КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-июну № 337
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ведомстволук турак жай фонду жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 44-беренелерине ылайык, ошондой эле турак жай мамилелерин укуктук жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кызматкерлерин жана эркин жалданган жумушчуларын социалдык жактан колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ведомстволук турак жай фонду жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
|
|