Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Министрликтин максаты жана милдеттери
III. Министрликтин функциялары
IV. Министрликтин укуктары
V. Министрликтин ишин уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги (мындан ары - Министрлик) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет, ал жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, оор турмуштук кырдаалда жашап жаткан үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык коргоо жаатындагы социалдык саясатты жүргүзөт.
2. Министрлик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишин башка аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен эриш-аркак жүзөгө ашырат.
4. Министрлик юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар мөөрү болот.
Мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги".
Расмий тилде: "Министерство Кыргызской Республики по социальной защите населения".
5. Министрликтин ишинин максаты жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, оор турмуштук кырдаалда жашап жаткан үй-бүлөлөрдү жана балдарды натыйжалуу социалдык коргоону камсыз кылуу жана аларга өз учурунда жана сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүү болуп саналат.
6. Министрликтин милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- социалдык коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү;
- жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, анын ичинде эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкон, кош бойлуулук жана төрөт, сөөк коюу учурунда иштеген жарандарды социалдык камсыз кылуу;
- социалдык ченемдерди жана кепилденген мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды берүү аркылуу натыйжалуу социалдык кызмат көрсөтүү;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык реабилитациялоо системасын өнүктүрүү;
- жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, оор турмуштук кырдаалда жашап жаткан үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөөнүн жана аларга социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттыруу.
7. Министрлик төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, оор турмуштук кырдаалда жашап жаткан үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- калктын негизги социалдык-демографиялык топторунун муктаждыктарын канааттандыруунун реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде алар боюнча жашоо минимумунун түзүмүн аныктоо боюнча сунуштарды киргизет;
- эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкон, кош бойлуулук жана төрөт, сөөк коюу учурунда жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө сунуштарын киргизет жана бул маселелерди ишке ашырат;
- жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, оор турмуштук кырдаалда жашап жаткан үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик программаларды ишке ашырат;
- балдарды коргоо, анын ичинде жетим балдарды жана ата-эненин кароосу жок калган балдарды камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу, аларды улуттук жана эл аралык асыроо, аларга социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу жаатындагы чараларды көрөт;
- үй-бүлөлүк дөөлөттөрдү пропагандалоо жана балдарды коргоо боюнча маалыматтык-агартуу иш-чараларын ишке ашырат;
- жетим балдар, ата-эненин кароосу жок калган, турмуштук кыйчалыш кырдаалда турган, кабыл алган үй-бүлөгө асыроого же тарбиялоого берилген балдар жөнүндө, камкордукка алынган жана көзөмөлдүк кылынган балдарды асырап алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жөнүндө маалымат банкын түзөт жана жаңыртат;
- эл аралык бала асыроо жаатында аккредитациялоону жүргүзөт;
- балдардын коргоо, социалдык жетимдиктин, үй-бүлөлүк жайсыздыктын, жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери боюнча программаларды кызыкдар тараптар менен бирдикте ишке ашырат;
- менчигинин түрүнө карабастан, оор турмуштук кырдаалдагы балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөткөн уюмдардын жана мекемелердин ишинин мониторингин жүргүзөт;
- өз компетенциясынын чектеринде социалдык ченемдерди жана кепилденген мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды иштеп чыгат жана киргизет;
- өз компетенциясынын чектеринде социалдык ченемдердин жана кепилденген мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттардын сакталышына мониторинг жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнү жана социалдык төлөмдөрдү каржылоону жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды, социалдык төлөмдөрдү жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын, жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын, оор турмуштук кырдаалдагы балдардын жана үй-бүлөлөрдүн маалымат базасын жүргүзүү боюнча автоматташтырылган системаны коштойт, ошондой эле анын мониторингин жүргүзөт;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча, сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөөнү каржылоону жүзөгө ашырат;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды камсыз кылуу үчүн реабилитациялоонун техникалык каражаттарын жана түзүлүштөрдү өндүрүү жана сатып алуу чөйрөсүн кеңейтет, протез-ортопедиялык буюмдарды жасоо технологиясын өркүндөтөт;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык реабилитациялоону жүзөгө ашырат;
- жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды күбөлөндүрүүнү жүргүзөт;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортторунун маалымат базасын жүргүзүүнү координациялайт жана анын мониторингин жүргүзөт;
- жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына, оор турмуштук кырдаалда жашап жаткан үй-бүлөлөргө жана балдарга мамлекет тарабынан кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берген социалдык кызматтардын тармагын түзүүнү жана андан ары өнүктүрүүнү уюштурат;
- социалдык долбоорлорду конкурстук тандоону, Министрликтин компетенциясынын чектеринде аларды ишке ашырууну каржылоону, мониторингин жана контролдоону жүзөгө ашырат;
- гуманитардык жардамды кабыл алуу, бөлүштүрүү жана эсепке алуу тартибин координациялайт жана мониторинг жүргүзөт;
- социалдык коргоо чөйрөсүндө кадрларды даярдоо боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
- Министрликтин системасында орто мөөнөттүү жана программалык бюджеттик болжолдоону, бюджетти аткарууну жана чыгымдарды талдоону жүзөгө ашырат;
- Министрликтин системасындагы кызматкерлерди тандоо, жайгаштыруу, кызматка көтөрүү жана квалификациясын жогорулатуу тартибин белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кызыкдар министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эриш-аркак иштейт;
- "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Министрликтин системасында ички аудитти жүзөгө ашырат;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча кайрылууларды мыйзамда белгиленген тартипте карайт, жарандарды кабыл алат;
- жарандарды социалдык тейлөөнүн ведомстволук мекемелеринде материалдык-техникалык базаны чыңдоого, капиталдык салымды жана капиталдык оңдоону уюштурууга жана жүргүзүүгө, өрткө каршы иш чараларга, авариялык кырдаалдардын алдын алууга багытталган ишти жүзөгө ашырат;
- өз компетенциясынын чектеринде донор өлкөлөр жана эл аралык финансылык институттар тарабынан гуманитардык жардамды жана гранттык колдоону тартуу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
8. Министрлик төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- бардык ведомстволук, аймактык бөлүмдөр жана мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды жана тескемелерди белгиленген тартипте чыгарууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттик, кеңешүүчү жана башка органдарды түзүүгө;
- Министрликтин маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон статистикалык маалыматтарды, маалыматтык жана талдоо материалдарын республиканын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканаларынан, уюмдарынан жана мекемелеринен белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте башка мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары менен эриш-аркак иштөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга;
- изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий жактан негизделген сунуштарды иштеп чыгууга, минималдуу социалдык стандарттарды киргизүү процессин жүргүзүүгө, социалдык, реабилитациялоочу кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө келишимдерди түзүүгө;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча конкурстарды, кеңешмелерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө жана жарнамалык-басма иштерин жүргүзүүгө;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте Министрликтин грамоталарын, төш белгилерин жана башка сыйлыктарын уюштурууга;
- функцияларды талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарга.
9. Министрликти министр жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
10. Министрдин статс-катчысы жана министрдин эки орун басары болот.
Статс-катчыны дайындоо, кызматтан бошотуу тартиби, анын функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Министр жокто анын милдеттерин аткаруу анын орун басарларынын бирине жүктөлөт.
11. Министр:
- Министрликтин ишине жалпы жетекчилик кылат;
- өз компетенциясынын чектеринде буйруктарды жана тескемелерди, башка документтерди чыгарат;
- ведомстволук, аймактык бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин чыгымдарынын сметасын бекитет;
- Министрликтин мыйзамдарда белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана Министрликтин кызматкерлеринин чектелген санынын чектеринде Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Министрликтин ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин түзүмүн, штаттык расписаниесин бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык бөлүмдөрү жана мекемелери жөнүндө жоболорду бекитет;
- статс-катчыны кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга макулдук берет;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Министрликтин компетенциясына кирген айрым милдеттерди статс-катчыга жүктөйт;
- министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, Министрликтин аймактык органдарынын жетекчилерин жана жетекчилеринин орун басарларын, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын кызматтан бошотот, аларга сыйлоо жана тартипке салуу чараларын колдонот;
- Министрликке жүктөлгөн функцияларды аткаруу менен байланышкан ведомстволук органдардын жетекчилерин дайындоого белгиленген тартипте сунуш киргизет;
- Министрликтин системасындагы кызматкерлер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- Министрликтин номенклатурасына кирген кызмат орундарынын тизмесин аныктайт жана бекитет;
- Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коет;
- Министрликтин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана анын тапшыруусу боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерге кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде башка функцияларды аткарат;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин талапкерлиги боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш берет;
- Министрликтин кызматкерлерине сыйлык акы берет;
- Министрликтин системасындагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, ардактуу наамдарды берүүгө жана пенсия дайындоого белгиленген тартипте сунуш берет;
- Министрликтин номенклатурасына кирген жана мамлекеттик кызматчы болуп саналбаган жетекчилерди жана алардын орун басарларын белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- эгерде мыйзамдарда чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе, анда Министрликтин ведомстволук органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга ээ болот.
Министр Министрликке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
12. Статс-катчы белгиленген тартипте министр менен макулдашуу боюнча Министрликтин кызматкерлерин администрациялык мамлекеттик кызмат орундарына дайындайт жана аларды орун которуштурууну жана ротациялоону жүзөгө ашырат.
13. Министрликте курамына министр (коллегиянын төрагасы), статскатчы жана министрдин орун басарлары кызмат орду боюнча кирүүчү, ошондой эле Министрликтин системасындагы башка жетекчи кызматкерлер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирген курамында тогуз адамдан турган Коллегия түзүлөт. Коллегия мүчөлөрүнүн жекече курамын (кызмат орду боюнча Коллегиянын курамына кире тургандарды кошпогондо) министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
14. Министрликтин коллегиясынын, борбордук аппаратынын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруу жана пландаштыруу, Министрликтин ишинин башка маселелери министр бекитүүчү тиешелүү документтер менен жөнгө салынат.
15. Коомчулук менен эриш-аркак иштөө максатында Министрликтин алдында коомдук байкоочу кеңеш түзүлөт.
Бул кеңештин иши мамлекеттик органдын алдындагы Коомдук байкоочу кеңеш жөнүндө типтүү жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
16. Министрликте мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.
17. Министрлик белгиленген тартипте борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук жана аймактык органдардын ишине контролдук кылат.
18. Ведомстволук, аймактык бөлүмдөрдүн, башка мекемелередин жетекчилери өздөрү жүзөгө ашырып жаткан ыйгарым укуктар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
19. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн, ведомстволук мекемелерин күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.