Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-июну № 307
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктарынын коммуналдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу үчүн шарттарды түзүү жана муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү объекттердин тизмесин тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктарынын коммуналдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинин "Араван району" бөлүмүнүн "Алла-Анаров айыл өкмөтү" бөлүмчөсү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
┌─────────────────────────────────────────────────────┬──────┬────────┐
│Араван айылы, Андижан көчөсү, н/ж аянты 11 га болгон │ 1 │ 551.9 │
│жер участогу бар эки кабаттуу административдик имарат│ │ │
└─────────────────────────────────────────────────────┴──────┴────────┘
"
2. Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айыл округу ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектини Араван райондук мамлекеттик каттоо органдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
|
|