Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-июлу№386
"ЭСК Банк" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларынын жүрүшүндө жабыр тарткан ишкерлерге жеңилдетилген кредит берүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "ЭСК Банк" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү үчүн 897,0 млн.сом издеп тапсын жана бөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
- "ЭСК Банк" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын 897,0 млн. сом суммасына көбөйтүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырсын;
- жыл сайын "ЭСК Банк" ачык акционердик коомунун таза пайдасынын 100 пайызын дивиденд катарында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которуп турсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-июлу№386
"ЭСК Банк" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-октябрындагы № 598 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларынын жүрүшүндө жабыр тарткан ишкерлерге жеңилдетилген кредит берүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-октябрындагы № 598 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- "ЭСК Банк" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын 897,0 млн. сом суммасына көбөйтүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырсын;
- жыл сайын "ЭСК Банк" ачык акционердик коомунун таза пайдасынын 50 пайызы өзүнүн уставдык капиталын көбөйтүүгө жана таза пайдасынын 50 пайызы дивиденд катары Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине багытталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-октябрындагы № 598 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-октябрындагы № 598 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана "ЭСК Банк" ачык акционердик коомун капиталдаштыруу аяктаганга чейин колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-октябрындагы № 598 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | А.Атамбаев |