Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-июлу №353
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
2007-2009-жылдар мезгилинде табигый кырсыктардын натыйжасында жабыркаган Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер, Алтын-Булак, Ийри-Суу, Көлдүк жана Чаңгет айыл округдарындагы айылдардын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айыл округунун аймагындагы Өзгөн токой чарбасынын 15,0 га жерин "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте:
- жер-эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- 15,0 га жерди Өзгөн токой чарбасына башка жерлерден берүү жөнүндө маселени карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын "КР Өкмөтүнүн Ченемдик актылары" тиркемесинде 2011-жылдын 30-июлунда № 13-14 (394-395) жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |