Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы N 514 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-июну №346
Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Расмий тилде тиркелген Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери бекитилсин:
- "АПКР-1. Авиациялык кызматкерге күбөлүктөрдү берүү" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-2. Учуулар эрежеси" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-3. Учууларды метеорологиялык камсыздоо" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-4. Аэронавигациялык карталар" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-5. Абадагы жана жер бетиндеги операцияларда пайдаланылуучу ченөө бирдиктери" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-6. Аба кемелерин эксплуатациялоо" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-7. Аба кемелерин жарандык каттоо" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-8. Аба кемелеринин учууга жарактуулугу" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-9. Формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-10. Авиациялык электр байланышы" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-11. Аба кыймылын тейлөө" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-12. Издөө жана куткаруу" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-13. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди изилдөө" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-14. Аэродромдор" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-15. Учууларды аэронавигациялык камсыздоо" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-16. Айлана-чөйрөнү коргоо" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-17. Авиациялык коопсуздук" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-18. Аба менен кооптуу жүктөрдү ташуу" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-19. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын авиаотун менен камсыздоо боюнча уюмдарды сертификатташтыруу" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси;
- "АПКР-20. Абада ташуулардын эрежеси" Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежеси.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |