Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-июлу№386
"ЭСК Банк" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-октябрындагы № 598 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларынын жүрүшүндө жабыр тарткан ишкерлерге жеңилдетилген кредит берүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-октябрындагы № 598 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- "ЭСК Банк" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын 897,0 млн. сом суммасына көбөйтүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырсын;
- жыл сайын "ЭСК Банк" ачык акционердик коомунун таза пайдасынын 50 пайызы өзүнүн уставдык капиталын көбөйтүүгө жана таза пайдасынын 50 пайызы дивиденд катары Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине багытталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-октябрындагы № 598 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-октябрындагы № 598 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана "ЭСК Банк" ачык акционердик коомун капиталдаштыруу аяктаганга чейин колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-октябрындагы № 598 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | А.Атамбаев |