Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-июнундагы №344 токтому менен бекитилген |
Депозитардык иш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык депозитарийлердин иш кызматтарынын укуктук негизин аныктайт жана Кыргыз Республикасындагы депозитардык иштин өзгөчөлүктөрүн белгилейт.
2. Депозитардык ишти жүргүзүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелер ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылды:
баалуу кагаздарды тапшыруу - депо эсептери боюнча которуу же болбосо аларды нака берүү жолу менен баалуу кагаздарга болгон укукту өткөрүп берүү;
баалуу кагаздарынын менчик ээси - баалуу кагаздар менчик укугунда таандык болгон адам;
депозитардык тейлөө келишими (мындан ары - депозитардык келишим) депозитардык иштин жүрүшүндө депозитар менен депоненттин мамилелерин жөнгө салуучу алардын ортосундагы келишим;
депо эсеби - депоненттердин реквизиттерин каттоону, анын баалуу кагаздарынын/акча каражаттарынын жана анын кардарларынын баалуу кагаздарынын/акча каражаттарынын эсебин алууну, ошол баалуу кагаздар менен бекемделген укукту аныктоону камсыз кылган депозитарийдин эсептик регистрлериндеги жазуулардын жыйындысы;
депозитарийдин ички документтери - депозитарийлик операцияларды жана алардын эсебин жүргүзүүнүн белгиленген эрежелерин жана стандарттарын камтыган депозитардык жана аны менен кошо жүрүүчү ишти жасоо боюнча депозитарий бекиткен документтер;
баалуу кагаздарды сактоо - сактоого ишенилип берилген баалуу кагаздардын сакталышын камсыз кылуу боюнча депозитарийдин кызматы;
депозитарийдин тапшырмасы - депозитарийдин нускамасын камтыган жана депозитардык операцияларды же депозитардык операциялар менен байланышкан топторду аткаруу үчүн негиз катары кызмат кылган документ.
2. Депозитарийлерге коюлуучу талаптар
4. Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздар боюнча кесиптик ишти жүргүзүү укугуна берген тиешелүү лицензиянын негизинде юридикалык жак гана депозитарийдин ишин жүргүзө алат.
5. Инвестициялык фонддун депозитарийинин ишинин өзгөчөлүгү "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.
6. Депозитарийдин иш милдети болуп саналат:
1) баалуу кагаздарды (документтештирилген баалуу кагаздарды жана баалуу кагаздардын сертификаттарын) жана депоненттердин акча каражаттарын сактоо;
2) баалуу кагаздарга ээлик кылуу менен байланышкан маалыматтарды эмитенттен (реестр кармоочудан) депоненттерге/депоненттердин кардарларына (мындан ары - кардар) жана депоненттерден (кардарлардан) баалуу кагаздардын эмитентине (реестр кармоочуга) берүү;
3) депоненттин тапшырмасы менен депозитарийде сакталган баалуу кагаздар боюнча кирешелерди алып, кийин аларды депоненттердин/кардарлардын акча эсептерине которуу;
4) депоненттердин (кардарлардын) баалуу кагаздарынын милдеттенме оордуктарынын (башкача айтканда аларды күрөөгө койгон учурда баалуу кагаздарга коюлган милдеттенмелерди), ошондой эле милдеттенмелердин токтотулушунун эсебин алуу;
5) депоненттердин (кардарлардын) баалуу кагаздарын жана акча каражаттарын которуу жана алуу боюнча тапшырмаларын аткаруу;
6) депоненттердин (кардарлардын) тапшырмасы боюнча баалуу кагаздардын сертификаттарын үчүнчү жакка өткөрүп берүү;
7) баалуу кагаздардын сертификаттарынын аныктыгын текшерүү;
8) баалуу кагаздарды инкассациялоо жана ташуу;
9) баалуу кагаздардын сертификаттарын аларды жүгүртүүнүн шарттарына ылайык жүгүртүүдөн алып салуу;
10) баалуу кагаздар менен жасалган операцияларды каттоо;
11) номиналдык кармоочу катары иш жүргүзүү;
12) депоненттердин (кардарлардын) баалуу кагаздар жана акча каражаттар боюнча тапшырмаларынын аткарылышын контролдоо;
13) баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучуну тейлөө - баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучуда тооруктардын жыйынтыктары боюнча баалуу кагаздарга болгон укукту өткөрүп берүү;
14) баалуу кагаздар менен жасалган операциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү.
7. Депоненттерге (кардарларга) депозитарий көрсөткөн баардык кызматтардын түрлөрү депозитарийдин ички документтерине жана депозитардык келишимге ылайык жүргүзүлөт.
3. Депозитарийдин ишинин шарттары жана тартиби
8. Депозитарийдин кесипкөйлүк ишин жөнгө салган баардык ички документтер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келиши керек.
9. Депозитарий эсеп системасынын жана баалуу кагаздар жана акча каражаттары менен жасалган депозитардык операциялар боюнча отчеттордун бүтүндүгү менен корголушун камсыз кылууга милдеттүү.
10. Депозитарийдин ишине контролдукту баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзөт.
11. Депозитарий баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчетту Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте берет.
12. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн депозитарий Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Депозитарийдин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгынын бети ачылса баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ага карата Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чараларды көрөт.
4. Депозитарийлердин ишитерин чектөө
13. Депоненттердин (кардарлардын) баалуу кагаздары жана акча каражаттары менен төмөнкүлөрдү жасоого депозитарий укуксуз:
- өзүнүн атынан операцияларды, анын ичинде баалуу кагаздар менен күрөөлүк операцияларды жасоого. Депонент (кардар) менен түзүлгөн өзүнчө келишимдин негизинде өзүнүн атынан операцияларды, анын ичинде депоненттин (кардардын) баалуу кагаздары менен күрөөлүк операцияларды депозитарий жүргүзүшү мүмкүн;
- баалуу кагаздардын эмитенттеринин акционерлеринин жалпы чогулушунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазылган ишеним катсыз депоненттердин (кардарлардын) кызыкчылыктарын көрсөтүүгө;
- сактоого алынган депоненттердин (кардарлардын) баалуу кагаздары жана акча каражаттары менен өзүнүн же үчүнчү жактын милдеттенмелерин камсыз кылууга.
14. Депозитардык келишим менен белгиленген тартипте, жазуу жүзүндө депоненттер (кардарлар) берген тике көрсөтмөсүз алардын баалуу кагаздары жана акча каражаттары менен операцияларды жасоого депозитарийдин укугу жок.
15. Депоненттердин баалуу кагаздары менен акча каражаттары депозитарийдин милдеттенмелерин өндүрүү үчүн жүгүртүлбөйт.
5. Депозитарийдин операцияларынын түрлөрү
16. Депозитарийлер депоненттерге көрсөткөн баардык операциялар төмөнкүлөрдү чагылдырып көрсөтүшү керек:
- кайсы документтин негизинде операция жасалып жаткандыгын;
- менчик укугу бир адамдан экинчисине өтөөрүн же өтпөсүн;
- бир депо эсебинен башкага баалуу кагаздар/акча каражаттары которуларын же которулбасын;
- баалуу кагаздарды кармоочу өзгөрөрүн же өзгөрбөй турганын.
17. Депозитарийдин тапшырманы кабыл алышы депозитардык операцияны аткаруунун башталышы болуп саналат. Депозитарийдик операция бүткөндө депозитарийдин ички документтерине ылайык операциялардын аткарылгандыгы жөнүндө отчетту депозитарий баардык жактарга берет.
18. Депозитарий аткарган жана аткарылуучу баардык операциялар жөнүндө маалыматтар депозитарийдин операциялык журналында камтылышы керек. Депозитарийдин ички ченемдик документтерине ылайык операциялык журнал бир бүтүн болушу мүмкүн же депо эсептериндеги операциялардын өзүнчө журналдары болушу ыктымал.
19. Депозитардык опреациянын бүтүшү жөнүндө алуучуга берилген отчет депозитардык эсептин расмий документи болуп саналат. Эсептик опреациялардын аткарылышы жөнүндө отчет отчет алуучунун эсебине өткөрүүлөрдү жасоо үчүн негиз болуп саналат.
6. Депозитардык келишимдин негизги жоболору
20. Жазуу жүзүндө депонент менен түзүлгөн депозитардык келишимдин негизинде депозитардык иш депозитар тарабынан жүргүзүлөт.
21. Депозитардык келишимди түзүү учурунда кандайдар бир баалуу кагаздарды же акча каражаттарын дароо депонирлөө талап кылынбайт.
22. Депозитардык келишимди түзүү сунушу жазуу жүзүндөгү арыз түрүндө билдирүүчүдөн чыгышы керек. Билдирүүчү депозитарийдин ички ченемдик документтери менен депозитардык келишим түзгөнгө чейин таанышышы керек.
Депозитарий баардык кардарларга бирдей тең укуктуулук шарттарда депозитардык кызматты көрсөтүүнү камсыз кылууга милдеттүү жана депозитарийдин ички документтеринин шарттарын билдирүүчү сактаган учурда билдирүүчү менен депозитардык келишимди түзүүдөн баш тартууга анын укугу жок.
23. Келишимдин негизинде башка депозитарийлер менен баалуу кагаздардын сертификаттарын сактоо жана/же депоненттердин баалуу кагаздарына болгон укуктун эсебин алуу боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууга аларды тартууга депозитарийдин укугу (б.а. башка депоненттин депозитарийи болуу же башка депозитарийдин депоненти катары кабыл алуу укугу) бар, эгерде бул депозитардык келишимде тике тыюу салынбаса жана депоненттин жазуу жүзүндөгү уруксат берүүсү депозитардык келишимде каралбаса.
Баалуу кагаздарды бир депозитарийден экинчи депозитарийге которгон учурда ошол депозитарийлер депозитарлардын ортосундагы келишимди түзүүгө милдеттүү. Баалуу кагаздарды которгон учурдагы депозитарийлердин иш милдети, укуктары жана милдеттери, келишимдин аракеттенүү мөөнөттөрү депозитарлардын ортосундагы келишимде камтылышы керек.
24. Депозитардык келишимди түзүүнүн милдеттүү шарттары катары депонирленген баалуу кагаздарды/акча каражаттарын тескөө боюнча депоненттердин укуктарына, депонирленген баалуу кагаздар менен күбөлөндүрүлгөн укуктарды депоненттердин иш жүзүнө ашырышына кандайдыр бир чектөөлөрдү койгон жагдайларды, депозитардык келишимге киргизүүгө депозитарийдин укугу жок, буга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же ошол баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн чектөөлөр кирбейт.
7. Депо эсептери менен операциялар
25. Депозитарийдин ички документтеринин болушуна депозитарий милдеттүү, аларда төмөнкүлөрдүн толук баяндамасы камтылышы керек:
- депо эсебинин конструкциясы жана депо эсебинде камтылган маалыматтардын;
- депо эсептери менен депозитарий жүргүзгөн баардык операциялардын жана алардын эсебин алуу тартибинин;
- сактоодогу баалуу кагаздарга/акча каражаттарына жана эсептик жазууларга кирүүгө контролдун;
- акча каражаттары жана баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү үчүн киргизилүүчү кызматкерлердин курамы;
- маалыматтардын бүтүндүгүн жана кайталоо системасын камсыз кылуучу чаралардын;
- депозитарийдеги, ошондой эле депозитарий менен анын кардарларынын ортосундагы документтердин түрлөрүнүн жана документтерди жүгүртүүнүн тартиптеринин;
- өрт, табигый кырсыктар же кол салуулар болгон учурда жасалуучу иш-чаралардын системасынын.
26. Депо эсептери менен операциялар тапшырманын негизинде гана жасалат жана отчеттук документтерди түзүү менен аякталат.
27. Баалуу кагаздарды/акча каражаттарын эсепке жана сактоого алуу иши баалуу кагаздарды/акча каражаттарын сактоо жана эсебин алуу үчүн берүү (чегерүү) тапшырмасынын негизинде жүргүзүлөт. Номиналды кармоочу катары депозитарийди тариздөө депозитардык келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
28. Депозитарийдин сактоосунда турган баалуу кагаздарга/акча каражаттарына милдеттенме оордугу жүктөлгөн баардык учурлар жөнүндө маалыматтардын эсебин жүргүзүүгө депозитарий милдеттүү. Баалуу кагаздарга/акча каражаттарына милдеттенме оордугунун жүктөлүшү баалуу кагаздарды/акча каражаттарын которуу боюнча операцияларды жасоонун чектелишине алып келет. Депоненттин же болбосо анын ыйгарым укуктуу адамынын тиешелүү буйругу жана сот органдарынын чечими баалуу кагаздарга/акча каражаттарына милдеттенме оордугун жүктөө боюнча операцияны жасоо үчүн негиз болуп саналат.
29. Кардардын, анын ыйгарым укуктуу адамынын, же болбосо укук улантуучусунун тапшырмасы же соттун чечими менен депо эсебин жабуу жүргүзүлөт. Депо эсебинде кандайдыр бир баалуу кагаздар/акча каражаттары болгон учурда эсептин жабылышы мүмкүн эмес. Эсепти жабуунун алдында анда калган баалуу кагаздар/акча каражаттары акционерлердин реестриндеги депонун башка эсебине же депоненттин/депоненттин кардарынын өздүк эсебине жана башка эсепке депоненттин (же анын укугун улантуучунун) буйругунун негизинде которулушу керек.
30. Баалуу кагаздар менен операцияларды жасоо келишимин түзүүнүн жана тариздөөнүн, ошол операциялар боюнча эсепти жана отчетторду жүргүзүүнүн бирдиктүү стандарттуу эрежеси Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
31. Авторлоштурулган депоненттер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык маалыматтарды ачып берет.
8. Депо эсебинин конструкциясы
32. Баалуу кагаздар дааналай эсепке алынат, акча каражаттары улуттук жана чет элдик валюталарда эсепке алынат, карыз милдеттенмелери номинал наркынын суммаларында эсепке алынат.
33. Депо эсеби өзүнө депо эсебинин анкетасын жана эсептеги баалуу кагаздар жана акча каражаттар жөнүндө маалыматтарды камтыган операциялык жазуулардын жыйындысын камтыйт.
Депо эсебинин анкетасы өзүнө жалпы жонунан депо эсебине кирген маалыматтарды камтыйт, ал эми операциялык жазуулар бир түрдөгү баалуу кагаздардын бир нече санына, ошондой эле сактоонун бир эле тартибинде, депо эсебинин бир эле бөлүмүндө турган акча каражаттарынын суммасына ылайык келиши керек. Ар бир депо эсебинде көптөгөн субэсептер болушу мүмкүн.
34. Депозитарий баардык депоненттердин баалуу кагаздарын/акча каражаттарын алардын таандыгы өңүтүндө жана аларды сактоо ("депо активдери" боюнча) өңүтүндө эки илтиктүү жазуу принциби боюнча эсепке алат. Ушуга жараша депозитарийдеги депо эсебин "активдүү" (баалуу кагаздар/акча каражаттар сакталган жердин эсебин алуу үчүн) жана "пассивдүү" (баалуу кагаздардын/акча каражаттарынын таандыгын эсепке алуу үчүн) деп бөлүүгө болот.
Ушинтип депозитарийдин "депо балансындагы" баалуу кагаздардын/акча каражаттарынын эсебин куруунун баланстык принциби колдонулат.
35. Депозитарийде эсепке алынган жана анын депоненттерине таандык баалуу кагаздар/акча каражаттары депозитарийдин негизги бухгалтердик баланстын баланстан тышкары эсептеринде көрсөтүлөт.
36 Депо эсебинин конструкциясында төмөнкүдөй коддор колдонулат:
баалуу кагаздардын коду - бул депозитарийге алынган баалуу кагаздардын ар бир түрүнүн катталган коду;
сактоо режиминин коду - депозитарийге алынган депоненттин баалуу кагаздары/акча каражаттары менен жасалышы мүмкүн болгон аракеттердин жыйындысын аныктоочу ички код;
сактоо жайынын коду - депозитарийге алынган баалуу кагаздарды/акча каражаттарын сактоочу жайдын номери, аны эсепке алуу ушул депозитарийге анын депоненттери тарабынан ишенилип берилет.
9. Акча каражаттарынын эсебин алуунун өзгөчөлүктөрү
37. Депоненттердин/кардарлардын акча каражаттарын эсептөө үчүн депозитарий эсептешүү банкында эсептерди ачат.
38. Депозитардык эсептин ички системасында депозитарий депоненттердин/кардарлардын акча каражаттарын эсепке алуу үчүн депо эсебин ачат жана тейлейт, эсептешүү банкындагы тиешелүү эсепке келип түшүшүнө же андан алынышына жана баалуу кагаздар менен жасалган операцияларга жараша акча каражаттары ага которулат жана андан эсептеп чыгарылат.
39. Депоненттердин тапшырмасынын жана баалуу кагаздар менен жасалган операциялар боюнча депоненттин милдеттенмелерин аткарылышынын негизинде депо эсеби боюнча акча каражаттары которуштурулат. Депоненттердин акча каражаттарын которуу тапшырмалары үч банктык күндөн ашпаган мөөнөттө аткарылышы керек.
10. Депозитарийдин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу
40. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган шарттарда жана тартипте депозитарий кайра уюштурулат.
41. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте баалуу кагаздар рыногунда депозитардык иш жүргүзүүгө берилген уруксаттама жокко чыгарылган учурдан тартып депозитарий өзүнүн депозитардык ишин токтотот.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте юридикалык жак катары депозитарийдин иши токтотулат. Тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан тартып бир айдын ичинде өзүнүн ишинин токтотулушу жөнүндө кардарларга жана баалуу кагаздар рыногун тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө депозитарий милдеттүү.
Ишинин токтотулушу жөнүндө билдирүү берген учурдан тартып эки айдын ичинде ага депоненттер ишенип берген баардык баалуу кагаздарды жана акча каражаттарын берүүгө депозитарий милдеттүү. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө депонент баалуу кагаздарды кайтарып берүү тапшырмасын бербесе, өзүнүн номинал кармоосунан ошол баалуу кагаздарды өз алдынча чыгарып таштоого депозитарий укуктуу.