Honda Odyssey" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RA6-1079225, V = 2250 см3, ак түстө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаалардын наркына баалоо жүргүзсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эске алсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |