Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-апрели №164
Кыргыз Республикасынын "Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын/НАТО байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматчысынын статусу жөнүндө макулдашууну түзүүчү, Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун Башкы катчысынын 2010-жылдын 18-февралындагы SG (2010) 0112 катына Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин 2010-жылдын 24-февралындагы № 10/297 жооп катын ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын/НАТОнун байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматчысынын статусу жөнүндө макулдашууну түзүүчү, Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун Башкы катчысынын 2010-жылдын 18-февралындагы SG (2010) 0112 катына Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин 2010-жылдын 24-февралындагы № 10/297 жооп катын ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул мыйзам долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүкатлантика Келишим Уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында "Тынчтык үчүн кызматташтык" программасынын/НАТО байланыш жана өз ара аракеттешүү боюнча кызматчысынын статусу жөнүндө Макулдашууну түзгөн, Түндүкатлантика Келишим Уюмунун Генералдык катчысынын 2010-жылдын 18-февралындагы SG (2010) 0112 катына Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин 2010-жылдын 24-февралындагы № 10/297 жооп каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасы тарабынан, көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттин ичиндеги жол жоболордун аткарылышы жөнүндө Түндүкатлантика Келишим Уюмунун Катчылыгына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|