Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-апрели №183
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) компетенциясын, ишинин уюштурулуш тартибин аныктайт.
1-берене. Өкмөттүн статусу, анын максаты, түзүмү жана курамы
1. Өкмөт Конституция аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) таандык болгон ыйгарым укуктарды кошпогондо, мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чече турган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат.
2. Өкмөттүн ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатын жүзөгө ашыруу аркылуу адамдын, коомдун жана мамлекеттин социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү саналат.
3. Өкмөттүн түзүмү өзүнө министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт.
4. Өкмөттү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары Премьер-министр) жетектейт. Өкмөт Премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат.
2-берене. Өкмөттүн ишинин укуктук негиздери
Өкмөт өз ишин Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жүргүзөт.
3-берене. Өкмөттүн ишинин негизги принциптери
Өкмөт өз ишинде Конституциянын жана мыйзамдардын улуктугу, бийликтердин бөлүнүү, ачык-айкындык жана адам жана жаран укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, Конституцияда каралган чектерде өз иши үчүн Жогорку Кеңеш алдында жоопкерчилиги жана отчет берүүчүлүгү принциптерин жетекчиликке алат.
4-берене. Өкмөттүн программасы
1. Өкмөттүн программасы Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктаган документ болуп эсептелет.
2. Премьер-министрдин кызматына талапкер Жогорку Кеңешке Өкмөттүн программасын бекитүүгө киргизет. Өкмөттүн киргизилген программасы Жогорку Кеңеш тарабынан аны талкуулоонун жүрүшүндө Премьер-министрдин кызматына талапкердин макулдугу менен өзгөртүлүшү мүмкүн.
3. Өкмөттүн программасы Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилет.
4. Өкмөттүн ишинин жүрүшүндө Өкмөттүн бекитилген программасы Премьер-министрдин демилгеси боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
5-берене. Өкмөттү түзүү, анын түзүмүн жана курамын аныктоо
1. Өкмөт Конституцияда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө түзүлөт, ошол эле мезгилде ушул маселе Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.
2. Премьер-министрдин кызматына талапкер Жогорку Кеңешке коргонуу жана улуттук коопсуздук маселелерин чечкен мамлекеттик органдардын жетекчилерин - Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо Өкмөттүн түзүмүн жана жеке курамын киргизет.
3. Премьер-министрдин кызматына талапкер киргизген Өкмөттүн түзүмү жана курамы Жогорку Кеңеш тарабынан аларды талкуулоонун жүрүшүндө Премьер-министрдин кызматына талапкердин макулдугу менен өзгөртүлүшү мүмкүн.
4. Коргонуу жана улуттук коопсуздук маселелерин чечкен мамлекеттик органдардын жетекчилерин - Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо Өкмөттүн түзүмү жана курамы Жогорку Кеңештин токтому менен аныкталат.
5. Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталган Өкмөттүн курамы жана түзүмү Өкмөттүн иштөөсүнүн жүрүшүндө Премьер-министрдин сунушу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
Өкмөттүн курамы жана түзүмү жөнүндө Премьер-министрдин сунушу аны Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун жүрүшүндө өзгөртүлбөйт.
Өкмөттүн түзүмүн же курамын өзгөртүү жөнүндө Премьер-министрдин сунушун кароонун жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңеш тиешелүү токтом кабыл алат.
Өкмөттүн түзүмү өзгөргөн же Өкмөт мүчөсүнүн бош кызматына Премьер-министр сунуштаган талапкер Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган учурда Өкмөттүн курамын аныктоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомуна өзгөртүүлөр киргизилет. Ошол эле мезгилде Өкмөттүн айрым мүчөсү отставкага кеткен же бошотулган учурда Өкмөттүн курамын аныктоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Өкмөттүн тиешелүү мүчөсүнүн кызмат орду бош болуп эсептелет.
6. Президент Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөттүн курамы аныкталгандан, ошондой эле Өкмөттүн мүчөсүнүн бош кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер жактырылгандан тарта үч күндүн ичинде Премьер-министрди, Өкмөт мүчөлөрүн, анын ичинде коргонуу жана улуттук коопсуздук маселелерин чечкен мамлекеттик органдардын жетекчилерин - Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат.
Эгеде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалышкан болуп эсептелишет.
7. Фракциялардын коалициясы тарабынан парламенттик көпчүлүк статусунун колдон чыгарылышы, ошондой эле Президенттин Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындашы Конституцияда көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттөрдө жаңы Өкмөттү түзүүгө алып келет.
6-берене. Өкмөт мүчөлөрүнүн анты
1. Өкмөттүн курамы түзүлгөндөн күндөн тарта эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү төмөнкүдөй мазмундагы антты кабыл алышат:
"Мен _______________________, Кыргыз Республикасынын _____________ кызматына киришип жатып, элдин, Президенттин жана Жогорку Кеңештин алдында өзүмдүн ыйгарым укуктарымды ишке ашырууда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоого жана коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого; өз ишимде мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин гана карманууга; Кыргызстандын калкына ак ниет жана абийирдүү кызмат өтөөгө; мага бийик ишеним менен жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын ___________ милдеттерин татыктуу жана ак ниеттүүлүк менен аткарууга ант берем.
Бул антты бузсам Өкмөт мүчөсү деген жогорку наамга татыксыз болоорумду түшүнөм жана эгерде кайсы бир учурда ушул салтанаттуу түрдө кабыл алган антымдан тайсам биздин республиканын мыйзамдары боюнча жана жалпы элдин алдында катаал жаза тартууга даярмын."
2. Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн анты Жогорку Кеңештин имаратында Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда кабыл алынат.
3. Бош кызматка дайындалган Өкмөт мүчөсү ал дайындалгандан жети күндөн кечиктирбестен ант берет.
7-берене. Өкмөт мүчөсү үчүн коюлган чектөөлөр
1. Төмөнкүлөр Премьер-министр, Өкмөттүн мүчөсү болуп дайындала алышпайт:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон адам;
2) башка мамлекеттин жараны болгон адам;
3) жогорку билими жок адам;
4) соттун чечими менен ишке жөндөмсүз деп табылган же мамлекеттик кызматчы катары иштөөгө же мамлекеттик кызматты ээлөөгө тыюу салынган адам;
5) мыйзамда аныкталган тартипте соттолгондугу алып салынбаган же жабылбаган адам.
2. Өкмөт мүчөсү төмөнкүлөргө укуксуз:
1) Жогорку Кеңештин же башка шайланма органдын депутаты болууга;
2) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында башка кызматтарды ээлөөгө;
3) мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо ишкердик менен алектенүүгө, коммерциялык уюмдардын жетекчилик же байкоо жүргүзүү органынын курамына кирүүгө;
4) мамлекеттик бийлик органдарында үчүнчү тараптардын иши боюнча өкүлү болууга;
5) кызмат иши үчүн гана арналган маалыматтарды, материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;
6) кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен байланышкан иш аракеттерди жүргүзгөнү же аракетсиздиги үчүн жеке адамдардан жана юридикалык жактардан белек, акча жана кызмат көрсөтүү түрүндө сый акы алууга, буга протоколдук жана башка расмий иш-чараларды өткөрүүдө символикалык сувенирлер кирбейт;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен болгон макулдашуусу боюнча өз ара негизде ишке ашырылган кызматтык иш сапарларын албаганда жеке адамдардын жана юридикалык жактардын эсебинен кызматтык командировкаларга жана башка сапарларга чыгууга;
8) Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башкаруу органдарынын, камкордукка алуу же байкоо кеңештеринин, башка органдарынын курамына кирүүгө, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же мамлекеттик бийлик органдары менен чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара негиздеги макулдашууларда башкача каралбаса;
9) мамлекеттик кызматчынын өзүнүн жана анын үй-бүлөсүнүн, ошондой эле анын жакын туугандары болушкан адамдардын жеке кызыкчылыктарын түздөн-түз камтыган маселелерди чечүү максатында өзүнүн кызмат абалын пайдаланууга.
3. Өкмөт мүчөсү аталган кызматка киришкен күндөн тарта бир айдын ичинде коммерциялык уюмдардын уставдык капиталындагы өзүнүн менчигиндеги үлүшүн (акциялардын пакетин) мыйзамда аныкталган тартипте Өкмөттүн мүчөсү кызматында турган мезгилде ишеним артылган башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү.
4. Өкмөт мүчөсү өз милдетинен жеке кызыкчылыктарын жогору коюшуна (кызыкчылыктардын кагылышуусуна) жол берилбейт. Өкмөт мүчөсү мамлекеттик кызматчылардын этикасын сактоого милдеттүү.
5. Өкмөт мүчөсү өзү дайындалгандан тарта жети күндөн кечиктирбестен Өкмөт мүчөсү кызматы менен айкалыштырууга болбогон ыйгарым укуктарын жана милдеттерин жыйыштырууга тийиш.
6. Ушул беренеде көрсөтүлгөн талаптар бузулган учурда Өкмөт мүчөсү ушул конституциялык Мыйзамда аныкталган тартипте ээлеген кызматынан бошотулат.
8-берене. Өкмөт мүчөлөрүн материалдык жана социалдык-тиричилик
жактан камсыз кылуу
1. Өкмөт мүчөсү өзүнүн кызматтык иши үчүн мыйзамда аныкталган тартипте жана учурларда республикалык бюджеттин эсебинен акчалай сый акы алат, медициналык тейлөө жана социалдык-тиричилик кызматтарын пайдалануу укугуна ээ.
2. Өкмөт мүчөсү кызматтык милдеттерин аткарышы үчүн зарыл материалдык-техникалык каражаттар менен Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте камсыз кылынат.
9-берене. Өкмөттүн, Өкмөттүн айрым мүчөсүнүн отставкага кетиши,
Өкмөт мүчөсүнүн кызматынан бошотулушу
1. Өкмөт төмөнкү негиздер боюнча отставкага кеткен болуп эсептелет:
1) фракциялардын коалициясы тарабынан парламенттик көпчүлүк статусун жоготушу;
2) Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурдагы шайлоолордун дайындалышы;
3) Президент тарабынан Өкмөттүн толук курамында отставкасы кабыл алынышы;
4) Президент тарабынан Премьер-министрдин отставкасынын кабыл алынышы;
5) Конституцияда каралган тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтпөө билдирилишине байланыштуу Президент тарабынан Өкмөттүн отставкага кетиши жөнүндө чечимдин кабыл алынышы;
6) Конституцияда каралган тартипте Өкмөткө ишеним көрсөтүүгө Жогорку Кеңеш тарабынан баш тартылгандыгына байланыштуу Президент тарабынан Өкмөттү отставкага кетирүү жөнүндө чечимдин кабыл алынышы.
2. Өкмөт отставкага кеткен учурда жаңы Өкмөт Конституцияда каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлөт.
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиздер боюнча Өкмөт отставкага кеткен учурда Президент фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк статусун жоготкондугу жөнүндө расмий жарыялагандан тарта 10 жумуш күнүнүн ичинде фракциялардын бирине 15 жумуш күнүнүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтүүнү сунуштайт.
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 4, 5, 6-пункттарында каралган негиздер боюнча Өкмөт отставкага кеткен учурда депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ фракция же фракциялардын коалициясы Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алынгандан же ал тарабынан Премьер-министрдин жана Өкмөттүн отставкасы кабыл алынгандан тарта 15 күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди сунуштайт.
3. Өкмөттүн отставкасынын кабыл алынышы Өкмөттүн бүткүл курамынын, аткаруу бийлигинин администрациялык ведомстволорунун жетекчилеринин отставкасына алып келет.
Отставка учурунда Өкмөт жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери Өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери дайындалган күнгө чейин ыйгарым укуктарын аткаруусун уланта беришет.
Отставкага кеткен Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткаруудан Өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү Президенттин жарлыгы менен дайындалган күнү бошотулат.
Өкмөттүн айрым мүчөсү отставкага кетүүнү суранууга укуктуу. Өкмөттүн айрым мүчөсүнүн отставкасы Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.
4. Премьер-министр Президентке Өкмөттүн айрым мүчөсүн кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
Президент Премьер-министр тарабынан Өкмөттүн мүчөсүн кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизилгенден тарта үч күндүн ичинде Өкмөттүн айрым мүчөсүн кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарат.
Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде Өкмөттүн айрым мүчөсүн кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, ал бошотулду деп эсептелет, буга коргонуу жана улуттук коопсуздук маселелерин чечкен мамлекеттик органдардын жетекчилери - Өкмөт мүчөлөрү кирбейт.
5. Өкмөт мүчөсү отставкага кеткен же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр Өкмөт мүчөсүнүн бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңеш жактыргандан баштап 5 жумушчу күндүн ичинде дайындоо үчүн Президентке киргизет.
6. Өкмөт мүчөсү белгиленген тартипте дайындалганга чейин Премьер-министр Өкмөт мүчөсүнүн милдетин аткаруучуну дайындоого укуктуу.
10-берене. Өкмөттүн ыйгарым укуктары
1. Өкмөт:
1) Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;
2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатын жүргүзөт;
3) Өкмөттүн программасын жүзөгө ашыруу үчүн концепцияларды жана өнүгүү программаларын бекитет;
4) мыйзамдуулукту, адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды көрөт;
5) мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча чаралардын, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана укук тартибин бекемдөө боюнча чаралардын көрүлүшүн камсыз кылат;
6) бюджеттик-финансылык, баа, тариф, инвестициялык, тышкы экономикалык, салык жана бажы саясатынын жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
7) социалдык-экономикалык тармакта, маданият, искусство, туризм, спорт, илим, интеллектуалдык менчик, билим берүү, саламаттыкты сактоо, эмгекти коргоо, жумуштуулук жана миграция, этностор аралык мамиле, балдарды коргоо жана гендердик теңчилик, социалдык камсыз кылуу, жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу, жер байлыктарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу; архитектура, шаар куруу жана курулуш иши, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, статистика, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тоолуу аймактар чөйрөлөрүндө жана башка тармактарда бирдиктүү мамлекеттик саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
8) Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылат; эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат; ушундай келишимдерди узартат же бузат; Кыргыз Республикасынын жарандарын анын аймагынан тышкарыда коргойт; Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен өз ара мамилесинин өнүгүшүн камсыз кылат;
9) чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, консулдук мекемелерин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн ачуу жөнүндө чечим кабыл алат;
10) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке киргизет жана анын аткарылышын камсыз кылат; Жогорку Кеңешке республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет берет;
11) менчиктин бардык түрлөрүнүн өнүгүшүнүн бирдей шарттарын камсыз кылуу жана аларды коргоо, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды көрөт;
12) мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укуктарын жүзөгө ашырат, мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин жеке менчиктештирүүнү уюштурат;
13) объекттерди, мамлекеттик материалдык резервдин товардык-материалдык баалуулуктарын башкаруу жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
14) жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
15) тышкы экономикалык иштин жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
16) техникалык жөнгө салуу тармагында ыйгарым укуктарды аткарат; экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү программасын иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат; ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн, жумуштарды жана кызматтарды аткаруучулардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрөт;
17) бирдиктүү антимонополиялык жана атаандаштык саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
18) бирдиктүү экономикалык мейкиндикти жана экономикалык иштин эркиндигин, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана финансылык каражаттардын эркин жүгүртүлүшүн камсыз кылат;
19) республиканын финансы системасын бекемдөө боюнча чараларды иштеп чыгат жана көрөт;
20) бажылык тариф жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын иштеп чыгат, бекитет жана турмушка ашырат;
21) мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт; мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке кароого киргизет;
22) Жогорку Кеңеште кезексиз тартипте карала турган кийинкиге калтыргыс мыйзам долбоорлорунун тизмесин аныктайт;
23) Конституциянын, мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарууга милдеттүү токтомдорду жана буйруктарды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
24) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдардын көбөйүшүн же анын киреше бөлүгүнүн азайышын караган мыйзамдардын долбоорлоруна каржылоо булактарынын бар же жок экени жөнүндө расмий корутундуларды берет;
25) министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларынын аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жаатында отчетторун угат;
26) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жоболорун, башкаруу схемаларын жана штаттык санынын чегин бекитет;
27) консультациялык-кеңешүүчү органдарды түзөт;
28) эркин экономикалык зоналар жөнүндө жобону жана аларды өнүктүрүү программасын бекитет;
29) Өкмөттүн Ардак грамотасын жана башка мамлекеттик сыйлыктарды уюштурат, алар менен сыйлоонун негиздерин жана тартибин аныктайт;
30) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын төлөө шарттарын аныктайт;
31) аскердик наамдарды жана атайын наамдарды ыйгаруу тартибин аныктайт;
32) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын актыларын жокко чыгарат;
33) Жогорку Кеңештин Төрагасына Жогорку Кеңештин кезексиз сессияларын чакыруу жөнүндө сунуштарды киргизет;
34) мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын материалдык-техникалык жактан камсыз кылынышын уюштурат;
35) жарандык коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иштешүүнү камсыз кылат;
36) Өкмөттүн Президиумунун курамын аныктайт;
37) Конституция, ушул Мыйзам жана мыйзамдар менен анын карамагына берилген башка ыйгарым укуктарды аткарат.
2. Өкмөт Конституция менен Президенттин, Жогорку Кеңештин, ошондой эле Конституция жана мыйзамдар менен соттордун, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына берилгенден башка, мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.
11-берене. Премьер-министрдин ыйгарым укуктары
1. Премьер-министр:
1) Өкмөттү жетектейт, анын иши үчүн Жогорку Кеңештин алдында жеке жоопкерчилик тартат;
2) аткаруу бийлигинин бардык органдары Конституцияны жана мыйзамдарды аткарышын камсыз кылат;
3) Өкмөттүн ишинин негизги багыттарын аныктайт;
4) Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин башка органдарынын ишин уюштурат;
5) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коет, ошондой эле Президентке жана Жогорку Кеңешке эл аралык келишимдерге кол коюуга макулдук берет;
6) Өкмөттүн жыйындарын башкарат;
7) Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына, Өкмөттүн жыйындарынын протоколдоруна, Премьер-министрдин буйруктарына кол коет, алардын аткарылышын камсыз кылат;
8) жыл сайын Жогорку Кеңешке Өкмөттүн иши жөнүндө отчет берет;
9) Жогорку Кеңешке Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе коет;
10) администрациялык ведомстволордун жетекчилерин, жетекчилеринин орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;
11) жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын мыйзамда белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
12) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
13) тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердеги Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кызматка дайындайт жана бошотот;
14) өз демилгеси боюнча, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышуусу реалдуу же потенциалдуу болгон учурда Өкмөттүн айрым мүчөсүн милдеттерин аткаруудан бошотот;
15) Өкмөт мүчөлөрүнө, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине, ошондой эле Премьер-министр тарабынан дайындалган кызмат адамдарына ушул Конституциялык мыйзамдын 24-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш, ээлеген кызматынан бошотуу түрүндө тартиптик жаза чараларын колдонот;
16) мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын статс-катчыларын дайындайт, ошондой эле мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда аныкталган тартипте аларга тартиптик жаза чараларын колдонот;
17) Кыргыз Республикасында жана анын аймагынан тышкарыда Өкмөттүн атынан чыгат;
18) биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин иштерин координациялайт жана контролдойт;
19) биринчи вице-премьер-министр менен вице-премьер-министрлердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
20) Өкмөттүн мүчөсү болгон жана коргонуу, улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын кошпогондо, министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын сунушу боюнча министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;
21) өз демилгеси боюнча же администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин сунушу боюнча администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларын кызматка дайындайт жана бошотот;
22) Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин кеңешчилерин жана жардамчыларын, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарларын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, алардын орун басарларын жана сектор башчыларын, Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүн жана анын орун басарларын кызматка дайындайт жана бошотот;
23) министрлерге, мамлекеттик комитеттердин төрагаларына, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына карата аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы жаатында сыйлоо чараларын көрөт;
24) ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын башкы директорлорун, алардын орун басарларын, ошондой эле кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен дайындалчу, бекитилчү (бошотулчу) кызмат орундардын номенклатурасына кирген башка кызмат адамдарын белгиленген тартипте дайындайт жана бошотот;
25) Кыргыз Республикасынын эл аралык финансылык институттардагы жана эл аралык уюмдардагы өкүлдөрүн дайындайт;
26) Өкмөттүн Ардак грамотасы, аты түшүрүлгөн курал жана башка өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлайт, адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, жогорку аскердик наамдарды берүүгө, дипломатиялык даражаларды ыйгарууга сунуштап көрсөтөт;
27) Президентке Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
28) жогорку класстык чендерди жана жогорку атайын класстык чендерди ыйгарат;
29) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн жана башкаруу схемасын бекитет;
30) Конституцияда, ушул Конституциялык мыйзамда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды аткарат.
2. Премьер-министрдин чечимдери Премьер-министрдин буйруктары түрүндө кабыл алынат.
12-берене. Өкмөт мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары
1. Биринчи вице-премьер-министр:
1) милдеттерди бекитилген бөлүштүрүүгө ылайык тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга жараша, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин иштерин координациялайт;
2) вице-премьер-министрлерге, министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик ишканаларга, мекемелерге аткарылышы милдеттүү болгон тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү өзүнүн компетенциясынын чегинде берет;
3) Өкмөттүн саясатын иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга катышат;
4) өзү тейлеген маселелер боюнча Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Премьер-министрдин буйруктарынын аткарылышын камсыз кылат;
5) Премьер-министрдин айрым ыйгарым тапшырмаларын белгиленген тартипте аткарат;
6) өзүнө тапшырылган иштин чөйрөсү үчүн Премьер-министрдин жана Өкмөттүн алдында жеке жоопкерчиликте болот;
7) Премьер-министрге министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
8) Премьер-министр жок болгон учурда анын тапшыруусу боюнча Премьер-министрдин милдетин аткарат;
9) Премьер-министр жок болгон учурда жана Премьер-министрдин тапшыруусу боюнча Өкмөттүн, Өкмөттүн Президиумунун жыйынында төрагалык кылат;
10) Өкмөт тарабынан аныкталган башка ыйгарым укуктарды аткарат.
2. Вице-премьер-министрлер:
1) милдеттерди бекитилген бөлүштүрүүгө ылайык тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин ишин аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга жараша координациялашат;
2) Премьер-министрдин жана Өкмөттүн алдында иштин тапшырылган тармагы үчүн жеке жоопкерчиликте болушат;
3) министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик ишканаларга, мекемелерге аткарылышы милдеттүү болгон тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде беришет;
4) өздөрү тейлеген маселелер боюнча Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Премьер-министрдин буйруктарынын аткарылышын камсыздашат;
5) тиешелүү тартипте Премьер-министрдин айрым тапшырмаларын аткарышат;
6) Премьер-министрге өздөрү тейлеген министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине карата сыйлоо же тартип чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизишет;
7) Өкмөт тарабынан аныкталган башка ыйгарым укуктарды аткарышат.
3. Министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары:
1) тиешелүү тармактарда мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат;
2) министрликтерге жана мамлекеттик комитеттерге жүктөлгөн функциялардын жана ыйгарым укуктардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) Конституциянын, конституциялык мыйзамдардын, мыйзамдардын, Жогорку Кеңештин токтомдорунун, Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Премьер-министрдин буйруктарынын негизинде жана аткаруу үчүн буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат жана камсыз кылат;
4) Өкмөттүн, Премьер-министрдин актыларынын долбоорлорун жана Өкмөттүн ыйгарым укугуна кирген же ал жетектеген мамлекеттик органдардын карамагына кирген маселелер боюнча башка материалдарды иштеп чыгууну уюштурат жана Өкмөттүн кароосуна киргизет;
5) Өкмөттүн, Премьер-министрдин тапшыруусу боюнча Жогорку Кеңеште Өкмөттүн өкүлү катары чыгат;
6) белгиленген тартипте соттордо Өкмөттүн кызыкчылыктарын билдирет;
7) Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрин кошпогондо, Өкмөттүн тапшыруусу боюнча Өкмөттүн ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коет;
8) коргонуу жана улуттук коопсуздук маселелерин чечкен мамлекеттик органдардын жетекчилерин албаганда, министрдин орун басарларынын, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басарларынын кызматына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарын Премьер-министрге киргизет;
9) өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү аскердик наамдарды, дипломатиялык даражаларды, класстык чендерди жана башка атайын наамдарды ыйгарат;
10) өздөрүнүн орун басарларына, статс-катчыларына жана Премьер-министрдин номенклатурасына кирген башка кызмат адамдарына карата тартип чарасын көрүү жөнүндө сунуштарды Премьер-министрге киргизет;
11) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды аткарышат.
13-берене. Өкмөттүн жыйындары жана чечимдерди кабыл алуу тартиби
1. Өкмөттүн жыйындары зарылдыкка жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Өкмөттүн жыйындарынын күн тартибин Премьер-министр аныктайт.
2. Өкмөт мүчөлөрү Өкмөттүн жыйынына катышышат жана добушун жеке өздөрү беришет. Өкмөттүн жыйынына төрагалык кылуучунун чечими боюнча жыйынга башка адамдар да чакырылышы мүмкүн.
3. Өкмөттүн жыйындарында Премьер-министр төрагалык кылат.
4. Өкмөттүн жыйыны ачык түрдө өткөрүлөт. Өкмөт айрым маселелерди өзүнүн жабык жыйындарында кароого укуктуу.
5. Өкмөттүн жыйынында Өкмөт мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышкан болсо, ал мыйзамдуу болуп эсептелет.
6. Өкмөттүн чечимдери Өкмөттүн жыйынына катышып олтурган Өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда Премьер-министр добуш берген чечим кабыл алынган болуп эсептелет. Өкмөттүн мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш берген чечимге Премьер-министр макул болбогон учурда чечим кабыл алынган болуп эсептелбейт.
Буйрук түрүндөгү чечимдер Өкмөттүн Регламентинде аныкталган тартипте кабыл алынат.
7. Өкмөттүн жыйындарын даярдоо жана өткөрүү тартиби Өкмөт тарабынан бекитилген Өкмөттүн Регламентине ылайык аныкталат.
8. Өкмөттүн чечимдерин даярдоо жана кабыл алуу тартиби ушул конституциялык Мыйзам, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзам жана Өкмөттүн Регламенти менен аныкталат.
9. Өкмөттүн жыйыны протокол менен таризделет, аны аткаруу үчүн Өкмөттүн токтомдору, буйруктары чыгарылат.
10. Өкмөт чечимди Өкмөттүн жыйынын өткөрбөстөн эле Өкмөттүн Регламентинде көрсөтүлгөн тартипте Өкмөттүн мүчөлөрүн кат жүзүндө сурамжылоо жолу менен же Өкмөттүн Президиумунун жыйынында кабыл алууга укуктуу.
14-берене. Өкмөттүн Президиуму
1. Тезинен кароону талап кылган маселелерди чечүү үчүн Өкмөт Премьер-министрдин сунушу боюнча Өкмөттүн мүчөлөрүнүн теңинен көбү кирген курамдагы Өкмөттүн Президиумун түзүшү мүмкүн.
2. Өкмөттүн Президиуму Премьер-министрден, биринчи вице-премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, юстиция, финансы жана экономиканы жөнгө салуу маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилери болушкан Өкмөт мүчөлөрүнөн жана Өкмөттүн башка мүчөлөрүнөн турат, алардын жеке курамы Өкмөт тарабынан бекитилет.
3. Өкмөттүн Президиумунун жыйындары зарылдыкка жараша жана Премьер-министрдин демилгеси боюнча өткөрүлөт. Төрагалык кылуучунун чечими боюнча Өкмөттүн Президиумунун жыйынына Өкмөттүн мүчөлөрү өздөрү жетектеген министрликтердин ишине тиешелүү маселелер боюнча чакырылышы мүмкүн.
4. Өкмөттүн Президиумунун жыйынында Премьер-министр төрагалык кылат. Премьер-министр жок болгон учурда төрагалык кылуучунун милдетин биринчи вице-премьер-министр же ыйгарым укук берилген вице-премьер-министрлердин бири аткарат.
5. Өкмөттүн Президиумунун жыйыны ачык түрдө өткөрүлөт. Өкмөттүн Президиуму айрым маселелерди өзүнүн жабык жыйындарында кароого укуктуу.
6. Өкмөттүн Президиумунун жыйынында Өкмөт Президиумунун мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышкан болсо, ал мыйзамдуу болуп эсептелет.
7. Өкмөттүн Президиумунун жыйынында чечимдер Өкмөттүн Президиумунун бардык курамынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Өкмөттүн Президиумунун мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш берген чечимге Премьер-министр макул болбогон учурда чечим кабыл алынган болуп эсептелбейт.
8. Өкмөттүн Президиумунун жыйындарын даярдоо жана өткөрүү тартиби Өкмөт тарабынан бекитилген Өкмөттүн Регламентине ылайык аныкталат.
9. Өкмөттүн Президиумунун чечимдери протокол менен таризделет, аны аткаруу үчүн Өкмөттүн токтомдору, буйруктары чыгарылат.
15-берене. Өкмөттүн актылары
1. Өкмөт Конституциянын, мыйзамдардын, Жогорку Кеңештин токтомдорунун жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жана аткаруу үчүн токтомдорду жана буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын камсыз кылат.
2. Ченемдик мүнөзгө ээ актылар Өкмөттүн токтомдору түрүндө чыгарылат. Тезинен чечүүнү талап кылган жана ченемдик мүнөздөгү эмес маселелер боюнча Өкмөттүн актылары Өкмөттүн буйруктары түрүндө чыгарылат.
3. Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарылууга милдеттүү.
Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына Премьер-министр кол коет.
4. Мамлекеттик сырды же мыйзам тарабынан корголгон башка маалыматтарды камтыган актыларды албаганда, Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары белгиленген тартипте расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Өкмөттүн расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
5. Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирет.
16-берене. Аткаруу бийлиги жана мамлекеттик органдардын ишин
камсыз кылуу
1. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жүргүзөт.
2. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин жетектейт.
3. Аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилери тиешелүү органдын аткаруу бийлигин жүргүзүү боюнча иши үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
4. Мамлекеттик органдардын ишин маалыматтык-талдоо, илимий, уюштуруучулук-чарбалык жана башка жагынан камсыз кылуу максатында Өкмөт өзүнө баш ийүүдөгү органдарды юридикалык жактын статусун берүү менен түзүүгө укуктуу.
5. Өкмөт өз функцияларын аткаруусу жана Өкмөттүн ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча, анын ичинде улуттук коопсуздук жана коргоо маселелери боюнча сунуштарын иштеп чыгуусу үчүн Өкмөт тарабынан Өкмөттүн Регламентинде каралган тартипте кеңештерди жана башка консультациялык-кеңешүү, координациялык органдары түзүлүшү мүмкүн.
17-берене. Министрликтер жана мамлекеттик комитеттер
1. Министрлик аткаруу бийлигинин мамлекеттик саясатты иштеп чыга жана жүзөгө ашыра турган жана мамлекеттик башкаруунун тиешелүү тармагын (чөйрөсүн) жалпы жетектеген борбордук мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Мамлекеттик комитет аткаруу бийлигинин мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган жана иштин тиешелүү чөйрөсүн башкарган, ошондой эле өз ыйгарым укуктарынын чегинде ведомстволор аралык координациялоону жүргүзгөн борбордук мамлекеттик орган болуп эсептелет.
3. Министрликтерди министрлер, мамлекеттик комитеттерди төрагалар жетектейт.
4. Министрлик же мамлекеттик комитет тарабынан кабыл алынган чечимдер тиешелүү министрдин же мамлекеттик комитеттин төрагасынын буйругу менен таризделет.
5. Министрликтер жана мамлекеттик комитеттер жөнүндө жоболор жана аларды башкаруу схемалары Өкмөт тарабынан аныкталат.
6. Өкмөт юридикалык жак статусуна ээ, министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге баш ийген бөлүмдөрдү түзүшү, жоюшу жана кайра уюштурушу мүмкүн.
18-берене. Административдик ведомстволор
1. Административдик ведомстволор аткаруу бийлигинин органдары болуп саналышат, алар Премьер-министрдин сунушу боюнча Өкмөттүн чечимдери менен түзүлөт, жоюлат жана кайра уюштурулат.
2. Административдик ведомстволор өз ишин Өкмөттүн карамагында жана анын жетекчилиги алдында жүргүзүшөт жана мамлекеттик агенттиктер, мамлекеттик инспекциялар, кызматтар жана фонддор түрүндө түзүлөт.
3. Мамлекеттик агенттиктерди инспекцияларды директорлор жетектейт, ал эми мамлекеттик кызматтарды жана фонддорду төрагалар жетектейт жана аларды кызматка Премьер-министр дайындайт.
4. Административдик ведомстволор кабыл алган чечимдер тиешелүү түрдө директордун же төраганын буйруктары жана тескемеси менен таризделет.
5. Административдик ведомстволор жөнүндө жоболор жана аларды башкаруу схемалары Өкмөт тарабынан аныкталат.
6. Өкмөт юридикалык жак статусуна ээ, административдик ведомстволорго баш ийүүдөгү бөлүмдөрдү түзүүгө, жоюуга жана кайра уюштурууга укуктуу.
19-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
1. Райондордо аткаруу бийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жүргүзөт, алар тикелей Өкмөткө баш ийишет.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар райондун тиешелүү аймагында министрликтердин жана административдик ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн ишинин эриш-аркак жүргүзүлүшүн камсыз кылат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишинде Өкмөткө жана Өкмөттүн тиешелүү жаат боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө отчет берет.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын түзүмү жана штаттык расписаниеси, ошондой эле аны кармоого кеткен чыгымдардын өлчөмү Өкмөт тарабынан бекитилет.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин уюштурулушу жана тартиби мыйзам менен аныкталат.
20-берене. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү - губернатор
1. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү - губернатор тиешелүү облустун аймагында Өкмөттүн өкүлү болуп саналган жана Өкмөттүн ыйгарым укуктарынын жүзөгө ашырылышын камсыз кылган кызмат адамы болуп эсептелет.
2. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү - губернатор Премьер-министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
3. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү - губернатор:
1) облустун тиешелүү аймагында Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун эриш-арак ишин координациялайт жана камсыз кылат;
2) облустун аймагында мыйзамдардын, Президенттин жарлыктарынын жана буйруктарынын, Жогорку Кеңештин токтомдорунун, Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын аткарылышын, улуттук жана мамлекеттик программалардын жүзөгө ашырылышын контролдойт;
3) облустун аймагында укук коргоо органдарынын укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ишин, ошондой эле мамлекеттик чек араны коргоо боюнча ишти координациялайт жана контролдойт;
4) өзгөчө кырдаалдардын, табигый кырсыктардын алдын-алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүргүзөт;
5) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу маселелери боюнча ишине контролдук жүргүзөт;
6) жарандардын укуктарын коргоо боюнча ишти, жарандардын даттануулары жана кайрылуулары боюнча ишти жүргүзөт;
7) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн жетекчилери алдында өз милдеттерин талаптагыдай аткарышпаган учурда аларга карата тартипке чакыруу чараларын көрүү, ошондой эле аларды кызматынан бошотуу жөнүндө маселе коюуга укуктуу;
8) Өкмөт жана Премьер-министр тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды аткарат.
4. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн - губернатордун жана анын аппаратынын ишинин уюштурулушу жана тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
21-берене. Өкмөттүн Аппараты
1. Өкмөттүн Аппараты Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин ишин маалыматтык-талдоо, укуктук жана уюштуруучулук жагынан камсыз кылат, ошондой эле аткаруу бийлигинин органдарынын Өкмөт жана Премьер-министр кабыл алган чечимдерди аткаруу боюнча ишин координациялайт, мониторинг жана көзөмөлдүк жүргүзөт.
2. Өкмөттүн Аппараты жөнүндө жобо жана штаттык санынын чеги Өкмөт тарабынан бекитилет.
3. Өкмөттүн Аппаратын Кыргыз Республикасынын министри - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси жетектейт.
22-берене. Өкмөттүн мыйзам чыгаруу ишине катышуусу
1. Өкмөткө мыйзам чыгаруу демилгеси менен чыгуу укугу таандык.
Өкмөт киргизген мыйзам долбоорун сунуш кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде расмий өкүл дайындалат.
2. Мыйзам чыгаруу демилгеси менен чыгуу укугу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды Жогорку Кеңешке киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Өкмөт мыйзам чыгаруу ишине төмөндөгүлөр каралган мыйзам долбоорлоруна макулдук берүү жолу аркылуу да катышат:
1) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү;
2) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдарды көбөйтүү же анын киреше бөлүгүн кыскартуу;
3) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү;
4) салыктарды киргизүү же алып салуу, аларды төлөөдөн бошотуу;
5) мамлекеттин каржы милдеттенмелерин кабыл алуу жана өзгөртүү;
6) Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин органдарынын компетенцияларын жана ыйгарым укуктарын өзгөртүү.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын же элдин демилгеси боюнча иштелип чыккан мыйзамдардын ушундай долбоорлору Өкмөткө ал расмий корутундусун берүүсү үчүн алдын-ала жөнөтүлүүгө жатат.
4. Өкмөттүн расмий корутундулары Өкмөттүн токтому, ал эми калган учурларда кат жүзүндө таризделет.
Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдардын көбөйүшүн караган мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин кабыл алынышы мүмкүн.
5. Өкмөт мыйзам долбоорун ал келип түшкөндөн 30 күндөн кечиктирбестен карайт. Мыйзам чыгаруу демилгеси менен чыккан субъект менен макулдашуу боюнча ушул мөөнөт узартылышы мүмкүн.
6. Өкмөт Жогорку Кеңеште карала турган мыйзам долбоорлоруна расмий ой-пикирин Жогорку Кеңешке жөнөтүүгө укуктуу. Өкмөттүн расмий ой-пикири мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин комитеттеринде, фракцияларында жана пленардык жыйындарда каралган учурда милдеттүү түрдө таркатылууга жана жарыяланууга жатат.
7. Өкмөт Жогорку Кеңеште карала турган мыйзам долбоорлоруна карата Жогорку Кеңешке түзөтүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
8. Өкмөттүн мыйзам долбоорлорун расмий чакыртып алууларга жана түзөтүүлөргө Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр же вице-премьер-министр кол коет.
Өкмөттүн корутундулары, түзөтүүлөрү жана расмий чакыртып алуулары боюнча Өкмөттүн позицияларын сунуш кылууну Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча жиберилген Өкмөттүн атайын өкүлү же Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү жүзөгө ашырат.
9. Премьер-министр же ченемдик укуктук актынын сунушталган долбоорун чакыртып алууга укуктуу, ушул туурасында Жогорку Кеңешке кат жүзүндө билдирилет.
10. Өкмөткө көз каранды болбогон жагдайлар (зарыл маалыматтарды бербөө, анын ичинде финансылык-экономикалык негиздемелер, социалдык-экономикалык божомол жана долбоорду кабыл алуунун башка кесепеттери) боюнча корутундуну өз убагында берүү мүмкүнчүлүгү жок учурда кат жүзүндө корутунду берүү мөөнөтү жөнүндө маселе мыйзам чыгаруу демилгеси менен чыккан субъекттин жана Өкмөттүн ортосундагы келишимге ылайык чечилет.
23-берене. Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен өз ара иштешүүсү жана анын
алдында отчет берүүсү
1. Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен өз ара иштешүүсү Конституцияда жана ушул Конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
2. Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде туруктуу өкүлү болот, ал Жогорку Кеңеш менен туруктуу өз ара аракеттенүү аркылуу Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн жекече жоопкерчиликтүү болот.
Туруктуу өкүл Премьер-министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат жана өзүнүн ыйгарым укуктарын анын түздөн-түз жетекчилиги алдында ишке ашырат.
Өкмөттүн туруктуу өкүлү өзүнүн компетенциясынын чегинде Жогорку Кеңештин парламенттин көпчүлүк фракцияларынын коалициясынын, депутаттык фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жыйындарына, анын ичине жабык жыйындарга, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы өткөргөн координациялык кеңешмелерге катышат, каралып жаткан мыйзам долбоорлору, чечим долбоорлору жана башка маселелер боюнча Өкмөттүн позициясын билдирет, сунуштарды киргизет жана түшүндүрмөлөрдү берет.
3. Өкмөт өзүнүн ишинде Конституцияда жана бул конституциялык Мыйзамда каралган чектерде Жогорку Кеңештин алдында жооптуу болот жана отчет берет.
4. Премьер-министр 15-майдан кечиктирбестен Өкмөттүн өткөн жылдагы иши жөнүндө Өкмөт аныктаган формада отчет берет.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволук органга тиешелүү маселелер боюнча мыйзам долбоорлоо ишин, аларга тиешелүү маселелер Жогорку Кеңештин, парламенттик көпчүлүгүнүн фракцияларынын коалициясынын, депутаттык фракцияларынын, комитеттеринин жана комиссияларынын жыйындарында каралган учурда Жогорку Кеңеш тарабынан каралган мыйзам долбоорлору боюнча Өкмөттүн көз карашын түзүү боюнча сунуштардын даярдалышын уюштурат, аткаруу бийлигинин карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңештин чечимдеринин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптарынын аткарылышын камсыз кылат.
Аткаруу бийлиги органынын Жогорку Кеңеш, анын комитеттери жана фракциялары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча иш-милдеттерди аткаруу бийлигин органдарынын статс-катчылары аткарат.
6. Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары даректелген Өкмөт, министрликтер, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү.
7. Премьер-министр, Өкмөт мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилери жана алардын кызмат адамдары Жогорку Кеңештин жыйындарына катышууга жана каралган маселелер боюнча өз пикирлерин айтууга укуктуу.
8. Ушул беренеде көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу Конституциянын жана мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө мыйзамдардын жоболорун эске алуу менен жүргүзүлөт.
24-берене. Өкмөт менен Президенттин өз ара мамилеси
1. Өкмөттүн жыйындарына Президент катышууга укуктуу.
2. Премьер-министр Президентке эл аралык келишимдерге кол коюуга макулдук берет.
3. Премьер-министр Президентке Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрдү дайындоого макулдук берет.
4. Премьер-министр коргонуу жана улуттук коопсуздук маселелерин чечкен мамлекеттик органдардын жетекчисин - Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштоосун аны бошотуунун себептерин негиздөө менен Президенттин кароосуна киргизе алат. Президент ушул сунуштоону карайт жана ал келип түшкөндөн тарта он күн ичинде Өкмөттүн тиешелүү мүчөсүн кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат же ал боюнча жүйөлүү жообун берет.
5. Өкмөт Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу Өкмөттүн ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча Президенттин сунуштарын кароого укуктуу.
6. Өкмөт Президенттин суроо-талабы боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарга, аларга кол коюлганга чейин корутунду берет.
25-берене. Өкмөттүн сот бийлигинин органдары менен өз ара мамилеси
1. Өкмөттүн сот бийлигинин органдары менен жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, мыйзамдуулуктун сакталышын, сот чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу маселелери боюнча өз ара мамилеси Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде курулат.
2. Өкмөт мыйзамда аныкталган тартипте сот бийлиги органдарынын бюджетинин аткарылышын камсыз кылат.
3. Өкмөт сот органдарына жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин мыйзамдуулугун, сот статистикасын жана практикасын камсыз кылуу жаатында суроо-талаптар менен кайрыла алышат.
26-берене. Өкмөттүн прокуратура менен өз ара мамилеси
1. Өкмөттүн прокуратура менен өз ара мамилеси Конституциянын, конституциялык мыйзамдардын жана башка мыйзамдарынын негизинде курулат.
2. Прокуратура тиешелүү тартипте Өкмөткө аткаруу бийлигинин органдарынын тутумундагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө маалымат берет.
3. Өкмөт өзүнө баш ийген мамлекеттик органдар менен прокуратуранын ортосундагы иштин координацияланышын камсыз кылат.
4. Өкмөт мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартиптин сакталышын, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыз кылуу жаатында прокуратурага кайрылууга укуктуу.
27-берене. Өкмөттүн Улуттук банк менен өз ара мамилеси
1. Өкмөттүн Улуттук банк менен өз ара мамилеси Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын негизинде курулат.
2. Улуттук банк акча-кредит жана валюта саясатын жүргүзүүдө Өкмөт менен өз ара мамиледе иштешет.
28-берене. Өкмөттүн Эсептөө палатасы менен өз ара мамилеси
1. Өкмөттүн Эсептөө палатасы менен өз ара мамилеси Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын негизинде курулат.
2. Өкмөт Эсептөө палатасына мамлекеттик жана башка органдарда аудиттик текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
3. Эсептөө палатасынын аудиттик текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча токтомдору Өкмөткө берилет.
29-берене. Өкмөттүн Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы менен өз ара мамилеси
Өкмөттүн Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен өз ара мамилеси Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын негизинде курулат.
30-берене. Өкмөттүн Акыйкатчы (Омбудсмен) менен өз ара мамилеси
Өкмөттүн Акыйкатчы (Омбудсмен) менен өз ара мамилеси Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын негизинде курулат.
31-берене. Өкмөттүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
менен өз ара мамилеси
1. Өкмөттүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилеси Конституциянын, ушул конституциялык жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде курулат.
2. Өздөрүнө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Өкмөткө же аткаруу бийлигинин мамлекеттик ыйгарым укук берген башка мамлекеттик органдарына отчет беришет.
32-берене. Өкмөттүн жарандык коомчулук менен өз ара мамилеси
1. Өкмөттүн саясий партиялар, диний уюмдар, коммерциялык эмес башка уюмдар, ошондой эле мамлекеттик эмес жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара мамилеси Конституциянын, мыйзамдардын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин талаптарынын негизинде, ошондой эле конструктивдүү мамлекеттик-коомдук диалогдун, адам жана жаран укуктары жана эркиндиктери камтылган чечимдерди кабыл алууда коомдук пикирди эске алуунун принциптеринде курулат.
2. Өкмөт жарандык коомчулук менен өз ара мамилени камсыз кылуу максатында:
1) адам жана жаран укуктарынын жана эркиндиктеринин такай мониторингин жүргүзөт, эл аралык органдарга адам укуктары боюнча мезгилдүү баяндамалардын даярдалышын камсыз кылат жана укук коргоо ишин жүргүзгөн укук коргоо жана коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу менен адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштарын аткаруу боюнча иш-чараларды өткөрөт;
2) адам жана жаран укуктары жана эркиндиктери камтылган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоодон өткөрөт жана Жогорку Кеңешке кароого жөнөтүүдөн мурда Өкмөттүн расмий интернет-порталында жарыяланышын камсыз кылат;
3) адам жана жаран укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга, ошондой эле конфликттердин алдын-алууга багытталган сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында жарандык коомчулуктун өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар менен жолугушуулар өткөрөт;
4) адам жана жаран укуктары жана эркиндиктери маселелери боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлерин такай окутууну уюштуруу боюнча чараларды ушул тармакка эксперттерди тартуу менен көрөт;
5) Өкмөттүн жана аткаруу бийлигинин ага баш ийген органдарынын ишине мониторинг жүргүзгөн жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнө адам жана жаран укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жана камсыз кылуу маселелери боюнча көмөктөшөт.
33-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2005-ж., № 12, 1009-б.);
2) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2007-ж., № 1, 3-б.);
3) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезитинин 2008-жылдын 8-апрелиндеги № 25 саны);
4) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезитинин 2009-жылдын 15-майындагы № 36-37 сандары).
3. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бардык мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар ушул конституциялык Мыйзамга карама-каршы келбеген жаатта колдонулат.
4. Облустук мамлекеттик администрациялардын башчылары - губернаторлор облустарда Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалганга чейин өз ыйгарым укуктарын аткара беришет.
Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү облуска кызматка дайындалган күндөн тартып мыйзамда аныкталган тартипте мамлекеттик администрациянын башчысынын ыйгарым укуктарын аткарат.
5. Президент эки күндүк мөөнөт ичинде өз чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Өкмөт үч айлык мөөнөттө:
- өз чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;
- колдонуудагы мыйзамдарды ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|