Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-январы № 40
Автоунааларды мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын эксперттик-криминалисттик бөлүнүштөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын жараны Аван Ихлак Ахмед Исм Дин Авандын арызынын негизинде төмөнкү автоунааларды бажылык тартипте мамлекеттин пайдасына тариздесин:
- "Honda Odyssey" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RA6-1082940, V = 2250 см3, күмүш түстө;
- "Honda Odyssey" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RA6-1092715, V = 2250 см3, ак түстө;
- "Honda Odyssey" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RA6-1069248, V = 2250 см3, ак түстө;
- "Toyota Ipsum" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № SXM10-7134363, V = 1990 см3 ак түстө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаалардын наркына баалоо жүргүзсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин,
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эске алсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |