Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-июлу №380
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-6.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-берененин 4-пунктундагы "эки айдан" деген сөздөр "бир айдан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонулуп жаткан редакция │ Сунушталган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│9-статья. Техникалык │9-статья. Техникалык │
│ регламенттерди иштеп │ регламенттерди иштеп │
│ чыгуунун тартиби │ чыгуунун тартиби │
│ │ │
│1. Кандай гана жеке же юридикалык │1. Кандай гана жеке же юридикалык │
│жак болбосун техникалык │жак болбосун техникалык │
│регламенттин долбоорун иштеп │регламенттин долбоорун иштеп │
│чыгуучу (тапшырыкчы) боло алат. │чыгуучу (тапшырыкчы) боло алат. │
│2. Техникалык регламенттин │2. Техникалык регламенттин │
│долбоорун иштеп чыгуучу │долбоорун иштеп чыгуучу │
│(тапшырыкчы) өзүнүн эсебинен │(тапшырыкчы) өзүнүн эсебинен │
│техникалык регламенттин долбоорун │техникалык регламенттин долбоорун │
│иштеп чыккандыгы тууралу │иштеп чыккандыгы тууралу │
│кабарламаны Кыргыз Республикасынын│кабарламаны Кыргыз Республикасынын│
│Өкмөтүнүн расмий басма сөз │Өкмөтүнүн расмий басма сөз │
│басылмасында жана жалпы │басылмасында жана жалпы │
│пайдалануудагы электрондук │пайдалануудагы электрондук │
│маалыматтык тутумга жарыялайт. │маалыматтык тутумга жарыялайт. │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │
│расмий басма сөз басылмасы │расмий басма сөз басылмасы │
│техникалык регламенттин долбоорун │техникалык регламенттин долбоорун │
│иштеп чыккандыгы жөнүндө иштеп │иштеп чыккандыгы жөнүндө иштеп │
│чыгуучу (тапшырыкчы) тарабынан │чыгуучу (тапшырыкчы) тарабынан │
│берилген кабарламаны ал келип │берилген кабарламаны ал келип │
│түшкөн учурдан тартып отуз күндүн │түшкөн учурдан тартып отуз күндүн │
│ичинде жарыялоого милдеттүү. │ичинде жарыялоого милдеттүү. │
│3.Техникалык регламенттин долбоору│3. Техникалык регламенттин │
│тууралу кабарламада иштелип чыккан│долбоору тууралу кабарламада │
│техникалык регламент кандай │иштелип чыккан техникалык │
│продукцияга, жана/же аны менен │регламент кандай продукцияга, │
│байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү │жана/же аны менен байланышкан │
│кошкондо), өндүрүү, куруу, │долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), │
│монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, │өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө,│
│сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү│сактоо, ташуу, сатуу, ишке │
│процесстери жайылтыла тургандыгы │киргизүү, утилдештирүү процесстери│
│жөнүндөгү маалымат, аны иштеп │жайылтыла тургандыгы жөнүндөгү │
│чыгуу зарылдыгынын негиздемеси, │маалымат, аны иштеп чыгуу │
│документтин түзүмү, эл аралык │зарылдыгынын негиздемеси, │
│стандарттарга, ченемдерге жана │документтин түзүмү, эл аралык │
│эрежелерге шайкештиги (шайкеш │стандарттарга, ченемдерге жана │
│эместиги), ошондой эле Кыргыз │эрежелерге шайкештиги (шайкеш │
│Республикасынын аймагында │эместиги), ошондой эле Кыргыз │
│колдонулуучу талаптардан, дагы │Республикасынын аймагында │
│башка техникалык регламенттерден │колдонулуучу талаптардан, дагы │
│айырмачылыгы тууралу маалыматтар │башка техникалык регламенттерден │
│камтылууга тийиш. │айырмачылыгы тууралу маалыматтар │
│4. Техникалык регламентти иштеп │камтылууга тийиш. │
│чыгуучу (тапшырыкчы) таламдаш │4. Техникалык регламентти иштеп │
│жактардын суроо-талабы боюнча │чыгуучу (тапшырыкчы) таламдаш │
│аларды талкуулоо үчүн жазуу │жактардын суроо-талабы боюнча │
│жүзүндө сын-пикирлерин даярдап │аларды талкуулоо үчүн жазуу │
│алышы үчүн кабарлама жарыяланган │жүзүндө сын-пикирлерин даярдап │
│учурдан баштап, техникалык │алышы үчүн кабарлама жарыяланган │
│регламенттин долбоорун алуусун │учурдан баштап, техникалык │
│камсыз кылышы керек. Техникалык │регламенттин долбоорун алуусун │
│регламенттин долбоорун │камсыз кылышы керек. Техникалык │
│талкуулоонун мөөнөтү [эки айдан] │регламенттин долбоорун │
│кем болбоого тийиш. │талкуулоонун мөөнөтү БИР АЙДАН кем│
│5. Иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) │болбоого тийиш. │
│таламдаш жактар, алардын арасында │5. Иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) │
│кандай гана юридикалык жактар, │таламдаш жактар, алардын арасында │
│жекече ишкерлер, иштери техникалык│кандай гана юридикалык жактар, │
│регламентти колдонуу чөйрөсү менен│жекече ишкерлер, иштери техникалык│
│түздөн-түз байланышта болгон │регламентти колдонуу чөйрөсү менен│
│юридикалык жактардын бирикмелери │түздөн-түз байланышта болгон │
│(бирликтери, ассоциациялары) │юридикалык жактардын бирикмелери │
│болушу мүмкүн, алар менен │(бирликтери, ассоциациялары) │
│техникалык регламенттин долбоорун │болушу мүмкүн, алар менен │
│талкуулашына жараша жазуу │техникалык регламенттин долбоорун │
│жүзүндөгү сын-пикирлерин жана │талкуулашына жараша жазуу │
│сунуштарын эске алуу менен аны │жүзүндөгү сын-пикирлерин жана │
│жеткире иштөөнү камсыз кылат жана │сунуштарын эске алуу менен аны │
│пикир келишпөөчүлүктүн тизмегин │жеткире иштөөнү камсыз кылат жана │
│түзөт. │пикир келишпөөчүлүктүн тизмегин │
│6. Иштеп чыгуучу тарабынан │түзөт. │
│кабарлама жарыялоо таламдаш жактар│6. Иштеп чыгуучу тарабынан │
│менен техникалык регламенттин │кабарлама жарыялоо таламдаш жактар│
│долбоорун талкуулоо, пикир │менен техникалык регламенттин │
│келишпөөчүлүктүн (алар болгондо) │долбоорун талкуулоо, пикир │
│тизмегин даярдоо жол-жоболору │келишпөөчүлүктүн (алар болгондо) │
│аткарылгандан кийин техникалык │тизмегин даярдоо жол-жоболору │
│жөнгө салуунун долбоорлору │аткарылгандан кийин техникалык │
│экспертиза жүргүзүү боюнча ыйгарым│жөнгө салуунун долбоорлору │
│укуктуу орган болгон техникалык │экспертиза жүргүзүү боюнча ыйгарым│
│жөнгө салуу боюнча эксперттик │укуктуу орган болгон техникалык │
│комиссияларга берилет. │жөнгө салуу боюнча эксперттик │
│Теңдештик башталыштагы эксперттик │комиссияларга берилет. │
│комиссиянын курамына аткаруу │Теңдештик башталыштагы эксперттик │
│бийлик органдарынын, │комиссиянын курамына аткаруу │
│илимий-техникалык уюмдардын, │бийлик органдарынын, │
│ишкерлердин бирикмелеринин жана │илимий-техникалык уюмдардын, │
│керектөөчүлөрдүн өкүлдөрү кирет. │ишкерлердин бирикмелеринин жана │
│Эксперттик комиссияны түзүүнүн │керектөөчүлөрдүн өкүлдөрү кирет. │
│тартиби жана анын иши Кыргыз │Эксперттик комиссияны түзүүнүн │
│Республикасынын Өкмөтү тарабынан │тартиби жана анын иши Кыргыз │
│бекитилет. Техникалык жөнгө салуу │Республикасынын Өкмөтү тарабынан │
│боюнча ыйгарым укуктуу орган │бекитилет. Техникалык жөнгө салуу │
│эксперттик комиссиянын жекече │боюнча ыйгарым укуктуу орган │
│курамын бекитет жана алардын │эксперттик комиссиянын жекече │
│иштешин камсыз кылат. Эксперттик │курамын бекитет жана алардын │
│комиссиянын жыйналышы ачык болот. │иштешин камсыз кылат. Эксперттик │
│7. Эксперттик комиссияга │комиссиянын жыйналышы ачык болот. │
│экспертиза жүргүзүү үчүн │7. Эксперттик комиссияга │
│техникалык регламенттин долбоору, │экспертиза жүргүзүү үчүн │
│түшүндүрмө каттар жана │техникалык регламенттин долбоору, │
│финансы-экономикалык негиздемелер │түшүндүрмө каттар жана │
│берилет, аларда иштеп чыгуунун │финансы-экономикалык негиздемелер │
│техникалык регламентти кабыл │берилет, аларда иштеп чыгуунун │
│алуунун максатка ылайыктуулугунун │техникалык регламентти кабыл │
│же эл аралык стандарттарга, │алуунун максатка ылайыктуулугунун │
│ченемдер менен эрежелерге шайкеш │же эл аралык стандарттарга, │
│келбешинин негиздемеси, ошондой │ченемдер менен эрежелерге шайкеш │
│эле эл аралык стандарттардан, │келбешинин негиздемеси, ошондой │
│ченемдер менен эрежелерден │эле эл аралык стандарттардан, │
│четтөөнүн жана пикир │ченемдер менен эрежелерден │
│келишпөөчүлүктүн себептеринин │четтөөнүн жана пикир │
│(алар болгондо) тизмеги камтылат. │келишпөөчүлүктүн себептеринин │
│Эксперттик комиссиянын корутундусу│(алар болгондо) тизмеги камтылат. │
│милдеттүү түрдө техникалык жөнгө │Эксперттик комиссиянын корутундусу│
│салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган│милдеттүү түрдө техникалык жөнгө │
│тарабынан иштеп чыгуучуга │салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган│
│(тапшырыкчыга) жиберилет. │тарабынан иштеп чыгуучуга │
│ │(тапшырыкчыга) жиберилет. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘