Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №167 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаменти саламаттык сактоо уюмдарына, дарыкана мекемелерин жана дары-дармек каражаттар менен медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүчү ишканаларга ушул Этил спиртин алууга эсептөөлөрдү жүргүзүү, билдирмелерди берүүгө ылайык саламаттык сактоо уюмдарына, дарыкана мекемелерине жана дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканаларга этил спиртин сатып алууга жана алып келүүгө квота бөлүп берүүнү жана бөлүнгөн квоталарга колдонууга контролдук кылууну камсыз кылат.
2. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын, дарыкана мекемелеринин жана дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканалардын жетекчилери:
а) саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык камсыздоо уюмдарынын этил спиртине керектөөлөрүн аныктоодо ушул токтом менен бекитилген этил спиртин алууга эсептөөлөрдү жүргүзүү жана билдирмелерди берүү тартибине жана нормативдерди жетекчиликке алуу керек;
б) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментине ушул токтом менен бекитилген нормативдерде болбогон керектөө жана чыгымдоо нормаларын аныктоо үчүн дарылоонун жаңы методикаларын ишке киргизүүдө, жаңы жабдууларды орнотууда этил спиртин керектөөнүн эсептик маалыматтарын берүүнү камсыз кылышат;
в) этил спиртин бөлүмдөр жана кабинеттер ортосунда зарыл учурда ушул токтом менен бекитилген нормаларды колдонуу менен саламаттык сактоо уюмуна бөлүнгөн спирттин жалпы көлөмүнүн чегинде бөлүштүрүшөт.
3. Саламаттык сактоо уюмдары, дарыкана мекемелери жана дары-дармек каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүчү ишканалар (мындан ары - өндүрүүчү ишканалар) этил спиртин сатып алууну мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган бөлүп берген квоталардын негизинде жүргүзүшөт.
4. Медициналык максаттарда этил спиртин сатып алууга жана алып келүүгө квоталарды алуу үчүн дарылоо-алдын алуу уюмдары, дарыкана мекемелери жана өндүрүүчү ишканалар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментине билдирме беришет. Билдирме берүү мөөнөтү пландаштырган жылга чейинки жылдын 1-октябрына чейин.
5. Билдирмелер этил спиртине муктаждыкты эсептөөнүн негизинде, ушул токтом менен бекитилген саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык камсыздоо уюмдары үчүн этил спиртин керектөө нормативдерине ылайык түзүлөт:
а) дары-дармек каражаттарын даярдоого укугу бар дарыканалар дарыгерлердин рецепттери боюнча, дарылоо-алдын алуу уюмдардын улам кайталанган жазуулары жана талаптары боюнча - экстемпоралдык рецептураны гана эске алып, Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаменти дары-дармек формаларынын тизмеги болгондо;
б) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин илимий жана илим-изилдөө мекемелери жана уюмдары - жетекчилер бекиткен пландарга ылайык;
в) өндүрүүчү ишканалар - өндүрүүгө нормативдик документтери болгондо дары-дармек каражаттарын өндүрүүнүн пландаштырылган көлөмдөрүнө ылайык;
г) өзүнүн курамында медициналык бөлүмдөрү бар медициналык эмес мекемелер жана ишканалар - медициналык уюмдар окшоштугу менен профили боюнча жакын процедуралар үчүн ушул токтом менен бекитилген саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык камсыздоо уюмдары үчүн этил спиртин керектөө нормативдерине ылайык.
6. Техникалык максаттарга этил спирти жалпы керектөөгө киргизилет. Мында эсептер менен бирге этил спиртин колдонуу зарылдыгын ырастаган документтер (техникалык шарттар ж.б.) берилет.
7. Спирт заводдорунун кампаларынан алыс жайгашкан мамлекеттик дарылоо-алдын алуу уюмдарды, илим-изилдөө жана билим берүү мекемелери (келишимдердин негизинде) бөлүнгөн квота боюнча спиртти сатып алууга жана сактоого укуктарын дүң соода фармацевттик уюмдарына жана дарыкана мекемелерине өткөрүп берүүгө укуктары бар. Мында ошол укукту алгандар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментине спиртти алып келүүгө келишим түзгөн спирт керектөөчүлөрдүн реестрин жана этил спиртине муктаждыктын жыйынтык эсептерин беришет.
8. Этил спиртин керектөөчүлөрдүн бардыгы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттигине этил спиртин жүгүртүлүшү жөнүндө уюмдун же мекеменин жетекчисинин колу коюлган отчетту отчеттук кварталдан кийинки айдын 15не чейин квартал сайын берип турууга милдеттүү.