Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 409 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-апрели №172
"Ширелердин, нектарлардын жана мөмө-жемиштерден жана (же) жашылчалардан жасалган ширелүү суусундуктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген "Ширелердин, нектарлардын жана мөмө-жемиштерден жана (же) жашылчалардан жасалган ширелүү суусундуктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (мындан ары - Техникалык регламент) бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Техникалык регламентке ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул токтом Бажы союзунун тиешелγγ техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында кγчγнѳ киргенге чейин колдонулат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 22-апрелиндеги № 30 жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |