Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-июлу №383
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451, 2015-жылдын 27-январы № 26, 2015-жылдын 23-октябры № 730 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Облустардын жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары системалык администраторлорунун штаттык бирдиктерин, анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын системалык администраторлорунун штаттык бирдиктерин, тийиштүү уюштуруу техникасын жана эмерегин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүп беришсин, ошондой эле аларды жумушчу кабинеттери менен камсыздашсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен төмөнкүлөрдүн эмгек акысын төлөө фондусун каржылоону камсыз кылсын:
ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык штаттык бирдиктери өткөрүлүп берилген системалык администраторлордун;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрүнүн;
- системалык администраторлорду жана атайын өкүлдөрдү күтүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо бөлүгү боюнча "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкү чараларды көрүү сунушталсын:
- өзүнүн штаттык расписаниесине системалык администраторлордун жана атайын өкүлдөрдүн штаттык бирдиктерин киргизүү боюнча;
- киргизилген штаттык бирдиктерге облустардын жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын иштеп жаткан системалык администраторлорун, анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын системалык администраторлорун которуу боюнча.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык 2011-жылдын 14-июлуна чейинки мөөнөттө шайлоочулардын жаңыртылган тизмесин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүп берүү сунушталсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун № 1 тиркемесинде:
"Системалык администратор" позициясы алып салынсын;
"Бардыгы" позициясынын "54" саны "53" санына алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун № 2 тиркемесинде:
"Системалык администратор" позициясы алып салынсын;
"Бардыгы" позициясынын "64" саны "63" санына алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун № 3 тиркемесинде:
"Системалык администратор" позициясы алып салынсын;
"Бардыгы" позициясынын "55" саны "54" санына алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун № 4 тиркемесинде:
"Системалык администратор" позициясы алып салынсын;
"Бардыгы" позициясынын "54" саны "53" санына алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун № 5 тиркемесинде:
"Системалык администратор" позициясы алып салынсын;
"Бардыгы" позициясынын "62" саны "61" санына алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун № 6 тиркемесинде:
"Системалык администратор" позициясы алып салынсын;
"Бардыгы" позициясынын "53" саны "52" санына алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун № 7 тиркемесинде:
"Системалык администратор" позициясы алып салынсын;
"Бардыгы" позициясынын "62" саны "61" санына алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун № 8 тиркемесинде:
"Системалык администратор" позициясы алып салынсын;
"Баткен" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "20" саны
"19" санына алмаштырылсын;
"Кадамжай" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "24" саны
"23" санына алмаштырылсын;
"Лейлек" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны
"20" санына алмаштырылсын;
"Жыйынтыгы" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "65" саны "62"
санына алмаштырылсын;
"Бардыгы" позициясы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бардыгы 62 штаттык бирдик, анын ичинде жооптуу кызматкерлер 53.";
- жогоруда аталган токтомдун № 9 тиркемесинде:
"Системалык администратор" графасы алып салынсын;
"Аксы" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Ала-Бука" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Базар-Коргон" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "22" саны "21" санына алмаштырылсын;
"Ноокен" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Сузак" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "24" саны "23" санына алмаштырылсын;
"Тогуз-Торо" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Токтогул" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Чаткал" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "20" саны "19" санына алмаштырылсын;
"Жыйынтыгы" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "171" саны "163" санына алмаштырылсын;
"Бардыгы" позициясы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Бардыгы 163 шаттык бирдик, анын ичинде жооптуу кызматкерлер 139.";
- жогоруда аталган токтомдун № 10 тиркемесинде:
"Системалык администратор" графасы алып салынсын;
"Ак-Суу" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "23" саны "22" санына алмаштырылсын;
"Жети-Өгүз" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Ысык-Көл" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Түп" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "22" саны "21" санына алмаштырылсын;
Тоң" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы " "20" саны "19" санына алмаштырылсын;
"Жыйынтыгы" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "107" саны "102" санына алмаштырылсын;
"Бардыгы" позициясы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Бардыгы 102 шаттык бирдик, анын ичинде жооптуу кызматкерлер 87.";
- жогоруда аталган токтомдун № 11 тиркемесинде:
"Системалык администратор" графасы алып салынсын;
"Ак-Талаа" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Ат-Башы" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Жумгал" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Кочкор" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Нарын" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Жыйынтыгы" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "105" саны "100" санына алмаштырылсын;
"Бардыгы" позициясы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Бардыгы 100 шаттык бирдик, анын ичинде жооптуу кызматкерлер 85.";
- жогоруда аталган токтомдун № 12 тиркемесинде:
"Системалык администратор" графасы алып салынсын;
"Алай" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "20" саны "19" санына алмаштырылсын;
графасындагы "Араван" позициясынын "Жыйынтыгы" "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Кара-Суу" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "24" саны "23" санына алмаштырылсын;
"Кара-Кулжа" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "20" саны "19" санына алмаштырылсын;
"Ноокат" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "23" саны "22" санына алмаштырылсын;
"Өзгөн" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "23" саны "22" санына алмаштырылсын;
"Чоң Алай" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "19" саны "18" санына алмаштырылсын;
"Жыйынтыгы" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "150" саны "143" санына алмаштырылсын;
"Бардыгы" позициясы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Бардыгы 143 шаттык бирдик, анын ичинде жооптуу кызматкерлер 122.";
- жогоруда аталган токтомдун № 13 тиркемесинде:
"Системалык администратор" графасы алып салынсын;
"Бакай-Ата" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "20" саны " 19" санына алмаштырылсын;
"Кара-Буура" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "20" саны "19" санына алмаштырылсын;
"Манас" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "20" саны "19" санына алмаштырылсын;
"Талас" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "20" саны "19" санына алмаштырылсын;
"Жыйынтыгы" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "80" саны "76" санына алмаштырылсын;
"Бардыгы" позициясы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Бардыгы 76 шаттык бирдик, анын ичинде жооптуу кызматкерлер 64.";
- жогоруда аталган токтомдун № 14 тиркемесинде:
"Системалык администратор" графасы алып салынсын;
"Сокулук" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "25" саны "24" санына алмаштырылсын;
"Панфилов" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Москва" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "23" саны "22" санына алмаштырылсын;
"Кемин" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Ысык-Ата" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "26" саны "25" санына алмаштырылсын;
"Аламүдүн" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "25" саны "24" санына алмаштырылсын;
"Жайыл" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "24" саны "23" санына алмаштырылсын;
"Чүй" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "21" саны "20" санына алмаштырылсын;
"Жыйынтыгы" позициясынын "Жыйынтыгы" графасындагы "186" саны "178" санына алмаштырылсын;
"Бардыгы" позициясы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Бардыгы 178 шаттык бирдик, анын ичинде жооптуу кызматкерлер 154.";
7. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-октябры № 730 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
8. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-январы № 26 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жана финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-июлу №383
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451, 2015-жылдын 27-январы № 26, 2015-жылдын 23-октябры № 730, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 413 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Облустардын жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары системалык администраторлорунун штаттык бирдиктерин, анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын системалык администраторлорунун штаттык бирдиктерин, тийиштүү уюштуруу техникасын жана эмерегин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүп беришсин, ошондой эле аларды жумушчу кабинеттери менен камсыздашсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен төмөнкүлөрдүн эмгек акысын төлөө фондусун каржылоону камсыз кылсын:
ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык штаттык бирдиктери өткөрүлүп берилген системалык администраторлордун;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрүнүн;
- системалык администраторлорду жана атайын өкүлдөрдү күтүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо бөлүгү боюнча "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкү чараларды көрүү сунушталсын:
- өзүнүн штаттык расписаниесине системалык администраторлордун жана атайын өкүлдөрдүн штаттык бирдиктерин киргизүү боюнча;
- киргизилген штаттык бирдиктерге облустардын жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын иштеп жаткан системалык администраторлорун, анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын системалык администраторлорун которуу боюнча.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык 2011-жылдын 14-июлуна чейинки мөөнөттө шайлоочулардын жаңыртылган тизмесин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүп берүү сунушталсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 413 токтомуна ылайык күчүн жоготту)