Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-апрели №173
Кыргыз Республикасында дезинфекциялык иштин негизги багыттары жөнүндө
Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигинин көрсөткүчтөрүнүн начарлоосун болтурбоо, өлкөдөгү дезинфекциялык ишти өркүндөтүү жана эпидемиологиялык маанилүү объекттерде муунак буттуу курт-кумурскалардын жана кемирүүчүлөрдүн санын азайтуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Дезинфекцияны, дезинсекцияны жана дератизацияны уюштуруу жана өткөрүү боюнча колдонмо;
- Шаар жана айыл жериндеги калктуу конуштарда профилактикалык дезинфекция, дератизация жана дезинсекция жумуштарын аткаруу жана тейлөө нормалары жөнүндө жобо.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |