Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-апрели №191
"2009-жылдын 22-майында Астана шаарында кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалыматтарды алмашуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ички мамлекеттик процедураларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2009-жылдын 22-майында Астана шаарында кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалыматтарды алмашуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул мыйзам долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын ички иштер министри дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
2009-жылдын 22-майында Астана шаарында кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалыматтарды алмашуу тууралуу макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасы бул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл ички мамлекеттик процедураларды аткарганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|