Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-июну № 310
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
Долбоор
1-берене
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 923-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-берененин 4-пунктундагы "2011" деген сан "2013" деген санга алмаштырылсын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
┌──┬────────────────────────────────┬─────────────────────────────────┐
│N │ Колдонуудагы редакция │ Сунушталган өзгөртүүлөр │
├──┼────────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│ │ 8-берене. │ 8-берене. │
│ │4.Кыргыз Республикасынын │ 4. Кыргыз Республикасынын │
│ │Салык кодексинин 92- │ Салык кодексинин 92- │
│ │беренесинин талаптары боюнча │ беренесинин талаптары боюнча │
│ │2011-жылдан берки мезгилде │ 2013-жылдан берки мезгилдеги │
│ │бирдиктүү салык декларациясын │ бирдиктүү салык декларациясын │
│ │тапшыруу Кыргыз Республикасынын │ тапшыруу Кыргыз Республикасынын│
│ │Салык кодексинин 92-беренесинде │ Салык кодексинин 92-беренесинде│
│ │көрсөтүлгөн адамдардын бардык │ көрсөтүлгөн адамдардын бардык │
│ │категорияларына таркатылат. │ категорияларына таркатылат. │
└──┴────────────────────────────────┴─────────────────────────────────┘
|
|