Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-июну № 336
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ниязалиева Д.А., Өмүрбекова А.С., Асымбекова Г.Ү., Балтабаев Т. жана Айтматов К.С. демилге көтөргөн "Баңги каражаттарына жана психотроптук заттарга көз карандылыкты профилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ниязалиева Д.А., Өмүрбекова А.С., Асымбекова Г.Ү., Балтабаев Т. жана Айтматов К.С. демилге көтөргөн "Баңги каражаттарына жана психотроптук заттарга көз карандылыкты профилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 336 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Баңги каражаттарына жана психотроптук заттарга көз карандылыкты профилактикалоо жөнүндө" (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Мыйзам долбоорунун аталышы жана бүткүл текст "психотроптук заттарга" деген сөздөрдөн кийин "жана алкоголго" деген сөздөр менен толукталсын.
Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча "ата-энеси жана мыйзамдуу өкүлдөрү" же болбосо "мыйзамдуу өкүлдөрү" деген бирдиктүү терминди пайдалануу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз, анткени мыйзамдын долбоорунун 26 жана 27-беренелеринин жоболоруна жараша жогоруда аталган терминдер ар башка түшүнүктөр катары колдонулат.
1-беренеде:
- "медициналык изилдөө" жана "медициналык күбөлөндүрүү" түшүнүктөрүн алып салууну сунуштайбыз, анткени алар "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" жана "баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын нормаларын кайталайт;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыга тургандыгын жана ишке ашыргандыгын эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин нормасын эске алып, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген жалпы мамлекеттик өнүгүү программаларын беките тургандыгын көңүлгө алуу менен "Мамлекеттик программа" термининин түшүнүк аппаратын ачып берүүчү үчүнчү абзацтын редакциясын кайра караштырууну сунуштайбыз;
- тогузунчу абзацтагы "стационардык шартта" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз;
- он сегиз жашка чыга элек жеке адамдар түшүнүлгөн "балдар" термини "Балдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 2-беренесинде ачылып берилгендиктен төртүнчү абзацтын нормаларын кайталоодон качуу үчүн, ошондой эле мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча "балдар жана өспүрүмдөр" түшүнүгүн "бала (балдар)" терминине алмаштырууну сунуштайбыз;
- тогузунчу абзацтын экинчи сүйлөмү "баңги каражаттарына жана психотроптук заттарга көз карандылыкта курч психотикалык бузулууларды купирование түшүнүгүнүн маңызын ачып бербегендиктен алып салууну сунуштайбыз;
- он биринчи абзацтагы ", бөлүмдөр же кабинеттер" деген сөздөрдү белгиленген обьекттер саламаттык сактоонун адистештирилген уюмдарынын өз алдынча обьекттери болушу мүмкүн болбогондуктан алып салууну сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин жобосун эске алуу менен, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылардын түрлөрүнүн бири мыйзам экендигин көңүлгө алып 2-беренени төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"2-берене Кыргыз Республикасынын баңги каражаттарына, психотроптук заттарга жана алкоголго көз карандылыкты профилактикалоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын баңги каражаттарына, психотроптук заттарга жана алкоголго көз карандылыкты профилактикалоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары бул мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде Кыргыз Республикасынын баңги каражаттарына, психотроптук заттарга жана алкоголго көз карандылыкты профилактикалоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралгандан башка нормалар белгиленсе эл аралык келишимдин нормалары колдонулат.".
3-беренеде:
- жогоруда айтылгандарды эске алуу менен 1-бөлүктөгү "башка мыйзамдарды жана аларга ылайык кабыл алынган" деген сөздөрдү ", жана ага ылайык кабыл алынган" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз;
мыйзам долбоорунун 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында, 4-беренесинин жетинчи абзацында кайсы "башка аялуу топтор" жана "баңги каражаттарына жана психотроптук заттарга көз карандылыкты профилактикалоонун башка обьекттери" жөнүндө айтылып жаткандыгын тактоону сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин төртүнчү бөлүгү боюнча "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актыларды ишке ашырууга контролдукту ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугуна ээ болгон субъекттер жүзөгө ашыра тургандыгын белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесин "Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жарандар укуктарга, эркиндиктерге жана милдеттерге ээ боло тургандыгы, демек алардын компетенциясы так белгилениши мүмкүн эместигинен улам толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Ошол эле учурда мыйзам долбоору бири-бирине карама-каршы келген жоболорду камтыгандыгын белгилейбиз. Мисалы Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык баңги каражаттарына жана психитроптук заттарга көз карандылыкты алгачкы профилактикалоонун негизги субъекттери баңги каражаттарын жана психитроптук заттарды колдонуудагы тажрыйбасы же жашоо ыңгайына байланышкан проблемалары жок, ошондой эле анамнези оор адамдар болуп саналат, ал эми мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык алгачкы профилактикалоодо жашы жетпегендерге, жаштардын өкүлдөрүнө жана башка аялуу топторго артыкчылык берилет.
Саламаттык Сактоонун Дүйнөлүк Уюмунун норкопрофилактикалоонун түрлөрү боюнча жаңы сунуштарга байланыштуу 9, 10 жана 11-беренелерди бириктирип, төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"9-берене. Баңги каражаттарына, психотрпотук заттарга көз карандылыкты профилактикалоонун түрлөрү Баңги каражаттарына, психотрпотук заттарга көз карандылыкты профилактикалоонун негизги түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- алгачкы (саламаттыкты пропагандалоо жана жалпы профилактика);
- экинчи (тандамалуу жана алдын ала профилактика);
- үчүнчү (дарылоо, жүргүзүү, (реабилитация)).".
Буга ылайык 1-беренедеги "наркопрофилактика түшүнүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алкоголду колдонууга байланышкан психикалык жана жүрүм-турумдук бузулууларды профилактикалоо - баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууну жана аларды колдонууга байланышкан медициналык-социалдык натыйжаларды алдын алууга багытталган чаралар комплекси.".
Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 2-бөлүгү "Психиатр, нарколог врачтар" деген сөздөрдөн кийин "психотерапевттер, психологдор, социалдык кызматкерлер алардын компетенциясынын чегинде" деген сөздөр менен толукталсын.
Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 3-бөлүгүндө "чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга таралган укуктарды тактоону сунуштайбыз.
16, 17 жана 18-беренелерди алып салууну сунуштайбыз, анткени алар "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" жана "Баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын кайталайт.
Мыйзам долбоорунун 19-беренесинин 3-бөлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 79-беренесине ылайык кызматкердин башка ишке которулуудан медициналык корутундуга ылайык саламаттыгынын абалынан улам баш тартуусу эмгек келишимин токтотуунун негиздеринин бири болуп саналат. Мында аталган кодекстин 83-беренесине ылайык белгисиз мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими, ошондой эле мөөнөтүү эмгек келишими анын колдонуу мөөнөтүү аяктаганга чейин иш берүүчү тарабынан кызматкер ээлеген кызматына же аткарган жумушуна медициналык корутундуга ылайык саламаттыгынын абалынан улам ылайык келбеген учурда бузулушу мүмкүн.
20-беренени алып салууну сунуштайбыз, анткени медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары коркунучтуу жосундарды жасаган психикалык оорулууларга карата сот тарабынан дайындалышы мүмкүн. Алкоголизмден, баңгиликтен же токсикомандыктан жабыркаган, соттолгондорго карата жаза менен катар медициналык мүнөздөгү чаралар гана дайындалышы мүмкүн. Ага ылайык 1-беренеден "мажбурлап дарылоо" жана "медициналык күбөлөндүрүүдөн, медициналык изилдөөдөн же дарылоодон качуу" сыяктуу түшүнүктөрдү алып салууну сунуштайбыз.
22-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Наркологиялык бузулуулардан жабыркаган адам анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз, эгерде аны изилдөө же дарылоо стационардык шарттарда гана мүмкүн болсо наркологиялык стационарга жаткырылышы мүмкүн, ал эми наркологиялык бузулуу оор болуп саналат жана төмөнкүлөрдү шарттайт:
- өзү же айлана-чөйрөсүндөгүлөр үчүн түздөн-түз коркунучтуулугун;
- анын алсыздыгын, башкача айтканда негизги турмуштук керектөөлөрүн өз алдынча канааттандырууга жарамсыздыгын;
- эгерде адам наркологиялык жардамсыз калса, абалынын начарлашынан улам анын саламаттыгына олуттуу зыян келтирүүнү.".
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык 23-берененин 2-бөлүгүндөгү "белгилүү бир аймактын чегинде" деген сөздөрдү "тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
26- беренени төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"26-берене. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн баңги каражаттарына, психотроптук заттарга жана алкоголго өз карандылыкты профилактикалоо чөйрөсүндөгү укуктары
1. Балдар жана өспүрүмдөр алардын макулдугу же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен саламаттык сактоонун балдар жана өспүрүмдөр үчүн адистештирилген наркологиялык уюмдарында (наркогологиялык бөлүмдөр, кабинеттер, балдар кризистик же реабилитациялык борборлору жана башкалар) акысыз наркологиялык жардам алууга укуктуу болушат.
2. Наркологиялык күбөлөндүрүүнү, изилдөөнү жана наркологиялык экспертизаны балдарга жана өспүрүмдөргө жүргузүү алардын атаэнесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн милдетүү катышуусунда жүргүзүлөт.".
27- беренени төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"27-берене. Баңги каражаттарына, психотроптук заттарга жана алкоголго көз карандылыкты балдар жана өспүрүмдөр арасында алгачкы профилактикалоо
Баңги каражаттарына, психотроптук заттарга жана алкоголго көз карандылыкты балдар жана өспүрүмдөр арасында алгачкы профилактикалоо ата-энесине же болбосо алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө, ошондой эле социалдык коргоо системасынын, билим берүүнүн, саламаттык сактоонун уюмдарына, укук коргоо органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүктөлөт.".
Кредиттер, гранттар жана максаттуу фонддор да каржылоонун башка булактары болуп саналгандыктан мыйзам долбоорунун 28-беренесинин төртүнчү абзацын алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 29-беренесинде баңги каражаттарына, психотроптук заттарга көз карандылыктан саламаттык сактоонун мамлекеттик наркологиялык уюмдарында профилактикалоону жүргүзүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу мамлекеттик бюджеттин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Буга байланыштуу "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамдын 2-беренесине ылайык республикалык бюджет жана жергиликтүү бюджеттер 3 жылдык мөөнөткө - кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки болжолдонгон жылдарга түзүлө жана бекитиле тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Буга байланыштуу, мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону караштыргандыгын эске алып, анын күчүнө кирүү мөөнөтүн кайра караштыруу зарылдыгы жөнүндө белгилей кетебиз, ошондой эле бул мыйзам долбоорунун жоболорун ишке ашыруу боюнча бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн жалпы караштырууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 30 жана 31-беренелерин юридикалык нормаларды түзбөгөндөр катары алып салууну сунуштайбыз.
Сунушталган мыйзам долбоорунун 4, 5, 13, 20 жана 24-беренелеринде саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ар кандай стандарттагы бекитүү укугуна ээ боло тургандыгын белгилөө сунушталат, алар өзүнүн мазмуну боюнча аларда жалпы милдеттүү эрежелер (укуктук нормалар) болгондугуна байланыштуу ченемдик укуктук актылар болуп саналат. Буга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугу берилген субъекттердин толук тизмеси аныкталгандыгын белгилей кетүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору норма жаратуучу органдын расмий сайтында мыйзам долбоору боюнча келип түшкөн сунуштарды киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин тактоо менен долбоордун негиздеме маалымкатына жыйынтык маалыматын киргизүү менен жайгаштыруу аркылуу коомдук талкууга алынууга тийиш.
Мыйзам долбоорунда белгиленген реабилитациялык жана антикризистик борборлор, баңги каражаттардан жана психотроптук заттардан профилактикалоо борборлору сыяктуу иш-чараларды аткаруу кошумча финансы каражаттарын талап кылат. Республикалык бюджет белгилүү бир кыйынчылыктарга туш келип жаткандыктан, мыйзам долбоорунда каралган иш-чараларды каржылоонун булактарын аныктоо мүмкүн эмес.
|
|