Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-июлу №366
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Кулунду, Сумбула, Катран айыл округдарынан жана Исфана шаар башкармалыгынын тургундарынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун аймагындагы Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 52,1 га кайрак айдоосун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын сунушу кабыл алынсын, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Кулунду айыл округунун 40,1 га жерин;
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаар башкармалыгынын 12,0 га жерин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администр ациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 12-июлундагы 56 жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |