Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №167 токтому менен бекитилген |
Дарылоо-алдын алуу уюмдарында жана дарыкана мекемелеринде этил спиртин берүүнүн жана эсепке алуунун ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаменти дарылоо алдын алуу уюмдарында, дарыкана мекемелеринде, дары-дармек каражаттарын чыгаруучу ишканаларда этил спиртин колдонууга, аны сактоо шарттарын сактоого, эсепке алууну жүргүзүүнүн тууралыгына жана берилген отчеттук маалыматтардын ырастыгына контролдоону камсыз кылат.
2. Уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери этил спиртин эсепке алуунун, сактоонун, дайындоонун жана берүүнүн тууралыгына, ошондой эле бөлүнгөн квотанын максаттуу пайдаланышына жеке жоопкерчилик тартышат.
3. Этил спирти медициналык максаттарга гана колдонулушу керек жана дарыкана мекемелеринен медициналык уюмдарга талабы боюнча бекитилген квотанын чегинде жана калкка дарыгерлердин рецепттери боюнча берилет.
4. Өз түзүмүндө дарыканасы жок дарылоо-алдын алуу уюмдары медициналык максаттарга этил спиртин алып келүү үчүн келишим түзүлгөн дарыкана мекемелери жана уюмдары аркылуу алышат.
5. Дарылоо-алдын алуу уюмдарына дарыкана мекемелеринен этил спиртин берүү салмак ченеминде (г, кг) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуунун тартибин бекитүү жөнүндө жана аларды берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Дарылоо алдын алуу уюмдарында талаптарды жазып берүүнүн эрежелерине ылайык таризделген талаптардын негизинде таризделген өзүнчө ишеним кат боюнча жүргүзүлөт.
6. Калкка дарыкана мекемелеринен этил спиртин берүү Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган токтому менен бекитилген Дары-дармек каражаттарын рецепт жазып берүүнүн эрежелерине ылайык жазылган дарыгерлердин рецепттери боюнча жүргүзүлөт.
7. Этил спиртин таза түрүндө хирургиялык профилдеги стационардык бейтаптарга "Хирургиялык операция жүргүзүү үчүн" деген жазуусу менен дарыгерлердин рецепттери боюнча 400 грамм көлөмүндө медициналык көрсөткүчтөр боюнча операциялык кийлигишүү жүргүзүү үчүн берүүгө уруксат берилет. Рецептке дарылаган врачтын колу коюлуп, мөөрү жана дарылоо-алдын алуу уюмунун мөөрү басылат.
8. Этил спирти таза түрүндө дарыканалардан дарылоо-алдын алуу уюмдарына конкреттүү концентрациясын эске алуу менен берилет (96дан 97%ке чейин). Инъекциялар алдында териге сүртүү үчүн 70 проценттүү этил спирти берилет.
9. Дарыкана мекемелерде даярдалган бор, салицил, ментол, кумурскалык жана башка түрдөгү этил спирти камфордукту кошпогондо, саламаттык сактоо уюмдарына берүү таза спирттин ченемдерин эске алуу менен жүргүзүлөт.
10. Хлоргексидин биглюконатты эритүү үчүн спиртти сарптоо бөлүмгө бөлүп берилген спирттин жалпы көлөмүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
11. Жасалма рецепттер боюнча этил спиртти алуу мүмкүндүгүнө жол бербөө максатында дарыканалардан аларды таза түрүндө берүү шаардын (калктуу конуштун) чегинде жайгашкан амбулаториялык-бейтапканалык уюмдардын дарыгерлеринин рецепттери боюнча гана жүргүзүлөт.
12. Этил спиртин туура эмес таризделген рецепттер жана талаптар боюнча берүүгө катуу тыюу салынат.
13. Бардык дарылоо-алдын алуу уюмдарында, дарыкана мекемелеринде таза түрүндөгү этил спиртинин эсебин күн сайын жүргүзүү керек.
14. Ар кандай концентрациядагы этил спирти курамында бар дары-дармек формаларын даярдаганда рецепттин же талаптын арткы бетине этил спиртинин өлчөмү 95%ке эсептелип көрсөтүлөт жана эсеп ошол түрүндө жүргүзүлөт.
15. Дарыканаларда эсеп салмак өлчөмүндө (грамм, килограмм), номерленген, тигилген, мекеменин жетекчисинин колу коюлган жана мөөр басылган атайын Уулуу, баңги каражаттардын, этил спиртинин жана башка медикаменттердин алып келинишин жана сарпталышын каттоо журналында жүргүзүлөт (ушул тартипке 1-тиркеме).
16. Дарылоо-алдын алуу уюмдарында этил спирти төмөнкү концентрациялар боюнча жүгүртүлөт: 96-97 процент; 70 процент, 40 процент, 30 процент (ушундайлар болсо), номерленген, тигилген дарылоо уюмунун жетекчиси бекиткен атайын Этил спиртин дарылоо-алдын алуу мекемелеринде алып келинишин жана сарпталышын (грамм, килограмм менен) эсепке алуу журналында жүргүзүлөт (ушул Тартипке 2-тиркеме).
17. Процедуралык кабинетке этил спиртин берүүнү материалдык жактан жооптуу адам талапка жараша жүргүзөт. Спиртти постко, процедуралык кабинетке аз өлчөмдө берүү үчүн бөлүмдө градуска бөлүнгөн чен идишти колдонууга уруксат берилет.
18. Дарыканаларда спирт эритмелеринин жана концентраттарынын камдамасын даярдоо ылайык Лабораториялык жана фасовкалык иштерди эсепке алуу китебинде жазылат (ушул Тартипке 3-тиркеме).
19. Этил спиртинин концентрациясын милдеттүү түрдө контролдоп, жеке рецепттер боюнча аны берүү үчүн этил спиртин фасовкалоого уруксат берилет. Этил спиртин фасовкалоо лабораториялык жана фасовкалоо иштеринин китебине жазылат.
20. Спирт эфирдик аралашманы даярдоого жана экстемпоралдык жасалган дары-дармектерге анализ жүргүзүү үчүн этил спирти дарыканалардагы анын табигый жок болуу нормасынын чегинде эсептен чыгарылат.
21. Этил спиртин берүү талаптары дарыкана мекемелеринде калат, арткы бетине берилген күнү жана берген адамдын колу коюлат жана ал бир жыл сакталат.
22. Этил спиртин атайын жок кылуудан жана атайын жараксыз кылуудан, кемип калышынан, уурдалышынан келтирилген зыянды аныктоо үчүн баасын эсептөө акыркы кириш документинде көрсөтүлгөн жеткирүүчү фирманын баасы боюнча же өндүрүүчү заводдун баасы боюнча жүргүзүлөт.
Атайын жок кылуудан жана атайын жараксыз кылуудан, кемип калышынан, уурдалышынан келтирилген зыянды аныктоо таза түрүндөгү этил спиртине гана эмес, дарыканада даярдалган спирти бар бардык продукцияга таркалат.
23. Дарыкана жана дарылоо-алдын алуу уюмдарында этил спиртинин салмагын ченөө үчүн Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунда текшерүүдөн өткөн салмактап-ченөөчү приборлор колдонулат.
| Дарылоо алдын алуу уюмдарында жана дарыкана мекемелеринде этил спиртин берүүнүн жана эсепке алуунун тартибине 1-тиркеме |
┌──────┬───────┬──────────────────────┬────────┬──────────────────────┬
│ Айы, │ Айдын │ Алып келүү │Бардык │ Чыгымдардын түрү │
│ жылы │ 1ине ├───────────┬──────────┤алып ├───────────┬──────────┼
│ │ карата│Документтин│ Саны │келүү │ амбулато- │стационар-│
│ │ калдык│ №, │ │аягында-│ риялык │ дык │
│ │ │ күнү │ │гы │ │ │
│ │ │ │ │калдык │ │ │
│ │ │ │ │менен │ │ │
├──────┼───────┼───────────┼──────────┼────────┼───────────┼──────────┼
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │
└──────┴───────┴───────────┴──────────┴────────┴───────────┴──────────┴
┬──────┬──────────────────────────┬──────────┬────────────┬───────────┐
│Чыгым-│ Ар бир түрү боюнча │ Бардык │ Айдын │ Иш │
┤доо │ бир айда чыгымдоо │ түрү │ аягындагы │ жүзүндөгү │
│ │ │ боюнча │ калдык │ калдык │
│ │ │ бир айда │ │ │
│ │ │ чыгымдоо │ │ │
│ ├────┬───┬───┬───┬────┬────┤ │ │ │
│ │ 1 │ 2 │...│...│ 29 │ 30 │ │ │ │
┼──────┼────┼───┼───┼───┼────┼────┼──────────┼────────────┼───────────┤
│ 8 │ 9 │ 10│ 11│ 12│ 13 │ 14 │ 15 │ 16 │ 17 │
┴──────┴────┴───┴───┴───┴────┴────┴──────────┴────────────┴───────────┘
| Дарылоо алдын алуу уюмдарында жана дарыкана мекемелеринде этил спиртин берүүнүн жана эсепке алуунун тартибине 2-тиркеме |
┌──────────────────────────┬──────────────────────────────────────────┐
│ Алып келүү │ Чыгымдоо │
├─────────┬─────────┬──────┼────┬──────────┬──────┬───────┬───────────┤
│ Алган │ Каяктан │ Саны │Күнү│ Бөлүм, │ Саны │Калдык │ Алган │
│ күнү │ алган, │ │ │ пост │ │ │ адамдын │
│ │документ-│ │ │ │ │ │ колу │
│ │ тин № │ │ │ │ │ │ │
├─────────┼─────────┼──────┼────┼──────────┼──────┼───────┼───────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │
└─────────┴─────────┴──────┴────┴──────────┴──────┴───────┴───────────┘
| Дарылоо алдын алуу уюмдарында жана дарыкана мекемелеринде этил спиртин берүүнүн жана эсепке алуунун тартибине 3-тиркеме |
┌───┬────┬─────────┬───────┬─────────┬──────┬─────────┬───────────────┬
│Се-│Күнү│Номенкла-│Товар- │ Өлчөм │ Саны │ Чекене │ Чекене баасы │
│рия│ │туралык │дын │ бирдиги │ │ баасы ├─────┬─────────┼
│№ │ │номер │(сырье-│ │ │ │бар- │анын │
│ │ │ │нун) │ │ │ │дыгы │ичинде │
│ │ │ │аталышы│ │ │ │ │идиштин │
│ │ │ │ │ │ │ │ │наркы │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───┼────┼─────────┼───────┼─────────┼──────┼─────────┼─────┼─────────┼
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │
└───┴────┴─────────┴───────┴─────────┴──────┴─────────┴─────┴─────────┴
┬───────────────────────────────────────┬───────┬──────┬────────┬─────┐
│ Фасовкаланды, даярдалды, тапшырылды │Айырма-│Ишти │Ишти │Ана- │
┼──────┬──────┬─────┬──────┬──────┬─────┤сы │аткар-│текшерди│лиз- │
│Номен-│Даяр │Өлчөм│ Саны │Чекене│Чеке-│(гр.15 │ган │жана │дин │
│клату-│про- │бир- │ │баасы │не │- гр.8)│адам │кабыл │№ │
│ралык │дук- │диги │ │ │сум- ├───┬───┤ │алды │жана │
│номер │циянын│ │ │ │масы │ + │ - │ │ │күнү │
│ │аталы-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │шы │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
┼──────┼──────┼─────┼──────┼──────┼─────┼───┼───┼──────┼────────┼─────┤
│ 10 │ 11 │ 12 │ 13 │ 14 │ 15 │ 16│ 17│ 18 │ 19 │ 20 │
┴──────┴──────┴─────┴──────┴──────┴─────┴───┴───┴──────┴────────┴─────┘