Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-июну № 340
"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга,даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, 2011-жылга мыйзам долбоорлорунун Планын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
Долбоор
1-берене
"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2007-жылдын 20-февралы, № 13) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-беренеде:
1) биринчи абзац "кыюуга" деген сөздөн кийин "өсүүсүн токтотууга чейинки деңгээлде залал келтирүү" деген сөздөр менен, "тазалоо" деген сөздөн кийин "жана токойду багуу иретинде кыюу" деген сөздөр менен толукталсын.
2) 1-берене төмөнкү мазмундагы экинчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
"Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде курулуш жана жардыруу иштери, кабелдерди, өткөргүч түтүктөрдү жана башка коммуникацияларды алып өтүү, транспорттук магистралдык жолдорду куруу, жер казынасын геологиялык изилдөө жана өздөштүрүү максатында берилген аймактардын чегинде аларды сактоого негизделген мүмкүнчүлүк жок болгондо, келтирилген чыгашалардын ордун (алынбай калган пайданы кошуу менен) жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу менен өзгөчө баалуу дарактарды (жаңгак жана арча) кыюуга уруксат берилсин.
Кыюуга уруксат берүү токой чарбасын башкаруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен эрежелерге ылайык берилет.
Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн, ошондой эле дан жана даярдалган жыгачтары сатуудан түшкөн каражат, токойду сактоо, коргоо, өстүрүү, калыбына келтирүү жана токойдун өнүмдүүлүгүн жогорулатууга пайдаланылат.".
2-берене
Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу дарактарды (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга,ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга,
экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
┌──────────────────────────────────┬────────────────────────────────────┐
│ Колдонуудагы редакция │ Сунуш кылынган редакция │
├──────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│1-берене. │1-берене. │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын аймагында │Кыргыз Республикасынын аймагында │
│өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) │өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) │
│дарактар породаларын кыюуга, │дарактар породаларын кыюуга, сатууга│
│сатууга жана сатып алууга, │жана сатып алууга, даярдоого, │
│даярдоого, пайдаланууга, буюмдар │пайдаланууга, буюмдар жасоого, │
│жасоого, экспорттоого жана │экспорттоого жана импорттоого, анын │
│импорттоого, анын ичинде │ичинде санитардык кыюуга өсүүсүн │
│санитардык кыюуга, 5 жылдык │токтотууга чейинки деңгээлде залал │
│мөөнөткө тыюу салынат, токойду │келтирүү, 5 жылдык мөөнөткө тыюу │
│кыюусуз кыйраган дарактардан │салынат, токойду кыюусуз кыйраган │
│тазалоо буга кирбейт. │дарактардан тазалоо жана токойду │
│ │багуу иретинде кыюу буга кирбейт. │
│ │"Мамлекеттик токой фондусунун │
│ │жерлеринде курулуш жана жардыруу │
│ │иштери, кабелдерди,өткөргүч │
│ │түтүктөрдү жана башка │
│ │коммуникацияларды алып өтүү, │
│ │транспорттук магистралдык жолдорду │
│ │куруу, жер казынасын геологиялык │
│ │изилдөө жана өздөштүрүү максатында │
│ │берилген аймактардын чегинде │
│ │аларды сактоого негизделген │
│ │мүмкүнчүлүк жок болгондо, │
│ │келтирилген чыгашалардын ордун │
│ │(алынбай калган пайданы кошуу │
│ │менен) жана токой чарба өндүрүшүнүн │
│ │жоготууларынын ордун толтуруу менен │
│ │өзгөчө баалуу дарактарды (жаңгак │
│ │жана арча) кыюуга уруксат берилсин. │
│ │Кыюуга уруксат берүү токой чарбасын │
│ │башкаруучу атайын ыйгарым укуктуу │
│ │мамлекеттик органдын корутундусу │
│ │боюнча, Кыргыз Республикасынын │
│ │Өкмөтү бекиткен эрежелерге ылайык │
│ │берилет. │
│ │Токой чарба өндүрүшүн │
│ │жоготууларынын ордун толтуруу │
│ │тартибинде келип түшкөн, ошондой │
│ │эле дан жана даярдалган жыгачтары │
│ │сатуудан түшкөн каражат, токойду │
│ │сактоо , коргоо, өстүрүү, калыбына │
│ │келтирүү жана токойдун өнүмдүүлүгүн │
│ │жогорулатууга пайдаланылат.". │
└──────────────────────────────────┴────────────────────────────────────┘
|
|