Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 409 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-июлу №388
"Пивонун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15, 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген "Пивонун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (мындан ары - Техникалык регламент) бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин "Алкоголдук продукциялардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин колдонулат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15, 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Министрликтер, ведомстволор өз чечимдерин ушул токтом менен бекитилген Техникалык регламентке ылайык келтиришсин.
Премьер-министри | А.Атамбаев |