Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 8-июлу №378
"Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене. Бул Мыйзамды колдонуу тармагы
1. Бул Мыйзам "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, керектөөчүлөрдүн укугун тамак-аш азыктарын маркалоо процессинде пайда болгон иш-аракеттерден коргоо жана керектөөчүлөрдү адаштырууга алып барган иш-аракеттердин алдын алуу максатында колдонулат.
2. Бул Мыйзам тамак-аш азыктарын маркалоого жана аны жазуу эрежесине коюлган милдеттүү талаптарды белгилейт жана Кыргыз Республикасынын аймагында керектөөчүлөргө андан ары иштетүүсүз сатылуучу таңгакталган же коомдук тамак-аш ишканалары сатуучу тамак-аш азыктарына таркатылат.
3. Бул Мыйзамдын талаптары тамак-аш азыктарын даярдоо жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарын чекене соодалоо чөйрөсүндө кызмат көрсөткөн бардык юридикалык жана жеке ишкерлер үчүн, ошондой эле бул Мыйзамдын талаптарын сактоого мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
4. Бул Мыйзамдын талаптары коомдук тамак-аш жайларында жасалган тамак-аш азыктарына таралбайт.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамды колдонуу максаты үчүн төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
антикычкылдандыргыч - майлуу тамак-аш азыктарынын кычкылданып кетүү процессин басаңдатуу үчүн арналган тамак-аш кошумчасы;
жыпар-жыт берүүчүлөр - жыпар-жыт берүүчү заттардын кошулмасынан турган тамак-аш азыгынын жытын жана даамын жакшыртуу үчүн кошулуучу тамак-аш кошулмасы;
тамак-аш азыгынын коопсуздугу - тамак-аш азыгынын абалынын, адамга зыяндуу таасири менен байланыштуу, жол берилбеген коркунучунун жоктугун күбөлөндүрүү;
биологиялык активдүү тамак-аш кошумчалары - витаминдерди, минералдарды жана башка табигый заттарды камтыган, ден-соолукту сактоого көмөк берүүчү азыктар;
генетикалык модификацияланган азыктар - генндик-инженердик-модификацияланган (трансгендик) өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан өндүрүлгөн, накталай же иштетилген түрдөгү тамак-аш азыктары;
даярдоо датасы - Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган тамак-аш азыгын өндүрүүнүн технологиялык процесси бүткөн күн;
таңгактоо датасы (суюк продуктулар үчүн куюлган дата) - тамак-аш азыгы керектөө идишине салынган (куюлган) күн;
тамак-аш азыгын өзгөчө белгилери тууралуу билдирүү - келтирилген тамак-аш азыгы маркалоону камтыган, ошол эле тамак-аш азыктары тобунун башка тамак-аш азыктарынан айырмаланган белгилүү бир сапатка ээ экендигин билдирген, анын ичинде азыктык баалуулугу, кайра иштетүү жолдору, курамы, чыккан жери жана ден соолук үчүн пайдасы тууралуу күбөлөндүрүүчү маалыматтык билдирүү;
идентификациялоо - тамак-аш азыгынын мүнөздөмөлөрүнүн анын белгилери менен бирдейлигин белгилөө;
I№S - (I№ter№atio№al №umberi№g System) - эл аралык Кодекс Алиментариус (Codex Alime№tarius) Комиссиясынын тамак-аш азыктары үчүн стандарттарга киргизилген тамак-аш кошумчаларынын эл аралык сандык кодификациялык системасы, ага ылайык ар бир кошумчага Е (Европада) тамгасынан кийин сандык номер берилген;
ингредиент (компонент) - жаныбар, өсүмдүк, микробиологиялык же минералдык тектеги зат, ошондой эле тамак-аш азыктарын өндүрүүдө колдонулуучу табигый же синтезделген тамак-аш кошумчалары;
кольеретка - продукция тууралуу кошумча маалыматты камтыган, бөтөлкөнүн жогору тарабына чапталган ярлык (кармоо мөөнөтү, товардык белги ж.б.);
тамак-аш азыктарын маркалоо - керектөөчүлөр үчүн арналган, жазуулар, сүрөттөр, белгилер, символдор, башка белгилер жана (же) алардын комбинациялар түрүндөгү керектөө таңгагына, транспорт идишине түшүрүлгөн тамак-аш азыктары жөнүндө маалымат же таңгакка, идишке бекитилген же болбосо таңгакка, идишке жайгаштырылган, же болбосо таңгакка, идишке тиркелген башка түрдөгү маалымат булагы;
тамак-аш азыктарынын партиялары - окшош шарттарда өндүрүлгөн (даярдалган) жана (же) таңгакталган, анын коопсуздугун тастыктоочу бир документ менен коштолгон бир түрдөгү тамак-аш азыктарынын жыйындысы.
азыктык баалуулугу - адамдын күч-кубатка жана негизги тамак-аш азыктарына физиологиялык керектөөсүн камсыздоочу тамак-аш азыктарынын касиеттеринин комплекси;
тамак-аш азыгы - адамдын тамак-ашы үчүн арналган табигый же кайра иштетилген түрдөгү азык (анын ичинде балдар тамак-ашы, диетикалык тамак-аш азыктары);
тамак-аш азыгын жүгүртүү - азыктын даярдоочудан керектөөчүгө чейинки бардык процесстерди камтыган, ал өндүрүлгөндөн кийин өтүүчү жолу (сактоо, ташуу жана сатуу);
сатуучу - керектөөчүлөргө тамак-аш азыктарын сатуучу, менчиктин ар кандай түрүндөгү жеке жана юридикалык жак;
керектөөчү - өзүнүн жеке керектөөсүн канааттандыруу максатында тамак-аш азыктарын сатып алуучу жана алуучу жеке же юридикалык жак;
балдардын тамак-аш азыгы - 14 жашка чейинки балдарды тамактандыруу үчүн арналган жана балдардын организминин физиологиялык керектөөлөрүнө жооп берүүчү тамак-аш азыгы;
диетикалык тамак-аш азыгы - дарылоо жана профилактикалык тамактанууга арналган тамак-аш азыгы;
тамак-аш кошумчалары - тамак-аш азыктарына белгилүү бир касиеттерди берүү жана/же сапатын сактоо максатында аларды даярдоо процессинде азыктарга атайын кошулуучу табигый же жасалма заттар жана алардын бирикмелери;
сактоо мөөнөтү - сактоонун белгиленген шарттарын кармалганда тамак-аш азыктарынын нормативдик же техникалык документтеринде көрсөтүлгөн касиети сакталган мезгил;
жарактуулук мөөнөтү - саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашылган, белгилүү бир сактоо шарттары сакталганда, ал өткөндөн кийин тамак-аш азыгы пайдалануу үчүн жараксыз деп эсептелген мезгил;
идиш - тамак-аш азыгын толук же жарым-жартылай жабуучу жана орогучту камтыган, өзүнчө буюм катары жеткирүү үчүн тамак-аш азыктарын таңгактоо. Идишке таңгактардын бир нечесин же түрлөрүн камтышы мүмкүн;
товардык белги - товарды жана даярдоочуну (сатуучуну) жекелештирүү үчүн өнөр-жай же соода ишканасынын азыгынын таңгакчасында жайгаштырылган (жазылган) белги.
этикетка - азыктын же аны даярдоочунун жазуу жүзүндөгү ар кандай мүнөздөмөсү, ал керектөө таңгакчасына жана (же) штамп, жазуу, рельеф, товар бирдигине тиркелген же бекитилген маалымат булагы.
3-берене. Тамак-аш азыктарын маркалоонун жалпы принциптери
1. Керектөөчү үчүн маалымат тамак-аш азыктарынын курамы, касиеттери, азыктык баалуулугу, жаратылышы, теги, даярдоо жана керектөө ыкмасы, ошондой эле анын коопсуздугун түз же кыйыр түрдө мүнөздөөчү башка маалыматтар боюнча адашууга алып келүүнү алдын алуу максатында бир беткей, түшүнүктүү, толук жана туура болууга тийиш.
2. Даярдоочу (сатуучу) керектөөчүгө алардын туура тандоо мүмкүндүгүн камсыздоочу тамак-аш азыктары жөнүндө зарыл жана так маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү.
3. Керектөөчү үчүн маалымат керектөө идишиндеги текст, шарттуу белгилер жана сүрөттөр, тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрү үчүн кабыл алынган ыкмадагы этикетка, контр-этикетка, кольеретка, ярлык, каттама-баракча түрүндө түздөн-түз тамак-аш азыгы менен бирге берилет.
4. Керектөөчү үчүн маалыматтын тексти мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылат. Текст жана жазуулар чет тилдерде да кайталанып жазылышы мүмкүн. Алар азык жөнүндө маалымат берилген тилдин нормаларына дал келиши керек. Импорттук тамак-аш азыктарына керектөөчү үчүн маалымат мамлекеттик тилге которулууга тийиш.
4-берене. Маркалоодо көрсөтүлүүчү тамак-аш азыктарынын аталышы
1. Маркалоодо көрсөтүлгөн тамак-аш азыгынын аталышы тамак-аш азыгын мүнөздөөчү жана керектөөчүгө башка тамак-аш азыгынан айырмалоого мүмкүндүк берүүчү так маалыматты камтууга тийиш.
2. Тамак-аш азыгынын аталышын көрсөткөндө тамак-аш азыктарынын түрлөрүнүн техникалык регламенттеринин тийиштүү талабы сакталышы керек.
3. Тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүнүн техникалык регламенттери жок болсо, тамак-аш азыктарынын аталышы тийиштүү стандартизациялоо боюнча нормативдик документтерге ылайык көрсөтүлүшү керек.
4. Тамак-аш азыгынын айырмалоочу жагдайлары жана атайын иштетилгендиги жөнүндө маалыматт: "концентирленген", "калыбына келтирилген", "кургак", "майдаланган", "ышталган", "буулап тазаланган", "УВТ-иштетилген", "муздатылган", "тоңдурулган", "генетикалык модификацияланган", "иондоштуруп нурланган" жана башкалар тамак-аш азыгынын аталышына кошулат.
5. Тамак-аш азыктарын маркалоодо төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- тамак-аш азыктарынын аталышында анын курамына кирбеген компоненттерди же аларды кайра иштетүүдөгү азыктарды көрсөтүүгө;
- ар кандай тамак-аш азыктарына бир аталыш берүүгө.
6. Жыпар-жыт берүүчүлөр кошулган, ал азыкта болбогон компоненттерди окшоштурган, тамак-аш азыгынын аталашы "даамдуу", "жыпар-жыттуу", "жыпар-жыт берүүчүлөр" деген сөздөр менен толукталышы керек.
7. Жогоруда баяндалган талаптарга ылайык түзүлгөн азыктын аталышы фирмалык аталыш менен, анын ичинде даярдалган жери, азыкты даярдоочунун аталышы жана башкалар фирмалык марка (белги) түшүрүлүп, ошонун ичинде латын тамгасында жазылуу менен толукталышы мүмкүн.
8. Тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүнүн техникалык регламенттери тамак-аш азыгынын аталышына кошумча талаптарды белгилеши мүмкүн.
5-берене. Тамак-аш азыгын маркалоодо көрсөтүлүүчү даярдоочунун аталышы жана турган жери
1. Тамак-аш азыктарынын аты жана аны даярдоочунун орду Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен тышкары жерде чыгарылгандыгына карабастан тамак-аш азыктарынын маркалоосунда көрсөтүлөт. Тамак-аш азыктарын даярдоочунун орду юридикалык катталган жери менен аныкталат. Эгерде тамак-аш азыктары даярдоочу уюмдун филиалы тарабынан чыгарылса, бул тамак-аш азыгын даярдоочусу болуп филиал эсептелет, ушул учурда анын орду көрсөтүлөт.
2. Импорттук тамак-аш азыктарын даярдоочунун юридикалык дареги ал жайгашкан өлкөнүн тилинде латын тамгасы менен, ал эми өлкөнүн аталышы мамлекеттик тилде көрсөтүлөт.
6-берене. Тамак-аш азыгын маркалоодо көрсөтүлүүчү массанын неттосу же көлөмү
1. Бөлүштүрүлгөн суюк тамак-аш азыктары үчүн көлөм, башка азыктар үчүн - нетто көрсөтүлөт.
2. Азыктын нетто массасы грамм же килограмм менен, көлөмү - литр же миллилитр, куб сантиметр же дециметрлер менен көрсөтүлөт.
3. Негизги компоненти суюктуктан турган азыктар үчүн (шире, тузлук, маринад, рассол, жашылча-жемиш ширеси, бульон ж.б.) жалпы номиналдык нетто салмагы менен катар негизги компоненттин номиналдык нетто салмагы көрсөтүлүүгө тийиш.
4. Сактоодо нетто салмагы же көлөмү азайып кетүүчү (кургап), ошондой эле бирден же "таразалап" сатылуучу таңгакталган (оролгон) тамак-аш азыктары үчүн нетто салмагын же көлөмүн көрсөтпөөгө жол берилет.
7-берене. Тамак-аш азыгын маркалоодо көрсөтүлүүчү тамак-аш азыгынын курамы
1. Тамак-аш азыгынын курамына кирген кошулмалар азык даярдалган учурдагы салмактык үлүшү азаюсу тартибинде көрсөтүлөт, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача көрсөтүлбөсө. Кошулмалардын курамы тизме боюнча декларацияланат.
2. Тамак-аш азыгынын курамына кирген ингредиенттерди көрсөтүү үчүн ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 5-бөлүгүнө каршы келбеген жоболорго ылайык конкреттүү аталышын берүү керек.
Эгерде жалпы аталыш маалыматы болбосо 2-тиркемеде саналган класстардын аталышын колдонсо болот.
Даяр тамак-аш азыгында курамдык ингредиенттин массалык үлүшү 2%дан аз болсо көрсөтүлгөн тизмеде анын ингредиенттерин түзүүчүлөрдү санап өтпөөгө жол берилет.
3. Жогорулатылган сезгичтикти пайда кылуучу тамак-аш азыктары жана ингредиенттер милдеттүү декларацияланууга тийиш:
1) курамында клейковина бар дан азыктары, башкача айтканда буудай, кара буудай, арпа, сулу, толук бышкан дан же алардын гибриддик түрлөрүн жана алардан жасалган азыктар;
2) рак сымалдар жана алардан жасалган азыктар;
3) балык жана балык азыктары;
4) арахис жана алардан жасалган азыктар;
5) сүт жана сүт азыктарын (лактозаны кошо алганда);
6) жаңгак жыгачы жана жаңгактан алынган азыктар;
7) 10 мг/кг жана андан жогору концентрациялардагы сульфит;
8) аспартам жана аспартам-ацесульфама тузу (курамында фенилалаланин бар);
9) соя жана анын иштетилген азыктары;
10) жумуртка жана анын иштетилген азыктары.
Азыктын рецептурасына кирген суу ал калыбына келтирилген азыктардын курамдык бөлүгү болуп саналган учурларды кошпогондо ингредиенттердин тизмесинде көрсөтүлүүгө тийиш, ошондой эле рассол, маринад, шире, бульон, тузлук жана башка ингредиенттердин тизмесинде өз аталыштары менен эскертилген ингредиенттер.
4. Тамак-аш азыктарынын жана ушул берененин 3-бөлүкчөсүндө көрсөтүлгөн заттардын аллергендик касиеттери жана мындай тамак-аш азыктарын колдонууда байланышкан тескери таасирлер жөнүндөгү маалыматтарды маркалоодо көрсөтүү талап кылынбайт, мындан тышкары тамак-аш азыгынын курамы көрсөтүлгөндөн кийин кошумча "фенилалаланини булагы бар" деген жазуу жайгаштырылууга тийиш болгон, аспартам жана аспартам-ацесульфама тузу буга кирбейт.
5. Ингредиенттер катары Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары бир же стандартташтырылган терминдерди пайдаланууда кабыл алынган аталыштар колдонулат.
6. Тамак-аш азыгын даярдоодо жана колдонулган сырьедо тамак-аш кошумчаларын, биологиялык активдүү кошумчаларды, ароматтарды, иондоштуруп нурландырылган белок компоненттерин камтуу менен көндүм болбогон курамдагы тамак-аш азыктарын колдонуу жөнүндө сөзсүз маалымат берүү.
7. Генетикалык модификацияланган булактардан алынуучу генетикалык модификацияланган тамак-аш азыктары же генетикалык модификацияланган булактардын компоненттерин камтуучу тамак-аш азыктары жөнүндө сөзсүз маалымат берүү.
8. Генетикалык модификацияланган булактардан алынган же генетикалык модификацияланган булактарды камтуучу тамак-аш азыктары жөнүндө керектөөчү үчүн маалымат төмөнкүдөй жазуулар түрүндө этикеткага түшүрүлөт: "генетикалык модификацияланган...(азыктын аталышы)...", же "...(азыктын аталышы) ... генетикалык модификацияланган булактардын негизинде алынган", же "...(азыктын аталышы) генетикалык модификацияланган булактардан алынган компоненттерди камтыйт".
9. Тамак-аш азыктарынын курамында тамак-аш азыктарынын кошумчалары бар болгондо (кычкылдаткычтын регулятору, антикычкылдандыргычтардын, стабилизаторлор, эмульгаторлор, эмульгациялык туздар ж.б. технологиялык аталыштар) алардын технологиялык колдонушу көрсөтүлүүсү керек.
10. Тамак-аш кошумчаларын пайдалануу менен тамак-аш азыктарын өндүрүүдө бул азыктарды маркалоодо Эл аралык санарип системасынын индексин (I№S) же тамак-аш кошумчаларынын аталышы топтук аталыштардан кийин алардын функционалдык шайкештигинен жараша төмөнкүчө көрсөтүлөт:
Е 100 - Е182 - боегучтар;
Е 200 - Е299 - консерванттар;
Е 300 - Е 399 - антикычкылдандыргычтар (антиоксиданттар);
Е 400 - Е 499 - стабилизаторлор;
Е 500 - Е 599 - кычкылдаткыч регуляторлору, көбүртүүлөр;
Е 600 - Е 699 - даамын жана жытын күчөткүчтөр;
Е 700 - Е 800 - мүмкүн болгон башка маалымат үчүн запастык индекстер;
Е 900 жана андан ары - антифламинги, таттуулагычтар, көбүккө каршы заттар;
Е 1000 жана андан ары - глазурлоочу агенттер, канты жана тузду томолоктошуп калуудан сактоочу кошумчалар, ошондой эле унду, крахмалды иштетүүчү кошумчалар ж.б.
11. Жыпар-жыт берүүчүлөр үчүн төмөнкүлөр көрсөтүлөт: "накта", "накталай менен бирдей" же "жасалма".
12. Адамдын организмин кубаттандыруучу, гормон сымал жана ткандарды өстүрүүчү биологиялык активдүү кошулмалар, бул кошулмаларды камтуучу тамак-аш азыктары, ошондой эле алардын компоненттери жок белокторду камтыган тамак-аш азыктары жана алардын кошулмалары жөнүндө маалымат оорунун айрым түрлөрүндө колдонгондо терс көрсөткүчтөрү жөнүндө билдирүүнү камтууга тийиш.
13. Оорунун айрым түрлөрүндө колдонгондо терс көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат ар бир таңгакчага тиркелген каттама-баракчада, этикеткада, контрэтикеткада, ярлыкта, этикеткага чапталуучу маркалоодо жазылып, керектөөчүгө билдирилет.
14. Атайын азыктандыруучу касиеттер, азыктын дарылоо, диетикалык же профилактикалык багыты, анда биологиялык активдүү заттардын болушу, зыяндуу заттардын жоктугу же башкалар жөнүндө ошол сыяктуу мүнөздөмөлөр тууралуу маалымат ал тастыкталганда гана этикеткага түшүрүлөт.
8-берене. Тамак-аш азыгын маркалоодо көрсөтүлүүчү азыктык баалуулук
1. Тамак-аштын азыктык баалуулугу тууралуу маалымат төмөнкү көрсөткүчтөрдү камтыйт:
1) энергетикалык баалуулугу (калориясы);
2) белоктордун, майлардын жана углеводдордун саны;
3) минералдык заттардын жана витаминдердин саны.
2. Чайдын, кофенин, уксустун, минералдык суунун, татымалдардын, аштык туздун, сагыздын, тамак-аш кошумчаларынын, жыпар жыт берүүчүлөрдүн, чийки тамак-аш азыктарынын түрүнө (малдын жана куштун эттери, балыктарды, жашылчалар, мөмө жана жер жемиштер, козукарындардын ж.б.) азыктык баалуулугу тууралуу маалыматты белгилөөнүн кажети жок, эгерде тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүнө техникалык регламенттерде башкача көрсөтүлбөсө.
3. Тамак-аш азыктарынын азыктык баалуулугу 100 грамм, же 100 миллилитр өлчөмүндө жана (же) аныкталган өлчөмдөгү тамак-аш азыктарын маркалоосунда көрсөтүлгөн белгилүү сандагы бөлүк катары тамак-аш азыгы (мындан ары - бир бөлүк) тийиштүү түрдө ошол бөлүктүн көлөмүндө көрсөтүлүүгө тийиш.
4. Азыктык заттарды камтуунун маалыматтык (эсептик) көрсөткүчтөрү азыгынын 100 грамм, же 100 миллилитр, же 100 куб сантиметр жей турган бөлүгүндөгү кычкылтектердин, белоктордун, май, макро- жана микроэлементтердин, ал эми калориялуулук/кубаттуулук баалуулугу - азыгынын 100 грамм, же 100 миллилитр, же 100 куб сантиметр менен эсептегенде килокалорияларда жана/же килоджоульда масса катары көрсөтүлөт.
5. Белокторду, май, макро- жана микроэлементтерди, калориялуу/кубаттуулук баалуулукту камтышы жөнүндө маалымат, эгерде алар 100 грамм, миллилитр, куб сантиметр тамак-аш азыктарында сунушталган суткалык керектөөнүн кеминде 2%ды, ал эми минералдык заттар менен витаминдер кеминде 5%ын түзсө келтирилет.
9-берене. Маркалоодо көрсөтүлүүчү тамак-аш азыктарынын айырмалануучу белгилери тууралуу билдирүү
1. Тамак-аш азыгынын айырмалануучу белгилери тууралуу адамдын (даярдоочунун) билдирүүсү ал өз алдынча же үчүнчү тарапты тартуу менен алган далилдер менен тастыкталышы керек. Айырмалануучу белгилеринин болушу тууралуу далилдик материалдар тамак-аш азыктарын жүгүртүүгө чыгарган даярдоочуда сакталат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда таанышуу үчүн көрсөтүлөт.
2. Тамак-аш азыгын маркалоодо анын азыктык баалуулугун аныктоочу тамак-аш заттары боюнча тамак-аш азыгынын айырмалуу белгилери жөнүндө арыз болсо, тамак-аш азыгынын маркалоосунда мындай заттардын саны тууралуу маалымат болууга тийиш.
10-берене. Тамак-аш азыктарын маркалоодо көрсөтүлүүчү, аны даярдоо боюнча сунуштар
1. Тамак-аш азыктарын даярдоо боюнча сунуштар, эгерде аларды туура колдонуу мындай маалыматтарсыз кыйынчылык туудурса, ал эми аларды туура эмес даярдоо жана/же пайдалануу керектөөчүнүн ден-соолугуна зыян келтириши же азыктын бузулушуна же азыкты сарамжалсыз пайдаланууга алып келиши мүмкүн болгон учурда гана көрсөтүлөт.
2. Ошондой эле этикеткада тамак-аш азыгын туура колдонууну камсыз кылуучу ыкмасы да көрсөтүлөт.
11-берене. Маркалоодо көрсөтүлүүчү, тамак-аш азыктары даярдалган дата
1. Тамак-аш азыгынын маркалоосунда көрсөтүлгөн аны даярдоо датасы төмөнкүдөй сөздөр менен көрсөтүлөт:
1) "даярдалган датасы" жарактуулук мөөнөтү 72 саатка чейинки мөөнөттө сааты, күнү, айы көрсөтүлөт;
2) "даярдалган датасы" жарактуулук мөөнөтү 72 сааттан 3 айга чейин мөөнөттө күнү, айы көрсөтүлөт;
3) "даярдалган датасы" жарактуулук мөөнөтү 3 ай же андан ашканда күнү, айы жана жылы көрсөтүлөт;
2. Эгерде таңгактоочу бир эле учурда даярдоочу (өндүрүүчү) болуп саналган шартта даярдоонун (өндүрүүнүн) жана таңгактоонун датасы төмөнкүчө көрсөтүлөт: "даярдалган(о), өндүрүлгөн(о) жана таңгакталган(о) (датасы)".
3. Шарап, алкоголдук жана алкоголдук эмес ичимдиктер, пивонун, минералдык суулардын куюлган датасы, ошол эле убакта даярдоо жана таңгактоо датасы болуп саналат.
4. Жумурткаларды сорттоо датасы ошол эле учурда таңгактоо датасы болуп саналат. Таңгактоо датасы күндү, айды жана жылды билдирген, эки даражалуу сан түрүндө жазылат.
12-берене. Маркалоодо көрсөтүлүүчү тамак-аш азыктарын сактоо шарттары
1. Атайын сактоо шарттарын талап кылган азыкты маркалоодо температура, нымдуулук, жарык берүү жана башка режимдерди көрсөтүү зарыл.
2. Консерваланган азыктар үчүн таңгагын ачкандан кийин сактоо шарттары кошумча көрсөтүлөт.
13-берене. Маркалоодо көрсөтүлүүчү тамак-аш азыгынын жарактуулук мөөнөтү
1. Тамак-аш азыгын маркалоодо анын жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү төмөнкүдөй сөздөрдү пайдалануу менен жүзөгө ашырылат:
1) сактоо мөөнөтү 72 саатка чейинки убакта, "чейин жарактуу" деп сааты, күнү, айы көрсөтүлөт;
2) сактоо мөөнөтү 72 сааттан 3 айга чейин убакта, "чейин жарактуу" деп күнү, айы көрсөтүлөт;
3) сактоо мөөнөтү 3 ай же андан ашкан убакта, "чейин жарактуу" деп айын, жылын көрсөтүү менен же "чейин жарактуу" деп күнү, айы жана жылы көрсөтүлөт.
2. Азыктын (товардын) жарактуулук мөөнөтүн аны сактоо шарттарын милдеттүү көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган жана стандартташтыруу боюнча ченемдик актыларда каралган талаптарды эске алуу менен даярдоочу (өндүрүүчү) белгилейт.
14-берене. Тамак-аш азыктарын маркалоодо көрсөтүлүүчү тамак-аш азыктарын идентификациялоо
Этикеткада продукту ошого ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин (стандарттын, техникалык регламенттин ж.б.) белгиси жазылат.
15-берене. Маркалоодо көрсөтүлүүчү тамак-аш азыгынын саны
1. Бул азыкты маркалоодо таңгактанган тамак-аш азыгынын саны көлөм бирдиктеринде (литр, миллилитр) же массада (килограмм, грамм), же болбосо дааналап көрсөтүлөт. Мында кыскартылган аталыштар бирдиктерин пайдаланууга жол берилет. Жумурткалардын, жемиштердин массасын же көлөмүн жана дарылап сатылган жашылчаларды көрсөтпөөгө жол берилет.
2. Эгер сатып алуучуларга сатуу үчүн арналган тамак-аш азыгы эки же андан ашык керектөө таңгагына жайгаштырылып, алар даярдоочу тарабынан өз өзүнчө сатуу үчүн арналбаса, керектөө таңгактарынын санын жана ар бир керектөө таңгагындагы тамак-аштын санын же тамак-аш азыгынын жалпы санын көрсөтүү зарыл.
3. Транспорт идишине жайгаштырылган тамак-аш азыгынын саны көлөм бирдиктеринде (литр, миллилитр), же массада (килограмм, грамм), же транспорттук идиштеги керектөө таңгактарынын бирдиктеринин санын белгилөө менен жана ар бир керектөө таңгагына жайгаштырылган тамак-аш азыгынын саны көрсөтүлөт. Мында бирдиктердин кыскартылган аталыштарын пайдаланууга жол берилет.
4. Тамак-аш азыгы суюктукка жайгаштырылган учурда (суу, туздун сууга аралашмалары, туздалган суу, тамак-аш кычкылдарынын суу аралашмалары, уксус, канттын же башка таттуу заттардын эритиндилери, жемиш же жашылча ширелери жана башкалар), тамак-аш азыгынын жалпы массасын же жалпы көлөмүн көрсөтүү менен бирге суюктукка жайгаштырылган тамак-аш азыгынын массасы же көлөмү көрсөтүлүүгө тийиш. Мындай талап тоңдурулган ушул сыяктуу эле азыкка да таралат.
16-берене. Тамак-аш азыгынын аны маркалоо бөлүгүнө шайкештигин баалоо эрежелери жана формалары
1. Тамак-аш азыгынын аны маркалоо бөлүгүнүн ушул Мыйзамдын талаптарына шайкештигин баалоо аталган талаптардын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл формасында жүргүзүлөт.
2. Ушул Мыйзамдын тамак-аш азыгын маркалоо бөлүгүнүн талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл, калкты санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын камсыз кылуу жана керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоону жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
3. Тамак-аш азыгынын аны маркалоо бөлүмүндө ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун баалоо тамак-аш азыгын маркалоону ушул Мыйзамдын талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кошумча талаптардын тамак-аш азыгын маркалоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген эрежелерди, методдорду (сыноолорду) жана өлчөөлөрдү пайдалануу менен салыштыруу жолу аркылуу жүргүзүлөт.
4. Керектөөчүлөрдү адаштыруучу аракеттердин алдын алуу максатында тамак-аш азыгын маркалоону аныктыгын текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген эрежелерди жана методдорду (сыноолорду), өлчөөлөрдү пайдалануу менен жүргүзүлөт.
5. Шайкештиги техникалык регламенттин талаптары менен ырасталган тамак-аш азыгы техникалык регламенттерге шайкештиги белгиси менен маркаланат. Шайкештик белгиси Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган тамак-аш азыгы техникалык регламенттерге шайкештиги белгиси менен кошумча маркаланбайт. Техникалык регламенттерге шайкештик белгисинин сүрөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6. Техникалык регламенттерге шайкештик белгиси менен маркалоо жогоруда көрсөтүлгөн пунктка ылайык арыз ээси тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт.
7. Техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келгендиги ырасталбаган тамак-аш азыгын техникалык регламенттерге шайкештик белгиси менен маркалоого жол берилбейт.
8. Техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген тамак-аш азыгына техникалык регламенттерге шайкештик белгиси менен маркалоого жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.
17-берене. Тамак-аш азыгын маркалоодо маалыматты жайгаштыруу
1. Маалымат керектөө идишинин ар биринде окууга ыңгайлуу болгон жерде жайгаштырылат. Түзсүз керектөө идишине куюлуучу түзсүз тунук суюк азыктарды куюу датасы этикетканын артына жазылышы мүмкүн.
2. Эгерде керектөө идишине азык жөнүндө маалымат текстин толук жазууга мүмкүн болбосо тамак-аш азыгын мүнөздөөчү маалыматты даярдоочунун кароосу боюнча жеке же топтук керектөө идишинин ар бирине тиркелүүчү каттама-баракчага жайгаштырууга жол берилет.
3. Алдын ала оролбогон, кийин соода жайларында сатып алуучунун көзүнчө оролуп берилүүчү тамак-аш азыктарын керектөөчүгө сатуу үчүн ушул Мыйзамдын талаптарында каралган маалымат сатуучунун каалоосу боюнча керектөө идишинин ар бирине тиркелүүчү каттама-баракчаларга же баасы жазылган баракчага же соода залындагы азыкка жакын жерде жайгаштырылат.
4. Маалымат ар кандай ыкмада жазылышы мүмкүн, ал так жана оңой окулууга тийиш.
5. Тамак-аш азыгы менен байланышкан маалымат берүү каражаттары тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна таасирин тийгизбеш керек, аны сактоодо, транспорттоодо, сатууда маркалоонун туруктуулугун камсыз кылууга тийиш.
6. Маалымат берүүнүн, анын ичинде маркалоонун өлчөмү жана формасы, керектөө идишинин өлчөмүнө жана формасына дал келүүгө тийиш.
18-берене. Тамак-аш азыктарынын топтору боюнча маркалоо
Тамак-аш азыгын, алардын топтору боюнча маркалоо ушул Мыйзамдын 1-тиркемесинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
19-берене. Эл аралык жана улуттук стандарттардын талаптары
1. Тамак-аш азыктарын маркалоого карата эл аралык жана улуттук стандарттардын талаптары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, ушул Мыйзамдын талаптарына карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
20-берене. Адал "Halal" (Халал) тамак-аш азыгын маркалоо
1. Адал "Halal" (Халал) товардык белгиси бар тамак-аш азыгы ушул Мыйзамдын беренелеринин негизги талаптарына, ошондой эле Адал "Halal" (Халал) азыгын өндүрүүнүн технологиялык процесстери тууралуу ченемдик укуктук актыларда аныкталган милдеттүү талаптарга ылайык келүүсү керек.
2. Адал "Halal" (Халал) азыгын өндүрүүнүн технологиялык процесстери сактоо, ташуу, сатуу тууралуу ченемдик укуктук актыларга ылайык Адал "Halal" (Халал) товардык белгисин камтыган азыктар бул сыяктуу тамак-аш азыгынын коопсуздугу же бул тамак-аш азыктары азыктык курамы боюнча башка азыктардан артыкча экендиги жана адамдын ден соолугу үчүн абдан пайдалуу болуп эсептелиши тууралуу шек туудурбашы керек.
21-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте чарбакер жана башка иш субъекти ушул Мыйзамда белгиленген, тамак-аш азыктарын маркалоого коюлган талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлөт.
Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органдарынын кызмат адамдары өздөрүнүн функцияларын тиешелүү түрдө аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
22-берене. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү
1. Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасына импортолуучу тамак-аш азыктарын маркалоо Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
2. Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тамак-аш азыктарын маркалоо жаатындагы чечимдери колдонулат, эгер алар бул Мыйзамга карама каршылык болбосо.
23-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
1-тиркеме
1. Балдардын тамак-ашы үчүн продуктулар
Азыктын аталышы азыктын балдар тамагына арналгандыгын чагылдырууга тийиш. Ал негизги ингредиентке шайкеш келип, азыктын консистенциясын чагылдырышы керек. Бир жаштагы балдардын тамактануусуна арналган сүт азыктарынын жана эне сүтүн алмаштыруучулардын аталышында "эненин сүтүнө жакын" деген терминди колдонууга жол берилбейт;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн(төрдүн) жана уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы же көлөмү;
- азыктын составы;
- азыктык баалуулугу;
- витаминдерди, минералдык заттарды камтышы (алар кошулса);
- керектөө таңгакчасына чейин жана аны ачкандан кийинки сактоо шарты;
- жарактуулук мөөнөтү;
- даярдоо ыкмасы (зарыл учурларда);
- даярдоо жана таңгактоо датасы;
- колдонуу багыты жана шарты (зарыл учурларда);
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат;
- азыкты ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши.
Эненин сүтүн алмаштыруучулар үчүн керектөө идишине эмчек эмизүүнүн артыкчылыгы жана тамактандыруу схемасы врач тарабынан дайындоонун зарылдыгы жөнүндө маалымат жазылат. Анда баланын сүрөтүн тартууга жол берилбейт.
Балдарды тамактандыруу үчүн керектөө идишине тамактандыруу сунуш кылынган курак жөнүндө маалымат жазылат.
Балдар тамак-ашы үчүн тамак-аш азыгы бар консерва банкаларына азыктын даярдалган датасы (күнү, айы, жылы) жазылышы керек.
2. Эт жана эт азыктары
1) Малдын бүтүн, жарым жана чейрек эти
Эттин жана аны иштетүүдөн алынган азыктардын коопсуздугу жаатындагы Техникалык регламент күчүнө киргенге чейин этке ветеринардык тамга басуу боюнча колдонуудагы талаптарга ылайык сүйрү формадагы ветеринардык тамга басуу.
2) Малдын бүтүн, жарым жана чейрек этинен тышкары азыктардын бардык аталыштары
Маалыматтын мазмунуна жалпы талаптар:
- азыктын аталышы;
- категориясы, сорту (болсо);
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн(төрдүн) жана уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы же көлөмү;
- азыгынын составы;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу;
- даярдоо жана таңгактоо датасы;
- сактоо шарты;
- жарактуулук мөөнөтү;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
Маалыматтын мазмунуна кошумча талаптар.
3) Оролгон эт:
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган);
- сорту.
4) Блоктордо тоңдурулган эт жана субпродуктулар:
- категориясы (субпродуктулар үчүн), сорту (болсо);
5) Субпродуктулар:
- категориясы;
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган);
6) Жарымфабрикаттар, кулинардык азыктар:
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган);
- даярдоо же таңгактоо даталары;
- даяр тамактарды даярдоо боюнча сунуштар.
7) Колбаса азыктары жана эттен жасалган продуктулар:
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган);
- аба кирбегендей таңгакталган (таңгакчада болсо);
- азыктын айырмаланган өзгөчөлүгү жана атайын иштетилши тууралуу маалымат.
Жасалма кабыкчадагы колбаса азыктарына маалыматты жарым-жартылай же толук түрдө кабыкчага жазууга жол берилет.
8) Эт жана эт өсүмдүк консервалары:
- эт жана май үлүштөрү, субпродуктулар, өсүмдүк тибиндеги компоненттер (эт өсүмдүк консервалары үчүн). Паштет, фарш, сүрсүтүлгөн эт консервалары, эт кошулган каша жана башка бир түрдүү, эт жана май үлүштөрү, субпродуктулар, өсүмдүк тибиндеги компоненттер кошулуп майдаланган продуктулар үчүн рецептурага ылайык салуу боюнча көрсөтүлөт; колдонууга даярдоо ыкмасы (колдонуу алдында атайын иштетүүнү талап кылуучу консервалар үчүн);
- банкалардын капкагында же түбүндө (ламинацияланган алюминий фольгасынан жасалган банкалар үчүн) консерваларды даярдоо датасы (күнү, айы, жылы) жазылат.
Кыргыз Республикасында даярдалган эт жана эт өсүмдүк консервалары үчүн даярдоочу ишкана Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте маркировкалайт.
Ламинацияланган алюминий фольгасынан жасалган банкаларга консервалардын акыркы сактоо мөөнөтү кошумча (күнү, айы, жылы) жазылат.
Азыкты айнек идиштерге салганда маалымат этикеткага жана/же айнекке жана/же капкагына жазылат.
3. Канаттуулар эти, жумуртка жана аларды
кайра иштетүүдөн алынган азыктар
1) Союлган канаттуунун бүтүн, жарым жана чейрек этинен бүтүн эти (керектөө идишине салынбаган):
Жамбашынын тышына басылган же бутуна байланган этикетка түрүндөгү товардык тамга (сорту же категориясы.
Канаттуулардын союлган бүтүн эти керектөө идишине салынбаган идиштеги маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт:
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн(төрдүн) жана уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- канаттуунун түрү жана курагы (мисалы, "тоок" же "жөжө", "өрдөк" же "балапан" ж.б.);
- бүтүн эттин салмагы;
- нетто жана брутто салмагы;
- сорту же категориясы (болсо);
- азыктык баалуулугу;
- "Мамветкөзөмөл" деген сөз;
- чыккан өлкөнүн же жердин аталышы;
- даярдоо жана тангактоо датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган же өтө тоңдурулган);
- этти бөлүү ыкмасы (ичин жаруу, ичеги-кардын жарым-жартылай алуу, ичеги-кардын жана моюн комплексин алуу);
- ... пленка менен оролгон (эгерде эт пленка сымал агенттер менен оролсо);
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери (алар колдонулса);
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат;
2) Бүтүн, жарым жана чейрек түрүндө керектөө идишине салынган канаттуулар эти:
Канаттуулардын түрүн жана курагын кошо алганда (мисалы, "тоок" же "жөжө", "өрдөк" же "балапан" ж.б.) азыгынын аталышы (бүтүн, жарым эти, рагу, жамбаш эти, моюну, канаты ж.б.).
- болушуна жараша сорту жана категориясы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн(төрдүн) жана уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- этти бөлүү ыкмасы (ичин жаруу, ичеги-кардын жарым-жартылай алуу, ичеги-кардын жана моюн комплексин алуу);
- канаттуунун түрү жана курагы (мисалы, "тоок" же "жөжө", "өрдөк" же "балапан" ж.б.);
- нетто жана брутто салмагы;
- сорту же категориясы (болсо);
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери (алар колдонулса);
- коргоо кабыкчалары, көндүм эмес составдагы консерванттар, тамак-аш продуктулары;
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган же өтө тоңдурулган);
- нетто салмагы (бүтүн эт үчүн нетто салмагы керектөө идишинин ар биринде же транспорт тарасынын ар биринде оролгон эттин нетто салмагы көрсөтүлөт);
- даярдоо жана таңгактоо датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
3) Бөлүнгөн канаттуулар эти (бүкүлөй жана кол менен бөлүү, анын ичинде блоктордо тоңдуруу):
- канаттуунун түрүн жана курагын кошо алганда азыгынын аталышы;
- азыктык баалуулугу;
- сорту (болсо);
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн(төрдүн) жана уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган же өтө тоңдурулган);
- даярдоо жана таңгактоо датасы;
- нетто жана брутто салмагы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
4) Субпродуктулар:
- канаттуунун түрүн жана курагын кошо алганда азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн(төрдүн) жана уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- даярдоо жана таңгактоо датасы;
- нетто салмагы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган же өтө тоңдурулган);
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
5) Канаттуулар этинен жасалган жарым фабрикаттар:
- канаттуунун түрүн жана курагын кошо алганда азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы;
- азыктын составы;
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган же өтө тоңдурулган);
- даярдоо жана таңгактоо датасы;
- тамактарды даярдоо боюнча рекомендациялар;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
6) Канаттуулар этинен жасалган колбаса жана кулинардык азыктар:
- азыктын аталышы;
- сорту (болсо);
- канаттуунун түрүн жана курагын кошо алганда азыгынын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- оролгон азыктар үчүн нетто салмагы;
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган же өтө тоңдурулган);
- азыктын составы;
- азыктык баалуулугу;
- аба кирбегендей таңгакталган;
- даярдоо жана таңгактоо датасы;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Жасалма кабыкчадагы колбаса азыктарына маалыматты (жарым-жартылай же толугу менен) түздөн-түз кабыкчасына жазууга жол берилет.
7) Канаттуулардын түрү боюнча бышырылган майлар:
- майдын аталышы жана сорту;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы;
- азыктык баалуулугу;
- даярдоо жана таңгактоо датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
8) Азыктык жумуртка (канаттуулардын түрү боюнча):
Керектөө идишине салынбаган жумурткага маалыматта төмөнкүлөр камтылат:
- түрү жана категориясы;
- даярдалган датасы (сорттоо датасы) (диетикалык жумурткалар үчүн).
Керектөө идишиндеги маалымат (жумуртканы керектөө идишине салганда):
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- жумурткалардын саны;
- сорттолгон датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Идишке көрсөтүлгөн маалымат менен этикетка чапталган шартта керектөө идишине салынган жумурткага маркировка койбой койсо болот. Этикетка керектөө идишин ачканда айрылып кете тургандай чапталат.
Продукт башка маалымат менен, анын ичинде азыкты, өндүрүүчүнү мүнөздөгөн маалымат менен коштолуп, ошондой эле штрих кодун койсо болот.
Транспорт каражатынын ар биринин эки капталына төмөнкүдөй маркировка менен этикетка чапталат:
- азыктын аталышы;
- түрү жана категориясы;
- даярдалган датасы (сорттоо датасы) (диетикалык жумурткалар үчүн).
Керектөө идишиндеги маалымат (жумуртканы керектөө идишине салганда):
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- жумурткалардын саны;
- сорттолгон датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
9) Керектөө идишиндеги жумуртка продуктулары:
- азыктын аталышы;
- эгерде тийиштүү иштетилген болсо иштетүү ыкмасы (ысытып тазалоо, кычкылдантуу, кантсыздандыруу ж.б.);
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы;
- азыгынын составы;
- азыктык баалуулугу;
- консерванттар, азыктык жана башка кошулмалар (алар колдонулса);
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
4. Сүт жана сүт кошулган продуктулар
- азыктын аталышы (термикалык иштетүүнү колдонгондо керектөө идишине салаарда жана/же салгандан кийин аны термикалык иштетүү ыкмасы көсөтүлөт);
- сүт кошулган продуктулар үчүн майдын массалык үлүшүнүн мааниси (сыр жана май менен оймолонгон балмуздак үчүн);
- сорту (болсо);
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыктын нетто салмагынын же көлөмүнүн мааниси;
- азыктын составы.
Уютулган ширенин составына кирүүчү ингредиенттер жалпысынан ингредиенттердин тизмесинде саналат:
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу. Көмүртектердин санынан тышкары составында канты бар продуктулардын азыктык баалуулугу жөнүндө маалыматта 100 г (мл, куб.см) продуктуда канттын камтылышы көрсөтүлөт;
- сактоо шарты;
- даярдоо датасы, жарактуулук мөөнөтү "... жарактуу (саат, сутка, ай) деп же жарактуулук мөөнөтү гана "...чейин жарактуу (балмуздактан тышкары) деп берилет;
- сактоо мөөнөтү (балмуздак үчүн);
- даяр тамактарды даярдоо ыкмалары жана шарттары (сүт жарым фабрикаттары жана концентраттар үчүн);
- колдонуу шарты. Дарылоо-профилактикалык, геродиетикалык продуктулар жана атайын кесиптик жана спорттук оорчулукта иштеген адамдардын тамактануусу үчүн гана көрсөтүлөт; Зарыл учурларда терс жактары көрсөтүлөт;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
1) Сүт жана сүт кошулуп консерваланган жана кургак азыктар:
Төмөнкүдөй кошумча маалымат жазылат:
- жарактуулук мөөнөтү үчүн. Эгерде жарактуулук мөөнөтү "...чейин жарактуу" же "...чейин колдонулат" деген сөздөр менен берилсе алардын катарына "Банканын капкагындагы биринчи (экинчи) катарды кара" же "кутучанын төмөнкү клапанын кара" деп көрсөтүлөт.
Эгерде жарактуулук мөөнөтүндө "...ичинде жарактуу" же "...ичинде сатылат" деп берилсе, анын катарында "даярдоо датасы банканын капкагында" же "Даярдоо датасы банканын капкагындагы биринчи (экинчи) катарда көрсөтүлгөн", же "даярдоо датасы кутучанын төмөнкү клапанында көрсөтүлгөн" деп берилет.
- банканын капкагында же түбүндө же кутучанын төмөнкү жагында консерваларды даярдоонун датасы же жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшүнүн датасы (күнү, айы, жылы) жазылат.
Кыргыз Республикасында даярдалган продуктулар үчүн белгиленген тартипте банкада ассортименттик номери, сүт өнөр жайынын индекси, даярдоочу ишкананын номери көрсөтүлөт.
2) Сыразыктары:
Кошумча төмөнкүдөй маалымат берилет:
- майдын салмактын үлүшүнүн мааниси процент менен (кургак затка эсептегенде);
- сырга сүт азыктары менен белгиленген тартипте аралаштырууга уруксат берилген боегу чыкпаган зыянсыз түс деген маалымат жазылат.
Эскертүү - даярдалган датасы сыр бышкан мөөнөт аяктаган күндөн тартып эсептелет.
3) Порцияга салынган сыр быштактар үчүн маалыматтар кошумча жазылат:
- бышып жетилген азык катары сыр быштактын даярдалган күнү;
- сатуу үчүн порцияга салынып таңгакталган күнү;
- сактоо мөөнөтү.
5. Балык, балык эмес өнөр жай азыктары,
алардан жасалган азыктар
Маалыматтын мазмунуна талаптар:
- азыгынын аталышы (товардык же биологиялык);
- кайсы өнөр жайга тийиштүү экендиги азыгынын аталышында көрсөтүлүшү мүмкүн. Мисалы "Тынч океан сельди", "Ыраакы чыгыш навагасы";
- балыктын узундугу жана көлөмү (чоң, орто же майда);
- бөлүнгөн түрү (башы, ичеги карды алынган, катмар, кичинеден кесилген ж.б.);
- иштетилген түрү (туздуу, ышталган, кургатылган);
- туздуулук деңгээли (аз туздалган, бир аз туздалган, орточо туздалган, өтө туздалган);
- сорту (сорту болсо) же категориясы (тоңдурулган балык филеси үчүн);
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы (капкагы жылдырылуучу банкалардагы осетр балыгынын икрасынан тышкары);
- азыктык баалуулугу (балыктан башка), витаминдерди камтышы (витаминдештирилген продуктулар үчүн);
- сактоо шарты;
- тирүү жана тоңдурулган балыктарды, балык эмес объекттерди.
Ошондой эле майларды сактоо мөөнөтү;
- жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин багыты боюнча пайдаланууга жараксыз деп эсептелүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн токтому менен бекитилген товарлардын тизмесине кирген тамак-аш азыктары үчүн жарактуулук мөөнөтү;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- даярдоо жана таңгактоо даталары;
- азыгынын составы, анын ичинде, азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат;
- даяр тамактарды жасоо ыкмасы (жарым фабрикаттар үчүн);
- аба кирбегендей таңгакталган (ушундай оролсо).
Кайсы өнөр жайга тийиштүү экендиги, балыктын узундугу жана көлөмү, бөлүнгөн түрү, иштетилген түрү, туздуулук деңгээли, азыгынын составы, даярдоо жана/же колдонуу ыкмасы жөнүндө маалымат, таңгактоо датасы конкреттүү продуктуларга ага ылайык даярдалган документтерде ушул талаптар болсо көрсөтүлөт.
1) Балык консервалары жана балыктан жасалган пресервдер менен децнз азыктары:
Маалыматтын мазмунуна талаптар:
- азыктын аталышы.
Тоңдурулган сырьедон туздалган лосось икрасын жана балыктын боорунан накта консерваларды даярдоодо "Тоңдурулган сырьедон даярдалган" деп көрсөтүлөт;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- системасына даярдоочу жана анын жайгашкан жери (юридикалык дареги) кирген уюмду көрсөтүүдө даярдоочунун аталышын көрсөтпөй коюуга жол берилет;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- сорту (болсо);
- нетто салмагы
- даярдоо датасы;
- жарактуулук мөөнөтү;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- азыктык баалуулугу (100 г продуктуга 0,1 мг ашууну В1 и В2 витамндерин жана 2,0 мг ашуун РР витаминдерин камтуучу консервалар менен пресервдерге жана деңиз азыктары үчүн витаминдерди камтышы көрсөтүлөт);
- чогуу таразага тартылып сатылуучу чоң идиштеги пресервдер үчүн тузлуксуз балык салмагы;
- сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылуучу продуктулар үчүн сактоо шарты (мисалы, пресервдер үчүн этикеткада чоң тамгалар менен "Пресервдер ... айга чейин ... температурада сакталат" деп көрсөтүлүүгө тийиш;
- сактоо ыкмасы (зарыл болсо);
- азыктын составы;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Кыргыз Республикасында даярдалган продуктулар үчүн белгиленген тартипте банкада даярдоо датасы жана жарактуулук мөөнөтү, ассортименттик номери, сүт өнөр жайынын индекси, даярдоочу ишкананын номери көрсөтүлөт.
6. Буудай данынан алынган ун, акшак, кебек,
талкан, тамак-аш бөлүкчөлөрү
- азыктын аталышы (мисалы, ун үчүн: кара буудай, күрүч, арпа, жүгөрү, гречка, буудай наны ж.б.у.с);
- сорту же номер (болсо);
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы;
- азыгынын составы (бир компоненттүү продуктулардан тышкары);
- даярдоо датасы;
- азыктын составы, анын ичинде, азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- "Байытылган" деген сөз (баш тамгалар менен) - байытылган витаминдик-минералдык жана минералдык кошумчалар менен жогорку жана биринчи сорттогу нан бышыруучу буудай уну үчүн;
- азыктык баалуулугу;
- даярдоо датасы;
- сактоо мөөнөтү;
- жүгөрү акшагы, буудай, күрүч жана геркулес үчүн жарактуулук мөөнөтү.
Шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Мындай маалыматтар мешокко тигилген ярлыктарга жазылат.
7. Нанбулочка азыктары
1) Бирден оролгон же таңгакталган нанбулочка азыктары:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы;
- азыктын составы;
- азыктык баалуулугу;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- витаминдерди камтышы (витаминдештирилген продуктулар үчүн), клетчаткалар,тамак-аш заттары жана багытын эске алуу менен атайын продуктулар үчүн башка компоненттер;
- даярдоо жана таңгактоо датасы;
- сактоо мөөнөтү;
- жарактуулук мөөнөтү (тегерек жана кургатылган токочтор, соломка үчүн);
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
2) Оролбогон нанбулочка азыктары:
Соода залына илинген маалыматтык такчада төмөнкүдөй мазмундагы маалымат камтылууга тийиш:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы;
- азыктын составы: витаминдерди камтышы (витаминдештирилген продуктулар үчүн);
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу;
- клетчаткалар, тамак-аш заттары жана багытын эске алуу менен атайын продуктулар үчүн башка компоненттер;
- даярдоо сааты жана датасы;
- сатуу мөөнөтү;
- жарактуулук мөөнөтү (пирогалар, пирожки, пончиктер үчүн);
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
8. Макарон азыктары
1) Керектөө идишине салынган макарон азыктары:
- азыктын аталышы (көрүнүп туруучу ороочу материалдан жасалган керектөө идишине азыгынын аталышын "Макарон азыктары" деген сөз менен эле жазууга жол берилет);
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы;
- азыктын составы;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу;
- азыктын тобу, классы (сорту);
- даярдоо жана таңгактоо датасы;
- сактоо мөөнөтү;
- даярдоо ыкмасы;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Транспортко салынган жана чекене соодада таразага тартылуучу макарон азыктары үчүн жогоруда көрсөтүлгөн маалымат транспортко жана соода залында продуктуга жакын жерге жайгашуусу керек.
9. Кондитер азыктары жана сагыздар
1) Маркировкага жалпы талаптар:
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- нетто салмагы;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыгынын составы. Азыктардын ар кандай түрлөрүнөн жана аталышан турган кондитердик топтомдор үчүн ушул топтомго кирген бардык азыктардын ингредиенттеринин жалпы составы көрсөтүлөт (ар бир азыктын конкреттүү аталышынын составын көрсөтпөстөн);
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу (чайнаган сагыздан тышкары). Азыктардын ар кандай түрлөрүнөн жана аталышынан турган кондитердик топтомдор үчүн ушул топтомго кирген орточо салмакталган азык-түлүк баалуулугу көрсөтүлөт (ар бир азыктын конкреттүү аталышынын азыктык баалуулугун көрсөтпөстөн);
- сактоо шарты;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо мөөнөтү;
- даярдоо (торттор жана пирожныйлар үчүн саат жана дата) датасы жана таңгактоо датасы;
- даярдоо боюнча рекомендациялар (какао-порошок жана какао-суусундуктар үчүн);
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Азыктарды иштеп чыгуучу-уюмдун аталышы кошумча жазылышы мүмкүн.
2) Маркировкалоого кошумча талаптар:
а) диабетикалык кондитердик азыктар:
- 100 г продуктуда: ксилит, сорбит жана/же башка татымалдардын, жалпы канттын (кантка кайра эсептөөдө) камтылышы (эсептик);
- ксилит, сорбит жана/же башка татымалдарды керектөөнүн суткалык нормасы - 30 г ашпайт;
- диабетикалык азыктардын тобуна кирүүчү продуктулар үчүн "Диабетикалык" деген жазуу.
б) диетикалык тамак-аш азыктары:
- суткалык дозасы (бир жолку керектөөнүн саны);
- колдонуу багыты жана шарты.
10. Кант
1) азыктын аталышы:
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- нетто салмагы;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыктык баалуулугу;
- даярдалган жылы;
- сактоо шарты;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Ушундай эле маалымат мүшөккө тигилген ярлыкка да жазылат.
2) 5тен 20 граммга чейинки нетто салмактагы рафинад-кантынын жана рафинаддалган кумшекердин пакеттеринде төмөнкүдөй маалымат көрсөтүлөт:
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыгынын аталышы;
- нетто салмагы;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши.
11. Тамакка кошулуучу туз
1) даярдоо ыкмасы жөнүндө маалыматты кошо алганда азыктын аталышы (кайнатылган туз, таш, өзү чөкмө же чөкмө туз);
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоо жана таңгактоо датасы;
- сорту;
- майдаланганы;
- нетто салмагы;
- азыктык баалуулугу;
- даярдалган жылы;
- сактоо шарты;
- азыктык кошулмалар, (аларды колдонууда бириктирбөөчү, турукташтыруучу жана башкалар);
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Ушундай эле маалымат мүшөккө тигилген ярлыкка да жазылат.
2) 1-10 грамм өлчөмүндөгү бир жолку пайдалануудагы туз баштыкчаларында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- азыгынын аталышы;
- нетто салмагы.
3) йоддолгон туз жөнүндө кошумча маалымат:
- йод кошулган формасы (йодат же йодид калий);
- йоду камтышы;
- сунушталган суткалык керектөө нормасы (г);
- жарактуулук мөөнөтү;
- "Йоддолгон туздун жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин кадимки тамакка кошулуучу туздай колдонулат" деген жазуу;
4) Профилактикалык максаттарга колдонулуучу башка кошулмалары бар туз үчүн алардын аталышы жана мааниси, ошондой эле туздун жарактуулук мөөнөтү (болсо) көрсөтүлөт. Бул туздун жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин кадимки тамакка кошулуучу туздай колдонулат.
12. Жашылча-жемиш азыктары жана картошка
1) Жаңы салынган жашылча-жемиш азыктары жана картошка:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- азыктын нетто салмагы же саны;
- майдаланган (мөмө-жемиш өсүмдүктөрү үчүн), ботаникалык (жашылча өсүмдүктөрү жана картошка үчүн) же ампелографиялык (жүзүм үчүн) сорт;
- товардык сорту (болсо);
- азыкты иштетүүнүн өзгөчө ыкмаларына көрсөтмө (зарыл болсо);
- жарнамалык мүнөздөгү маалымат (зарыл болсо);
- жыйноо жана таңгактоо датасы;
- далдаланган жерде өстүрүлгөн (далдаланган жерде өстүрүлгөн продукциялар үчүн);
- сактоо шарты (зарыл болсо);
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
2) Мөмө-жемиштерди, жашылчаларды жана картошканы кайра иштетүүдөн алынган, анын ичинде консерваланган продуктулар:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыктын нетто салмагы же көлөмү;
- негизги азыгынын салмагы же салмактык үлүшү (ширеге, маринадга, рассол, килкилдетип даярдалган азыктар үчүн);
- товардык сорту (болсо);
- азыктын составы;
- концентрацияланган томат азыктары үчүн эритилүүчү кургак заттардын жашылча-жемиш бөлүгүнүн (нектарлар жана суусундуктар үчүн) салмактык үлүшү;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- азыктын азыктык баалуулугу;
- диабетикалык консервалар үчүн татымалдарды камтышы;
- продукцияны даярдоо боюнча рекомендациялар (зарыл болсо);
- сактоо шарты (зарыл болсо);
- даярдоо жана таңгактоо датасы (консервалар үчүн даярдоо датасы);
- жарактуулук мөөнөтү;
- кургатылган мөмө-жемиш, жашылча жана картошка үчүн сактоо мөөнөтү;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
13. Тамак-аш концентраттары
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы;
- товардык сорту (болсо);
- азыктын составы;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу;
- даяр тамак даярдоо боюнча рекомендациялар;
- сактоо шарты (зарыл болсо);
- даярдоо жана таңгактоо датасы;
- жарактуулук мөөнөтү же сактоо мөөнөтү;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
14. Чай, кофе, тамак-аштык даамдуу накта продуктулар
жана кургак татымалдар, ароматтар жана азыктык кошулмалар
- азыктын аталышы (чай же кофенин аталышында чыккан жери менен толукталышы мүмкүн, майдаланган чайдын аталышында "майдаланган" деп көрсөтүлөт) тамак-аш уксусунун аталышында ал кайсы сырьедон даярдалгандыгы: накта тамак-аштык - алма, жүзүм ж.б.у.с. же синтетикалык);
- эгерде чайды, кофени, чай жана кофе азыктарын даярдоодо жыпар жыттар колдонулса ароматтын аталышы (мисалы: лимондун жыты бар кара чай);
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- нетто салмагы (уксус үчүн - көлөмү);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
Азыктын составы (уксус үчүн - 100 куб.см г/салмактык концентрациянын мааниси же уксус кислотасынын процент менен салмактык үлүшү; ароматтар, тамак-аштык жана биологиялык активдүү кошулмалар үчүн көрсөтүлбөйт);
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- даярдоо ыкмасы же колдонуу боюнча рекомендациялар (зарыл болсо). Тамак-аш кошулмалары жана ароматтар үчүн - сактоо жана колдонуу боюнча нускама;
- сорту (болсо);
- тамак-ашка биологиялык активдүү кошулмалар үчүн колдонуу багыты жана шарты;
- оорунун айрым түрлөрү боюнча колдонуу үчүн терс көрсөткүчтөгү маалыматты камтууга тийиш болгон товарлардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмесине киргизилген тамак-аштык кошулмалар жана көндүм эмес составдагы продуктулардын ингредиенттери;
- даярдоо жана таңгактоо даталары, айы жана жылы, уксус үчүн - куюлган датасы;
- жарактуулук мөөнөтү (чай, чай жана кофе азыктары үчүн) же сактоо мөөнөтү (чай, кофе, уксус, тамак-аштык даамдуу накта продуктулар жана кургак татымалдар, ароматтар жана азыктык кошулмалар);
- сактоо шарты;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- аба кирбегендей таңгактоо жөнүндө маалымат (болсо);
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Бир-бирден, коргоочу таңгакчада керектөөчүгө сатылуучу, чай, кофе жана алардан жасалган азыктар, тамак-аштык даамдуу накта продуктулар жана кургак татымалдар, ароматтар жана азыктык кошулмалар салынган бир жолку пайдалануучу баштыкчаларга төмөнкүдөй маалыматтар жазылат:
- даярдоочунун аталышы;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- продуктунун аталышы;
- нетто салмагы;
- сорту (болсо);
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши.
15. Майлуу азыктар
1) Маалыматтын мазмунуна жалпы талаптар:
- азыгынын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- азыгынын нетто салмагы же көлөмү;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыгынын составы;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу, витаминдерди камтышы (витаминдештирилген азыктар үчүн);
- жарактуулук мөөнөтү;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Кошумча иштеп чыгуучу менен макулдашуу боюнча даярдоо рецептурасын жана/же технологиясын иштеп чыгуучу уюмдун аталышы жазылышы мүмкүн.
2) Маалыматтын мазмунуна кошумча талаптар:
а) Өсүмдүк майы:
- аталышы. Май аралашмасы үчүн төмөнкүдөй аталышты колдонууга жол берилет: "Өсүмдүк майы" же фирмалык аталышы;
- салмактык үлүшүн чыгарып салуу тартибинде бардык өсүмдүк майынын тизмеси (май аралашмасы үчүн);
- маркасы (болсо);
- сорту (болсо);
- даярдоо датасы (азыгынын керектөө идишине куюлган датасы);
- даярдоо датасы (азыкты бочкаларга, флягага, цистерналарга, бактарга, контейнерлерге куюу датасы).
б) Майонездер:
- майдын салмактык үлүшү;
- даярдоо датасы;
- сактоо температурасы.
в) Маргарин, маргарин азыктары, спреддер:
- сорту (болсо);
- майдын салмактык көлөмү, анын ичинде курамында майлуу фазанын кеминде 10% болушунда каймак майынын салмактык үлүшү;
- даярдоо датасы;
- сактоо температурасы.
16. Шарап чыгаруучу продуктулар
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- куюучу ишкананын аталышы;
- куюлган датасы же таризделген датасы (бөтөлкө ыкмасында алынган шампан, коллекциялык, маркалык, бөтөлкөлөрдө көпкө турган шараптар);
- көлөмү;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- этил спиртинин көлөмдүк үлүшү;
- канттардын салмактык концентрациясы (кургак шарап, коньяк, бренд, кальвадостордон тышкары), шампан жана шуулдак, ароматтуу шарап жана сидрлар үчүн;
- кантты камтышы боюнча аталышы. Шуулдак шараптар үчүн кант кошулушу боюнча аталышы канттардын салмактык концентрациясын көрсөтүү менен алмаштырылышы мүмкүн. Таттуу аромат шараптар үчүн кошумча канттын салмактык концентрациясы көрсөтүлөт;
- сактоо шарты;
- ароматтардын, даамдуу заттардын жана боектордун аталышы (бренди, шарап ичимдиктери жана коктейл үчүн).
Ароматтардын, даамдуу заттардын тизмеси даярдоочу тарабынан аныкталат. Брендилер үчүн тамак-аш сырьесунан ректификацияланган этил спиртинин болушу көрсөтүлөт; шарап ичимдиктери жана коктейл үчүн - тамак-аш сырьесунан ректификацияланган этил спиртинин жана суунун болушу;
- түшүм алынган жыл (шараптар үчүн чыккан жери, бир жылдагы жүзүмдүн түшүмүнөн даярдалган коллекциялык, маркалык, көпкө сакталган шараптарды көрсөтүү менен);
- коньяктар үчүн коньяк спирттеринин жана кальвадостор үчүн кальвадос спирттеринин орточо курагы;
- шарап ичимдиктери, коктейл жана башка шарап чыгаруучу продуктулар үчүн жарактуулук мөөнөтү, 10%дан азыраак этил спиртинин көлөмдүк үлүшү;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Акциздик чогултуу же атайын маркалар менен маркировкалануучу, дүкөндөрдө пошлинасыз сатууга арналган продуктулар үчүн этикеткасында жана контрэтикеткасында "Пошлинасыз соода дүкөнүндө сатуу үчүн гана" деп көрсөтүлөт.
17. Алкоголсуз пиво өнөр жайы
1) Алкоголсуз суусундуктар жана ширелер:
- азыгынын аталышы жана анын тиби;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- көлөмү;
- куюлган датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- спиртти камтышы (даяр продуктуда этил спиртинин 0,2%дан ашуун көлөмдүк үлүшүндө);
- азыгынын составы; даамына жана жытына таасир этүүчү негизги ингредиенттердин аталышы (негизги ингредиенттердин тизмесин даярдоочу аныктайт), ошондой эле азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Кошумча төмөнкүдөй жазуулар болушу мүмкүн:
- суусундукту иштеп чыгуучу уюмдун аталышы;
- суусундуктун негиздеринин кыскача мүнөздөмөсү;
- 3.7-пунктка ылайык ушул продуктуга тиешелүү "Муздак ичкиле" деген жана башка маалыматтык жана жарнамалык мүнөздөгү жазуулар болушу мүмкүн.
2) Алкоголдук эмес суусундуктардын концентраттары жана концентрацияланган негиздери:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы же көлөмү;
- даярдалган же куюлган датасы;
- даяр суусундуктарды даярдоо боюнча рекомендациялар;
- сактоо мөөнөтү жана шарты;
- "Кургак, салкын жерде сакталат" деген жазуу (кургак концентраттар үчүн);
- азыктык баалуулугу;
- концентраттын составы;
- азыгынын аталышы жана анын тиби;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- көлөмү;
- куюлган датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- даамына жана жытына таасир этүүчү негизги ингредиенттердин аталышы (негизги ингредиенттердин тизмесин даярдоочу аныктайт);
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
- 3.7-пунктка ылайык ушул продуктуга тиешелүү рецептураны иштеп чыгуучу уюмдун аталышы жана башка маалыматтык, жарнамалык мүнөздөгү кошумча жазуулар болушу мүмкүн.
3) Алкоголдук ичимдиктердин концентраттары жана концентрацияланган негиздери:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы же көлөмү;
- куюлган датасы;
- даяр ичимдиктерди даярдоо боюнча рекомендациялар;
- даамына жана жытына таасир этүүчү негизги ингредиенттердин аталышы (негизги ингредиенттердин тизмесин даярдоочу аныктайт);
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- этил спиртинин көлөмдүк үлүшү;
- жарактуулук мөөнөтү (10%тен азыраак этил спиртинин көлөмдүк үлүшү бар продуктулар үчүн) же сактоо мөөнөтү;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
- 3.7-пунктка ылайык ушул продуктуга тиешелүү рецептураны иштеп чыгуучу уюмдун аталышы жана башка маалыматтык жана жарнамалык мүнөздөгү кошумча жазуулар болушу мүмкүн.
4) Пиво:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- баштап кайнатылган ширенин экстрактивдүүлүгүнүн чоңдугу процент менен (даамдуу жана жыттуу кошумчалары бар алкоголсуз пиво жана атайын пиво);
- этил спиртинин көлөмдүк үлүшүнүн минималдуу чоңдугу (алк..... %тен кем эмес, көлөмү же спирт .... %тен кем эмес об.");
- куюлган датасы;
- пивону даярдоодо колдонулган негизги сырьенун составы;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- жарактуулук мөөнөтү;
- сактоо шарты;
- көлөмү;
- азыктык баалуулугу;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат;
- 3.7-пунктка ылайык ушул продуктуга тиешелүү рецептураны иштеп чыгуучу уюм, ошондой эле азыкты, даярдоочуну жана заказчыны мүнөздөөчү башка маалыматтык жазууларга жол берилет.
5) Угуттуу суусундуктар, дан сырьесунан жасалган суусундуктар, алкоголу аз ичимдиктер:
- азыктын аталышы;
- ичимдиктин тиби (алкоголу аз ичимдиктер үчүн);
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- куюлган датасы (сактоо мөөнөтү белгиленген продукциялар үчүн);
- жарактуулук мөөнөтү (10%тен азыраак этил спиртинин көлөмдүк үлүшү бар продуктулар үчүн) же сактоо мөөнөтү;
- сактоо шарты;
- көлөмү;
- этил спиртинин көлөмдүк үлүшү;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- суусундуктун составы. Даамына жана жытына таасир этүүчү негизги ингредиенттердин аталышы (негизги ингредиенттердин тизмесин даярдоочу аныктайт);
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Акциздик чогултуу же атайын маркалар менен маркировкалануучу, дүкөндөрдө пошлинасыз сатууга арналган продуктулар үчүн этикетасында жана контрэтикеткасында "Пошлинасыз соода дүкөнүндө сатуу үчүн гана" деп көрсөтүлөт.
3.7-пунктка ылайык ушул продуктуга тиешелүү маалыматтык мүнөздөгү кошумча жазуулар болушу мүмкүн.
17. Жаратылыштык ичүүчү суу
- азыктын аталышы;
- түрү (артезиан, булак);
- тиби (газдалган, газдалбаган);
- булак суусунун аталышы жана жайгашкан жери (суунун аталышына кириши мүмкүн), скважинанын аталышы;
- категориясы;
- жалпы минералдаштыруу (мг/л);
- конкреттүү продукцияны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү негизги аниондорду жана катиондорду камтышы (мг/л), (даярдоочу аныктайт);
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- номиналдык көлөмү;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- куюлган датасы;
- жарактуулук мөөнөтү;
- сактоо шарты;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Маркировкалоода калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жагындагы мамлекеттик орган менен макулдашылган, балдардын тамак-ашын даярдоо үчүн ичүүчү суунун жарактуулугу жөнүндө маалыматты жазууга жол берилет.
Ооруларды дарылоого байланышкан жаратылыштык ичүүчү суунун терапиялык таасирин көрсөтүүчү белгилерди колдонууга, ошондой эле ушул ичүүчү сууга дал келбеген жана ичүүчү суунун аныктыгына кепилдик бербеген маалыматтарды жазууга жол берилбейт.
18. Жаратылыштык минерал суусу
- азыктын аталышы;
- суу булагынын аталышы жана чыккан жери, скважинанын номери;
- суунун номери, скважинанын номери же булактын аталышы;
- суунун багыты (дарылоо же дарылоо-ашканалык);
- жалпы минералдаштыруу (мг/л же г/л);
- конкреттүү продукцияны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү негизги аниондорду жана катиондорду камтышы (мг/л), (даярдоочу аныктайт);
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- номиналдык көлөмү;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- куюлган датасы;
- жарактуулук мөөнөтү;
- сактоо шарты;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат;
- тийиштүү түрдө дарылык колдонуу үчүн көрсөтмөлөр;
- чектөөлөр жөнүндө маалымат.
Минералдык суунун соодалык аталышы катары булактын же жердин, курорттун географиялык аталышы колдонулууга тийиш.
Булактын чыккан жеринин тарыхый аталышын жана ошол жерге байланыштуу өздүк ысымдарды суунун соодалык аталышы катары колдонууга жол берилет.
Соодалык аталышы ошол минералдык суунун чыккан жерине жана түзүлүшүнө карата керектөөчүнү чаташтырууга алып келбөөгү тийиш.
Жаратылыштык минералдык суу чыккан жерди бирден ашык аталыш менен атоого, ошондой эле суунун түзүлүшү тууралуу ар кандай маалыматтарды жазууга жол берилбейт. Эгерде жаратылыштык минералдык суунун аталышы ал чыккан жердин талышынан айырмаланса анда маркировкада суунун чыккан жери көрсөтүлөт. Этикеткада, ярлыктарда, каттама-баракчаларда, жарнамалык баракчада жана маалымат проспекттеринде эгерде суу ушул техникалык регламенттин талаптарына ылайык жалпы таанылган илимий методика боюнча аткарылган физика-химиялык анализдердин, клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөрдүн натыйжасында алынса суунун физиологиялык түзүлүштөрү жөнүндө маалымат жазууга жол берилет.
Этикеткага эскертүүчү белгилерди, тиешелүү дипломдор, күбөлүктөр менен тастыкталган медалдарды, көргөзмөлөргө, жарманкелерге катышкандыгы жөнүндө маалыматтарды жазууга жол берилет.
9. Ашкана суусу
- азыктын аталышы;
- тиби (газдалган, газдалбаган);
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- жалпы минералдаштыруу (мг/л или г/л);
- суунун иштетилгендиги жөнүндө маалымат (накта, тазаланган, туздук составы боюнча кондицияга жеткирилген, жасалма минералдаштырылган, фтор кошулган ж.б.);
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- номиналдык көлөмү;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- куюлган датасы;
- жарактуулук мөөнөтү;
- сактоо шарты;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Суунун дарылык түзүлүштөрүн жана жаратылыштык чыккан жерин көрсөтүүгө тыюу салынат.
Ашкана суусун маркировкалоодо суунун жаратылыштык чыккан жери жөнүндө керектөөчүнү чаташтырбоо максатында ичүүчү суу менен жабдуу булагынын географиялык орду, чыккан жери, скважинанын номери көрсөтүлбөйт, анткени иштетилгенден кийин тазаланган суунун составы булак суусунун составынан кыйла айырмаланат;
Маркировкалоодо иштетилгенден кийин сууну минералдаштыруу жана анын химиялык составы көрсөтүлөт;
Сууну бир нече булактан алган учурда минералдаштыруу жана анын химиялык составы көрсөтүлөт.
20. Арак, ликерарак ичимдиктери жана ичүүчү 95%дык спирт
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- кубаттуулугу, процент менен (этил спиртинин көлөмдүк үлүшү);
- көлөмү;
- составы. Тамак-аш сырьесунан алынуучу этил спиртинин колдонулуучу сортунун (мисалы, жогорку деңгээлде тазаланган, экстра, люкс д.у.с.), суунун болушу жана даярдоочунун каалоосу боюнча анын айырмалоочу түзүлүштөрү жана/же даярдоо ыкмалары, ошондой эле даамына жана жытына таасир этүүчү негизги ингредиенттердин аталышы (негизги ингредиенттердин тизмесин даярдоочу аныктайт); азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери көрсөтүлөт;
- 10%дан азыраак этил спиртинин көлөмдүк үлүшү бар алкоголдук ичимдиктер үчүн жарактуулук мөөнөтү;
- эгерде рецептурада кант каралса ликер арак ичимдиктери үчүн кантын салмактык концентрациясы көрсөтүлөт;
- куюу датасы этикетканын алдыңкы же арткы жагында көрсөтүлөт. Аны окууга ыңгайлуу жериндеги капкактарда жана контрэтикеткаларда же түз эле керектөө идишинде көрсөтүүгө жол;
- көпкө сакталган ликерлер үчүн "Көпкө кармалган" деген жазуу;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
Акциздик чогултуу же атайын маркалар менен маркировкалануучу, дүкөндөрдө пошлинасыз сатууга арналган продуктулар үчүн этикеткасында жана контрэтикеткасында "Пошлинасыз соода дүкөнүндө сатуу үчүн гана" деп көрсөтүлөт.
3.7-пунктка ылайык рецептураны иштеп чыккан уюмдун аталышы жана маалыматтык мүнөздөгү башка жазуулар болушу мүмкүн.
21. Балчылык продуктулары
1) Бал:
- азыктын аталышы (чыккан жери кошумчаланышы мүмкүн);
- накталыгы (нукура же жасалма);
- даярдоочунун кароосу боюнча нукура балдын түрү (ботаникалык теги);
- нукура балды чогултуу жылы же жасалма балды даярдоо датасы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы;
- кошумчалары менен накта бал үчүн (гүл чаңчасы, энелик сүт, прополис, жаңгак ж.б.) жана жасалма бал үчүн азыгынын составы;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу (100 г продуктудагы килокалориялар, көмүртектер);
- сактоо мөөнөтү жана шарты;
- таңгактоо датасы;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат;
2) Гүл чаңчасы (жаңылоо), энелик сүт жана прополис:
- азыктын аталышы;
- гүл чаңчасы үчүн ботаникалык теги (даярдоочунун каалоосу боюнча);
- чогултулган жылы;
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы;
- сактоо мөөнөтү жана шарты;
- таңгактоо датасы;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
23. Крахмал и крахмал продуктулары
- азыктын аталышы жана түрү;
- сорту (болсо);
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы;
- азыктын составы;
- азыктык баалуулугу;
- сактоо шарты;
- таңгактоо датасы;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат.
22. Диетикалык тамак-аш азыктары
- азыктын аталышы бул азыкты диетикалык тамак-аш үчүн арналгандыгын чагылдырууга тийиш. Ал негизги ингредиентке шайкеш келип, азыгынын консистенциясын чагылдырышы керек.
- даярдоочунун аталышы жана юридикалык дареги (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги жана юридикалык дареги дал келбесе аймагында керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн жана уюмдардын дареги) (болсо);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто салмагы же көлөмү;
- азыктын составы;
- азыктык баалуулугу;
- витаминдерди, минералдык заттарды камтышы (алар кошулса);
- керектөө таңгакчасын ачканга чейин жана андан кийин сактоо шарты;
- жарактуулук мөөнөтү;
- даярдоо ыкмасы (зарыл болсо);
- даярдоо жана таңгактоо датасы;
- колдонуу багыты жана шарты (зарыл болсо);
- шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалымат;
- азыкты ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши.
2-тиркеме
┌──────────────────────────────────────┬──────────────────────────────┐
│ Класстары │ Класстардын аталышы │
├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│Олифка майынан тышкары рафинаддалган │"Май" деген сөз тийиштүүлүгүнө│
│май │жараша "гидрогенизирленген" же│
│ │"айрым гидрогенизирленген" │
│ │термини менен аныкталуучу │
│ │"өсүмдүк" же "малдын" деген │
│ │терминдер менен бирдикте │
├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│Рафинаддалган майлар │Конкреттүү учурларга жараша │
│ │"Май" деген сөз "өсүмдүк" же │
│ │"малдын" деген терминдер менен│
│ │бирдикте │
├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│Химиялык жактан модификацияланган │"Крахмал" │
│крахмалдардан тышкары крахмалдар │ │
├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│Балык башка тамак-аш азыктарынын │"Балык" │
│ингредиенти болсо жана мындай тамак-аш│ │
│продуктусун маркировкалоодо балыктын │ │
│конкреттүү түрү эскертилбесе балыктын │ │
│бардык түрү │ │
├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│Канаттуулар эти башка тамак-аш │"Канаттуулар эти" │
│азыктарынын ингредиенти болсо жана │ │
│мындай тамак-аш продуктусун │ │
│маркировкалоодо канаттуулар этинин │ │
│конкреттүү түрү эскертилбесе │ │
│канаттуулар этинин бардык түрү │ │
├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│Сыр же анын аралашмасы башка тамак-аш │"Сыр" │
│азыктарынын ингредиенти болсо жана │ │
│мындай тамак-аш продуктусун │ │
│маркировкалоодо сырдын конкреттүү түрү│ │
│эскертилбесе сырдын бардык түрү │ │
├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│Тамак-аш продуктусунда салмагы боюнча │"Даамдуу татымал", │
│же өзүнчө же комбинацияда камтылышы │"татымалдар" же "татымалдын │
│2%тен ашпаган таттуулардын же │кошулмасы", конкреттүү │
│экстракттардын бардык түрү │учурларга жараша │
├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│Тамак-аш продуктусунда салмагы боюнча │Конкреттүү учурларга жараша │
│же өзүнчө же комбинацияда камтылышы │"чөптөр" же "чөптүн бөлүгү" │
│2%тен ашпаган бардык чөптөр же чөптүн │ │
│бөлүгү │ │
├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│Чайноочу сагыздар үчүн гумминегиздерди│"Гумминегиздер" │
│даярдоодо колдонулуучу чайырлардан │ │
│алынган препараттардын бардыгы │ │
├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│Ширедеги канттын бардык түрү │"Кант" │
│Ангидриддик глюкоза и моногидрат │"Декстроз" же "глюкоза" │
├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│глюкозалар │ │
├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│казеинаттардын бардык түрү │"Казеинаттар" │
├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│Сүт белогу │Кургак затта кеминде 50%ды │
│ │камтыган сүт азыктары (салмагы│
│ │боюнча)(*) │
├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│Транспортердук ныктагыч менен │"Какао майы" │
│ныкталган же рафинаддалган какао майы │ │
├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│Тамак-аш продуктусунда камтылышы │"Кондирленген мөмөлөр" │
│10%тен ашпаган бардык кондирленген │ │
│мөмөлөр │ │
└──────────────────────────────────────┴──────────────────────────────┘
(*) Сүт белогун камтуу эсеби: Кьельдалю х 6,38 боюнча азотту камтышы.