Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 274 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-июлу №349
Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир айлык мөөнөттө анын базасында Жарандык коргонуу түзүмдөрү түзүлүүчү уюмдардын тизмесин иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 5-июлундагы №54 жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |