Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-апрели №174
"Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене. Мыйзамдын максаты
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополияларга карата мамлекеттик саясаттын укуктук негиздерин аныктайт жана сатылуучу товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылган табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттери менен керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансына жетүүгө багытталган.
2-берене. Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополияларынын субъекттери, керектөөчүлөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышуучу рынокто пайда болгон мамилелерге колдонулат.
Табигый монополиялардын чөйрөсүн экономикалык жактан негиздүү атаандаштык рыногунун абалына өтүүсүн токтотуп турууга жол берилбейт.
3-берене. Негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы
Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
табигый монополия - өндүрүштүн технологиялык өзгөчөлүктөрүнүн натыйжасында атаандаштыктын жоктугунун айынан рыноктогу сурамды канааттандыруу натыйжалуу болгон, ал эми табигый монополиялардын субъекттери өндүрүүчү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр керектелгенде башка товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен алмаштырылышы мүмкүн болбогон товардык рыноктун абалы, ушуга байланыштуу ушул товардык рынокто табигый монополиялардын субъекттери өндүрүүчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон сурам товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүнө караганда ушул товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон баанын өзгөрүшүнө аз даражада көз каранды болот;
монополиялык жогорку баа - рынокто басымдуулук абалга ээ болгон чарбакер субъект өндүрүштүк кубаттуулукту жетишсиз пайдалануудан пайда болгон негизсиз чыгымдарды компенсациялоо жана (же) ушуга окшош жагдайларда же атаандаштыктын шартында алынуучу пайдага караганда көп пайда алуу максатында товарга белгилеген баа;
монополиялык төмөн баа - товардык рынокто сатып алуучу катары басымдуулук абалга ээ болгон чарбакер субъект сатып алынуучу товарга сатуучунун эсебинен кошумча пайда алуу жана (же) негизсиз чыгымдарды компенсациялоо максатында белгилөөчү баа же рынокто басымдуулук абалга ээ болгон чарбакер субъект товарды сатуудан чыгым алып келген деңгээлде ошол товарга атайылап белгилеген баа, мунун натыйжасында атаандаштарды рыноктон сүрүп чыгаруу аркылуу атаандаштыкты чектөө болуп эсептелет;
товар - сатууга, алмашууга жана жүгүртүүгө арналган жарандык укуктардын объектти (анын ичинде жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр);
табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъектти - табигый жана уруксат берилген монополиялардын шарттарында товарларды өндүргөн (саткан) чарбакер субъект (юридикалык жак);
керектөөчү (абонент) - табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъектти өндүргөн (саткан) товарды сатып алуучу жеке жана юридикалык жак;
баанын чектүү деңгээли (тариф) - табигый жана уруксат берилген монополиянын субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларына, жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон баанын (тарифтин) максималдуу чоңдугу;
табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин жетекчиси - табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин атынан ишеним каты жок эле чыгууга ыйгарым укуктуу болгон адам;
уруксат берилген монополия - тиешелүү рынокто жалпысынан 35 жана андан жогору процентке же жыл сайын ыйгарым укуктуу орган белгилеген чоңдуктагы үлүшкө ээ болгон, рынокто басымдуулук абалды ээлеген, мындай абалын жоюуга ошол учурда мүмкүндүк болбогон чарбакер субъект. Монополиялык иш-аракеттерди жана кара ниет атаандаштыкты болтурбоо, инфляциянын өсүшүнө жол бербөө максатында, ошондой эле коомдук коопсуздуктун зарылдыгы болгон чөйрөлөрдө иши тиешелүү мамлекеттик жөнгө салууну талап кылган чарбакер субъекттер уруксат берилген монополия болушу мүмкүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларында аныкталган мамлекеттик монополиялар;
баа (тариф) - табигый жана уруксат берилген монополиялардын жөнгө салынуучу товарларынын (жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) наркынын акчалай аныкталышы, аны ыйгарым укуктуу орган бекитет;
тарифтик смета - жөнгө салынуучу товарлар боюнча табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин киреше жана чыгаша беренелери, жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жеткирилген өлчөмдөрү жана башка экономикалык көрсөткүчтөрү жөнүндө ыйгарым укуктуу орган бекиткен формадагы көрсөткүчтөр;
ыйгарым укуктуу орган - табигый жана уруксат берилген монополияларды жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү, монополиялык ишти жана кара ниет атаандаштыкты чектөө, аны жоюу боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик антимонополиялык орган;
кызмат көрсөтүүлөр - өздүк муктаждыктарды же башка адамдардын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган иш, анын ичинде товарларды, жумуштарды, сырьелерду жана материалдарды сатып алуу.
4-берене. Табигый жана уруксат берилген монополиялардын
субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуу
1. Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсүндө табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун төмөнкүдөй методдору (мындан ары - жөнгө салуу методдору) колдонулат:
1) бааны жөнгө салуу:
бааларды (тарифтерди), анын ичинде экспортко бааны бекитүү;
баанын (тарифтин) чектүү деңгээлин бекитүү;
2) рентабелдүүлүктүн чектүү деңгээлин белгилөө;
3) милдеттүү тейлене турган керектөөчүлөрдү (абоненттерди) аныктоо жана (же) табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттери өндүрүүчү (сатуучу) товарларга (кызмат көрсөтүүлөргө) болгон муктаждыкты толук өлчөмдө канааттандыруу мүмкүн болбогон учурда керектөөчүлөрдү камсыз кылуунун минималдуу деңгээлин белгилөө, мында жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, табигый жана маданий баалуулуктарды сактоо зарылдыгы эске алынат;
4) соода үстөгүнүн чоңдугун белгилөө;
5) табигый монополиянын субъектти болгон инженердик-техникалык кызматтар үчүн милдеттенмелерди белгилөө, бул субъект өндүргөн (саткан) товарга (кызмат көрсөтүүгө) болгон муктаждыкты толук өлчөмдө канааттандыруу мүмкүн эмес болбогон учурда тиешелүү инженердик-техникалык камсыз кылуу тармагын өнүктүрүү.
5-берене. Табигый жана уруксат берилген монополиялардын
чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоо
1. Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин иши чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушун болтурбоо, же тиешелүү товардык рынокту табигый жана уруксат берилген монополиялардын абалынан атаандаштык рыноктун абалына экономикалык негиздүү өтүүсүн кармап туруу максатында ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдү контролдойт:
1) бардык бүтүмдөрдү, бул бүтүмдөрдүн натыйжасында табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъектти ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салынуучу товарларды өндүрүүгө (сатууга) арналбаган негизги каражаттарга менчик укугун алса же ушул негизги каражаттарды пайдалануу укугуна ээ болсо жана мындай негизги каражаттардын баланстык наркы табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин өздүк капиталынын акыркы бекитилген балансы боюнча наркынын 10 процентинен ашса;
2) сатууну, ижарага берүүнү же башка бүтүмдөрдү, алардын натыйжасында чарбакер субъект табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салынуучу товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүгө (сатууга) арналган негизги каражаттарына менчик укугун алса жана (же) бул каражаттардын бир бөлүгүн пайдалануу укугуна ээ болсо жана мындай негизги каражаттардын баланстык наркы табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин өздүк капиталынын акыркы бекитилген балансы боюнча наркынын 10 процентинен ашса;
3) табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салынуучу товарларды өндүрүүгө (сатууга) жасаган инвестициясын, бул инвестициялар табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин өздүк капиталынын акыркы бекитилген балансы боюнча наркынын 10 процентинен ашса;
4) табигый жана уруксат берилген монополиянын жоюлушун.
2. Бул берененин 1-бөлүгүнүн 1-2, 4-пункттарында аталган иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектти мындай иш-аракеттерди жүргүзүүгө макул экендиги жөнүндө өтүнүчтү жана чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматты ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.
Бул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда аталган иш-аракеттерди жүргүзүүдө табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектти ыйгарым укуктуу органга кабарлоо жиберет.
Маалыматтын мазмунуна, аны берүүнү формасына коюлуучу талаптарды, ошондой эле өтүнүчтөрдү жана кабарлоолорду кароонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Иш-аракеттер атаандаштыкты чектөө жана рынокту монополия кылуу сыяктуу кесепеттерди пайда кылышы мүмкүн болсо, ошондой эле арыз ээси зарыл болгон бардык документтерди бербесе, же аларды кароодо маалыматтардын туура эместиги табылса ыйгарым укуктуу орган өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.
Ыйгарым укуктуу орган өтүнүчтү алган күндөн баштап 30 күндөн кеч эмес мезгилде арыз ээсине өзүнүн чечими жөнүндө - макулдук бергендиги же баш тарткандыгы жөнүндө билдирет. Баш тартуу жүйөлүү болууга тийиш.
Чечимди кабыл алуу үчүн кошумча маалымат талап кылынса, ыйгарым укуктуу орган бул маалыматты арыз ээсинен суроого жана бул маалыматты суроо өтүнүчтү кароонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө кабарлоо менен кошо өтүнүч кабыл алынган күндөн баштап 15 күндөн кеч эмес мезгилде арыз ээсине жиберилсе, өтүнүчтү кароонун мөөнөтүн 30 күнгө узартууга укуктуу.
Ыйгарым укуктуу органдын чечимине макулдук берилбеген учурда бул чечимдерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык доо арыз берилиши мүмкүн.
3. Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин уставдык капиталынын акцияларын (үлүштөрүн) рынокто сатып алуунун же башка бүтүмдөрдүн (анын ичинде тапшыруунун, ишенимдүү башкаруунун, күрөөгө коюунун) натыйжасында белгилүү бир жак, же жактардын тобу табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин уставдык капиталын түзгөн бардык акцияларга (үлүштөргө) туура келген добуштардын жалпы санынын 10 процентинен ашыгын сатып алса, бул жөнүндө добуштар сатып алынган күндөн баштап 30 күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга кабарлоого милдеттүү. Мындан тышкары жактар ээ болгон добуштардын санынын өзгөрүүсү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга аталган мөөнөттө кабарлоого милдеттүү. Ушундай эле милдет башка чарбакер субъекттин уставдык капиталындагы акцияларды (үлүштөрдү) сатып алып, анын натыйжасында бардык акцияларга (үлүштөргө) туура келген добуштардын жалпы санынын 10 процентинен көп добушту алган табигый жана уруксат берилген монополияларга да жүктөлөт.
Ушул бөлүктө каралган талаптардын сакталышын контролдоо үчүн ыйгарым укуктуу орган чарбакер субъекттин жалпы добуштарынын (үлүштөрүнүн) санынын 10 процентинен ашыгына ээ болгон катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды чарбакер субъекттен суроого укуктуу.
4. Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин юридикалык жагын мамлекеттик каттоону жана кайра каттоону, ошондой эле анын ишинин токтотулушун каттоону ыйгарым укуктуу органдын алдын ала макулдугу менен гана каттоочу орган жүргүзөт.
6-берене. Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин
сатып алуусун мамлекеттик контролдоо
1. Сатып алууга кеткен чыгымдар табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин жөнгө салынуучу товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) болгон баада эсептеле турган товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу тендер формасында жүргүзүлөт.
2. Тендерди табигый жана уруксат берилген монополиянын субъекттери төмөнкү принциптерди сактоо менен өткөрөт:
1) тендердик жол-жоболорду ачык жана айкын өткөрүү;
2) бардык потенциалдуу жеткирүүчүлөрдүн тендерге катышуусуна бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;
3) потенциалдуу жеткирүүчүлөрдүн арасында ак ниет атаандаштыктын болушу.
3. Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин жөнгө салынуучу товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) болгон бааны бекитүүдө ыйгарым укуктуу орган табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тендер өткөрүүнүн талаптарын бузган учурда табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин арызын четке кагууга укуктуу.
7-берене. Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин
ишин чектөө
1. Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисине төмөнкүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат:
1) жөнгө салынуучу товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн акыны ыйгарым укуктуу орган белгилеген өлчөмдөн ашыкча алууга;
2) табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин жөнгө салынган товарларынын (жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) жеткиликтүү болушуна шарттарды коюуга;
3) жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) бааларына (тарифтерине) аларды берүү менен байланышпаган чыгымдарды кошууга;
4) рынокто жасалма дефицит түзүү максатында товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүнү жана жеткирүүнү токтотуп турууга, же табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектти үчүнчү жактардын ишине таасир тийгизүүгө мүмкүндүк алуучу шарттарды рынокто түзүүгө;
5) атаандаштык шарттарында жүргүзүлүүчү товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүнү жана жеткирүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун чөйрөсүнө тиешелүү болгон иштен алынган кирешелердин эсебинен каржылоого;
6) ички рыноктогу сурамды канааттандырбастан товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого;
7) жөнгө салынуучу товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүгө жана берүүгө арналган мүлктү ажыратууга, буга мүлктү мамлекеттин менчигине берүү кирбейт;
8) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылбаган баа (тариф) боюнча сатууга.
2. Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирүү үчүн контракттардын формалары, ошондой эле аларды берүүнүн эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте макулдашылууга тийиш.
8-берене. Табигый жана уруксат берилген монополиянын
субъектисинин милдеттери
1. Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектти төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин аткарууга;
2) табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин жөнгө салынуучу товарларынын (жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) бааларында эсептелүүчү товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте сатып алууга;
3) коомдук, экологиялык коопсуздуктун жана жарандардын ден соолугунун коопсуздугунун принциптери сакталганда өндүрүштүн жана кызмат көрсөтүүнүн абдан натыйжалуу методдорун жана технологияларын тандоого;
4) ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча финансылык отчетту, табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин иши жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды кагаз жүзүндө жана (же) электрондук түрдө ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө, бирок беш жумушчу күндөн кеч эмес мезгилде берүүгө:
товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүдөгү чыгымдар, анын ичинде эмгек акы, сырьенун жана материалдын наркы, накладнойлук чыгымдар жөнүндө;
салыктык жана башка төлөмдөр жөнүндө;
негизги өндүрүштүк фонддордун абалы жана наркы, инвестицияга амортизациялык чегерүүлөргө болгон муктаждык жөнүндө;
ар кандай баалар (тарифтер) боюнча товарларды сатууда алынуучу болжолдуу пайда жөнүндө;
товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү жеринен керектөөчүлөрдүн (абоненттердин) ар кандай топторунун жайгашуусунун аралыгы жөнүндө;
өндүрүлгөн (сатылган) товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапатынын керектөөчүлөрдүн (абоненттердин) сурамына шайкеш келүүсү жөнүндө;
товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүнүн, экспорттоонун жана импорттоонун өлчөмдөрү жөнүндө;
мамлекеттик дотациялар жана мамлекеттик колдоонун (жардамдын) башка чаралары жөнүндө;
5) инвестициялардын, бизнес-пландардын долбоорлорун, өзүнүн иши жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берүүгө;
6) жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана колдонулган активдерди жана жалпысынан иштин башка түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте өз-өзүнчө эсепке алууга;
7) ыйгарым укуктуу органга тарифтик сметаны, эсепке алуу саясатын бекитүүгө (макулдашууга) берүүгө;
8) ар бир берилген, жөнгө салынуучу товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) түрү, ошондой эле башка берилген, жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) ар бир түрү жана (же) жыйындысы боюнча керектөөчүлөр менен ыйгарым укуктуу орган бекитилген типтүү келишимдерди түзүүгө;
9) негизги каражаттарды кайра баалоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте макулдашууга;
10) кварталдын жыйынтыгы боюнча тарифтик сметанын аткарылышы жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча берүүгө;
11) жөнгө салынуучу товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) берүү боюнча келишимдерди түзгөндө керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушуна жол бербөөгө;
12) баалардын (тарифтердин) өзгөрүүсү (төмөндөөсү) колдонууга киргизилгенге чейин кеминде он күн калганда мындай иш-аракет жөнүндө ыйгарым укуктуу органга жана керектөөчүлөргө кабарлоого;
13) табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин жөнгө салынуучу товарларынын (жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) түрлөрү боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди өз-өзүнчө эсепке алуунун методикасын иштеп чыгууга жана макулдашууга;
14) табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин жөнгө салынуучу товарларынын (жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) бааларын бекитүүдө чыгымдары эске алынуучу, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте сатып алууга;
15) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган баалар (тарифтер) боюнча сатууга.
2. Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин инженердик-техникалык кызматтары архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына электр, жылуулук, газ, суу менен жабдуу жана суу берүү жаатындагы бардык иштетилип жаткан жана пландалган инженердик-техникалык камсыздандыруу тармактарынын схемаларын жана алар тууралуу толук маалыматты мыйзамда белгиленген тартипте берүүгө милдеттүү.
Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин инженердик-техникалык кызматтары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайттарында ресурстар жөнүндө маалымат менен кошо инженердик-техникалык тармактардын схемаларын жайгаштырууга милдеттүү, буга мамлекеттик сырды камтыган маалыматтар кирбейт. Мындай маалымат жеке жана юридикалык жактардын сурамы боюнча да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
9-берене. Ыйгарым укуктуу органдын жөнгө салуучу методдорду
колдонуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуусу үчүн негиздер
Ыйгарым укуктуу орган өндүрүлүүчү (сатылуучу) товардын сапатын жогорулатууга жана аларга болгон сурамды канааттандырууга дем берүүнү эске алуу менен иштин анализинин негизинде табигый жана уруксат берилген монополиянын конкреттүү субъектисине карата ушул Мыйзамда каралган жөнгө салуу методдорун колдонуу жөнүндө чечимди кабыл алат. Ошол эле учурда чыгымдардын курамынын негиздүүлүгүн табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектти берген маалымат боюнча ыйгарым укуктуу орган баалайт.
10-берене. Табигый жана уруксат берилген монополиянын
субъектисинин иши жөнүндө маалыматты алуу укугу
1. Ыйгарым укуктуу органга жүктөлгөн функцияларды аткаруу максатында бул органдын кызматкерлери жазуу жүзүндөгү сурамдын негизинде мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисиндеги табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин чарбалык иши жөнүндө маалыматты алууга укуктуу.
2. Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъекттери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча ыйгарым укуктуу органдын ушул Мыйзамда каралган функцияларды аткаруусу үчүн зарыл болгон так документтерди, жазуу жана ооз эки түрдө түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу орган алган, коммерциялык сырды түзгөн маалыматтар ачыкка чыгарылбайт.
11-берене. Кабыл алынган чечимдер жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын
маалымдоосу
Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин ишине жөнгө салууну киргизүү, өзгөртүү жана токтотуу жөнүндө, ошондой эле Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъекттеринин мамлекеттик реестрине киргизүү, же андан чыгаруу, табигый жана уруксат берилген монополиянын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун колдонулуучу методдору жана аларга коюлуучу конкреттүү көрсөткүчтөр, талаптар жөнүндө кабыл алынган чечимдер тууралуу ыйгарым укуктуу орган расмий жалпыга маалымдоо каражаттары же WEB-сайт аркылуу билдирүүгө милдеттүү.
Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн табигый жана уруксат берилген монополиянын субъекттерин жоопкерчиликке тартуунун бардык учурлары жөнүндө ыйгарым укуктуу орган расмий жалпыга маалымдоо каражаттары же WEB-сайт аркылуу билдирүүгө милдеттүү.
12-берене. Бул Мыйзамды бузуунун кесепеттери
1. Бул Мыйзамды бузган учурда табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектти (алардын жетекчилери), мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары) ыйгарым укуктуу органдын чечимдерине (жазма буйруктарына) ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:
бул Мыйзамды бузууну токтотууга жана анын кесепеттерин жоюуга;
баштапкы абалды калыбына келтирүүгө же чечимде (жазма буйрукта) аталган башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө;
бул Мыйзамга туура келбеген актыны жокко чыгарууга жана (же) өзгөртүүгө;
милдеттүү түрдө тейленүүгө тийиш болгон керектөөчү (абонент) менен келишим түзүүгө;
керектөөчү (абонент) менен түзүлгөн келишимге өзгөртүү киргизүүгө;
айып төлөөгө же Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган башка жоопкерчиликти тартууга;
келтирилген чыгымдын ордун толтурууга.
2. Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектти ушул Мыйзамды бузуунун натыйжасында алган мыйзамсыз кирешени ыйгарым укуктуу органдын чечиминде белгиленген мөөнөттө республикалык бюджетке которууга милдеттүү.
13-берене. Табигый жана уруксат берилген монополиялардын
субъектисинин бул Мыйзамды бузууда келтирилген
чыгымдардын ордун толтуруусу
Эгерде табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин иш-аракети (аракетсиздиги), анын ичинде бааны (тарифти) негизсиз көтөрүүсү башка чарбакер субъектке же жеке жакка чыгым келтирилсе бул чыгымдардын орду табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулууга тийиш.
14-берене. Бул Мыйзамды бузгандыгы үчүн ыйгарым укуктуу органдын
кызмат адамынын жоопкерчилиги
Бул Мыйзамды бузгандыгы үчүн, анын ичинде коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
15-берене. Ыйгарым укуктуу органдын иш-аракеттери (аракетсиздиги),
мыйзамсыз чечимдери менен табигый жана уруксат берилген
монополиянын субъектине же башка чарбакер субъектке
келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу
Эгерде ыйгарым укуктуу орган чечимди ушул Мыйзамды бузуу менен чечим, анын ичинде жетиштүү түрдө экономикалык жактан негизсиз бааны (тарифти) белгилөө жөнүндө чечим кабыл алса жана мунун айынан табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектине же башка чарбакер субъектке чыгым келтирилсе, алар бул чыгымдардын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте толтурууну талап кылууга укуктуу.
16-берене. Бул Мыйзамды бузуулар жөнүндө иштерди ыйгарым укуктуу
органдын кароосу үчүн негиздер
Бул Мыйзамды бузуулар жөнүндө иштерди кароо үчүн негиз болуп табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, керектөөчүлөрдүн (абоненттердин) коомдук бирикмелеринин, ассоциацияларынын жана союздарынын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, юридикалык жактардын арыздары, ошондой эле соттордун маалыматтары, ыйгарым укуктуу органдын текшерүүлөрүнүн натыйжалары, укук коргоо органдарынын сунуштары эсептелет.
17-берене. Бул Мыйзамды бузгандыгы жөнүндө иштерди ыйгарым укуктуу
органдын кароосунун жана алар боюнча чечимдерди кабыл
алуусунун тартиби
1. Бул Мыйзамды бузгандыгы жөнүндө иштерди кароо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
2. Ишти кароонун натыйжасы боюнча ыйгарым укуктуу орган кабыл алган чечим кызыкдар жактарга жазуу жүзүндө, чечим кабыл алынган күндөн 5 күндөн кеч эмес мезгилде жиберилет. Кабыл алынган чечимдердин негизинде берилген жазма буйруктар кызыкдар жактарга ушул эле мөөнөттө жиберилет.
3. Бул Мыйзамды бузуу менен байланышкан, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына тиешелүү болгон чечимдер чечим кабыл алынган күндөн баштап 15 күндөн кеч эмес мезгилде жалпыга маалымдоо каражаттарында же WЕВ-сайтта жарыяланат.
18-берене. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин (жазма буйруктарын)
аткаруунун тартиби
1. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдери (жазма буйруктары) табигый жана уруксат берилген субъекттери (алардын жетекчилери), мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары) тарабынан чечимде (жазма буйрукта) каралган мөөнөттө аткарылууга тийиш.
2. Бул Мыйзамды бузуу менен кабыл алынган актыларды жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө, же ушул Мыйзам бузулганга чейин колдонулган баштапкы жобону калыбына келтирүү жөнүндө чечимди (жазма буйрукту) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу орган ушул актыларды толугу менен же бир бөлүгүн жараксыз деп табуу жөнүндө доо арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
3. Келишим түзүү жөнүндө же түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жазма буйрукту табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектти аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу орган сотко табигый жана уруксат берилген монополиянын субъекттин келишим түзүүгө же түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мажбурлоо жөнүндө доо арыз берүүгө укуктуу.
4. Бул Мыйзамды бузуунун натыйжасында мыйзамсыз алынган кирешени республикалык бюджетке которуу жөнүндө жазма буйрукту табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектти аткарбаган учурда, ыйгарым укуктуу орган сотко мыйзамсыз алынган кирешени өндүрүү жөнүндө доо арыз берүүгө укуктуу.
5. Табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектти айып төлөөдөн баш тартса, же чечимде (жазма буйрукта) аталган айыптан аз өлчөмдө айып төлөсө, ыйгарым укуктуу орган сотко табигый жана уруксат берилген монополиянын субъектисинин жетекчилеринен же мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынан айып өндүрүү жөнүндө доо арыз берүүгө укуктуу.
19-берене. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерине (жазма буйругуна)
каршы даттануу тартиби
Ыйгарым укуктуу органдын чечимдери (жазма буйруктары) ушул Мыйзамга туура келбесе, бул чечимдерди толугу менен же бир бөлүгүн жараксыз деп табуу жөнүндө арыз менен сотко табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттери (алардын жетекчилери), мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары), керектөөчүлөрдүн (абоненттердин) коомдук бирикмелери, алардын ассоциациялары жана союздары, башка юридикалык жактар, ошондой эле укук коргоо органдары кайрылууга укуктуу.
Сотко арыз берүү ыйгарым укуктуу органдын чечиминин (жазма буйругунун) аткарылышын бул чечим сотто каралган мезгилде жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурга чейин токтотпойт.
20-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерге катышуусу
Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
21-берене. Бул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 106 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., № 2, 97-б.);
- "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 10-декабрындагы № 190 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-мартындагы № 100 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 135 Мыйзамы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айдын ичинде:
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу нормативдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|