Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бош акча каражатын мамлекеттик баалуу кагаздарга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган баалуу кагаздарга жайгаштыруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бош акча каражатын мамлекеттик баалуу кагаздарга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган баалуу кагаздарга жайгаштыруунун тартиби жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобого ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бош акча каражаттарын жогоруда аталган баалуу кагаздарга жайгаштыруу шарттарын регламенттейт.
1. "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Социалдык фонд) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен операцияларды жүргүзүүгө, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды (мындан ары - баалуу кагаздар) сатып алууга жана сатууга укуктуу.
2. Социалдык фонду тарабынан бош акча каражаттардын баалуу кагаздарга жайгаштырылышы баалуу кагаздар рыногунда тоорукка катышуучулар жана баалуу кагаздардын биринчи жана экинчи рыногуна Социалдык фонддун түз катышуусу аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Социалдык фонддун убактылуу бош акча каражаттарын баалуу кагаздарга салуунун негизги максаты болуп киреше табуу эсептелет.
4. Убактылуу бош акча каражатты жайгаштыруудан алынган киреше Социалдык фонддун каражаты болуп эсептелет жана "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык салык салынбайт.
5. Социалдык фонддун акча каражаттарын баалуу кагаздарга жайгаштыруунун жолу Социалдык фондунун Башкармасынын чечими менен аныкталат.
6. Убактылуу бош акча каражаттарды баалуу кагаздарга жайгаштыруу боюнча уюштуруу иштери Социалдык фонддун активдерин башкаруу боюнча иш жүргүзгөн Социалдык фонддун түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлөт.
Социалдык фонддун түзүмдүк бөлүмү сатып алынуучу баалуу кагаздардын санын аныктоочу негизги критерийлер төмөнкүлөр:
- баалуу кагаздар рыногунда тооруктарды профессионал уюштуруучулардын акыркы соода сессияларында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аукциондорунда (мындан ары - КРУБ) белгиленген баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү боюнча пайыздык чендер;
- салынган акча каражаттардын кайтарымдуулугу (баалуу кагаздарды тындыруу мөөнөттөрү);
- баалуу кагаздар боюнча кирешелүүлүк аукциондук негизде аныкталуучу баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча тооруктарга Социалдык фонддун түз катышуу.
7. Социалдык фонддун башкармасы Социалдык фонддун убактылуу бош акча каражаттары жайгаштырылчу баалуу кагаздардын түрүн аныктайт.
8. Баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн Социалдык фонддун активдерди башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнө акча каражаты бөлүнөт. Баалуу кагаздар менен операциялар үчүн арналган каражаттардын көлөмү Социалдык фонддун Башкармасы тарабынан аныкталат жана ал отчеттук мезгилдин аралыгында зарылчылыкка жараша көбөйтүлүшү же азайтылышы мүмкүн.
9. Социалдык фонд баалуу кагаздар рыногунда тоорукту уюштуруучулар менен түзүлгөн Типтүү келишимге ылайык баалуу кагаздарды өз алдынча сатып алат жана сатат же баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн брокер-дилерлердин (банк же баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусу) кызматынан келишимдик негизде пайдаланат. Келишимге ылайык брокер-диллерлер КР Социалдык фондуна баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн соода сессияларына жана аукциондорго катышышат. Брокер-дилерлер келишимге ылайык Социалдык фондго баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн тооруктук сессияларга жана аукциондорго катышат. Брокер-дилерлерге акы төлөө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун резервдик фондунун эсебинен каржыланат.
10. Брокер-дилерлер Социалдык фонддун тапшырмасын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Социалдык фонддун тапшырмасы боюнча баалуу кагаздар рыногунда тоорукту профессионал уюштуруучулардын тооруктук сессияларына жана КРУБ аукциондоруна катышууга;
- Социалдык фонддун тапшырмасы боюнча баалуу кагаздарды сатып алууга;
- сатып алынган баалуу кагаздарды эсепке алуу жана сактоо үчүн өзүнүн Субдепозитарийинде Социалдык фондго "депо" эсеп ачууга;
- ал эсепке баалуу кагаздарды кириштөөгө;
- кардардын баалуу кагаздарын "депо" эсепте сактоого;
- Социалдык фонддун талабы боюнча жасалган операциялар жана "депо" эсеп боюнча калдыктарды чечмелөө менен "депо" эсептен көчүрмө берүүгө;
- жоюу мөөнөтү келгенде тийиштүү эмиссияларды эсептен чыгыштоого жана эсептерин жабууга;
- Социалдык фонд менен болгон бардык операциялар жөнүндө маалыматтын жашырындыгын сактоого;
- Социалдык фондго алынган баалуу кагаздарга менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүүгө.
11. Баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн Социалдык фонддун активдерди башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмү төмөнкү иштерди уюштурат жана өткөрөт:
- баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн баалуу кагаздар рыногунда тооруктарды профессионал уюштуруучулардын тооруктук сессияларына жана КРУБнын аукциондоруна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн баалуу кагаздар рыногунда тооруктарды профессионал уюштуруучулардын тоорук сессияларына жана КРУБнын аукциондоруна катышууга уруксат берүүчү бардык зарыл документтерди алууну;
- алынган баалуу кагаздарды эсепке алуу жана аны сактоо үчүн КРУБнын депозитарийинде "депо" эсептерин ачат;
- Социалдык фонддун соодага катышуусу үчүн баалуу кагаздардын соодасын уюштуруучулары менен макулдашуу түзүү үчүн келишимдерди даярдайт;
- баалуу кагаздарды сатып алууга Социалдык фонд менен баалуу кагаздардын рыногундагы брокер-дилерлер менен макулдашуу түзүү үчүн келишимдерди даярдайт;
- баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга табыштамаларды даярдайт;
- баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча иштерди уюштурат;
- баалуу кагаздарды эсептен чыгарат (мөөнөтү бүткөндөн кийин);
- Социалдык фонддун баалуу кагаздары боюнча операцияларды эсепке алуу боюнча жобонун талаптарына ылайык баалуу кагаздардын эсеби жана отчету боюнча иштерди аткарат.
12. Баалуу кагаздар рыногунун соода уюштуруучулары жана брокер-дилерлери менен типтүү келишими 1 жыл мөөнөттө түзүлөт жана тараптардын эч кимиси аны токтотуу жөнүндө кат түрүндө кайрылбаса, андан кийинки жылдарга узартылышы мүмкүн. Типтүү келишимге толуктоолор жана өзгөртүүлөр тараптардын макулдашуусу боюнча киргизилет жана типтүү келишимге өзүнчө кошумча макулдашууда айтылууга тийиш.
13. Социалдык фонд эсеп-кысап жүргүзүү жана отчет түзүү максатында маалыматтарды суроого укуктуу, ал эми КРУБ депозитарийи, брокер-дилерлер маалыматты, "депо" эсеп боюнча көчүрмөлөрдү жана кайсы датадагы болсо да башка документтерди жүргүзүлгөн операциялардын расшифровкасы менен жана "депо" эсебиндеги калдыктары менен, сурамды алгандан тартып бир иш күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.
14. Баалуу кагаздардын наркынын тийиштүү кайтарылышын тастыктаган документтер (жоюу мөөнөтү бүткөндөн кийин) болуп төмөнкүлөр саналат:
а) баалуу кагаздардын наркынын Социалдык фонддун эсебине которулушу (жоюлгандан кийин) жөнүндө банктын төлөм документи;
б) баалуу кагаздардын наркынын банктан түшкөнү жөнүндө маалыматы менен тейлеген банктагы Социалдык фонддун эсебинен көчүрмө (жоюлгандан кийин);
в) Социалдык фонду жана банк тарабынан кол коюлган салыштыруу актысы (эки нускада);
г) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн башка документтер.
15. Социалдык фонд менен баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын жана банктардын ортосунда баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана милдеттенмелер боюнча суммаларды жоюу шарттары боюнча болгон бардык талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.