Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-июлу №359
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Түндүк аймактык башкармалыгын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 645 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик материалдык резервге коюлуучу азык-түлүк буудай данын сактоо жана кайра иштетүү үчүн шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун өндүрүштүк кубаттуулугун көбөйтүү жана башкарууну оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Түндүк аймактык башкармалыгы бекитилген штаттык сандын чегинде түзүлсүн.
2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 645 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын агроенөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №729 токтому менен бекитилген |
┌─────────────────────────────────┐
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө │
│караштуу Мамлекеттик материалдык │
│ резервдер фонду │ ┌────────┐
│ (борбордук аппараты) ├───────>│Коллегия│
└───────────────┬─────────────────┘ └────────┘
┌──────────────────────┐ │ ┌────────────────────────┐
│ Борбордук │<─────────┼─────────>│ Түштүк аймактык │
│ база │ │ │ башкармалыгы │
└──────────────────────┘ │ └────────────────────────┘
┌──────────────────────┐ │ ┌────────────────────────┐
│ Атайын медициналык │<─────────┼─────────>│ Түндүк аймактык │
│ камсыздоо базалары │ │ │ башкармалыгы │
└──────────────────────┘ │ └────────────────────────┘
┌──────────────────────┐ │ ┌────────────────────────┐
│ "Ак-Толкун" │<─────────┴─────────>│ "Дан" мамлекеттик │
│ пансионаты │ │ ишканасы │
└──────────────────────┘ └────────────────────────┘
".