Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-июлу №394
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун аймагында жайгашкан жер участкасын "Баткеннефтегаз" ачык акционердик коомуна берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5 жана 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги №261 "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районундагы 472,25 га жайытты, анын ичинен Ак-Турпак айыл округунан - 348,0 га, Кыргыз-Кыштак айыл округунан - 18,5 га жана Алга айыл округунан 105,75 га жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги берген нефтигаз кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын (2008-жылдын 9-сентябрындагы № 930-НЕ, № 931-НЕ, № 932-НЕ) жарактуулук мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга "Чаур-Яркутан", "Сары-Камыш-Сары-Ток" жана "Түндүк жана Түштүк Риштан" нефтигаз кендерин "Баткеннефтегаз" ачык акционердик коомуна ижара шарттарында берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер лицензиялардын жарактуулук мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга "Чаур-Яркутан", "Сары-Камыш-Сары-Ток" жана "Түндүк жана Түштүк Риштан" нефтигаз кендерин иштетүү үчүн "Баткеннефтегаз" ачык акционердик коомуна ижара шарттарында берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын "Баткеннефтегаз" ачык акционердик коомунун төлөшүн;
ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына "Баткеннефтегаз" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун Ак-Турпак, Кыргыз-Кыштак жана Алга айыл өкмөттөрү менен ижара келишимин түзүүсүн;
"Баткеннефтегаз" ачык акционердик коомун белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттендирсин:
бөлүнүүчү жер участкаларына экологиялык жана техникалык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана пайдалануу бөлүгүндө эксперттик корутундулар менен тиешелүү долбоордук документтерди иштеп чыгууну;
нефтигаз кенин казып алуу боюнча иштер аяктагандан кийин жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|