Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2002-жылдын 12-январы N 4
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1998-жыл, N 4, 116-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статьяда:
биринчи абзац алынсын;
үчүнчү абзацтагы "кары-картаң граждандар: 60 жашка чыккан эркектер, 55 жашка чыккан аялдар" деген сөздөр "пенсия курагына жеткен граждандар" деген сөздөр менен алмашылсын.
2. 4-статьяда:
биринчи бөлүк "тарабынан" деген сөздөн кийин "жыл сайын" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин өлчөмүн жыл сайын кайра кароодо ал бара-бара эң төмөнкү керектөө бюджетинин жылдык орточо өлчөмүнө жакындоого тийиш.".
3. 7-статьяда:
биринчи бөлүктүн "в" пункту алынсын;
экинчи бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Эмгекке жарамдуу ата-энеси (майыптарды баккан атадан же энеден бөлөк) иштебеген жана калкты ишке орноштуруу кызмат органдарында белгиленген тартипте катталбаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособиеге укугу жок. Толук мамлекеттик камсыздоодо турган эмгекке жарамсыз граждандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие дайындалбайт.".
4. 8-статьяда:
- экинчи бөлүктүн "а" пунктунда:
үчүнчү абзацтагы "эгиз төрөгөн энелерге" деген сөздөр "эгиздерге"
деген сөз менен, "ар бир баласына" деген сөздөр "ар бирине" деген сөздөр менен алмашылсын;
төртүнчү абзацтагы "үч жана андан көп бала төрөгөн энелерге" деген сөздөр "үч жана андан көп эмге" деген сөздөр менен, "ар бир баласы" деген сөздөр "ар бири" деген сөздөр менен алмашылсын;
бешинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
" - 1,5 жашка чейинки балдарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 100 процентинин өлчөмүндө пособие;
- үчүнчү бөлүк "пособие" деген сөздөн кийин "(бала төрөлгөндөгү бир жолу берилүүчү пособиеден бөлөк)" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 10-статьянын үчүнчү бөлүгү "түрүн" деген сөздөн кийин "(багуучусунан ажыраган учурда майыптарга социалдык пособиеден бөлөк)" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 14-статьяда:
- биринчи бөлүктө:
биринчи абзац "пособие" деген сөздөн кийин "алар пенсия курагына жеткенде керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 70 проценти өлчөмүндө дайындалат" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи жана үчүнчү абзацтар алынсын;
- экинчи бөлүктө:
биринчи абзац "жерлерде" деген сөздөн кийин "жана алыскы райондордо" деген сөздөр менен толукталып, "пособие" деген сөздөн кийин "алар пенсия курагына жеткенде керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 70 проценти өлчөмүндө дайындалат" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи жана үчүнчү абзацтар алынсын.
7. 15-статьяда:
биринчи абзац "пособие" деген сөздөн кийин "алар пенсия курагына жеткенде керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 70 проценти өлчөмүндө дайындалат" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи жана үчүнчү абзацтар алынсын.
8. 17-статьяда:
экинчи - бешинчи бөлүктөр алынсын;
жетинчи бөлүк "жеринен," деген сөздөн кийин "калкты" деген сөз менен толукталсын;
алтынчы жана жетинчи бөлүктөр тиешелүүлүгүнө жараша экинчи жана үчүнчү бөлүктөр деп эсептелсин;
статья төмөнкү мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын;
"Мамлекеттик пособиени төлөөнү токтотууга же анын өлчөмүн кайра кароого алып келүүчү жагдайлар болгондо, арыз берүүчү социалдык коргоонун райондук (шаардык) башкармасына 5 күндүн ичинде маалымдоого тийиш.".
9. Мыйзам төмөнкү мазмундагы 17-1-статья менен толукталсын:
"17-1-статья. Бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие дайындоонун мөөнөттөрү
Бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие арыз берүүчү бардык зарыл документтерди берген айдын биринчи күнүнөн тартып дайындалат.
Бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие дайындоо жөнүндө документтер толук көлөмдө келип түшкөн учурдан тартып бир айдын ичинде каралат.
Бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие бир жылга дайындалат жана, ушул Мыйзамдын 20-статьясында каралган учурлардан бөлөктө, өзгөртүлүүгө тийиш эмес.".
10. 18-статьяда:
- статьянын аталышындагы "Мамлекеттик" деген сөз "Ай сайын берилүүчү социалдык" деген сөз менен алмаштырылсын;
- биринчи бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Ай сайын берилүүчү социалдык пособие дайындоо жөнүндө документтер толук көлөмдө келип түшкөн учурдан тартып он күндүн ичинде каралат.";
- үчүнчү бөлүк алынсын;
- төртүнчү бөлүктө:
"а" пунктундагы "кайрылган күндөн тартып" деген сөздөр "кайрылган айдан тартып" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"б" пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"б) бала кезинен майыптарга, эмгек пенсиясын алууга укугу жок майыптарга - ВЭЭК тарабынан белгиленген майыптык мезгилге дайындалат.
Эгерде ай сайын берилүүчү социалдык пособие алуу үчүн кайрылуу майыптык белгилеген күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берилсе, ал майыптык ВЭЭК тарабынан белгиленген күндөн тартып, көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кайрылган айдан тартып дайындалат;".
11. 21-статьянын бешинчи бөлүгү "пособие" деген сөздөн кийин ",
эгерде аны алуу үчүн кайрылуу алуучу өлгөн учурдан тартып 12 айдан кечиктирилбей берилсе," деген сөздөр менен толукталсын.
12. 22-статьяда:
- биринчи бөлүктө:
"г" пункту алынсын;
"з" пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"з) талап кылынган документтер өз убагында берилбеген учурда;";
бөлүк төмөнкү мазмундагы "и" пункту менен толукталсын:
"и) үй-бүлөнүн курамы өзгөргөндө токтотулат же алардын өлчөмү кайра каралат.";
- статья биринчи бөлүктөн кийин төмөнкү мазмундагы жаңы бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик пособиени төлөөнүн мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча документтер талап кылынган учурларда алар бир айдын ичинде берилүүгө тийиш.";
- үчүнчү бөлүк төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Мында мамлекеттик пособиени жаңыдан дайындоо жөнүндө арыз он эки айдын ичинде кабыл алынбайт.";
- экинчи жана үчүнчү бөлүктөр тиешелүүлүгүнө жараша үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр деп эсептелсин.
13. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөдөгү "социалдык коргоо бөлүмү" жана "социалдык коргоо бөлүмдөрү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "социалдык коргоо башкармасы" жана "социалдык коргоо башкармалары" деген сөздөр менен алмашылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А. Акаев
2001-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган