Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-июну № 338
Кыргыз Республикасында аффинаждык өндүрүштү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө
Өндүрүшкө түрткү берүү жана курамында баалуу металлдар бар, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлчү жана чет өлкөлөрдөн алынып келчү сырьенун (куйма, калдыктар, шлих алтын ж.у.с.) кошумча көлөмүн "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун аффинаж заводунда кайрадан иштетүүгө тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 239-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык бажылык тариздөө үчүн бажылык жыйымдардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:
- баалуу металлдарды камтыган сырьелорду (куйма, сыныктарын, шлихтелген алтын ж.б.) алып келүүдө, - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун аффинаждык заводунда кайра иштетүү максатында Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн эсептик көрсөткүчтүн 100 (жүз) өлчөмүндө;
"Кыргызалтын" ачык акционердик коому аффинаждык өндүрүштүн продукцияларын алып келүүдө - эсептик көрсөткүчтүн 100 (жүз) өлчөмүндө.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11 -февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасында аффинаждык өндүрүштү өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасында аффинаждык өндүрүштү өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 18-сентябрындагы № 570 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11-февралындагы №68 "Кыргыз Республикасында аффинаждык өндүрүштү өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы № 803 токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
|
|