Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №190 токтому менен бекитилген |
Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө ЖОБО
1. Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык маарекесин майрамдоону жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү максатында түзүлгөн.
2. Мамлекеттик дирекциясынын жайгашкан орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
3. Мамлекеттик дирекция өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Мамлекеттик дирекция юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, бланкка, бурчка басылуучу жана башка штамптарга, өзүнүн аталышы бар гербдүү мөөргө ээ болот.
5. Мамлекеттик дирекциянын Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда алыш-бериш жана башка эсептери болот.
6. Мамлекеттик дирекция Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү мезгилине түзүлөт.
7. Мамлекеттик дирекциянын башкы максаты 2011-жылы Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын майрамдоо боюнча мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын комплексин улуттук деңгээлде жүзөгө ашыруу болуп саналат.
8. Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- уюштуруу иштерин дирекциянын максаттарынын жана милдеттеринин чегинде өткөрүү;
- Курманжан Датка жылын, ошондой эле 2011-жылы Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин майрамдоону даярдоодо жана өткөрүүдө мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук уюмдарга көмөк көрсөтүү;
- кеңири жарнамалык-басма жана илимий-пропагандалык ишти жүзөгө ашыруу;
- кино-видео жана фото сүрөттөрдү тартууну, аудио жазууларын ж.б. жүзөгө ашыруу жана ишке ашыруу.
9. Мамлекеттик дирекция өз алдынча башкаруу жана чарбалык өз алдынчалуулук принциптеринде иштейт.
10. Мамлекеттик дирекция Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетинин төрагасы ага өткөрүп берген ыйгарым укуктардын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өзүнүн иши үчүн зарыл маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- өзүнүн сунуштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүүгө;
- убактылуу чыгармачылык жамааттарды түзүүгө;
- Мамлекеттик дирекциянын ишине катышууга белгиленген тартипте уюмдардын жана мекемелердин адистерин, кызматкерлерин тартууга;
- өзүнүн ишинин маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга, алар менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө;
- юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген, дирекциянын максаттарына жана милдеттерине ылайык келген башка аракеттерди жасоого.
11. Мамлекеттик дирекциянын мүлкүн түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден төгүмдөр;
- акысыз жана кайрымдуулук төгүмдөр;
- чет мамлекеттердин, уюмдардын, ишканалардын, жеке адамдардын, эл аралык уюмдардын жана фонддордун төгүмдөрү жана инвестициялары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
12. Мамлекеттик дирекциянын каражаты Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча мааракелик иш-чараларды даярдоого, өткөрүүгө жана уюштурууга пайдаланылат.
13. Мамлекеттик дирекция өзүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине отчет берет.
14. Мамлекеттик дирекция статистикалык жана бухгалтердик отчетторду жүргүзөт жана анын аныктыгы үчүн жоопкерчиликтүү болот.
15. Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чараларга пайдаланылбаган каражаттардын калдыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине которулат.
16. Дирекцияны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу башкы директор жетектейт.
Башкы директор:
- Мамлекеттик дирекциянын түзүмү жана штаттык саны боюнча сунуштарды киргизет, кадрларды тандап алууну жүзөгө ашырат;
- Курманжан Датка жылын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин майрамдоону даярдоого жана өткөрүүгө катышуучу түзүмдөргө көмөк көрсөтүүнү уюштурат жана көмөктөшөт;
- иштин бүткүл комплексин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетинин алдында жекече жоопкерчиликтүү болот;
- ага тапшырылган иш чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алат, Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлери милдеттүү аткаруучу буйруктарды чыгарат;
- Мамлекеттик дирекциянын атынан анын ишине байланыштуу келишимдерди, макулдашууларды жана контракттарды түзөт;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча органдар менен мамилелерде Мамлекеттик дирекциянын атынан чыгат.
17. Башкы директордун Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси дайындаган бир орун басары жана бир көркөм жетекчиси болот, алардын функциялык милдеттерин аныктайт.
18. Мамлекеттик дирекцияны жоюу же кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
19. Мамлекеттик дирекцияны жоюу аны түзүү жөнүндө чечим чыгарган орган түзгөн жоюу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндө чечим чыгарган орган жоюуну жүргүзүү тартибин жана мөөнөтүн белгилейт, жоюу комиссиясынын курамын аныктайт.
20. Мамлекеттик дирекция жоюлгандан кийин анын мүлкү мыйзамда белгиленген тартипте жоюу комиссиясынын чечимине ылайык пайдаланылат.