Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-январы № 45
Мамлекеттик менчикке автомашиналарды кабыл алуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын жана Сокулук айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы «SUNDOO» жоопкерчилиги чектелген коомунун арызынын негизинде 1997- жылы чыгарылган, кузовунун № NKPALA4M811P114113 “Санньен-Муссо” маркасындагы жана 2001-жылы чыгарылган, кузовунун № NKPBEA3081SPO29115 “Санньен-Корандо” маркасындагы автомашиналарды мамлекеттин пайдасына бажы режиминде баш тартууну тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашиналарды мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашиналардын наркын бааласын;
- төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын ыкчам башкаруусуна 2001-жылы чыгарылган, кузовунун № NKPBEA3081SPO29115 “Санньен-Корандо” маркасындагы автомашинаны;
- Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине 1997-жылы чыгарылган, кузовунун № NKPALA4M811P114113 “Санньен-Муссо” маркасындагы автомашинаны.
3. Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы жана Сокулук айыл өкмөтү бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаа каражаттарын белгиленген тартипте балансына кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашиналардын наркын мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө эсепке алсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |