Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-июлу №358
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ү.Жапаров демилге кылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын , Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 358 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ү.Жапаров демилге кылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү белгилейт.
Берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Салык кодексинде жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Өкмөттүн резервдик фондунан төлөөлөргө тиешелүү бирдиктүү нормаларга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
"Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фонду Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин бекитүүдө каралбай калышы мүмкүн болгон экономикалык, социалдык маданий жана башка иш-чаралар боюнча күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн түзүлөт.
Ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан төлөөлөрдөн киреше салыгы алынбайт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Өкмөттүн резервдик фондунан төлөөлөргө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу взностору эсептелбейт.
Бул учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелээрин белгилейбиз.
Ушул баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ү.Жапаров демилге кылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну колдойт.