Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №363 токтому менен бекитилген |
Жарандарды жекече эсепке алуу системасына каттоонун жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүүнүн тартиби тууралуу
НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 170, 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856, 2016-жылдын 10-майындагы № 236, 2017-жылдын 13-мартындагы № 147 токтомунун
редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Социалдык фонд) тарабынан жарандарды каттоо жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтардын эсебин жекече (өзүнчө) жүргүзүү тартибин аныктайт, анын ичинде:
- Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн жекече системада жарандарды каттоо тартиби;
- Иш берүүчү жана камсыздандырылган адам тарабынан Социалдык фондго камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби;
- Социалдык фонд тарабынан жеке камсыздандыруу эсебинен (СП2) көчүрмөлөрдү түзүү тартиби.
3. Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаты үчүн жекече эсепке алууну жүргүзүүчү орган Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду болот.
2. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу максаты үчүн жарандарды жекече эсепке алуу системасында каттоонун тартиби
4. Ар бир жаран милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу системасында катталууга тийиш.
Жаранды каттоодо өзүнө жекече номер ыйгаруу менен жекече камсыздандыруу эсеби ачылат жана ага социалдык коргоо күбөлүгү берилет.
Каттоо датасы болуп жекече камсыздандыруу эсеби ачылган күн эсептелет.
5. Жарандарды каттоо үчүн белгиленген формада (1-тиркеме) социалдык коргоого арыз (мындан ары - арыз) пайдаланылат. Жарандардан арызды, колдонуу мөөнөтү бүтө элек арыз ээсинин ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, аскер билети, аскер кызматчылары жана аттестациядан өткөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн - өздүк ырастама) кабыл алуу жана каттоо жашаган жери боюнча (же иштеген жери боюнча) Социалдык фонддун райондук (шаардык) органдарында ишке ашырылат.
Ошол кезге чейин эмгек стажы жана социалдык коргоо күбөлүгү жок жаранды жумушка кабыл алууда же жаран менен жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимди түзүүдө иш берүүчү жумушка кабыл алган же келишим түзүлгөн датадан кийин эки жуманын ичинде иш берүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү катары катталган Социалдык фонддун райондук (шаардык) органына ал адам боюнча арыз берет.
Жеке ишкердик жүргүзгөн жеке адамдар, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбанын жумушчулары жана жер үлүшүнө же анын бөлүгүнө ээ адамдар Социалдык фонддун райондук (шаардык) бөлүмчөлөрүндө арыз беришип, жашаган жери боюнча же иштеген жери боюнча каттоодон өтүшөт.
Расмий түрдө катталган жумушсуз жарандар жашаган жери боюнча калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын райондук (шаардык) бөлүмчөсүнө арыз беришет, ал эми алар болсо жумушсуз жарандардын арыздарын Социалдык фонддун райондук (шаардык) бөлүмчөлөрүнө беришет.
Пенсия дайындоо үчүн эмгек стажына кирген башка коомдук-пайдалуу иштер (окуу, аскердик кызмат жана ага теңештирилген башка кызмат) менен алектенген жарандар каттоодон өтүү үчүн тийиштүү бөлүмдөргө (окуган, кызмат өтөгөн жайы боюнча ж.б.) арыз менен кайрылышат.
Иштебеген жарандар, анын ичинде калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын бөлүмчөлөрүндө каттоодо турбагандар Социалдык фонддун жашаган жериндеги райондук (шаардык) органына арыз, ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн беришет жана каттоодон өтүшөт.
Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучуларды каттоону өлгөн адамдын багуусунда болгон адамдын паспортунун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн негизинде толтурулган багуусунда болгон үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн арызы, ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн менен Социалдык фонддун райондук (шаардык) бөлүмү жүргүзөт.
Мектеп окуучуларын каттоо үчүн арыз окуган жери боюнча берилет жана окуу мекемеси ал маалыматты белгиленген формада (8-тиркеме) Социалдык фонддун райондук (шаардык) органына берет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 170, 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
6. 16 жашка чыккан адамдар паспорт алган учурда, социалдык пособие дайындоодо, эмгек мамилелеринде турбаган жана 16 жашка жашы жете элек балдар саламаттык сактоо мекемелерине кайрылган учурларда, ошол тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдары жекече эсепке алууга жаткан адамдар жөнүндө маалыматты Социалдык фондго бериши керек.
7. Маалыматты камтыган арыз коштоочу каты жана арыз ээлеринин ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү менен уюмдар же жарандар тарабынан Социалдык фонддун райондук (шаардык) органына берилет.
Арыз берүүчү арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгына, тактыгына жана толуктугуна жоопкерчилик тартат жана арызды жеке колу менен күбөлөндүрөт.
Арыз адамдын ким экенин билдирүүчү документинин, б.а. туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн, ID-картанын, жалпы жарандык паспорттун, аскердик белеттин ж.у.с. негизинде толтурулат.
Эгерде арыз берүүчү узак иш сапарда (30 күндөн ашык) жүргөнүнө, узак мөөнөткө ооруганына же башка себептерге байланыштуу өзү арызды күбөлөндүрө албаса жумуш берүүчү ал себепти арызда көрсөтүп өзү күбөлөндүрөт.
Жашы жетпеген жарандын социалдык коргоо күбөлүгүн алууга арызды ата-энесинин бири толтурулат жана жеке колу менен күбөлөндүрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 170, 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
7-1. Социалдык фонддун региондук органынын арыздарды кабыл алган адиси арыздын толук толтурулушунун, арыз берүүчүнүн ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөлөрүнүн бар экендигин текшерет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Социалдык фонддун райондук (шаардык) органы алынган арыздарга код коюп жана 3 күндүн ичинде Социалдык фонддун борбордук аппаратына берет.
9. Социалдык фонддун региондук органы арыз берилген күндөн тартып эки жуманын ичинде социалдык коргоо күбөлүгүн (мындан ары - күбөлүк) тариздөөгө жана иш берүүчүгө, арыз берген мамлекеттик органга же камсыздандырылган адамга берүүгө милдеттүү.
Зарыл болсо Социалдык фонддун региондук органы бул мөөнөттүн ичинде иш берүүчүгө же жумушчуга арызда көрсөтүлгөн маалыматтарды тактоо жөнүндөгү сурам жөнөтөт.
Күбөлүктөр Социалдык фонддун борбордук аппаратында же региондук органдарында басып чыгарылат, ал эми иш берүүчүлөргө же камсыздандырылган адамдарга - Социалдык фонддун региондук органдарында берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Иш берүүчү Социалдык фонддун региондук органынан күбөлүктү алган күндөн тартып үч күндүн ичинде аны камсыздандырылган адамдарга тапшырууга милдетүү. Камсыздандырылган адам күбөлүктү алганы тууралуу коштомо ведомостко кол коет.
Камсыздандырылган адам узак мөөнөттүү иш сапарга чыкканына (бир айдан ашык), анын узакка созулган ооруганына же башка себептерге байланыштуу жумуш берүүчү, арыз берген мамлекеттик органга күбөлүктү берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал күбөлүктөгү маалыматтардын тууралыгын текшерип, коштомо ведомосто камсыздандырылган адам үчүн колун коет жана камсыздандырылган адамга күбөлүктү берүү боюнча чара көрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Үч айдын ичинде ээси сурабаган күбөлүктөрдү иш берүүчү, арыз берген мамлекеттик органга Социалдык фонддун региондук органына кайта берет, алар ал жерде камсыздандырылган адам өзү кайрылганга чейин атайын картотекада сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Социалдык коргоо күбөлүгү
12. Күбөлүктө төмөнкү маалыматтар болууга тийиш: камсыздандырылган адамдын жеке идентификациялык номери, фамилиясы, аты, атасынын аты, берилген датасы, Социалдык фонддун социалдык коргоо күбөлүгүн берген региондук органынын аталышы.
13. Күбөлүк камсыздандырылган адамдын өзүнө берилет жана белгиленген үлгүдөгү кошумча барак же карточка түрүндө болот (2-тиркеме).
14. Күбөлүк камсыздандырылган адамда сакталат жана паспортту же ким экенин билдирүүчү башка документти көрсөткөн учурда гана күчкө ээ.
15. Жумуш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек акынын түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелүүчү эмгек келишимин же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимди түзгөн учурда камсыздандырылган адамдан күбөлүктү көрсөтүүнү талап кылат, ал эми камсыздандырылган адам күбөлүктү көрсөтүүгө милдеттүү.
Мында жумуш берүүчү көрсөтүлгөн күбөлүктүн паспортко же ал адамдын ким экенин билдирүүчү башка документке ылайыктыгын текшерүүгө милдеттүү.
Күбөлүгү жок болсо жаран ушул Нускаманын 2-главасына ылайык Социалдык фонддо каттоодон өтүшү керек.
16. Камсыздандырылган адам жумуш берүүчүгө, арыз берген мамлекеттик органга же Социалдык фонддун региондук органына күбөлүктү алмаштыруу же анын дубликатын берүү жөнүндө төмөнкү учурларда кайрылууга укугу бар:
- камсыздандырылган адамдын паспорттогу фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жынысы өзгөргөндө;
- күбөлүктөгү маалыматтардын туура эместиги жана каталыгы аныкталганда;
- жоголгондо;
- пайдаланууга жараксыз болгондо;
- паспортту алмаштырганда.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Мындай учурда камсыздандырылган адам кайра берилген арыздын (Социалдык фондго каттоого берилүүчү арыздын формасындай эле, арызда арыз берүү себеби көрсөтүлөт) негизинде жаңы күбөлүк же анын дубликатын алганга укуктуу. Фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын өзгөрткөн учурда фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө документтин көчүрмөсүн тиркөө зарыл.
Жаңы социалдык коргоо күбөлүгү жекече идентификациялык номери өзгөртүлбөстөн берилет.
Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөөчү жаран ушул Нускаманын 4.5-пунктунда белгиленген учур пайда болгондон тартып бир айдын ичинде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү катары катталган жери боюнча Социалдык фонддун тийиштүү региондук органына кайрылууга милдеттүү.
Эмгек келишими менен иштебеген камсыздандырылган жана азыркы учурда камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү катары катталбаган адам ушул Нускаманын 4.5-пунктунда белгиленген учур пайда болгондон тартып бир айдын ичинде жашаган жери боюнча Социалдык фонддун тийиштүү региондук органына арыз менен кайрылууга милдеттүү.
Расмий түрдө катталган жумушсуз адамдар ушул Нускаманын 4.5-пунктунда белгиленген учур пайда болгондон тартып бир айдын ичинде катталган жери боюнча калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын бөлүмчөлөрүнө же жашаган жери боюнча Социалдык фонддун тийиштүү региондук органына арыз менен кайрылууга милдеттүү.
Пенсия чектөө үчүн жалпы эмгек стажына киргизилген (окуу, аскер кызматы жана ага теңештирилген башка кызмат) башка коомдук пайдалуу иштер менен алектенген жарандар ушул Нускаманын 4.5-пунктунда белгиленген учур пайда болгондон тартып бир айдын ичинде тийиштүү бөлүмдөргө (окуу, аскер кызматы жана ага теңештирилген башка кызмат өтөгөн жери боюнча) же жашаган жери боюнча Социалдык фонддун тийиштүү тийиштүү региондук органына арыз менен кайрылуусу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 170. 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Социалдык фонддун региондук органы күбөлүктү берүү же анын дубликатын алуу жөнүндөгү арызды алгандан соң эки жуманын аралыгында камсыздандырылган адамга жаңы күбөлүктү алмаштырууга же анын дубликатын берүүгө милдеттүү.
19. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 170 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандырылган адамдар жөнүндө жумуштуулук жана эмгек акы боюнча маалыматтарды берүү тартиби жана мөөнөттөрү
20. Ар бир жумуш берүүчү, уюштуруу-укуктук жана менчиктик формаларына карабастан отчеттон кийинки ар бир айдын 20-күнүнөн кечиктирбестен Социалдык фонддун региондук органына жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө маалыматтарды (мындан ары - маалымат) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому менен белгиленген форма боюнча берет.
Жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө жылдык маалыматтарды толтуруу боюнча көрсөтмө ушул Нускаманын 9-тиркемесинде берилген.
Маалымат Социалдык фонддун региондук органынын отчетторду алуу боюнча бөлүмүнүн адиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн "Милдетүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсеп ведомосту" менен берилет.
Маалыматтын бир нускасы жумуш берүүчүдө калат жана анда сакталат.
Мекеменинин реквизиттери (юридикалык дареги, катталганы жөнүндө мааыматтар), эмгек акы төлөө фонду, төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү, ошондой эле камсыздандырылган адамдын жеке идентификациялык номери жок болсо же анын жеке идентификациялык номери туура эмес (туура эмес номер же башка камсыздандырылган адамдын номери), эмгек акы суммалары менен камсыздандыруу стажынын мезгилдери жана эмгек акы төлөө фонду менен отчеттук маалыматтар туура келишпесе маалыматтар толук эмес жана (же) туура эмес деп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Камсыздандырылган адам камсыздандыруу стажы, эмгек акы жана эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн кайрылган учурда иш берүүчү камсыздандырылган адамга Социалдык фонддун региондук органына берилген билдирүүдөн көчүрмө берүүгө милдеттүү.
22. Юридикалык жактын жоюлушуна (кудуретсиздигине) байланыштуу катталган жери боюнча Социалдык фонддун региондук органынан каттоодон чыгууда, жумуш берүүчү ишкананын жоюлушун (кудуретсиздигин) тастыктаган документтер менен бирге өзүндө иштеген бардык камсыздандырылган адамдар жөнүндө билдирме тапшырат.
Социалдык фонддун региондук органы жоюу актысында ишкананын жабылган кезине чейинки ишиндеги бардык мезгилдер үчүн, бирок 1996-жылдын 1-январынан мурдакы эмес мөөнөткө билдирме тапшырган фактыларын чагылдырат.
23. Камсыздандырылган адам пенсияга чыккан учурда, жумуш берүүчү Жумуштулук жана эмгек акы жөнүндө билдирме (4-тиркеме) түзөт, ал пенсияга чыгуу жөнүндөгү арыз берилген күндөн тартып он календардык күндүн ичинде милдеттүү түрдө Социалдык фонддун региондук органына берилет. Билдирменин көчүрмөсү жумуш берүүчү тарабынан камсыздандырылган адамга кол койдурулуп берилет.
24. Социалдык фондго өз алдынча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн камсыздандырылган адам камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү катары катталган жери боюнча Социалдык фонддун региондук органына белгиленген формадагы (10-тиркеме) билдирмени өзү тапшырат. Билдирме менен кошо төлөө тапшырмасынын көчүрмөлөрү берилет. Ал билдирме жарандар тарабынан "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Мыйзамынын 10-беренесинде каралган учурларда тапшырылат.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү катары каттоодон чыккан учурда камсыздандырылган адам Социалдык фонддун региондук органына он күндүн ичинде билдирме (10-тиркеме) тапшырат.
25. Камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү камсыздандырылган адамдарга Социалдык фонддун киреше бөлүмдөрү ар жума сайын сатылган камсыздандыруу полистеринин дүмүрчөгүнүн реестрин (4-тиркеме) түзүшөт жана алар камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине маалыматтарды киргизүү үчүн персоналдаштырылган эсеп бөлүмдөргө берилет.
26. ЖААК органдары жаңы төрөлгөн балдарга туулгандыгы тууралу берилген күбөлүктөр жөнүндөгү маалыматтарды, асырап алынган баланын туулган күнүнүн датасын өзгөртүү боюнча жаңы төрөлгөн баланын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү, жынысы, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн номери жана берилген датасын, дарегин камтыган маалыматтарды (7-тиркеме) айына эки жолу Социалдык фонддун региондук органдарына берип турушат.
Калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Социалдык фонддун региондук органдарына жумушсуздардын камсыздандыруу стажына киргизилүүчү мезгилдер жөнүндө маалымат берет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Билдирмедеги маалыматтар кагаз түрүндө жана электрондук түрдө берилсе да болот. Мындай учурда берилген документтердин юридикалык күчү электрондук цифралык кол тамга же мыйзамдарында белгиленген башка система менен ырасталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 147 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Отчеттук мезгил үчүн билдирүү билдирмеде көрсөтүлгөн эмгек акы төлөө фондуна, эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүн "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсеп ведомостундагы" жылдык маалыматтарга салыштыруу менен текшерилет.
Жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө жылдык билдирмени кабыл алуу датасы болуп отчетту кабыл алуу бөлүмүнүн адиси кабыл алынуучу жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө жылдык билдирмеге кабыл алынганы жөнүндө белги коюп, ага мөөр баскан күн эсептелет (кабыл алган адистин Ф.А.А. жана кабыл алынган датасы көрсөтүлөт).
Отчетту кабыл алуу боюнча адистин жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө жылдык билдирмени кабыл алышы жумуш берүүчүнү же өз алдынча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн камсыздандырылган адамды "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Мыйзамынын 17-беренесинде каралган жоопкерчиликтен бошотпойт.
29. Персоналдаштырылган эсепке алуу бөлүмүнүн Жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө жылдык билдирмени иштеп чыгуучу жана электрондук маалымат базасына информация киргизүүчү адиси билдирменин туура түзүлгөнүн, зарыл реквизиттер бар экенин текшерет жана билдирмедеги маалыматтын аныктыгына контролдойт.
30. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасындагы персоналдаштырылган (жекече) эсепке алуу үчүн зарыл болгон берилген маалыматтарда туура эместиктер табылган учурда Социалдык фонддун региондук органдары жумуш берүүчүгө же өз алдынча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жаранга табылган каталарды оңдоо жөнүндө билдирүү жөнөтөт (6-тиркеме).
Жумуш берүүчү же өз алдынча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жарандар билдирүүнү алган күндөн тартып 15 иш күндүн ичинде билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптарды аткарууга милдеттүү.
31. Табылган толук эмес жана (же) туура эмес маалыматтар он беш иш күндүн ичинде оңдолбогон учурда жумуш берүүчүгө "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык финансылык санкциялар колдонулат.
Финансылык санкциялардын суммасын төлөтүп алуу Социалдык фонддун региондук органдары тарабынан талашсыз тартипте ишке ашырылат.
32. Билдирмедеги маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик жумуш берүүчүгө жүктөлөт.
33. Социалдык фонддун региондук органы жумуш берүүчүнү же өз алдынча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жаранды пландык текшерүүдө 1996-жылдын 1-январынан тартып жылдык билдирмелердин бар экендигин текшерет.
Киреше бөлүмүнүн кызматкерлерин пландык текшерүүгө даярдык жумуш берүүчүдөн же өз алдынча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жарандан персоналдык эсепке алуу бөлүмүнө кабыл алынган документтер менен төлөөчүдөгү документтерди салыштырууну камтыйт.
34. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасындагы персонификациялык (жекече) эсепке алууну жүргүзүүгө зарыл болгон маалыматтарды белгиленген мөөнөттө бербегени, толук эмес жана (же) туура эмес маалыматтарды бергени үчүн төмөнкүдөй финансылык санкциялар колдонулат:
иш берүүчүлөргө - отчеттук жыл үчүн эсептелген жалпы камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 5 пайыз;
жарандарга - отчеттук жыл үчүн эсептелген жалпы камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 25 пайыз.
Финансылык санкциялар туура эмес маалымат берилген кызматкердин чегерүүлөрүнө эмес, бүт отчеттук жылдагы жалпы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасына салынат.
35. Социалдык фонддун региондук органдары маалымат базасында иштеп чыгарылган жылдык билдирмелерди камсыздандырылган адамдын өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү сакталышын камсыздашат.
Жумуш берүүчү же камсыздандырылган адам тарабынан кагаз түрүндө берилген персонификациялык эсепке алууну документтеринин түп нускасы жана алардын көчүрмөлөрү Социалдык фонддун региондук органынын архивинде, жумуш берүүчүдө жана камсыздандырылган адамда камсыздандырылган адамдын өмүрүнүн акырына чейин сакталат.
36. Пенсиялык топтоолорду түзүү жана каражаттарды инвестициялоо боюнча мамиленин субъекттери Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен келишимдер боюнча Социалдык фондго инвестицияланчу пенсиялык активдерден түшүүчү инвестициялык кирешени эсептөө үчүн белгиленген формада маалымат берип турушат
5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмөлөрдү (СП2) түзүшүнүн тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жыл сайын ар бир камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө түзөт жана камсыздандырылган адамдарга алардын жөнөтүлүшүн камсыз кылат.
38. Камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинен алынган көчүрмөлөр, жеке камсыздандыруу эсебинен маалыматтык мүнөздөгү көчүрмөлөр берилген учурлардан тышкары көчүрмөнү даярдаган адамдын колу, тийиштүү штамп, ал эми сурам электрондук түрдө жиберилген учурда - электрондук санариптик кол тамга менен күбөлөндүрүлүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Көчүрмөнү алганда ар бир камсыздандырылган адам иштеген камсыздандыруу стажына ылайык жеке камсыздандыруу эсебинде көрсөтүлгөн маалыматтардын толуктугун текшерүүгө милдеттүү.
Камсыздандырылган адам жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмөсүндө чагылдырылган стажы жана эмгек акысы жөнүндө маалыматтардын толук эместигин байкаса камсыздандырылган адам эсепке алынбай калган мезгил үчүн билдирүү берүү жөнүндө арыз менен иш берүүчүгө кайрылышы керек.
40. Жаран пенсиялык куракка жеткенине байланыштуу пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (СП2) эсептөө үчүн жана Пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөөгө укугу келгенине байланыштуу кайрылганда Социалдык фонддун региоңдук органы жеке идентификациялык номери бар экендигин, маалымат базасында 1996-жылдан баштап жеке камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтардын толуктугун текшерет, жеке камсыздандыруу эсебинде чагылдырылган маалыматтар толук эмес болсо камсыздандырылган адамдан эмгек акы, камсыздандыруу стажы, эсептелген жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому менен белгиленген форма боюнча талап кылат. Жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтардын тууралыгы жылдык билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтар текшергенден кийин Социалдык фонддун региондук органы белгиленген форма (5-тиркеме) боюнча жеке камсыздандыруу эсебинен сурамдын реестрин түзөт жана электрондук маалымат сактагыч аркылуу сурамды түзүп, чектелген СП2 пенсия менен жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө (мындан ары - көчүрмө) түзүү үчүн Социалдык фонддун борбордук аппаратына жиберет.

42. Социалдык фонддун борбордук аппараты көчүрмөлөрдү түзгөндөн кийин бир жылдын ичинде пенсияларды борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө башкармасына кол койдуруу менен берет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
43. 1996-жылдан баштап конкреттүү камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтардын толук эместиги табылса Социалдык фонддун региондук органы маалымат базасында ушул эле ишкананын башка жумушчуларынын стажы жана эмгек акысы жөнүндө маалыматтардын бар экенин текшерет. Маалыматтар жок болсо бардык жумушчуларга белгиленген формада (6-тиркеме) билдирүү толтурулат жана иш берүүчүгө берилет.
44. Кабарлоо боюнча билдирүүлөр иш берүүчү тарабынан кабарлоону алгандан баштап он беш күндүн ичинде берилиши керек.
6. Жеке камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтарды коргоо
45. Жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтар "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Мыйзамына ылайык жашыруун маалыматтардын категориясына кирет.
46. Иш берүүчүлөрдөн жана камсыздандырылган адамдардан жазуу жүзүндө, ошондой эле электрондук формада алынган документтер (арыздар, жана арыз ээсинин ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү, билдирүүлөр) Социалдык фонддун региондук органында 5 жыл ичинде көрүүгө чек коюу менен сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 170 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Маалымат базасынын сакталышын камсыздоо үчүн күн сайын архивдик көчүрмөлөр түзүлөт, алар белгиленген тартипте, ошондой эле бөлмөдөн сырттагы депозиттик сейфтерде сакталат.

48. Маалыматтарды иштетүү системасын пайдалануучу ар бир адам өзү иштетүүчү жеке маалыматтарды гана карай алат. Информациялык системаны ачуу укугун системанын администратору белгилейт. Мында кайсы бир жеке маалыматтарды кароого уруксаты бар пайдалануучу жеке маалыматтарды иштетүүдө алынган информациянын жашырындыгын сактоого милдеттүү.
49. Пайдалануучулардын функцияларды аткарууга приоритеттери подразделениенин аткарчу функцияларына ылайык бөлүштүрүлөт. Мында системага кирүү приоритетти борбордук жана децентралдык деңгээлдерге, ал эми подразделениелер боюнча жана подразделениелердин ичинде - пайдалануучулук деңгээлдеги приоритеттерге жараша бөлүштүрүлөт.
50. Укук коргоо, сот жана көзөмөлдөө органдарынан (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы, прокуратура, соттор ж.у.с.) жана адвокаттардан жазуу жүзүндө суроо болгондо жеке камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтар анын компетенциясына жараша, козголгон жазыктык, жарандык иштин фактысынын негизинде берилет.
51. Юридикалык же жеке жак сурам берген учурда маалымат анын компетенциясына жараша жана берилүүчү маалыматтардын тизмегин көрсөтүү жана камсыздандырылган адамдын ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен камсыздандырылган адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча берилүүгө тийиш. Сурам кагаз түрүндө, ошондой эле санариптик кол тамга колдонуу менен электрондук түрдө да таризделиши мүмкүн. Электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен маалыматтарды электрондук түрдө берүүнүн шарттары Социалдык фонд менен юридикалык же жеке жактын ортосунда түзүлгөн техникалык макулдашуулардын алкагында сүйлөшүлөт.
Жеке камсыздандыруу эсебинен толук маалыматтар төмөнкү шарттардын бирин сактоо менен камсыздандырылган адамдын өзүнө гана сурам боюнча берилет:
- камсыздандырылган адамдын ким экендигин ырастаган документтерди берүү;
- ыйгарым укуктуу адамга берилген нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
- документтин электрондук формасын алуу үчүн электрондук дареги көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү арызды берүү менен Социалдык фонддун порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууга камсыздандырылган адам катталган учурда;
- интерактивдүү режимде өзүнүн жеке камсыздандыруу эсебине кирүү үчүн жазуу жүзүндөгү арызды жана электрондук санариптик кол тамганы көрсөтүү менен Социалдык фонддун порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууга камсыздандырылган адам катталган учурда.

52. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
53. Милдетине жекече эсепке алуу маалымат базасын жүргүзүү кирген адамдар аны ачыкка чыгарганы жана андагы туура эместик үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык, жазыктык жана жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат.
54. Камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында гана колдонулат.
55. Маалымат алуучулар аларды берилген максатында гана колдоно алышат.
7. Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ыйгарылуучу жарандардын жеке идентификациялык номеринин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан пайдаланылышы
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жеке идентификациялык номерди Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан бирдиктүү маалымат мейкиндигинде пайдаланууну, ошондой эле ведомстволук маалыматтык системада уюштурууну, эсепке алууну жана ведомство тарабынан тейленген жарандарды идентификациялоону караштырат.

1-тиркеме
Форма
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
Социалдык коргоого АРЫЗ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
_______________________________________________________________________________________
Арыз ээси тарабынан толтурулат
Фамилиясы |
|
|
| |||||||||||||||
|
|
|
| |||||||||||||||
Аты |
|
|
| |||||||||||||||
|
|
|
| |||||||||||||||
Атасынын аты |
|
|
|
_______________________________________________________________________________________
(Ф.А.А. өзгөргөн учурда мурдакы Ф.А.А. жана өзгөртүү себеби көрсөтүлөт)
_______________________________________________________________________________________
(Бир тууган эгизи болсо анын Ф.А.А. көрсөтүлөт)
Туулган датасы | жынысы 1 - аял 2 - эркек |
Жарандыгы _____________________________________________________________________________
Паспорт номери | Берилген датасы |
Калктуу конуш/шаар |
|
|
Көчөсү |
|
|
|
|
|
Үй номери | батир номери | Телефон |
Банк _____________________________________________________________________________
МФО | Эсеп N |
Датасы, арыз ээсинин колу
__________________________________________________________________________________

Ишкана/жеке ишкер тарабынан толтурулат
Ишкананын аталышы |
|
ИУЖК коду |
Кызматкердин эмгек ишинин башталышы |
Иштин түрү ___________________________ 20__ жылдын "___" _______________
Билими
_________________________________________________________________________________

Социалдык фонд органы толтурат
Арыздын себеби |
|
|
| Иштин коду |
|
|
|
Жарандыгы | Билиминин коду |
Камсыздандыруу түрү | жайгашкан жеринин коду |
Берилген датасы | Айыл өкмөтүнүн коду |
Категориянын коду |
Номерлүү күбөлүк |
Макулдук бергендигин жана алгандыгын тастыктоо | ___________________ | ________________ 20__-жылдын "___" ____________ берилди |
| (колу) |
|
Социалдык фонддун региондук органынын адиси | ______________________________________ |
| (Ф.А.А., колу) |
2-тиркеме
| |||
Идентификациялык _________________ N Идентификационный Ф.А./Ф.И.О. Берилди _________________ Выдано |
3-тиркеме
Жумуштуулук, эмгек акы жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө БИЛДИРҮҮ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
4-тиркеме
Берилген камсыздандыруу полистеринин РЕЕСТРИ 20__-жылдын _________ тартып ________ чейинки мезгил
_____________________________________________________________
(камсыздандыруу полистери берилген участоктун аталышы)
_______________________________________________________________________
(Социалдык фонддун региондук органынын аталышы)
N | Идентификация номери (ПИН) | Аты-жөнү | Камсыздандыруу полиси берилген күн | Төлөө коду | Тарифтин түрү | Тарифтин ставкасы | Камсыздандыруу төгүмдөрү | ГНПФ | Камсыз- дандыруу полисинин суммасы | Камсыздандыруу полисинин жарактуулук мөөнөтү | Камсыздандыруу полисинин N | |
баштап | чейин | |||||||||||
| ||||||||||||
| ||||||||||||
| ||||||||||||
| ||||||||||||
| ||||||||||||
| ||||||||||||
| ||||||||||||
| Бардыгы: | |||||||||||
__________________________________________________________________
Социалдык фонддун региондук органынын кызматкеринин кызмат орду, аты-жөнү
__________________________________________________________________
Дата жана колу
5-тиркеме
Жарандардын жеке камсыздандыруу эсебинен сурамдардын РЕЕСТРИ
N | Жеке идентификациялык номер | Аты-жөнү | Сурам коду | ОКПО коду | Иштеп баштаган дата | Иш аяктаган дата | Эмгек акынын жылдык суммасы | Берүүнүн себеби | Төгүмдөр башталган дата | Төлөөнүн ставкасынын түрү | Иштин коду |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
Сурам коду:
700 - жаңы дайындоо;
710 - кайра эсептөө;
702 - ЦЗ үчүн сурам;
730 - индексация үчүн сурам.
Берүүнүн себеби:
300 - билдирме;
350 - эмгек акынын суммасын коррекциялоо;
101 - жумушка кирүү;
102 - жумуштан бошонуу;
103 - пенсияга чыгуу менен жумуштан бошонуу.
6-тиркеме
|
| Жетекчи _______________ _______________________ (уюмдун аталышы) _______________________ _______________________ (ОКПО коду) _______________________ (КРСФ катталган номери) |
БИЛДИРҮҮ КАТ
__________________________________________________________________
(Социалдык фонддун райондук (шаардык) башкармасынын аталышы)
Сизге __________ карата 20__-жыл үчүн ____________________________
_______________________________________________________________________
(кызматкерлердин эмгек акысы жана иштегени жөнүндө

билдирүү бере электигиңизди кабарлайт)
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Сиз отчеттук ай бүткөндө жана (же) кызматкер бошонуп кеткенде Социалдык фонддун региондук органдарына эмгек акы жана жумуштуулук жөнүндө билдирүүнү белгиленген формада берүүгө милдеттүүсүз.
Сиз билдирүүнүн алган күнөн тартып 15 иш күндүн ичинде кызматкерлердин эмгек акысы жана иши жөнүндө билдирүүнү берүүңүз зарыл. Андай болбосо Сизге "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык финансылык санкциялар колдонулат.
Социалдык фонддун региондук органынын начальниги
Ф.А.А. ___________________________________________________________
(Колу) ___________________________________________________________
(мөөр)
7-тиркеме
ЖААК органдары тарабынан берилчү социалдык коргоого арыздын формасы
┌───┬────────┬─────┬────────┬────────┬────────┬───────┬───────────────┐
│Аты│Туулган │Жыны-│Күбөлүк-│Күбөлүк │Почталык│Баланын│ Псевдокод │
│- │датасы, │сы │түн │берилген│индекс │теле- │ │
│жө-│(күнү, │ │номери │дата │ │фону │ │
│нү │айы, │ │жана │ │ │жана │ │
│ │жылы) │ │сериясы │ │ │дареги │ │
├───┼────────┼─────┴────────┼────────┴────────┼───────┼───────────────┤
│ │ │ │ │ │ С00000000 │
├───┼────────┼──────────────┼─────────────────┼───────┼───────┬───────┤
│ │Берүүнүн│ Иши │Турган жери ЖААК │Жаран- │Реестр │Атка- │
│ │себеби │ │ (район) │дыгы │берил- │руучу- │
│ │ │ │ │ │ген │нун │
│ │ │ │ │ │дата │колу │
├───┼────────┼──────────────┼─────────────────┼───────┼───────┼───────┤
│ │010 │16 жашка │ │ │ │ │
│ │ │чейинки балдар│ │ │ │ │
└───┴────────┴──────────────┴─────────────────┴───────┴───────┴───────┘
8-тиркеме
Социалдык коргоого АРЫЗ
________________ району боюнча ____________ мектептин аталышы
┌───────┬───┬────────┬────────┬─────┬────────┬────────┬──────┬────────┐
│Фамилия│Аты│Атасынын│Туулган │Жыны-│Күбөлүк-│Күбөлүк │Почта-│Телефону│
│ │ │аты │датасы │сы │түн │берилген│лык │жана │
│ │ │ │(күнү, │(А/Э)│номери │дата │индекс│дареги │
│ │ │ │айы, │ │жана │ │ │ │
│ │ │ │жылы) │ │сериясы │ │ │ │
├───────┼───┼────────┼────────┼─────┼────────┼────────┼──────┼────────┤

└───────┴───┴────────┴────────┴─────┴────────┴────────┴──────┴────────┘
Реестр берилген дата 20__-жылдын "___"_____________
Аткаруучунун колу _________________________________
9-тиркеме
Жумуштуулук, эмгек акы жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө билдирмени толтуруу боюнча КОЛДОНМО
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Мыйзамына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр ай сайын Социалдык фонддун органдарына эмгек акы, жумуштуулук жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө билдирме тапшырышат. Бул билдирмени тапшыруунун максаты Социалдык фонд органдарына ар бир кызматкердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүн (СП2) эсептөөдө эске алынуучу анын эмгектенген мезгили, эмгек акысынын өлчөмү, эсептелген жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө өз убагында кабарлоону көздөйт.
Графаларда:
"Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн аталышы" - Ишкананын толук же кыскартылган аталышы жазылат. Кыскартуу же жалпы кабыл алынган же бир маанилүү түшүнүктүү болушу керек;
"Төгүмдөр ставкасынын тиби" - камсыздандыруу төгүмүнүн пайыздык чени боюнча бул жумуш берүүчүгө тийиштүү код коюлат. "Төгүмдөр ставкасынын тиби" классификаторунун коддору төмөнкүдөй:
200 - уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан, юридикалык жактар;
210, 220 - фермердик, дыйкан чарбалар;
260 - коммерциялык эмес кооперативдер, коомдук уюмдар, диний уюмдар, турак үй менчигинин шериктиги;
280 - жеке ишкердик жүргүзгөн адамдар;
290 - ыктыярдуу төгүмдөр;
240 - эл аралык келишимдерге ылайык түзүлгөн уюмдардын кызматкерлери;
270 - Кыргызстандын сокурлар жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары;
"Төлөөчүнүн Социалдык фонддо катталган N" - Социалдык фонд тарабынан төлөөчүгө ыйгарылуучу номер;
"ОКПО коду" - төлөөчү Улуттук статистика комитетинин сегиз орундуу кодун коет, жеке жак - юридикалык жакты түзгөн убакта ОКПО кодун коет, юридикалык жакты түзбөгөн учурда Социалдык фонддун 10000000 псевдокодун коет;
Төлөөчүнүн ИННН - төлөөчүгө Мамлекеттик салык кызматынын органы берген номер;
"Юридикалык дарек" жана "телефон" - төлөөчү-ишкананын толук дареги жана анын телефону көрсөтүлөт;
"Камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелген, анын ичинде I жана II топтогу майыптарга эсептелген иш жүзүндөгү ЭАТФ" - камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелген эмгек акы төлөө фонду көрсөтүлөт;
"Камсыздандыруу төгүмдөрү кошуп эсептелген ЭАТФ, жумуш берүүчү тарабынан төлөнгөн кошумча ЭАТФ" - кызматкерге жумуш берүүчү тарабынан төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү кошуп эсептелген эмгек акы төлөө фонду көрсөтүлөт;
"Отчеттук мезгилдеги эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы, а.и. көрсөтмө берүү актысы боюнча кошуп эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү" - мыйзамга ылайык белгиленген, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерине ылайык эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү;
"Отчеттук мезгилде төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы, ТПФдан башкасы" - бардык фонддор боюнча төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү, а.и. учурдагы мезгилде төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү, ТАФга төгүмдөрдү кошпогондо;
"Отчеттук мезгилде төгүмдүн топтоочу бөлүгү боюнча төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү" - Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү;
2-гр. "Жеке идентификациялык номер" - Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ыйгарылуучу камсыздандырылган адамдын 14-сандуу жекече номери;
3-гр. "Фамилиясы, аты, атасынын аты" - кызматкердин фамилиясы, аты, атасынын аты толук көрсөтүлөт;
4-гр. "Эмгек акы төлөө фонду (ЭАТФ)" - төлөөлөрдүн бардык түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелген иш жүзүндөгү киреше, мыйзамга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелбөчү төлөөлөрдөн башкалар;
5-гр. "Кошумча ЭАТФ" - иш берүүчү кызматкер үчүн төлөөчү, камсыздандыруу төгүмдөрү кошумча эсептелген киреше;
6-гр. "Бийик тоолуулук жана алыскы райондор коду" коэффициенти - бул графа бийик тоолуу жана алыскы райондордо иштеген камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр үчүн толтурулат;
7 жана 8-гр."Отчеттук мезгилде жумуштун башталган жана аяктаган датасы" - отчеттук мезгилдеги эмгек мамилелери башталган жана аяктаган даталар коюлат. Толук жумуш жыл болгон учурда отчеттук жылдын башы жана аягы көрсөтүлөт;
9-гр. "ПРОФИЛАКТИКАЛЫК" - Пенсиялык фондго эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү;
10-гр. "ММКФ" - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү;
11-гр. "Ден соолукту чыңдоо фонду" - Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү;
12-гр. "ТПФ" - Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү;
13-гр. "Кызматкерлердин категориясы" - билдирүүнүн арткы бетинде көрсөтүлгөн категориялардын коддоруна ылайык коюлат;
14-гр. "1, 2-тизмелердин коддору" - билдирүүнүн арткы бетинде көрсөтүлгөн коддордун тизмелерине ылайык коюлат.
10-тиркеме
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө билдирүү │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Ишкананын аталышы │
│_____________________________________________________________________│
│ │
│Код ОКПО Төлөөчүнүн СФ │
│ └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ каттоо номери └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘│
│Ишкананын дареги │

│Почталык Берүү себеби Төгүмдүн │
│индекс └─┴─┴─┴─┴─┴─┘ └─┴─┴─┘ ставкасынын └─┴─┴─┘ │
│ тиби │
│ │
│Жеке Категория │
│идентификациялык └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ └─┴─┴─┘ │
│номер (ПИН) │
│ │
│Эскертүү: Категория графасында көрсөтүлсүн: 1 - кызматкер, 2 - I жана│
│II гр. майып, 3 - Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк│
│жарандар, 4 - УАС I жана II гр. майыптары, 5 - УАС катышуучулары жана│
│УАС III гр. майыптары, 6 - пенсионерлер. │
│ │
│Фамилия, аты, │
│атасынын аты _______________________________________________________│
│ │
│Иштин түрү __________________________________________________________│

│Иштин түрлөрүнүн Бийик тоолуулук, алыстык │
│тизмесинин коду └─┴─┴─┘ (барууга кыйындык) коэффициенти └─┴─┴─┘ │
│ │
│┌───────┬──────┬─────────┬─────────────────┬────────────┬───────────┐│
││Мезгил-│Иш │Иш │Камсыздандыруу │Эсептелген │Төлөнгөн ││
││дер │баш- │аяктаган │төгүмдөрү │камсызданды-│камсыздан- ││
││ │талган│дата │эсептелген │руу │дыруу ││
││ │дата │ │киреше │төгүмдөрү │төгүмдөрү ││
│├───────┼──────┼─────────┼───────┬─────────┼─────┬──────┼─────┬─────┤│
││ │ │ │Камсыз-│Иш │Иш │Кыз- │Иш │Кыз- ││
││ │ │ │данды- │берүүчү │бе- │маткер│бе- │мат- ││
││ │ │ │руу │төлөөчү, │рүүчү│ │рүүчү│кер ││
││ │ │ │эсеп- │камсыз- │ │ │ │ ││
││ │ │ │телген │дандыруу │ │ │ │ ││
││ │ │ │иш │төгүмдөрү│ │ │ │ ││
││ │ │ │жүзүн- │кошуп │ │ │ │ ││
││ │ │ │дөгү │эсептел- │ │ │ │ ││
││ │ │ │киреше │ген │ │ │ │ ││
││ │ │ │ │кошумча │ │ │ │ ││
││ │ │ │ │киреше │ │ │ │ ││
│├───────┼──────┼─────────┼───────┼─────────┼─────┼──────┼─────┼─────┤│
││ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 ││

││2000 │ │ │ │ │ │ │ │ ││

││2001 │ │ │ │ │ │ │ │ ││

││2002 │ │ │ │ │ │ │ │ ││

││2003 │ │ │ │ │ │ │ │ ││

││2004 │ │ │ │ │ │ │ │ ││

││2005 │ │ │ │ │ │ │ │ ││

││2006 │ │ │ │ │ │ │ │ ││

││2007 │ │ │ │ │ │ │ │ ││

││2008 │ │ │ │ │ │ │ │ ││

││2009 │ │ │ │ │ │ │ │ ││
│└───────┴──────┴─────────┴───────┴─────────┴─────┴──────┴─────┴─────┘│
│ Эскертүү: │
│ 5 графа эгер кызматкердин айлык эмгек акысы орточо айлык эмгек │
│акынын 40%инен ашпаган учурда толтурулат. │
│ │
│Жетекчинин аты-жөнү ____________________ Колу: _____________ │
│ │
│Б.бухгалтердин аты-жөнү ________________ Колу: _____________ М.О. │

│СФ Башкармасы ______________________ Социалдык фонддун коду │
│ └─┴─┴─┘ │
│СФ адисинин аты-жөнү ____________________ Колу: _______ Дата _______│
│ │
│Киреше бөлүмүнүн │
│начальнигинин аты-жөнү __________________ Колу: _______ Дата _______│
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №363 токтому менен бекитилген |
Жарандарды жекече эсепке алуу системасына каттоонун жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүүнүн тартиби тууралуу
НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 170, 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856, 2016-жылдын 10-майындагы № 236, 2017-жылдын 13-мартындагы № 147 , КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Социалдык фонд) тарабынан жарандарды каттоо жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтардын эсебин жекече (өзүнчө) жүргүзүү тартибин аныктайт, анын ичинде:
- Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн жекече системада жарандарды каттоо тартиби;
- Иш берүүчү жана камсыздандырылган адам тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби;
- Социалдык фонд тарабынан жеке камсыздандыруу эсебинен (СП2) көчүрмөлөрдү түзүү тартиби.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаты үчүн жекече эсепке алууну жүргүзүүчү орган Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду болот.
2. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу максаты үчүн жарандарды жекече эсепке алуу системасында каттоонун тартиби
4. Жаранды жекече эсепке алуу системасында каттоо Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган туруктуу жеке идентификациялык номердин негизинде жеке камсыздандыруу эсебин ачууну карайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Социалдык фонд ар бир камсыздандырылган адамга жеке идентификациялык номердин негизинде жеке камсыздандыруу эсебин ачат.
Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган күн сайын Социалдык фондго ыйгарылган жеке идентификациялык номерлер жөнүндө маалыматтарды жана камсыздандырылган адамдардын жеке маалыматтарынын (фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтары, дареги) алмашкандыгы, анын ичинде өзгөрүлгөн жеке идентификациялык номерлер жөнүндө маалыматтарды берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Камсыздандырылган адам жумушка тариздөөдө иш берүүчүгө жеке идентификациялык номеринин бар экендигин ырастоочу документти берүүгө милдеттүү.
Жеке идентификациялык номери жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар белгиленген тартипте калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өтүүсү зарыл.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомунун редакциясына ылайык)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
71. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Социалдык коргоо күбөлүгү
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандырылган адамдар жөнүндө жумуштуулук жана эмгек акы боюнча маалыматтарды берүү тартиби жана мөөнөттөрү
20. Ар бир иш берүүчү уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан отчеттук мезгилден кийинки ар бир айдын 20сынан кечиктирбестен катталган жери боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому менен белгиленген форма боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомостун берет.
2019-жылдын 1-январына чейинки маалыматтар камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинде маалыматтар жок болгон же оңдоо зарыл болгон учурда ушул Нускаманын 9, 10-тиркемелерине ылайык Социалдык фондго жөнөтүлөт.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомостунун жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана Социалдык фондго жөнөтүлгөн билдирүүнүн бир нускасы иш берүүчүдө калат жана сакталат.
Маалыматтын бир нускасы жумуш берүүчүдө калат жана анда сакталат.
Мекеменинин реквизиттери (юридикалык дареги, катталганы жөнүндө мааыматтар), эмгек акы төлөө фонду, төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү, ошондой эле камсыздандырылган адамдын жеке идентификациялык номери жок болсо же анын жеке идентификациялык номери туура эмес (туура эмес номер же башка камсыздандырылган адамдын номери), эмгек акы суммалары менен камсыздандыруу стажынын мезгилдери жана эмгек акы төлөө фонду менен отчеттук маалыматтар туура келишпесе маалыматтар толук эмес жана (же) туура эмес деп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомдорунун редакциясына ылайык)
21. Камсыздандырылган адам иш берүүчүгө камсыздандыруу стажы, эмгек акысы жана эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалыматтар үчүн кайрылганда, иш берүүчү камсыздандырылган адамга 2018-жылдын 31-декабрына чейин Социалдык фонддун региондук органына жана 2019-жылдын 1-январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Иш берүүчү анын жоюлгандыгын (банкроттугун) ырастоочу документтер менен бирге Социалдык фондго белгиленген форма боюнча (10-тиркеме) анда иштеген бардык камсыздандырылган адамдарга билдирүү берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Камсыздандырылган адам пенсияга чыккан учурда, жумуш берүүчү Жумуштулук жана эмгек акы жөнүндө билдирме (4-тиркеме) түзөт, ал пенсияга чыгуу жөнүндөгү арыз берилген күндөн тартып он календардык күндүн ичинде милдеттүү түрдө Социалдык фонддун региондук органына берилет. Билдирменин көчүрмөсү жумуш берүүчү тарабынан камсыздандырылган адамга кол койдурулуп берилет.
24. Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн камсыздандырылган адам камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү катары катталган жери боюнча Социалдык фондго жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө маалымат берет.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү катары каттоодон чыккан учурда камсыздандырылган адам Социалдык фонддун региондук органына он күндүн ичинде билдирме (10-тиркеме) тапшырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Жеке ишкерлердин жана жеке жактардын жеке камсыздандыруу эсептерине камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматтарды киргизүү сатып алынган камсыздандыруу полистеринин негизинде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандырылган адам каза болгондугу катталган күндөн тартып бир айдын ичинде маалыматтарды Социалдык фондго өткөрүп берет.
Камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоо каражаттарын төлөөгө укук берген учурлар келип чыкканда, Социалдык фонддун региондук органдары жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө камтылган маалыматтарды пенсиялык топтоолорду дайындоо жана төлөө боюнча кызматтарга өткөрүп берет.
Калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Социалдык фонддун региондук органдарына жумушсуздардын камсыздандыруу стажына киргизилүүчү мезгилдер жөнүндө маалыматтарды берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Билдирмедеги маалыматтар кагаз түрүндө жана электрондук түрдө берилсе да болот. Мындай учурда берилген документтердин юридикалык күчү электрондук цифралык кол тамга же мыйзамдарында белгиленген башка система менен ырасталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 147 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Эмгек акы төлөө фонду, эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттук мезгил үчүн билдирүү төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөмдөрдүн түшүүсүнө шайкештигине карата салыштырылат.
1996-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил үчүн билдирүү кабыл алынган дата болуп Социалдык фондду региондук органынын отчет кабыл алуу боюнча адиси кагаз жүзүндөгү кабыл алынган билдирүүнү мөөр менен күбөлөндүргөн жана кабыл алгандыгы жөнүндө белги коюлган күн эсептелет (кабыл алган адистин аты-жөнү жана кабыл алынган дата көрсөтүлөт).
2019-жылдын 1-январынан тартып билдирүү кабыл алынган дата болуп камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын региондук органынын отчет кабыл алуу боюнча адиси кагаз жүзүндөгү жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө кабыл алынган билдирүүнү мөөр менен күбөлөндүрөт жана кабыл алынгандыгы жөнүндө белги койгон күн эсептелет (кабыл алган адистин аты-жөнү жана кабыл алынган дата көрсөтүлөт).
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомунун редакциясына ылайык)
29. 1996-2018-жылдардын мезгилиндеги билдирүүлөрдү иштеп чыккан жана электрондук маалымат базасына киргизген Социалдык фонддун региондук органынын жекече эсепке алуу бөлүмүнүн адиси билдирүүнүн туура түзүлгөнүн, бардык зарыл болгон реквизиттердин бар экендигин текшерет жана билдирүүдө берилген маалыматтардын аныктыгын контролдойт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасындагы персоналдаштырылган (жекече) эсепке алуу үчүн зарыл болгон берилген маалыматтарда туура эместиктер табылган учурда Социалдык фонддун региондук органдары жумуш берүүчүгө же өз алдынча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жаранга табылган каталарды оңдоо жөнүндө билдирүү жөнөтөт (6-тиркеме).
Жумуш берүүчү же өз алдынча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жарандар билдирүүнү алган күндөн тартып 15 иш күндүн ичинде билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптарды аткарууга милдеттүү.
31. Табылган толук эмес жана (же) туура эмес маалыматтар он беш иш күндүн ичинде оңдолбогон учурда жумуш берүүчүгө "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык финансылык санкциялар колдонулат.
Финансылык санкциялардын суммасын төлөтүп алуу Социалдык фонддун региондук органдары тарабынан талашсыз тартипте ишке ашырылат.
32. Билдирмедеги маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик жумуш берүүчүгө жүктөлөт.
33. Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын региондук органы иш берүүчүлөргө жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөтөт камсыздандырылган адамдарга пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө 1996-жылдын 1-январынан тартып билдирүүлөрдүн бар экендигин текшерет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасындагы персонификациялык (жекече) эсепке алууну жүргүзүүгө зарыл болгон маалыматтарды белгиленген мөөнөттө бербегени, толук эмес жана (же) туура эмес маалыматтарды бергени үчүн төмөнкүдөй финансылык санкциялар колдонулат:
иш берүүчүлөргө - отчеттук жыл үчүн эсептелген жалпы камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 5 пайыз;
жарандарга - отчеттук жыл үчүн эсептелген жалпы камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 25 пайыз.
Финансылык санкциялар туура эмес маалымат берилген кызматкердин чегерүүлөрүнө эмес, бүт отчеттук жылдагы жалпы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасына салынат.
35. Социалдык фонддун региондук органдары маалымат базасында иштеп чыгарылган жылдык билдирмелерди камсыздандырылган адамдын өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү сакталышын камсыздашат.
Жумуш берүүчү же камсыздандырылган адам тарабынан кагаз түрүндө берилген персонификациялык эсепке алууну документтеринин түп нускасы жана алардын көчүрмөлөрү Социалдык фонддун региондук органынын архивинде, жумуш берүүчүдө жана камсыздандырылган адамда камсыздандырылган адамдын өмүрүнүн акырына чейин сакталат.
36. Пенсиялык топтоолорду түзүү жана каражаттарды инвестициялоо боюнча мамиленин субъекттери Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен келишимдер боюнча Социалдык фондго инвестицияланчу пенсиялык активдерден түшүүчү инвестициялык кирешени эсептөө үчүн белгиленген формада маалымат берип турушат
5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмөлөрдү (СП2) түзүшүнүн тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Социалдык фонду жыл сайын ар бир камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө түзөт жана камсыздандырылган адамдарга алардын жөнөтүлүшүн камсыз кылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинен алынган көчүрмөлөр, жеке камсыздандыруу эсебинен маалыматтык мүнөздөгү көчүрмөлөр берилген учурлардан тышкары көчүрмөнү даярдаган адамдын колу, тийиштүү штамп, ал эми сурам электрондук түрдө жиберилген учурда - электрондук санариптик кол тамга менен күбөлөндүрүлүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Көчүрмөнү алганда ар бир камсыздандырылган адам иштеген камсыздандыруу стажына ылайык жеке камсыздандыруу эсебинде көрсөтүлгөн маалыматтардын толуктугун текшерүүгө милдеттүү.
Камсыздандырылган адам жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмөсүндө чагылдырылган стажы жана эмгек акысы жөнүндө маалыматтардын толук эместигин байкаса камсыздандырылган адам эсепке алынбай калган мезгил үчүн билдирүү берүү жөнүндө арыз менен иш берүүчүгө кайрылышы керек.
40. Жаран пенсиялык куракка жеткенине байланыштуу пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (СП2) эсептөө үчүн жана Пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөөгө укугу келгенине байланыштуу кайрылганда Социалдык фонддун региоңдук органы жеке идентификациялык номери бар экендигин, маалымат базасында 1996-жылдан баштап жеке камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтардын толуктугун текшерет, жеке камсыздандыруу эсебинде чагылдырылган маалыматтар толук эмес болсо камсыздандырылган адамдан эмгек акы, камсыздандыруу стажы, эсептелген жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому менен белгиленген форма боюнча талап кылат. Жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтардын тууралыгы жылдык билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтар текшергенден кийин Социалдык фонддун региондук органы белгиленген форма (5-тиркеме) боюнча жеке камсыздандыруу эсебинен сурамдын реестрин түзөт жана электрондук маалымат сактагыч аркылуу сурамды түзүп, чектелген СП2 пенсия менен жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө (мындан ары - көчүрмө) түзүү үчүн Социалдык фонддун борбордук аппаратына жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
42. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 640 токтомуна ылайык күчүн жоготту)