Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-июну №342
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 923- берене) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-берене менен толукталсын:
"7-1-берене
1. Кредиттер жана займдар боюнча банк жана микрофинансылык уюм тарабынан алынган, 2009-жылдын 1-январына чейин берилген проценттик кирешелер автомобиль жолдорун пайдалангандыгы үчүн салык салуу объектиси болбошу белгиленсин.
2. Автомобиль жолдорун пайдалангандыгы үчүн банк жана микрофинансы уюму тарабынан ашыкча төлөнгөн сумма, ошондой эле проценттер, туумдар жана салык санкциялары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 81-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган тартипте салыктардын бардык түрлөрү боюнча салык милдеттенмелерин төлөө эсебине чегерилет.".
2-берене
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|