Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы №393 «Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 393
Кабыл алынган
2011-жылдын 15-июлу
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Каттоо жана жарыялоо

Реестрде
2011-жылдын 18-июлу

Реестрде

Минюст коду
95121

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция15.07.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

 

2011-жылдын 15-июлу №393

"Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Түркия тарапка билдирсин.

 

3-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.