Редакцияот 10.06.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 10-июну № 302

2009-жылдын 14-июнунда Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун ыкчам жооп кайтаруучу Жамааттык күчтөрү тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "2009-жылдын 14-июнунда Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун ыкчам жооп кайтаруучу Жамааттык күчтөрү тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев

 

 

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 14-июнунда Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун ыкчам жооп кайтаруучу Жамааттык күчтөрү тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

 

2009-жылдын 14-июнунда Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун ыкчам жооп кайтаруучу Жамааттык күчтөрү тууралуу Макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы тарабынан аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына кабарласын.

 

3-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти