Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-июлундагы №377 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Окутуучу адамдарды конкурстук тандап алууну өткөрүү
тартиби
3. Конкурстук комиссия
4. Окутуучу адамдарды сунуштоо тартиби
1-тиркеме. Конкурска катышуу үчүн арыз
2-тиркеме. Аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу боюнча
курстардын окутуучусунун анкетасы
Аудитордун квалификациялык сертификаты бар аудиттердин квалификацияларын жогорулатуунун тартибин, ошондой эле Аудиторлордун квалификацияларын жогорулатуу программасына ылайык окуп жаткан адамдарды тандап алуунун жана сунуш кылуунун жолжоболорун ушул Жобо (мындан ары - Жобо) регламенттештирет.
1. Квалификациялык сертификаты бар ар бир аудитор сертификатты алган жылдан кийинки жылдан тартып ар бир календарлык жылдын ичинде, аудитордук иш жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан бекитилген Аудиторлордун квалификацияларын жогорулатуучу программа боюнча жыл сайын окуудан өтүүгө милдеттүү.
2. Аудиторлордун квалификациясын жогорулатуучу программада (мындан ары - Программа) жылына 40 академикалык сааттан аз эмес көлөмдөгү окутуу курсу камтылат.
3. Программа төмөнкүдөй элементтерди камтыйт:
- темалардын аталышын жана ар бир темага тиешелүү каралуучу маселелердин тизмесин;
- ар бир тема боюнча сабак өтүү үчүн керектүү убакыттын көлөмүн;
- темалар боюнча бөлүштүрүлгөн адабияттардын тизмесин.
4. Ушул Жобонун 3-пунктунда аталган Программага карата коюлуучу минималдуу талаптар жыл сайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына киргизилген толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү, ошондой эле каржылык отчеттун эл аралык стандарттарындагы жана аудиттин эл аралык стандарттарындагы өзгөрүүлөрдү эске алуу аркылуу Программанын мазмуну жыл сайын кайра каралат.
6. Алдыдагы жылдын Программасы алдыдагы жылдын 1-январына чейин ыйгарым укуктуу органдын интернет-сайтына бекитилет жана жарыяланат.
7. Ушул Жобонун талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу орган сунуштаган жеке жана/же юридикалык жак (мындан ары - окутуучу адамдар) бекитилген Программага ылайык, аудиторлорду окутууну жүргүзүшөт.
8. Окутуучу адамдарды тандап алуу максатында ыйгарым укуктуу орган конкурстук тандап алууну уюштурат жана конкурстук комиссияны түзөт.
9. Окутуучу адамдарды тандап алуу конкурсу жана ыйгарым укуктуу орган көрсөткөн башка ар кандай кызматтар үчүн, аудиторлордун квалификациясын жогорулатуучу курстарды уюштуруунун жүрүшүндө акы алынбайт.
Окутуучу курстар үчүн акы төлөө аудиторлордун өздөрүнүн эсебинен, бул аудиторлор штатында турган аудитордук уюмдардын эсебинен да же мыйзамдарда тыюу салынбаган башка ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
10. Ыйгарым укуктуу орган бекиткен программага ылайык аудиторлордун квалификациясын жогорулатуучу курсту уюштурууга жана окутуунун жыйынтыгында квалификацияны жогорулаткан курстан өткөндүгүн ырастаган документти аудиторлорго берүүгө окутуучу адамдар милдеттүү.
11. Документтердин номерлерин, квалификацияны жогорулатуу боюнча программанын бөлүмдөрүнө бөлүнгөн жана аудиторлор угуп окуган академикалык сааттардын санын көрсөтүү аркылуу, аудитордун фамилиясы, аты-жөнү, анын квалификациялык сертификатынын номери, аудиторлордун квалификациясын жогорулатуучу курстан өткөндүгү жөнүндөгү маалыматтарды окутуучу адамдар, аудиторлордун квалификациялар жогорулатылган айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу органга берет. Мындай маалыматтар басылган түрдө жана электрондук түрдө берилет.
12. Аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу ишинин өткөрүлүшүнө ыйгарым укуктуу орган үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзөт. Квалификацияны жогорулатуудан аудитордун өтүшү жөнүндө окутуучулар жалган маалыматтарды берген учурда, жогорулатуучу курстан өткөндүгү жөнүндөгү документти аудиторго берүү жөнүндөгү окутуучунун чечимин жаратпай коюуга ыйгарым укуктуу орган укуктуу.
13. Квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөндүгүн ырастоочу документти кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбей аудитор ыйгарым укуктуу органга берет.
14. Аудитор ыйгарым укуктуу органга берген документтердин негизинде квалификацияны жыл сайын жогорулатуу жөнүндөгү талаптарды аудитордун сактагандыгы тууралуу белги аудиторго берилген квалификациялык сертификаттардын мамлекеттик реестрине коюлат.
15. Квалификацияны жыл сайын жогорулатуу жөнүндөгү талапты аудитор сактабаса, анда ал ушул Жобонун талаптарына ылайык мыйзамдарда бекитилген администрациялык жоопкерчиликти тартат.
16. Окуучуларды сапаттуу жана уюшкандыкта окутууну камсыз кылуу максатын көздөп Аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу программасы боюнча сабактарды өтүү укугун алууга окутуучу адамдарды тандап алуу конкурсу өткөрүлөт.
17. Төмөнкүдөй критерийлерге ылайык келген жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөрү болсо конкурстук тандоого катыша алат:
1) жеке жактар үчүн:
- экономика же юридика адистиги боюнча жогорку билими болсо;
- аудит, бухгалтердик эсеп, каржылык талдоо, салык жыйноо же болбосо жарандык укук боюнча үч жылдан кем эмес окутуу тажрыйбалары барлар, конкурстук тандап алууга катышуу учуруна карата акыркы беш жылдын ичинде ошол тажрыйбага ээ болгондор;
- Аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу программасына ылайык иштелип чыккан лекциялардын тезистери жана тажрыйбалык көнүгүүлөрү барлар;
- (25-30 кем эмес окуучуга) сабак өтүү үчүн материалдык-техникалык базасы болсо;
2) төмөнкүлөрү болсо юридикалык жактар үчүн:
- Ушул Жобонун 17-пунктунун 1) пунктчасында көрсөтүлгөн билимге жана тажрыйбага ээ болгон, штаттагы же ишке тартылган мугалимдер;
- Аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу программасына ылайык иштелип чыккан лекциялардын тезистери жана тажрыйбалык көнүгүүлөр барлар;
- (25-30 кем эмес окуучуга) сабак өтүү үчүн материалдык-техникалык базасы болсо.
18. Конкурска катышуу үчүн окутуучу адамдар ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди жана маалыматтарды тапшырышы керек:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык, конкурска катышууга арызын;
- юридикалык жак үчүн мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- жеке жак үчүн - жекече ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн же окутуучу ишке патентинин көчүрмөсүн;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;
- кыргыз жана орус тилдериндеги лекцияларынын тезистерин;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык, толтурулган анкетасын;
- (25-30 кем эмес окуучуга) сабак өтүү үчүн материалдык-техникалык базанын бар экендиги жөнүндөгү маалыматты.
Документтердин баардыгы конвертке салынып, чапталган түрдө берилиши керек.
19. Конкурстук тандап алууга окутуучу адамды катыштырбай коюуга ыйгарым укуктуу органдын укугу бар, эгерде:
1) ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн кайсы бир документтерди же маалыматтарды окутуучу адам бербесе;
2) өзү жөнүндө жана (же) өзүнүн иши жөнүндө жалган маалыматтарды, же болбосо документтерди окутуучу адам берсе.
20. Окутуучу адамдарды тандап алуу максатында ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен конкурстук комиссия түзүлөт жана анын жекече курамы түзүлөт.
21. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынан жана башка мүчөлөрүнөн - бухгалтердик эсеп, аудит жана Кыргыз Республикасындагы укук маселеси боюнча алдыңкы адистерден, төрага менен жооптуу катчыны кошуп алганда беш мүчөдөн турган конкурстук комиссия дайындалат. Конкурска катышуучулар менен жакын туугандыгы бар, же эмгектик мамилелерде болгон адамдар конкурстук комиссиянын мүчөлөрү боло албайт. 2/3 мүчөдөн кем эмес мүчө катышкан конкурстук комиссиянын жыйыны ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.
22. Конкурстук комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
- берилген документтерге баа берүүгө;
- окутуучу адамдары бекитүү үчүн ыйгарым укуктуу органга сунуш кылууга;
-конкурстук тандап алуунун жүрүшүндө алынган ар кандай маалыматтардын жашыруундугун сактоого.
23. Жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын жыйынынын жана анда кабыл алынган чечимдердин протоколу түзүлөт жана ага катышкан мүчөлөр тарабынан кол коюлат. Комиссиянын жыйында талкууланган маселелерди жаздырып алуу үчүн жазып алуунун техникалык каражаттары колдонулушу мүмкүн.
Конкурстук комиссиянын чечимине апелляция берилбейт.
24. Конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн (өткөндөр) окутуучу адамдарды сунуштоо жөнүндөгү чечим, ыйгарым укуктуу органдын төрагасы тарабынан бир жылдык мөөнөткө бекитилет.
25. Сунушталган окутуучу адамдардын тизмеси ыйгарым укуктуу органдын стендине илинет жана интернет-сайтында жарыяланат.
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы _______________________________ _______________________________
_________________________________________________________________
(Аты-жөнү же юридикалык жактын аталышын көрсөт) жөнүндө берилген документтерди жана маалыматтарды карап чыгууну жана аудиторлордун квалификациясын жогорулатуучу Программага ылайык окутуу курсунан өтүүгө укук берген тандап алуу конкурсуна катышууга уруксат берүүңүздү өтүнөм.
Байланышуу маалыматтары (көрсөт):
Дарек: ________________________
Телефон: ______________________
Факс: _________________________
Электрондук почта:_____________
Тиркеме _______________ баракта.
Колу:
Датасы:
2-тиркеме
1. Аты-жөнү ______________________________________________________
2. Туулган күнү __________________________________________________
3. Жашаган жери, телефону ________________________________________
4. Билими ________________________________________________________
(ЖОЖдун аталышын, бүткөн жылды, адистикти көрсөт)
5. Аудитордун, бухгалтердин, экономисттин иш стажы _______________
7. Кесиптик коомдук бирикмелерге мүчөлүгү ________________________ _______________________________________________________________________
8. Аудиторлордун квалификациясын жогорулатуучу курстардан өтүү боюнча кызмат көрсөтүлгөн күн жана жер: _________________________________
9. Академиялык квалификациялык даражасы, илимий даражасы: ________ _______________________________________________________________________
10. Акыркы 5 жылда ээлеген кызмат орду: __________________________
Урматтоо менен,
Колу: ____________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу өкүл)
Аты-жөнү: ________________________________________________________
Кызматы: _________________________________________________________
Дареги: __________________________________________________________