Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-июлу №385/13-2
2011-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-июлундагы № 363-б буйругу менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргызстан профсоюздар федерациясы жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелеринин ортосундагы Башкы макулдашууга ылайык балдарды эс алуусун уюштуруу жана ден соолугун чыңдоо бөлүгүндө 2011-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча иш-чараларды өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана профсоюз органдарынын жетекчилери:
- жайкы мезгилде уюшкандыкта эс алууга балдардын көбүрөөк тартылышын камсыз кылышсын;
- көп тараптуу макулдашууларда жана түзүлгөн жамааттык келишимдерде балдардын эс алуусунун жана ден соолугун чыңдоонун системасына мамлекеттик жана башка колдоону көрсөтүүнү. балдардын ден соолугун чыңдоо тармагын сактоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу чараларды карашсын;
- балдардын эс алуу индустриясын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык жана башка ишкердик ишке ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги менен бирдикте 2010-жылдын апрель, май жана июнь айларында болгон окуялардын учурунда каза болгон, жабыр тарткан жана дайынсыз жоголгон республиканын жарандарынын балдарынын жайкы эс алуусун уюштурууну камсыз кылышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги төмөнкүлөр менен бирдикте:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте тарбия берүү процессин өнүктүрүүнү колдоо, ошондой эле балдардын дене тарбия деңгээлин жогорулатуу жана билим берүүчү, мектептен тышкаркы жана спорт уюмдарында спорт менен машыгуу, туризм, сергек жашоо мүнөзүн көндүмдөрүнө үйрөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында мектеп алдындагы балдар аянтчаларын, мугалимдер, тарбиячылар жана дене тарбия мугалимдери үчүн семинарларды өткөрүүнү уюштурушсун;
- өкмөттүк эмес уюмдар жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциялары менен бирдикте калктын социалдык жактан аялуу катмарларынын балдарын жана девианттык жүрүм-турумдагы балдарды жайкы эс алууну уюштурууга тартууну камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, камкорчулуктагы жана көзөмөлчүлүктөгү, асырап алган үй-бүлөдөгү балдардын, жетим балдардын, тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж оорулуу балдардын, ошондой эле 2010-жылдын апрель, май жана июнь айларында болгон окуялардын учурунда республиканын каза болгон, жабыр тарткан жана дайынсыз жоголгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнүн балдарынын ден соолуктарын чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн каралган каражатты өз убагында каржылоону камсыз кылсын;
- балдардын ден соолугун чыңдоого каралган каражаттарды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу Кыргызстан профсоюздар федерациясына транзит менен жиберсин.
4. Кыргызстан профсоюздар федерациясы:
- балдардын ден соолукту чындоочу борборлоруна балдардын топторун ташууда автобустардын колонналарын коштоп жүргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын кызматтарына акыны өз убагында төлөөнү жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине ден соолукту чындоочу борборлорду педагогикалык жана медициналык кадрлар, техникалык жана тейлөөчү кызматкерлер менен өз убагында комплектөөнү, ошондой эле балдарды ташуунун коопсуздугун жана тейлөөнү, зарыл болгон укук тартибин камсыз кылуу максатында алардын жайгашкан жери, сменанын саны, баруунун жана кетүүнүн графиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен алардын тизмесин берсин;
- он күндүк мөөнөттө балдардын ден соолукту чыңдоочу борборлорун паспорттоштуруу жана алардын балдарды кабыл алууга даярдыгы жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- тейлөөчү кызматкерлердин (ашпозчулар, тарбиячылар, вожатыйлар) медициналык кароодон өтүшүн жана алардын санитардык минимумду тапшырышын контролдоону, ошондой эле ичүүчү суунун жана тамак-аш азыктарынын сапатына лабораториялык контролдоону тандап жүргүзүүнү камсыз кылсын;
- шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн балдардын ден соолукту чыңдоочу борборлоруна саламаттык сактоонун тиешелүү аймактык уюмдарын бекитип берсин;
- балдарды жана өспүрүмдөрдү ден соолукту чыңдоо борборлоруна жиберүүнүн алдында жугуштуу оорулуулар менен байланышы жоктугу жөнүндө маалымкат берүү менен аларды медициналык кароодон өткөрүүнү камсыз кылсын;
- социалдык жактан кооптуу топтогу балдарды жана өспүрүмдөрдү токсикоманияга текшерүүнү камсыз кылсын;
- балдардын ден соолукту чыңдоочу борборлорунун кызматкерлеринин медициналык комиссиядан акысыз өтүүсүн камсыз кылсын;
- ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан балдардын ден соолукту чыңдоо борборлорунун, ошондой эле балдар мектептерде күндүз болуучу мектеп алдындагы лагерлердин санитардык абалына контролдукту камсыз кылсын.
6. Ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан балдардын ден соолукту чыңдоо борборлорунун жетекчилерине медициналык пункттарды уюштуруп, аларды зарыл дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен талапка ылайык камсыз кылуу сунушталсын.
7. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр" жана "Түндүк электр" ачык акционердик коомдорунун бөлүштүрүүчү компаниялары менен бирдикте балдардын жайкы эс алуусунун мезгилинде балдардын ден соолукту чыңдоочу борборлорун электр энергиясы менен камсыз кылууда үзгүлтүктөргө жол бербөө боюнча чараларды көрүү сунуш кылышсын.
8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- балдар түшкөн автобустардын уюштурулган колонналарын коштоп жүрүүнүн убагында жол кыймылынын коопсуздугун жана ден соолукту чыңдоочу мекемелердеги укук тартибин камсыз кылсын. Коштоп жүрүү акы төлөмө кызматтардын тарифтерине ылайык ишке ашырсын;
- балдарды ташуу үчүн тажрыйбалуу айдоочуларды тартуу менен автотранспорттун техникалык абалына контролду күчөтсүн.
9. Тиркемеге ылайык 2011-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча Республикалык штаб түзүлсүн.
10. 2011-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча Республикалык штаб 2011-жылдын 1-ноябрына чейин ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргызстан профсоюздар федерациясына берсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Төрагасы |
К.Осмонов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице- премьер-министри, штабдын жетекчиси;
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы, штабдын жетекчисинин орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин статс-катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү жана маданият бөлүмүнүн башчысы.