Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-июлу №355
Мамлекеттин менчигине кайтарылган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тиркемеге ылайык мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы режиминде таризделген автомашиналарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 1-пунктта көрсөтүлгөн мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Тиркеме
┌───┬────────────────────────┬──────────────────────┬─────────────────┐
│ № │ Модели │ Кузову │ Чыгарылган жылы │
│п/п│ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────────────────┼─────────────────┤
│1 │"АUDI A-4 │WAUZZZ8DZWA024686 │ 1998 │
├───┼────────────────────────┼──────────────────────┼─────────────────┤
│2 │"АUDI A-4 │WAUZZZ8DZVA277761 │ 1998 │
├───┼────────────────────────┼──────────────────────┼─────────────────┤
│3 │"Мерседес Бенц Е 320" │WDB2100652A586045 │ 1997 │
├───┼────────────────────────┼──────────────────────┼─────────────────┤
│4 │"Корнадо" │КПВLC3D81WP032121 │ 1998 │
├───┼────────────────────────┼──────────────────────┼─────────────────┤
│5 │"Мицубиси Паджеро" │V25-4500680 │ 1998 │
└───┴────────────────────────┴──────────────────────┴─────────────────┘