Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-июнундагы № 311
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аталган мыйзам долбоору каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-берене) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
189-берене төмөнкү мазмундагы "10" пункт менен толукталсын:
"10) акциялардын мамлекеттик үлүшүнө салык төлөөчү алган жана республикалык бюджетке чегерилген дивиденддердин суммасы.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
┌──┬──────────────────────┬──────────────────────┬────────────────────┐
│NN│Кыргыз Республикасынын│Кыргыз Республикасынын│ │
│ │ Салык кодекси │Салык кодексине │ │
│ │ │толуктоолорду киргизүү│ │
│ │ │тууралуу сунуш │ │
├──┼──────────────────────┼──────────────────────┼────────────────────┤
│1 │1. Төмөнкүлөргө пайда │1. Төмөнкүлөргө пайда │Кыргыз │
│ │салыгы салынбайт: │салыгы салынбайт: │Республикасынын │
│ │1) уставдык капиталга │1) уставдык капиталга │Салык кодексинин │
│ │салым жана/же пайдык │салым жана/же пайдык │189-беренесинин │
│ │салым катары алынган │салым катары алынган │4-пунктуна ылайык │
│ │мүлктүн наркына; │мүлктүн наркына; │ата мекендик │
│ │2) аталган │2) аталган │уюмдарга катышуудан │
│ │объекттердин багыты │объекттердин багыты │салык төлөөчү алган │
│ │боюнча пайдаланууну │боюнча пайдаланууну │дивиденддер пайда │
│ │жана эксплуатациялоону│жана эксплуатациялоону│салыгы салынбай │
│ │жүргүзгөн атайын │жүргүзгөн атайын │турган кирешелерге │
│ │уюмдарга акысыз │уюмдарга акысыз │кирет. Башкача │
│ │негизде өткөрүлүүчү │негизде өткөрүлүүчү │айтканда, мындай │
│ │объекттердин │объекттердин │ченем акциялардын │
│ │(социалдык-маданий, │(социалдык-маданий, │негизги үлүшү чет │
│ │турак жай-коммуналдык-│турак жай-коммуналдык-│өлкөлүк уюмга же │
│ │тиричилик багыттагы, │тиричилик багыттагы, │башка өлкөнүн жеке │
│ │жолдордун, электр │жолдордун, электр │адамына таандык │
│ │тармактардын, │тармактардын, │болсо экономикалык │
│ │подстанциялардын, от │подстанциялардын, от │иш-аракеттердин │
│ │казандардын жана │казандардын жана │бардык субъекттери │
│ │жылуулук тармактардын,│жылуулук тармактардын,│пайдага салык │
│ │суу тосмо │суу тосмо │төлөнүшүн аныктайт. │
│ │курулмалардын, │курулмалардын, │Ошол эле учурда │
│ │кен-шахталык │кен-шахталык │Кыргыз │
│ │жабдуулардын, жарандык│жабдуулардын, жарандык│Республикасынын │
│ │коргонуу │коргонуу │Салык кодексинде │
│ │объекттеринин) наркы, │объекттеринин) наркы, │акциялардын │
│ │ишканаларга, │ишканаларга, │мамлекеттик үлүшүнө │
│ │мекемелерге жана │мекемелерге жана │жана республикалык │
│ │уюмдарга Кыргыз │уюмдарга Кыргыз │бюджетке киреше │
│ │Республикасынын │Республикасынын │бөлүгүнө чегерүүдө │
│ │Өкмөтүнүн жана │Өкмөтүнүн жана │салык төлөөчүлөр │
│ │жергиликтүү өз алдынча│жергиликтүү өз алдынча│тарабынан алынган │
│ │башкаруу органдарынын │башкаруу органдарынын │дивиденддердин │
│ │чечими боюнча алардын │чечими боюнча алардын │суммасын бошотуу │
│ │жеке өндүрүштүк │жеке өндүрүштүк │каралган эмес. │
│ │базасын өнүктүрүү │базасын өнүктүрүү │Буга байланыштуу │
│ │боюнча капиталдык │боюнча капиталдык │бюджеттин │
│ │салымдарга акысыз │салымдарга акысыз │туруктуулугун │
│ │берилген негизги │берилген негизги │камсыздоо │
│ │каражаттардын жана │каражаттардын жана │максатында Кыргыз │
│ │акча каражаттардын │акча каражаттардын │Республикасынын │
│ │наркы (мындан ары бул │наркы (мындан ары бул │Экономикалык тескөө │
│ │бөлүмдө - социалдык- │бөлүмдө - социалдык- │министрлиги Кыргыз │
│ │маданий багыттагы │маданий багыттагы │Республикасынын │
│ │акысыз негизде │акысыз негизде │Өкмөтүнүн кароосуна │
│ │берилүүчү объекттер); │берилүүчү объекттер); │акциялардын │
│ │3) коммерциялык эмес │3) коммерциялык эмес │мамлекеттик үлүшүнө │
│ │уюмдар тарабынан │уюмдар тарабынан │жана республикалык │
│ │алынган: │алынган: │бюджетке чегерүүдө │
│ │а) мүчөлүк жана │а) мүчөлүк жана │эсептелген │
│ │кирүү төгүмдөрү; │кирүү төгүмдөрү; │дивиденддердин │
│ │б) уставдык │б) уставдык │суммасын пайдадан │
│ │максаттарда │максаттарда │салыктан бошотууну │
│ │пайдалануу шартында │пайдалануу шартында │караган "Кыргыз │
│ │гуманитардык жардам │гуманитардык жардам │Республикасынын │
│ │жана гранттар; │жана гранттар; │Салык кодексине │
│ │в) уставдык │в) уставдык │толуктоолорду │
│ │максаттарда пайдалануу│максаттарда пайдалануу│киргизүү жөнүндө" │
│ │шартында акысыз │шартында акысыз │Кыргыз │
│ │алынган активдердин │алынган активдердин │Республикасынын │
│ │наркы; │наркы; │Мыйзам долбоорун │
│ │г) көп квартиралуу │г) көп квартиралуу │киргизет. │
│ │үйлөрдү жана аларды │үйлөрдү жана аларды │ │
│ │тейлеген имарат, │тейлеген имарат, │ │
│ │курулмаларды │курулмаларды │ │
│ │техникалык жактан │техникалык жактан │ │
│ │тейлөөгө жумшалчу │тейлөөгө жумшалчу │ │
│ │төлөм; │төлөм; │ │
│ │д) өздөрүнүн │д) өздөрүнүн │ │
│ │мүчөлөрүнө суу │мүчөлөрүнө суу │ │
│ │колдонуучулар │колдонуучулар │ │
│ │ассоциациясы тарабына │ассоциациясы тарабынан│ │
│ │көрсөтүлүүчү уставдык │көрсөтүлүүчү уставдык │ │
│ │иштин алкагында сугат │иштин алкагында сугат │ │
│ │сууларын берип туруу │сууларын берип туруу │ │
│ │боюнча тейлөө │боюнча тейлөө │ │
│ │кызматына жумшалчу │кызматына жумшалчу │ │
│ │төлөм. │төлөм. │ │
│ │4) ата мекендик │4) ата мекендик │ │
│ │уюмдарга катышуудан │уюмдарга катышуудан │ │
│ │салык төлөөчү алган │салык төлөөчү алган │ │
│ │дивиденддер; │дивиденддер; │ │
│ │5) өнөктөрдүн салымы │5) өнөктөрдүн салымы │ │
│ │катары жөнөкөй │катары жөнөкөй │ │
│ │өнөктөштүк тарабынан │өнөктөштүк тарабынан │ │
│ │алынган мүлктүн наркы │алынган мүлктүн наркы;│ │
│ │6) ишенимдүү │6)ишенимдүү башкарууга│ │
│ │башкарууга ишенимдүү │ишенимдүү башкаруучу │ │
│ │башкаруучу тарабынан │тарабынан алынган │ │
│ │алынган мүлктүн наркы │мүлктүн наркы; │ │
│ │7) өздүк акциялардын │7) өздүк акциялардын │ │
│ │наркын алардын │наркын алардын │ │
│ │номиналдык наркынан │номиналдык наркынан │ │
│ │өсүшү түрүндө алынган │өсүшү түрүндө алынган │ │
│ │киреше; │киреше; │ │
│ │8) өздүк акцияларды │8) өздүк акцияларды │ │
│ │сатууда нарктын │сатууда нарктын │ │
│ │өсүшүнөн алынган │өсүшүнөн алынган │ │
│ │киреше; │киреше; │ │
│ │9) сатылуучу күнүнө │9) сатылуучу күнүнө │ │
│ │карата листингдин эң │карата листингдин эң │ │
│ │жогорку жана эң │жогорку жана эң │ │
│ │жогоркудан кийинки │жогоркудан кийинки │ │
│ │категория боюнча │категория боюнча │ │
│ │фондулук биржасындагы │фондулук биржасындагы │ │
│ │листингинде жайгашкан │листингинде жайгашкан │ │
│ │баалуу кагаздардын │баалуу кагаздардын │ │
│ │наркынын өсүшүнөн │наркынын өсүшүнөн │ │
│ │түшкөн пайыздар жана │түшкөн пайыздар жана │ │
│ │кирешелер. │кирешелер; │ │
│ │ │10) АКЦИЯЛАРДЫН ЖАНА │ │
│ │ │РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТКЕ│ │
│ │ │ЧЕГЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК│ │
│ │ │ҮЛҮШҮНӨ САЛЫК │ │
│ │ │ТӨЛӨӨЧҮЛӨР ТАРАБЫНАН │ │
│ │ │АЛЫНГАН ДИВИДЕНДДЕРДИН│ │
│ │ │СУММАСЫ │ │
|
|