Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-июлу №352
"Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 966-V "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-октябрындагы № 1216-V "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-октябрындагы № 1217-V "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
"Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2003-ж., № 4, 196-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 5-берененин экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган жана Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди сактоо;".
2. 6-беренедеги "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган" деген сөздөр ", ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 7-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууда адам жана жаран
укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы
Улуттук коопсуздукту камсыз кылууда адам жана жаран укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт, буга ушул Мыйзамда жана башка мыйзамдарда каралган, улуттук коопсуздукту коргоо, коомдук тартипти сактоо, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо учурлары кирбейт.
Жеке адамдар жана юридикалык жактар улуттук коопсуздукту камсыз кылган органдардан өздөрүнүн укуктарынын жана эркиндиктеринин чектелгендиги жаатында түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу. Алардын талабы боюнча ушундай түшүндүрмөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө берилет.".
4. 9-берененин он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкарыда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларга катышуу.".
5. 10 жана 11-беренелер төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Улуттук коопсуздук тутумунда мамлекеттик бийлик
органдарынын өз ара аракеттенүүсү
Инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Президенти:
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешин жетектейт;
- мыйзамдар аркылуу аныкталган компетенциясынын чегинде, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалган же түздөн-түз баскынчылык коркунучу туулган учурда жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоо, согуш абалын жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алат жана андан ары бул маселелерди кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;
- конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп киргизип, андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине токтоосуз билдирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши:
- улуттук коопсуздук тармагындагы мыйзамдарды жөнгө салат;
- улуттук коопсуздук тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын контролдоону жүргүзөт;
- конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизет; ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;
- согуш жана тынчтык; согуш абалын киргизүү; согуш абалын жарыялоо; ушул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу маселелерин чечет;
- тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерин аткаруу зарылдыгы болгон учурда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкарыда анын Куралдуу Күчтөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;
- улуттук коопсуздук тармагындагы бюджетти карайт жана кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү, конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле коргонуу мүмкүнчүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча чараларды көрөт жана алардын жүзөгө ашырылышын камсыз кылат;
- улуттук коопсуздук тармагындагы мамилелерди регламенттештирген мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын камсыз кылат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун мамлекеттик органдарын жетектейт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алат.
11-берене. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү жана
каражаттары
Кыргыз Республикасында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана өнүгөт.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Куралдуу Күчтөрдү, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын, бажы жана салык органдарын, ошондой эле өздөрүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган башка мамлекеттик органдарды;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу кызматтарын, жарандык коргонуу бөлүктөрүн жана бөлүмдөрүн, ички аскерлерди;
- өнөр жайда, энергетикада, транспортто жана айыл чарбасында иштердин коопсуз жүргүзүлүшүн камсыз кылган органдарды.
Өзүнүн ишинде атайын күчтөрдү жана каражаттарды колдонушкан улуттук коопсуздук, ички иштер органдары, мамлекеттик бийликтин башка органдары өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана аракеттенишет.".
6. III бөлүм күчүн жоготту деп табылсын.
7. 20-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууга контролдук
Жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте улуттук коопсуздукту камсыз кылуу органдарынын иши жөнүндө маалымат алууга укуктуу.".
8. 21-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор жүргүзөт" деген сөздөр "прокуратура органдары жүргүзөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонуудагы редакция │ Сунуш кылынган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│5-статья. Улуттук коопсуздукту │5-статья. Улуттук коопсуздукту │
│ камсыз кылуунун │ камсыз кылуунун │
│ принциптери │ принциптери │
│ │ │
│Улуттук коопсуздукту камсыз │Улуттук коопсуздукту камсыз │
│кылуунун негизги принциптери болуп│кылуунун негизги принциптери болуп│
│төмөнкүлөр саналат: │төмөнкүлөр саналат: │
│[- Кыргыз Республикасынын │- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│Конституциясын, Кыргыз │КОНСТИТУЦИЯСЫН, КЫРГЫЗ │
│Республикасынын мыйзамдарын жана │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫН ЖАНА │
│башка ченемдик укуктук актыларын, │БАШКА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫН, │
│эл аралык укуктун жалпы таанылган │ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ │
│ченемдерин жана принциптерин │КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН ЖАНА │
│сактоо;] │МЫЙЗАМДА КӨРСӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ │
│- адамдын негизги укуктары менен │КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК │
│эркиндигин урматтоо; │КЕЛИШИМДЕРДИ САКТОО; │
│- инсандын, коомдун жана │- адамдын негизги укуктары менен │
│мамлекеттин турмуштук маанилүү │эркиндигин урматтоо; │
│кызыкчылыктарына карата улуттук │- инсандын, коомдун жана │
│коопсуздукту камсыз кылуу │мамлекеттин турмуштук маанилүү │
│чараларынын тутумунун биримдиги, │кызыкчылыктарына карата улуттук │
│өз ара байланышы жана шайкештиги; │коопсуздукту камсыз кылуу │
│- улуттук коопсуздукту камсыз │чараларынын тутумунун биримдиги, │
│кылуунун саясий жана экономикалык │өз ара байланышы жана шайкештиги; │
│чараларынын артыкчылыктуулугу; │- улуттук коопсуздукту камсыз │
│- инсандын, коомдун жана │кылуунун саясий жана экономикалык │
│мамлекеттин турмуштук маанилүү │чараларынын артыкчылыктуулугу; │
│кызыкчылыктарынын теңдемин │- инсандын, коомдун жана │
│сактоо; │мамлекеттин турмуштук маанилүү │
│- улуттук коопсуздукту камсыз │кызыкчылыктарынын теңдемин │
│кылуу боюнча инсандын, коомдун │сактоо; │
│жана мамлекеттин өз ара │- улуттук коопсуздукту камсыз │
│жоопкерчилиги; │кылуу боюнча инсандын, коомдун │
│- коопсуздуктун эл аралык │жана мамлекеттин өз ара │
│тутумдары менен интеграция; │жоопкерчилиги; │
│- мамлекеттик бийлик органдарынын │- коопсуздуктун эл аралык │
│улуттук коопсуздукту камсыз кылуу │тутумдары менен интеграция; │
│боюнча жасаган иш-аракеттери │- мамлекеттик бийлик органдарынын │
│тууралу маалыматтын ачыктыгы жана │улуттук коопсуздукту камсыз кылуу │
│жеткиликтүүлүгү, буга мындай │боюнча жасаган иш-аракеттери │
│ачыктык жана жеткиликтүүлүк │тууралу маалыматтын ачыктыгы жана │
│мыйзамга ылайык улуттук │жеткиликтүүлүгү, буга мындай │
│коопсуздукту камсыз кылуу │ачыктык жана жеткиликтүүлүк │
│кызыкчылыктарына залакасын │мыйзамга ылайык улуттук │
│тийгизиши мүмкүн болгон учурлар │коопсуздукту камсыз кылуу │
│кирбейт. │кызыкчылыктарына залакасын │
│ │тийгизиши мүмкүн болгон учурлар │
│ │кирбейт. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│6-статья. Улуттук коопсуздукту │6-статья. Улуттук коопсуздукту │
│ камсыз кылуунун укуктук │ камсыз кылуунун укуктук │
│ негизи │ негизи │
│ │ │
│Улуттук коопсуздукту камсыз │Улуттук коопсуздукту камсыз │
│кылуунун укуктук негизин Кыргыз │кылуунун укуктук негизин Кыргыз │
│Республикасынын Конституциясы, │Республикасынын Конституциясы, │
│ушул Мыйзам, мыйзамдар жана Кыргыз│ушул Мыйзам, мыйзамдар жана Кыргыз│
│Республикасынын аларга ылайык │Республикасынын аларга ылайык │
│кабыл алынган улуттук коопсуздук │кабыл алынган улуттук коопсуздук │
│жаатындагы мамилелерди жөнгө │жаатындагы мамилелерди жөнгө │
│салуучу башка ченемдик укуктук │салуучу башка ченемдик укуктук │
│актылар, [Кыргыз Республикасы │актылар, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ │
│катышкан эл аралык келишимдер │КАТЫШКАН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР │
│менен макулдашуулар] түзөт. │МЕНЕН МАКУЛДАШУУЛАР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ │
│ │ЭЛ АРАЛЫК УКУКТУН ЖАЛПЫГА │
│ │ТААНЫЛГАН ПРИНЦИПТЕРИ ЖАНА │
│ │ЧЕНЕМДЕРИ түзөт. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│[7-статья. Улуттук коопсуздукту │ 7-берене. Улуттук коопсуздукту │
│ камсыз кылууда │ камсыз кылууда адам │
│ жарандардын укуктары │ жана жаран укуктарынын │
│ менен эркиндигин сактоо│ жана эркиндиктеринин │
│ │ сакталышы │
│ │ │
│Улуттук коопсуздукту камсыз │УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ │
│кылууда, мыйзамда тикеден-тике │КЫЛУУДА АДАМ ЖАНА ЖАРАН УКУКТАРЫН │
│каралган учурларды кошпогондо, │ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИН ЧЕКТӨӨГӨ ЖОЛ │
│жарандардын укуктары менен │БЕРИЛБЕЙТ, УШУЛ МЫЙЗАМДА ЖАНА │
│эркиндигин чектөөгө жол берилбейт.│БАШКА МЫЙЗАМДАРДА КӨРСӨТҮЛГӨН, │
│Жарандар, коомдук жана башка │УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ КОРГОО, │
│уюмдар менен бирикмелер алардын │КООМДУК ТАРТИПТИ САКТОО, КАЛКТЫН │
│укуктары менен эркиндигин чектөө │ДЕН СООЛУГУН ЖАНА АДЕП-АХЛАГЫН │
│боюнча улуттук коопсуздукту камсыз│КОРГОО, БАШКА АДАМДАРДЫН УКУКТАРЫН│
│кылган органдардан түшүндүрмөлөрдү│ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИН КОРГОО │
│алууга укуктуу. Алардын талабы │УЧУРЛАРДА ЧЕКТЕЛИШИ МҮМКҮН. │
│боюнча мындай түшүндүрмөлөр │ЖЕКЕ АДАМДАР ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК │
│мыйзамдарда белгиленген │ЖАКТАР УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ│
│мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө берилет.│КЫЛГАН ОРГАНДАРДАН ӨЗДӨРҮНҮН │
│Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу │УКУКТАРЫНЫН ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИНИН │
│боюнча иштин жүрүшүндө өздөрүнүн │ЧЕКТЕЛГЕНДИГИ ЖААТЫНДА │
│ыйгарым укуктарынан ашкере │ТҮШҮНДҮРМӨЛӨРДҮ АЛУУГА УКУКТУУ. │
│пайдаланган кызмат адамдары Кыргыз│АЛАРДЫН ТАЛАБЫ БОЮНЧА УШУНДАЙ │
│Республикасынын мыйзамдарына │ТҮШҮНДҮРМӨЛӨР МЫЙЗАМДА АНЫКТАЛГАН │
│ылайык жоопкерчилик тартышат.] │МӨӨНӨТТӨ КАТ ЖҮЗҮНДӨ БЕРИЛЕТ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│9-статья. Улуттук коопсуздук │9-статья. Улуттук коопсуздук │
│ тутумунун негизги иши │ тутумунун негизги иши │
│ │ │
│Улуттук коопсуздук тутумунун │Улуттук коопсуздук тутумунун │
│негизги иши болуп төмөнкүлөр │негизги иши болуп төмөнкүлөр │
│саналат: │саналат: │
│- улуттук коопсуздуктун │- улуттук коопсуздуктун │
│объекттеринин турмуштук маанилүү │объекттеринин турмуштук маанилүү │
│кызыкчылыктарына ички жана тышкы │кызыкчылыктарына ички жана тышкы │
│коркунучтарды табуу жана │коркунучтарды табуу жана │
│болжолдоо, алардын алдын алуу жана│болжолдоо, алардын алдын алуу жана│
│зыянсыздоо боюнча кечиктирилгис │зыянсыздоо боюнча кечиктирилгис │
│жана узак мөөнөттүү чаралардын │жана узак мөөнөттүү чаралардын │
│комплексин жүзөгө ашыруу; │комплексин жүзөгө ашыруу; │
│- Кыргыз Республикасынын аймактык │- Кыргыз Республикасынын аймактык │
│бүтүндүгүн жана коопсуздугун │бүтүндүгүн жана коопсуздугун │
│камсыз кылуу; │камсыз кылуу; │
│- жарандардын укуктары менен │- жарандардын укуктары менен │
│эркиндигин камсыз кылуу; │эркиндигин камсыз кылуу; │
│- улуттук коопсуздукту камсыз │- улуттук коопсуздукту камсыз │
│кылуу күчтөрү менен каражаттарын │кылуу күчтөрү менен каражаттарын │
│түзүү жана аларды даярдыкта күтүү;│түзүү жана аларды даярдыкта күтүү;│
│- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү │- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү │
│мыйзамдарды түзүү жана өркүндөтүү;│мыйзамдарды түзүү жана өркүндөтүү;│
│- улуттар ортосунда өз ара шайкеш │- улуттар ортосунда өз ара шайкеш │
│мамилелерди калыптандыруу, укук │мамилелерди калыптандыруу, укук │
│тартибин, коомдун жана мамлекеттин│тартибин, коомдун жана мамлекеттин│
│социалдык-саясий турукташуусун │социалдык-саясий турукташуусун │
│калыптандыруу; │калыптандыруу; │
│- коңшулаш, ошондой эле башка │- коңшулаш, ошондой эле башка │
│мамлекеттер менен тең укуктуу жана│мамлекеттер менен тең укуктуу жана│
│өз ара пайдалуу кызматташтыкты │өз ара пайдалуу кызматташтыкты │
│камсыз кылуу; │камсыз кылуу; │
│- күн сайынкы демейки шарттарда │- күн сайынкы демейки шарттарда │
│жана өзгөчө жагдайларда улуттук │жана өзгөчө жагдайларда улуттук │
│коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү │коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү │
│менен каражаттарын башкаруу; │менен каражаттарын башкаруу; │
│- өзгөчө кырдаалдардын пайда │- өзгөчө кырдаалдардын пайда │
│болушунун натыйжасында жапа чеккен│болушунун натыйжасында жапа чеккен│
│региондордо улуттук коопсуздук │региондордо улуттук коопсуздук │
│объекттеринин кадимкидей иштөөсүн │объекттеринин кадимкидей иштөөсүн │
│калыбына келтирүү боюнча │калыбына келтирүү боюнча │
│чаралардын тутумун жүзөгө ашыруу; │чаралардын тутумун жүзөгө ашыруу; │
│[- Кыргыз Республикасынын │- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ │
│экономикасын көтөрүү жана анын │БОЛУП САНАЛГАН ЖАНА МЫЙЗАМДА │
│дүйнөлүк экономикага шайкеш │КӨРСӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН│
│интеграцияланышы үчүн жагымдуу │ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРГЕ ЫЛАЙЫК │
│шарттарды түзүү;] │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕГИНЕН │
│- Кыргыз Республикасы катышкан эл │ТЫШКАРЫДА КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ │
│аралык келишимдерге жана │КЫЛУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАРГА КАТЫШУУ │
│макулдашууларга ылайык Кыргыз │- Кыргыз Республикасы катышкан эл │
│Республикасынын чегинен тышкары │аралык келишимдерге жана │
│жерлерде коопсуздукту камсыз кылуу│макулдашууларга ылайык Кыргыз │
│боюнча иш-чараларга катышуу. │Республикасынын чегинен тышкары │
│ │жерлерде коопсуздукту камсыз │
│ │кылуу боюнча иш-чараларга │
│ │катышуу. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│[10-статья. Улуттук коопсуздук │10-БЕРЕНЕ. УЛУТТУК КООПСУЗДУК │
│ тутумундагы │ ТУТУМУНДА МАМЛЕКЕТТИК │
│ мамлекеттик бийлик │ БИЙЛИК ОРГАНДАРЫНЫН ӨЗ │
│ органдарынын өз ара │ АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮ │
│ иш-аракети │ │
│ │ │
│Инсандын, коомдун жана мамлекеттин│ИНСАНДЫН, КООМДУН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИН│
│коопсуздугун камсыз кылуу │КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ │
│мамлекеттик бийлик органдарынын өз│МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫНЫН ӨЗ│
│ара иш-аракетинин негизинде жүзөгө│АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮНҮН НЕГИЗИНДЕ │
│ашырылат. │ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. │
│Кыргыз Республикасынын Президенти:│КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:│
│- Кыргыз Республикасынын улуттук │- МЫЙЗАМГА ЫЛАЙЫК ТҮЗҮЛГӨН КЫРГЫЗ │
│коопсуздугун камсыз кылуу боюнча │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО КЕҢЕШИН │
│мамлекеттик органдарга жалпы │ЖЕТЕКТЕЙТ; │
│жетекчиликти жүзөгө ашырат, │- МЫЙЗАМДАР АРКЫЛУУ АНЫКТАЛГАН │
│алардын макулдашып иштешин жана │ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫНЫН ЧЕГИНДЕ │
│эриш-аркак аракеттенүүсүн камсыз │ӨЛКӨНҮН УЛУТТУК КООПСУЗДУГУН │
│кылат; │КАМСЫЗ КЫЛУУ МАКСАТЫНДА КЫРГЫЗ │
│- Кыргыз Республикасынын │РЕСПУБЛИКАСЫНА БАСКЫНЧЫЛЫК │
│Коопсуздук кеңешин түзөт жана │ЖАСАЛГАН ЖЕ ТҮЗДӨН-ТҮЗ БАСКЫНЧЫЛЫК│
│жетектейт; │КОРКУНУЧУ ТУУЛГАН УЧУРДА ЖАЛПЫ ЖЕ │
│- улуттук коопсуздуктун │ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ МОБИЛИЗАЦИЯЛООНУ, │
│концепциясын кабыл алат; │СОГУШ АБАЛЫН ЖАРЫЯЛАЙТ ЖАНА АНДАН │
│- улуттук коопсуздукту камсыз │АРЫ БУЛ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЖОГОРКУ │
│кылуунун кыска мөөнөттүү жана узак│КЕҢЕШТИН КАРООСУНА КИРГИЗЕТ; │
│мөөнөттүү программаларын бекитет │- КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМДА КАРАЛГАН│
│жана алардын ишке ашырылышына │НЕГИЗДЕР БОЛГОН УЧУРДА ӨЗГӨЧӨ │
│контролдук кылат; │АБАЛДЫ КИРГИЗҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ │
│- мыйзамда белгиленген │ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРТЕТ, АЛ ЭМИ ЗАРЫЛ │
│компетенциянын чегинде улуттук │БОЛГОНДО АНЫ АЙРЫМ ЖЕРЛЕРДЕ │
│коопсуздукту камсыз кылуу боюнча │АЛДЫН-АЛА ЖАРЫЯЛАБАЙ ТУРУП │
│кечиктирилгис чечимдерди кабыл │КИРГИЗЕТ, УШУЛ ТУУРАСЫНДА ЖОГОРКУ │
│алат; │КЕҢЕШКЕ ТОКТООСУЗ БИЛДИРЕТ. │
│- мыйзамга ылайык улуттук │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ │
│коопсуздукту камсыз кылуунун │КЕҢЕШИ: │
│мамлекеттик органдарын түзөт, │- УЛУТТУК КООПСУЗДУК ТАРМАГЫНДАГЫ │
│өзгөртүп түзөт жана жоет; │МЫЙЗАМДАРДЫ ЖӨНГӨ САЛАТ; │
│- мыйзамда каралган негиздер │- УЛУТТУК КООПСУЗДУК ТАРМАГЫНДАГЫ │
│болгондо Кыргыз Республикасынын │МЫЙЗАМДАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫНА │
│айрым жерлерине өзгөчө абал │КӨЗӨМӨЛДҮК ЖҮРГҮЗӨТ; │
│киргизет, бул тууралу Кыргыз │- КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМДА КАРАЛГАН│
│Республикасынын Жогорку Кеңешине │УЧУРЛАРДА ЖАНА ТАРТИПТЕ ӨЗГӨЧӨ │
│дароо кабарлайт; │АБАЛДЫ КИРГИЗЕТ; УШУЛ МАСЕЛЕ │
│- өзүнүн компетенциясынын чегинде │БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАРЛЫКТАРЫН │
│улуттук коопсуздукту камсыз кылуу │БЕКИТЕТ ЖЕ ЖОККО ЧЫГАРАТ; │
│маселелери боюнча указдарды │- СОГУШ ЖАНА ТЫНЧТЫК; СОГУШ АБАЛЫН│
│чыгарат. │КИРГИЗҮҮ; СОГУШ АБАЛЫН ЖАРЫЯЛОО; │
│Кыргыз Республикасынын Жогорку │УШУЛ МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТТНН│
│Кеңеши: │ЖАРЛЫКТАРЫН БЕКИТҮҮ ЖЕ ЖОККО │
│- улуттук коопсуздук чөйрөсүндө │ЧЫГАРУУ МАСЕЛЕЛЕРИН ЧЕЧЕТ; │
│мыйзамдык жактан жөнгө салууну │- ТЫНЧТЫКТЫ ЖАНА КООПСУЗДУКТУ │
│жүзөгө ашырат; │САКТОО БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДИК│
│- улуттук коопсуздук чөйрөсүндө │МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИН АТКАРУУ ЗАРЫЛДЫГЫ│
│мыйзамдардын аткарылышына │БОЛГОН УЧУРДА КЫРГЫЗ │
│контролду жүзөгө ашырат; │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕГИНЕН ТЫШКАРЫДА │
│- мыйзамга ылайык Кыргыз │АНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮН КОЛДОНУУ │
│Республикасынын аймагында өзгөчө │МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЖӨНҮНДӨ МАСЕЛЕНИ │
│абалды киргизет, ошондой эле │ЧЕЧЕТ; │
│Кыргыз Республикасынын │- УЛУТТУК КООПСУЗДУК ТАРМАГЫНДАГЫ │
│Президентинин айрым бир жерде │БЮДЖЕТТИ КАРАЙТ ЖАНА КАБЫЛ АЛАТ. │
│өзгөчө абал киргизүү жөнүндө │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ: │
│указдарын бекитет же жокко │- МАМЛЕКЕТТИК ӨЗ АЛДЫНЧАЛЫКТЫ, │
│чыгарат; │ТЕРРИТОРИЯЛЫК БҮТҮНДҮКТҮ, │
│- улуттук коопсуздук чөйрөсүндө │КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮ КОРГОО │
│бюджетти карайт жана кабыл алат. │БОЮНЧА ЧАРАЛАРДЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: │КОРГОНУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН, УЛУТТУК │
│- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү │КООПСУЗДУКТУ ЖАНА УКУК ТАРТИБИН │
│мамилелерди жөнгө салуучу │ЧЫҢДОО БОЮНЧА ЧАРАЛАРДЫ КӨРӨТ ЖАНА│
│мыйзамдардын жана башка ченемдик │АЛАРДЫН ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛЫШЫН КАМСЫЗ │
│укуктук актылардын аткарылышын │КЫЛАТ; │
│камсыз кылат; │- УЛУТТУК КООПСУЗДУК ТАРМАГЫНДАГЫ │
│- компетенциясынын чегинде улуттук│МАМИЛЕЛЕРДИ РЕГЛАМЕНТТЕШТИРГЕН │
│коопсуздукту камсыз кылуунун │МЫЙЗАМДАРДЫН ЖАНА БАШКА ЧЕНЕМДИК │
│мамлекеттик органдарына │УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫН │
│жетекчиликти жүзөгө ашырат; │КАМСЫЗ КЫЛАТ; │
│- улуттук коопсуздукту камсыз │- ӨЗҮНҮН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫНЫН │
│кылуунун мамлекеттик │ЧЕГИНДЕ УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ │
│программаларын иштеп чыгууну жана │КАМСЫЗ КЫЛУУНУН МАМЛЕКЕТТИК │
│ишке ашырууну уюштурат; │ОРГАНДАРЫН ЖЕТЕКТЕЙТ; │
│- өзүнүн компетенциясынын чегинде │- ӨЗҮНҮН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫНЫН │
│улуттук коопсуздукту камсыз кылуу │ЧЕГИНДЕ УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ │
│боюнча чараларды көрөт; │КАМСЫЗ КЫЛУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА │
│- өзүнүн компетенциясынын чегинде │ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫ КАБЫЛ │
│улуттук коопсуздукту камсыз кылуу │АЛАТ. │
│маселелери боюнча ченемдик укуктук│ │
│актыларды кабыл алат. │ │
│Министрликтер, администрациялык │ │
│ведомстволор жана жергиликтүү │ │
│мамлекеттик бийлик органдары: │ │
│- өзүнүн компетенциясынын чегинде,│ │
│колдонуудагы мыйзамдардын │ │
│негизинде, Кыргыз Республикасынын │ │
│Президентинин чечимдерине жана │ │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │ │
│токтомдоруна ылайык улуттук │ │
│коопсуздуктун объекттеринин │ │
│турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын│ │
│коргоонун мамлекеттик │ │
│программаларын ишке ашырууну │ │
│камсыз кылышат; │ │
│- ушул Мыйзамдын негизинде өзүнүн │ │
│компетенциясынын чегинде улуттук │ │
│коопсуздукту камсыз кылуу боюнча │ │
│ведомстволук ички нускамаларды │ │
│(жоболорду) иштеп чыгышат жана │ │
│аларды Кыргыз Республикасынын │ │
│Коопсуздук кеңешинин кароосуна │ │
│беришет; │ │
│- жарандарды, коомдук бирикмелерди│ │
│жана башка уюмдарды Кыргыз │ │
│Республикасынын мыйзамдарына │ │
│ылайык улуттук коопсуздукту камсыз│ │
│кылууга көмөк көрсөтүүгө тартуу │ │
│боюнча иш-чараларды жүргүзүшөт; │ │
│- улуттук коопсуздукту камсыз │ │
│кылуу тутумун өркүндөтүү боюнча │ │
│сунуштарды киргизишет. │ │
│Сот органдары: │ │
│- Кыргыз Республикасындагы │ │
│конституциялык түзүлүштү коргоону │ │
│камсыз кылышат, Кыргыз │ │
│Республикасынын Конституциясын │ │
│жана мыйзамдарын жетекчиликке алуу│ │
│менен инсандын, коомдун жана │ │
│мамлекеттин коопсуздугуна кол │ │
│салган кылмыштар жөнүндөгү иштер │ │
│боюнча сот адилеттигин жүзөгө │ │
│ашырышат; │ │
│- улуттук коопсуздукту камсыз │ │
│кылуу боюнча иштерге байланыштуу │ │
│укуктары бузулган жарандарды, │ │
│коомдук жана башка уюмдар менен │ │
│бирикмелерди сот тарабынан │ │
│коргоону камсыз кылышат.] │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│[11-статья. Улуттук коопсуздукту │11-БЕРЕНЕ. УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ │
│ камсыз кылуунун │ КАМСЫЗ КЫЛУУ КҮЧТӨРҮ │
│ күчтөрү жана │ ЖАНА КАРАЖАТТАРЫ │
│ каражаттары │ │
│ │ │
│Кыргыз Республикасында улуттук │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА УЛУТТУК │
│коопсуздукту камсыз кылуунун │КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ КҮЧТӨРҮ │
│күчтөрү жана каражаттары Кыргыз │ЖАНА КАРАЖАТТАРЫ КЫРГЫЗ │
│Республикасынын мыйзамдарына │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА │
│ылайык түзүлөт жана өнүктүрүлөт. │ЫЛАЙЫК ТҮЗҮЛӨТ ЖАНА ӨНҮГӨТ. │
│Улуттук коопсуздукту камсыз │УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ │
│кылуунун күчтөрү өзүнө │КҮЧТӨРҮ ӨЗҮНӨ ТӨМӨНКҮЛӨРДҮ │
│төмөнкүлөрдү камтыйт: │КАМТЫЙТ: │
│- Куралдуу Күчтөрдү, чек ара │- ӨЗДӨРҮНҮН ЫЙГАРЫМ МИЛДЕТТЕРИНИН │
│кызматынын, коопсуздук, ички │АЛКАГЫНДА УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ │
│иштер, бажы жана салык │КАМСЫЗ КЫЛУУ ТУТУМУНА ТАРТЫЛГАН │
│кызматтарынын органдарын, │КУРАЛДУУ КҮЧТӨР, УЛУТТУК │
│мамлекеттик күзөттү, Улуттук │КООПСУЗДУК, ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫ, │
│гвардияны; │БАЖЫ ЖАНА САЛЫК ОРГАНДАРЫ, ОШОНДОЙ│
│- өзгөчө кырдаалдардын │ЭЛЕ БАШКА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР; │
│кесепеттерин жоюу кызматын, │- ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫН │
│жарандык коргонуунун, ички аскер │КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ КЫЗМАТТАРЫ, │
│бөлүктөрүн жана бөлүкчөлөрүн; │ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БӨЛҮКТӨРҮ ЖАНА │
│- өнөр жайында, энергетикада, │БӨЛҮНҮШТӨРҮ, ИЧКИ АСКЕРЛЕР; │
│транспортто жана айыл чарбасында │- ӨНӨР ЖАЙЫНДА, ЭНЕРГЕТИКАДА, │
│коопсуз иш жүргүзүүнү камсыз │ТРАНСПОРТТО ЖАНА АЙЫЛ ЧАРБАСЫНДА │
│кылуучу органдарды; │ИШТЕРДИН КООПСУЗ ЖҮРГҮЗҮЛҮШҮН │
│- байланыш жана маалымат │КАМСЫЗ КЫЛГАН ОРГАНДАР. │
│каражаттарынын, бажынын │ӨЗҮНҮН ИШИНДЕ АТАЙЫН КҮЧТӨРДҮ ЖАНА│
│коопсуздугун камсыз кылуучу │КАРАЖАТТАРДЫ КОЛДОНУШКАН УЛУТТУК │
│кызматтардын, жаратылышты коргоо │КООПСУЗДУК, ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫ, │
│органдарынын, калктын саламаттыгын│МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИКТИН БАШКА │
│сактоо органдарынын жана Кыргыз │ОРГАНДАРЫ ӨЗДӨРҮНҮН ЫЙГАРЫМ │
│Республикасынын мыйзамдарынын │МИЛДЕТТЕРИНИН ЧЕГИНДЕ ЖАНА КЫРГЫЗ │
│негизинде иштеген коопсуздукту │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА │
│камсыз кылуунун башка мамлекеттик │ЫЛАЙЫК ГАНА АРАКЕТЕНИШЕТ. │
│органдарын. │ │
│Кыргыз Республикасынын улуттук │ │
│коопсуздук органдарынын, Кыргыз │ │
│Республикасынын Ички иштер │ │
│министрлигинин, аткаруу бийлигинин│ │
│башка органдарынын өзүнүн ишинде │ │
│атайын күчтөрдү жана каражаттарды │ │
│пайдалануучу кызматтары өздөрүнүн │ │
│компетенциясынын чегинде гана жана│ │
│Кыргыз Республикасынын │ │
│мыйзамдарына ылайык иш-аракет │ │
│кылышат. │ │
│Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу │ │
│органдарынын жетекчилери өздөрүнүн│ │
│ишинин белгиленген тартибин │ │
│бузгандыктары үчүн мыйзамга ылайык│ │
│жоопкерчилик тартышат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ [III Бөлүм │III бөлүк күчүн жоготту деп │
│ Кыргыз Республикасынын │табылсын. │
│ Коопсуздук кеңеши │ │
│ │ │
│12-статья. Кыргыз Республикасынын │ │
│ коопсуздук кеңешинин │ │
│ статусу │ │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңеши коопсуздукту камсыз кылуу │ │
│жаатында Кыргыз Республикасынын │ │
│Президентинин чечимдерин даярдоону│ │
│жүзөгө ашыруучу конституциялык │ │
│консультациялык орган болуп │ │
│саналат. │ │
│Кыргыз Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңеши Кыргыз Республикасынын │ │
│коопсуздукту камсыз кылуу │ │
│жаатындагы ички жана тышкы саясат │ │
│маселелерин, коопсуздуктун │ │
│мамлекеттик, экономикалык, │ │
│коомдук, коргонуу, маалыматтык, │ │
│экологиялык жана башка түрлөрүнүн │ │
│стратегиялык проблемаларын, │ │
│калктын саламаттыгын сактоону, │ │
│өзгөчө кырдаалдарды болжолдоону, │ │
│болтурбоону жана алардын │ │
│кесепеттерин жоюуну, турукташууну │ │
│жана укук тартибин камсыз кылуу, │ │
│ошондой эле тышкы жана ички │ │
│коркунучтардан инсандын, коомдун │ │
│жана мамлекеттин турмуштук │ │
│маанилүү кызыкчылыктарынын │ │
│коргоого алынышынын абалынын │ │
│маселелерин карайт. │ │
│ │ │
│13-статья. Кыргыз Республикасынын │ │
│ Коопсуздук кеңешинин │ │
│ курамы жана аны │ │
│ түзүүнүн тартиби │ │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңеши Кыргыз Республикасынын │ │
│Конституциясынын, ушул Мыйзамдын │ │
│жана Кыргыз Республикасынын │ │
│Коопсуздук кеңеши жөнүндө Жобонун │ │
│негизинде түзүлөт. │ │
│Кыргыз Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңеши Кыргыз Республикасынын │ │
│Коопсуздук кеңешинин төрагасынан, │ │
│катчысынан жана мүчөлөрүнөн турат.│ │
│Кыргыз Республикасынын Президенти │ │
│кызматы боюнча Кыргыз │ │
│Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңешинин төрагасы болуп │ │
│эсептелет. │ │
│Кыргыз Республикасынын │ │
│Премьер-министри, Кыргыз │ │
│Республикасынын Жогорку Кеңешинин │ │
│Төрагасы жана Кыргыз │ │
│Республикасынын Президенти │ │
│тарабынан аныкталуучу Кыргыз │ │
│Республикасынын мамлекеттик │ │
│органдарынын башка өкүлдөрү Кыргыз│ │
│Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңешинин курамына мүчө болуп │ │
│киришет. │ │
│Каралып жаткан маселенин мазмунуна│ │
│жараша Кыргыз Республикасынын │ │
│Коопсуздук кеңеши консультанттар │ │
│укугунда башка адамдарды │ │
│заседаниеге катышууга тарта алат. │ │
│ │ │
│14-статья. Кыргыз Республикасынын │ │
│ Коопсуздук кеңешинин │ │
│ негизги милдеттери │ │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңешинин негизги милдеттери │ │
│төмөнкүлөр болуп саналат: │ │
│- инсандын, коомдун жана │ │
│мамлекеттин турмуштук маанилүү │ │
│кызыкчылыктарын аныктоо жана │ │
│коопсуздук объекттерине ички жана │ │
│тышкы коркунучтарды табуу; │ │
│- Кыргыз Республикасынын улуттук │ │
│коопсуздугун камсыз кылуунун │ │
│стратегиясынын негизги багыттарын │ │
│иштеп чыгуу жана аны камсыз │ │
│кылуунун мамлекеттик │ │
│программаларын даярдоону уюштуруу;│ │
│- инсандын, коомдун жана │ │
│мамлекеттин коопсуздугун камсыз │ │
│кылуу жаатындагы ички жана тышкы │ │
│саясат маселелери боюнча │ │
│чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз │ │
│Республикасынын Президентине │ │
│сунуштарды даярдоо; │ │
│- социалдык-саясий, экономикалык, │ │
│аскердик, экологиялык жана башка │ │
│олуттуу кесепеттерге алып келиши │ │
│мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарды │ │
│болтурбоо боюнча жана аларды │ │
│жоюуну уюштуруу боюнча │ │
│кечиктирилгис чечимдерди даярдоо; │ │
│- өзгөчө абалды киргизүү, узартуу │ │
│же алып салуу жөнүндө Кыргыз │ │
│Республикасынын Президентине │ │
│сунуштарды даярдоо; │ │
│- улуттук коопсуздукту камсыз │ │
│кылуу жаатындагы кабыл алынган │ │
│чечимдерди ишке ашыруунун │ │
│жүрүшүндө аткаруу бийлик │ │
│органдарынын ишин координациялоо │ │
│боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана│ │
│алардын натыйжалуулугуна баа │ │
│берүү; │ │
│- инсандын, коомдун жана │ │
│мамлекеттин коопсуздугун камсыз │ │
│кылуучу иштеп жаткан органдарды │ │
│реформалоо же жаңы органдарды │ │
│түзүү боюнча сунуштарды иштеп │ │
│чыгуу жолу менен улуттук │ │
│коопсуздукту камсыз кылуу тутумун │ │
│өркүндөтүү. │ │
│ │ │
│15-статья. Кыргыз Республикасынын │ │
│ Коопсуздук кеңеши │ │
│ чечимдерди кабыл │ │
│ алышынын тартиби │ │
│Кыргыз Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңешинин иши анын төрагасы │ │
│бекиткен план боюнча жүзөгө │ │
│ашырылат. Кыргыз Республикасынын │ │
│Коопсуздук кеңешинин заседаниеси │ │
│зарылчылыкка жараша, бирок үч айда│ │
│кеминде бир жолу өткөрүлөт. │ │
│Кыргыз Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңешинин мүчөлөрү анын иш │ │
│процесстеринде жана чечимдерди │ │
│даярдоодо бирдей укуктарга ээ │ │
│болушат. │ │
│Кыргыз Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңешинин чечимдери анын │ │
│заседаниесинде Кыргыз │ │
│Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы │ │
│санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу │ │
│менен кабыл алынат жана Кыргыз │ │
│Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңешинин төрагасы бекиткенден │ │
│кийин күчүнө кирет. │ │
│Коопсуздук кеңешинин коопсуздукту │ │
│камсыз кылуу маселелери боюнча │ │
│чечимдери Кыргыз Республикасынын │ │
│Президентинин указдары менен │ │
│жол-жоболоштурулат. │ │
│ │ │
│16-статья. Кыргыз Республикасынын │ │
│ Коопсуздук кеңешинин │ │
│ аппараты │ │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңешинин ишин уюштуруу-техникалык│ │
│жана маалыматтык жактан камсыз │ │
│кылууну Кыргыз Республикасынын │ │
│Коопсуздук кеңешинин катчысы │ │
│жетектеген анын аппараты жүзөгө │ │
│ашырат. │ │
│Кыргыз Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңешинин аппаратынын түзүмү жана │ │
│штаттык тизмеси, ошондой эле анын │ │
│бөлүмдөрү жөнүндөгү жобо Кыргыз │ │
│Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңешинин төрагасы тарабынан │ │
│бекитилет. │ │
│ │ │
│17-статья. Кыргыз Республикасынын │ │
│ Коопсуздук кеңешинин │ │
│ комиссиялары │ │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңеши өзүнүн ишинин негизги │ │
│милдеттерине ылайык туруктуу │ │
│комиссияларды түзөт, алар │ │
│иш-милдети же региондук негизде │ │
│түзүлүшү мүмкүн. │ │
│Өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо жана│ │
│алардын кесепеттерин жоюу, коомдо │ │
│жана мамлекетте турукташуунун жана│ │
│укук тартибин камсыз кылуунун │ │
│айрым проблемалары, Кыргыз │ │
│Республикасынын конституциялык │ │
│түзүлүшүн, эгемендүүлүгүн жана │ │
│аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча │ │
│сунуштарды иштеп чыгуу зарыл │ │
│болгон учурда Кыргыз │ │
│Республикасынын Коопсуздук кеңеши │ │
│тарабынан убактылуу комиссиялар │ │
│түзүлүшү мүмкүн. │ │
│Туруктуу жана убактылуу │ │
│комиссияларды түзүү тартиби Кыргыз│ │
│Республикасынын Президенти беките │ │
│турган Кыргыз Республикасынын │ │
│Коопсуздук кеңешинин Жобосу менен │ │
│жөнгө салынат. │ │
│Кыргыз Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңешинин чечими менен туруктуу │ │
│жана убактылуу комиссияларды │ │
│Кыргыз Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле │ │
│Кыргыз Республикасынын тийиштүү │ │
│министрликтери менен │ │
│ведомстволорунун жетекчилери, │ │
│алардын орун басарлары же буга │ │
│Кыргыз Республикасынын │ │
│Президентинен ыйгарым укук алган │ │
│адамдары башкарышы мүмкүн. │ │
│ │ │
│18-статья. Кыргыз Республикасынын │ │
│ Коопсуздук кеңешинин │ │
│ аппаратынын жана │ │
│ комиссияларынын негизги│ │
│ милдеттери │ │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын Коопсуздук │ │
│кеңешинин аппаратына жана │ │
│комиссияларына төмөнкүдөй иштер │ │
│жүктөлөт: │ │
│- улуттук коопсуздук объекттеринин│ │
│турмуштук маанилүү │ │
│кызыкчылыктарына жасалган ички │ │
│жана тышкы коркунучтарга баа берүү│ │
│коркунуч булактарын табуу; │ │
│- Кыргыз Республикасынын Улуттук │ │
│коопсуздугунун абалына таасир │ │
│берүүчү ички жана тышкы шарттардын│ │
│өзгөрүшүнө илимий жактан │ │
│негизделген болжолдоолорду │ │
│даярдоо; │ │
│- Кыргыз Республикасынын Улуттук │ │
│коопсуздугун камсыз кылуу боюнча │ │
│мамлекеттик программаларды иштеп │ │
│чыгуу жана координациялоо жана │ │
│алардын натыйжалуулугуна баа │ │
│берүү; │ │
│- Кыргыз Республикасынын Улуттук │ │
│коопсуздугун камсыз кылуу │ │
│тутумунун иши жөнүндө │ │
│маалыматтарды топтоо, талдоо жана │ │
│аларды иргөө, аны өркүндөтүү │ │
│боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; │ │
│- Кыргыз Республикасынын │ │
│Коопсуздук кеңешине анын │ │
│чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү │ │
│жөнүндө маалымдоо; │ │
│- улуттук коопсуздукту камсыз │ │
│кылуу жаатында илимий изилдөөлөрдү│ │
│уюштуруу; │ │
│- Кыргыз Республикасынын │ │
│Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин │ │
│долбоорлорун, ошондой эле улуттук │ │
│коопсуздук маселелери боюнча │ │
│Кыргыз Республикасынын │ │
│Президентинин указдарынын │ │
│долбоорлорун даярдоо.] │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│[20-статья. Улуттук коопсуздукту │20-БЕРЕНЕ. УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ │
│ камсыз кылуу боюнча │ КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА │
│ ишке контроль │ ИШКЕ КӨЗӨМӨЛДҮК │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын мамлекеттик│ЖЕКЕ АДАМДАР ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК │
│бийлик органдары өзүнүн │ЖАКТАР МЫЙЗАМДАРГА ЫЛАЙЫК ЖАНА │
│компетенциясынын чегинде улуттук │КАРАЛГАН ТАРТИПТЕ УЛУТТУК │
│коопсуздукту камсыз кылуу боюнча │КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ │
│министрликтердин, ведомстволордун,│ОРГАНДАРЫНЫН ИШИ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ │
│ишканалардын, мекемелердин жана │АЛУУГА УКУКТУУ. │
│уюмдардын ишине контролду жүзөгө │ │
│ашырат. │ │
│Кыргыз Республикасынын коомдук │ │
│жана башка бирикмелери менен │ │
│уюмдары, жарандары "Кыргыз │ │
│Республикасынын мамлекеттик │ │
│жашыруун сырларын коргоо жөнүндө" │ │
│Кыргыз Республикасынын Мыйзамында │ │
│каралган тартипке ылайык улуттук │ │
│коопсуздукту камсыз кылуу │ │
│органдарынын иши жөнүндө маалымат │ │
│алууга укуктуу болушат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│21-статья. Улуттук коопсуздукту │21-статья. Улуттук коопсуздукту │
│ камсыз кылуу │ камсыз кылуу │
│ органдарынын ишинин │ органдарынын ишинин │
│ мыйзамдуулугуна көзөмөл│ мыйзамдуулугуна │
│ │ көзөмөл │
│ │ │
│Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу │Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу │
│органдарынын ишинин │органдарынын ишинин │
│мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүүнү│мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүүнү│
│[Кыргыз Республикасынын Башкы │ПРОКУРАТУРА ОРГАНДАРЫ ЖҮРГҮЗӨТ. │
│прокурору жана ал ыйгарым укук │ │
│берген прокурорлор жүзөгө ашырат.]│ │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘