Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-июну № 297
Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекцияларга, ошондой эле мите ооруларга каршы күрөшүү боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ортосунда өз ара байланышта иштешүүнү күчөтүү жөнүндө
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги начарлашын болтурбоо боюнча өз ара байланышта иштешүүсүн күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу, мите оорулар менен ооругандарды толук эсепке алууну, ооруканага жаткырууну дарылоону;
- оорунун ар бир учурун оперативдүү эпидемиологиялык тастыктоо менен эпидемияга каршы комплекстүү иш-чараларын уюштурууну;
- сезон алдында "опурталдуу топтогу" (чума, күйдүргү, кене энцефалити) контингентти аныктоону жана эмдөөнү;
- карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу, мите оорулар боюнча эпидемиологиялык абалдын татаалдоо учуруна карата дары-дармектердин жана иммунобиологиялык препараттардын азайтылбачу запасын даярдоону;
- карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын, ошондой эле мите оорулардын алдын алуу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу активдүү санитардык-агартуу иштерин уюштурууну;
- карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу мите оорулар боюнча эпидемиологиялык абал татаалдаган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирүүнү;
- калк арасында өзгөчө коркунучтуу жана мите оорулардын чыгышын болтурбоо максатында ветеринария кызматы менен бирдикте эт, сүт азыктардын жана айыл-чарба азыктарынын сатылышын ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык контролдоону.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги карантиндик, өтө коркунучтуу жана мите оорулар боюнча эпидемиологиялык абал татаалдаган учурда эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы иш-чараларды уюштурууга көмөктөшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы иш-чараларды уюштурууга көмөктөшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу үчүн өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча абалы начар өлкөлөрдөн келген жарандарды эсепке алууну жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору жана Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын республикалык борбору менен маалымат алмашууну камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- күйдүргү, кутурма, бруцеллез жана социалдык маанилүү жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар жугушу мүмкүн болгон жаныбарларды алдын алуучу эмдөө менен толук камтууну камсыздасын;
- күйдүргүгө каршы күрөшүү боюнча нускаманы катуу сактоо менен күйдүргү көмүлгөн жерлердин абалына контролду камсыздасын;
- калк арасында (зооноздук) жаныбарлардан адамга жугуучу илдеттердин алдын алуу жана каршы күрөшүү боюнча маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин күчөтсүн;
- сапаттуу вакциналарды сатып алууну жана сактоо, ташып жеткирүү үчүн шарттардын аткарылышын камсыздасын;
- ички миграцияда, малды союуда жана сатууда ветеринардык-санитардык эрежелердин сакталышына контролду күчөтсүн;
- айыл чарба жаныбарларынын, мал чарба, айыл чарба жана токой чарбачылык продукциясынын экспортуна жана импортуна контролду күчөтсүн;
- мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык борборлоруна зооноздор боюнча эпизоотияга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу квартал сайын маалымат берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- эпидемиялык татаалданууларды болтурбоо үчүн жаратылыш кырсыктары (жер титирөө, суу каптоо, сел, нөшөр, жер көчкү ж.у.с) болгон учурлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине маалымат берүүнү камсыздасын;
- эпидемиялык абал татаалдаган учурларда карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча эпидемияга каршы, эпизоотияга каршы иш-чараларды уюштурууга көмөктөшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эпидемиялык абал татаалдаган учурда карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча эпидемияга каршы, эпизоотияга каршы иш-чараларды уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаал министрлиги, жергиликтүү саламаттык сактоо уюмдары менен бирдикте өздүк курамды алар жайгашкан жерлерде бөлүп берүүнү камсыздасын.
8. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүүчү мектептерде, кесиптик орто жана жогорку окуу жайларда карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын, мите оорулардын алдын алуу боюнча санитардык-агартуу иштерин жүргүзүүнү камсыздасын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жарандар мамлекеттик чек арадан өтүп жатышканда карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу ооруларга күмөн болгон учурда эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскери менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин маалымат менен өз убагында камсыздасын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги;
- суур алгандардын арасында чума боюнча эпидемиялык абалдын татаалдашын болтурбоо максатында аларга лицензия берүүдө Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын республикалык борборуна макулдашуу боюнча эмдөөдөн өтүүнү, чума боюнча энзоотиялуу аймакта аңчылык кылуунун санитардык эрежесинде каралган дезинфекциялачу жана инсектицид каражаттардын болушун сунуш кылсын;
- эпизоотологиялык изилдөө үчүн чуманын негизги жана экинчи даражадагы алып жүрүүчүсү болгон жапайы жаныбарларды санитардык-контролдоочу кармоого уруксаттарды берсин;
- сейил бактарда, эс алуучу зоналарда жана ден соолукту чыңдоочу зоналарда куураган дарактарды жана бадалдарды кыюуга уруксат берсин;
- кененин вирустук энцефалитине каршы акысыз эмдөө үчүн Агенттик боюнча "опурталдуу топтогу" контингентти аныктасын;
- менчигинин формасына жана ведомстволук таандыктыгына карабастан токой чарбанын эпидемиологиялык көзөмөлгө алынчу объекттерине саламаттык сактоо кызматкерлеринин киришине жол берсин;
- кененин күчөп турган мезгилинде кене энцефалитинин вирусун жуктуруп албоо жана болтурбоо максатында андай жерлерге барууну чектесин.
11. Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети:
- менчигинин формасына жана ведомстволук таандыктыгына карабастан коммуналдык чарбанын эпидемиологиялык көзөмөлгө алынчу объекттерине саламаттык сактоо кызматкерлеринин киришине жол берсин;
- республикада колдонулуп жаткан ченемдик документтерде каралган физикалык-химиялык жана санитардык-бактериологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн көлмө-суулардан, суу менен камсыздоо тармактарынан жана туруктуу жайлардан алардын менчигинин формасына карабастан сынамыктарды алууну камсыздасын.
12. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү кызматтар жана ведомстволор менен бирдикте:
- өтө коркунучтуу инфекцияларга (күйдүргү, кутурма, бруцеллез ж.б.) каршы эмдөөнү пландоо жана жүргүзүү үчүн ветеринария кызматы менен бирдикте айыл чарба жаныбарларынын толук эсебин алууну камсыздашсын;
- жаныбарларды митеден арылтуу үчүн орундарды камсыздашсын;
- айыл өкмөттөрдүн жүргүзүлгөн иш-чаралар (жок кылынган ит-мышыктардын саны жана митеден арылтууга камтылышы) тууралуу аймактык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна квартал сайын маалымат беришин камсыздашсын;
- айыл өкмөттөрдүн аймагында жайгашкан күйдүргү көмүлгөлөрүн корушсун, анын ичинде бетондошсун, тосушсун жана таанымал белгилерди орнотушсун, алардын абалдарын колдонуудагы санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык контролдошсун;
- мамлекеттик ветеринария органдарына социалдык маанилүү жана өзгөчө коркунучтуу инфекцияларга каршы күрөшүүдө алдын алуучу жана эпизоотияга каршы иштерди уюштурууга, айыл өкмөттөрдүн аймагында жекече ветеринардык сервистерди түзүүгө көмөк көрсөтүшсүн;
- малды союуга жана союудан алынган продуктуларды ташып келүү жана ташып чыгуу үчүн ветеринардык коштооч документтерге ылайык уруксат документтерди берүүнү камсыздашсын;
- мал ээлерине пландуу диагностикалык изилдөөдөн жана алдын алуучу эмдөөдөн өтпөгөн малды жайытка чыгарууга тыюу салышсын;
- азык берүүчү (айыл чарба жаныбарлары) жана азык бербөөчү (ит, мышык) жаныбарлардын сапаттуу жана толук эсебин алууну камсыздашсын;
- ит ээлерине аларды туура эмес кармап, адамдарды каап алгандыгы үчүн администрациялык чараларды колдонушсун;
- калктуу конуштардын аймагындагы мал базарларда касапканаларды жана касап аянттарды милдеттүү түрдөгү ветеринардык-санитардык контролдоо менен уюштурууну камсыздашсын.
13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
14. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
|
|