Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-июлу №397
"2011-жылдын 15-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2011-жылдын 15-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
2011-жылдын 15-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Пакистан тарапка кабарласын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|