Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 токтому менен бекитилген |
Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн № 2 тизме боюнча жеңилдетилген пенсия алуучу адамдарга жана текстиль өнөр жайынын кызматкерлерине пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (ПК2) эсептөөнүн жана төлөөнүн ТАРТИБИ
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 9-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 токтому менен бекитилген Өндүрүштөрдүн, кесиптердин, кызматтардын жана көрсөткүчтөрдүн № 2 тизмеси боюнча текстиль өндүрүштөрүнүн кызматкерлерине жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия чектөө жана төлөө кызматкер жалпыга белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин жумуш берүүчү тарабынан жүргүзүлөт.
2. Пенсиянын өлчөмү "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 22-беренелерине ылайык эсептелет.
3. Пенсиянын базалык жана биринчи камсыздандыруу бөлүгүн эсептөө жана төлөө (Б+ПК1) иш берүүчүнүн каражатынын эсебинен ишке ашырылат.
4. Пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (ПК2) эсептөө жана төлөө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан социалдык камсыздандыруу каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
5. Жаш курагына ылайык № 2 тизме боюнча, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн жана текстиль өнөр жайында иштегени үчүн жеңилдетилген пенсияга укугу бар адамдар пенсия чектөө үчүн пенсияны жеңилдетип дайындоого укук берген камсыздандыруу стажынын көпчүлүк бөлүгүн иштеген жердеги ишкананын администрациясына кайрылат.
6. Ишкананын администрациясы камсыздандыруу стажы жана эмгек акы жөнүндө арыз ээси тапшырган документтердин негизинде кызматкерге пенсиянын базалык жана биринчи камсыздандыруу бөлүктөрүн (ЖЭ1) дайындайт жана жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин төлөп берет.
7. Пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн эсептөө үчүн арыз ээси Социалдык фонддун жашаган жери аймактык бөлүмүнө пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (ПК2) дайындоо жөнүндө арыз жана анын иш стажын, анын ичинде жеңилдетилген шарттардагы иш стажын тастыктаган документтерди; жумушу жана эмгек акысы жөнүндө билдирүүлөрдү; пенсия дайындалган датасын көрсөтүү менен ишканада жеңилдетилген шартта пенсия чектелген фактысын тастыктаган маалымкат берет.
8. Социалдык фонддун аймактык органдары арыз ээси берген документтерди кабыл алууда, жеңилдетилген шарттарда пенсия укугун аныктоо үчүн төмөнкүлөрдү: арыз ээсинин кайрылган күнгө карата камсыздандыруу иш стажынын бар экендигин; Социалдык коргоо күбөлүгүнүн болушун; "Жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө билдирүүнүн" туура толтурулушун жана камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөнү жөнүндө белгисин текшерүүгө милдеттүү. Берилген документтер текшерилгенден кийин, пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (ПК2) дайындоо жөнүндө арыз белгиленген тартипте пенсияны жаңы дайындоо боюнча арыздарды каттоо журналында катталат. "Жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө билдирүү" персонификациялык эсепке алуу бөлүмүндө "Жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө билдирүү" жөнөтүү боюнча атайын каттоо журналында катталат.
9. Социалдык фонддун аймактык органдары бардык зарыл болгон документтер менен бирге пенсиялык ишти тариздейт: пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (ПК2) дайындоо жөнүндө арыз; эмгек китепчесинин мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; жеңилдиктүү пенсияга укук берүүчү иш жөнүндө маалымкат; ишканада пенсиянын базалык жана биринчи камсыздандыруу бөлүгүн дайындалышын тастыктаган маалымкат.
10. Таризделген пенсиялык иштер пенсия чектөө үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Пенсияларды борборлоштуруп дайындоо жана кайра эсептөө башкармалыгына жиберилет. Катталган "Жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө билдирүүлөр" Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун шаардык жана облустук персонификациялык эсепке алуу бөлүмдөрүнө жиберилет.
11. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Пенсияларды борборлоштуруп дайындоо жана кайра эсептөө башкармасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык иштерди кабыл алат, текшерет жана документтерден электрондук информацияны түзөт. Пенсия чектөө жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин пенсиялык иш Социалдык фонддун тийиштүү аймактык органына кайра жиберилет.
12. Социалдык фонддун аймактык органдары пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (ПК2) алуучуга атайын өздүк эсеп ачат; пенсионердин каалоосу боюнча пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн банк эсебине же башка кредиттик уюмга которуу аркылуу же ф Т-2 тапшырмасы боюнча байланыш ишканасы тарабынан жашаган жерине жеткирүү аркылуу төлөп берүүгө документ таризделет.
13. Пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн дайындоо мөөнөтү (ПК2) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине ылайык, б.а. кайрылган күндөн баштап, бирок алуу укугу келип чыккандан кийин белгиленет.
14. Пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү (ПК2) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык бүткөн айга төлөнөт.
15. Пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (ПК2) алган пенсионер жашаган жерин которгондо пенсиялык иш пенсионердин арызына жана жашаган жеринен каттоодон чыгаруу жөнүндө көчүрмөгө ылайык колуна берилет же Социалдык фонддун башка аймактык органдарынын сурамы боюнча жиберилет.
16. Пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (ПК2) алган иштеп жаткан пенсионерлерге "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык пенсиясы жыл сайын кайра эсептелет.
17. Пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (ПК2) алган иштеп жаткан пенсионер каза болгондо сөөк коюуга пособие анын үй-бүлө мүчөлөрүнө иштеген жери боюнча төлөнөт.
18. Пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (ПК2) алган иштебеген пенсионер каза болгондо анын үй-бүлө мүчөлөрүнө же пенсионердин сөөгүн коюучу адамдарга сөөк коюу пособиеси "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн алган жери боюнча Социалдык фонддун органдары аркылуу төлөнөт.
19. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн № 2 тизме боюнча жеңилдетилген шарттарда жана пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (ПК2) алуучулар жана текстиль өнөр жайынын жумушчулары жалпы белгиленген куракка жеткенден кийин Социалдык фонд органдарына жалпы шарттарда курагы боюнча пенсия чектөө үчүн бардык зарыл болгон документтерди тапшыруу менен пенсия чектөө жөнүндө арыз беришет.
20. Пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү (ПК2) мурда Социалдык фонд тарабынан кандай төлөнсө, ошондой эле өлчөмдө эсепке алынат. Пенсия чектелгенден кийин иштеп жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жарандар үчүн пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү (ПК2) кайра эсептөөгө укукту белгилөөдө кайра эсептелет.
21. Ишкана толук жоюлганда эмгектин өзгөчө шарттары үчүн № 2 тизме боюнча жана текстиль өнөр жайынын жумушчуларына пенсия төлөө менен байланышкан чыгымдардын жабуу үчүн керектүү суммалар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которулат. Капиталдашкан сумманын эсебин чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 "Банкроттук процессинин процедураларын колдонуу тартиби жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Банкроттук процессинин процедураларын колдонуу тартиби жөнүндө эрежеге жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 629 "Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.